← Манас 2/3

Чамадандан алыптыр, Чатырда туруп калыптыр, Аңгычакты Абдылда, Аттанып жолго салыптыр. Ар качан кичүү болор деп Каныкей ойго алыптыр, Тушуна туура келгенде, Туйлатып өтө берерде: — Тура тургун, бала,-деп, Каныкей доошун салыптыр. Кыздын үнү кыл кыйак, Кыңыраган үндү угат, Кыйа тартып Абдылда, Тура калат ушул чак. — Алыстан келген сен жигит, Алптын бири эр жигит, Келинди көрбөй боз алып, Кетесиңби, ээ, жигит? Кыргыздын наркы такыр жок, Кыз алчуу кайсы уул,деп, Атын атам уккан жок, Ким болот кыздын аты, деп, Оозуңан, уул, чыккан жок. Күйөөнүн атын кыз укпай, Кыз атын күйөө дагы укпай, Нарк болобу ушундай? Өзүңдө бир кур айып бар, Жөнөдүң элге кайтып бар, Менин атым Каныкей, Алуучуга айтып бар; Койнуңа муну сала бар, Каныкей берген белек,деп, Арстаныңа ала бар,- ???? меспи, Тартынып калар жайы жок, Тура калып ордунан, Куру кулдук урду эле, Карахан карап делдейип, “Курч экен – деп турду эле, Чоросу ушул болгондо, Төрөсү кандай экендир? – деп Ал ойлоно калыптыр, Куру кулдук урганга, Кыргыздын кылып каадасын, Беш тогуз кийит салыптыр, Алачадан бир тогуз, Суптарыдан бир тогуз, Булумдан койду бир тогуз, Караладан бир тогуз, Дүрүйөдөн бир тогуз, Жөн санаты бир тогуз, Карахандын жанында, Касып беттүү кары бар, Кыркалашып олтурган, Калк бийлеген дагы бар. Карахандын элине, Ырым кылбай Абдылда, Эки бөлүп артынып, Айылдан чыкты бастырып; Байа кулдук курганда, Капшыт ачып шыкаалап, Көрүп турган Каныкей, Эми калды шашылып. Акылы терең Каныкей, Ала көлдүн жээгинде, Колуна алып белекти, Абдылда жоолук карады, Ар боруму ажайып, Айран болуп таңданды. Эки айактуу пендеден, Ушундай буйум чыгабы? Кеп кутулбас Абдылда: — Айтканың чын, жеңеке, Берем деп атаң айтканда, Унутупмун бар ишти, Жарадым деп керекке, Келиним атын сурарга, Мунун барын көрбөпмүн, Жуучу болуп арага, Жолук жолго жакшы деп, Белек ала келбепмин, Таарынбагын балага, Күйөөңдүн аты зор Манас, Кош эмесе жеңе, — деп, Бастырып кетти Абдылда, Каныкейден бөлүнүп, Күн–түн дебей жол жүрүп, Алтын ордо тагына, Жеткен чагы Абдылда, Атын байлап мамыга, Бай Жакыптын үйүнө, Басып кирди Абдылда. Салам айтып киргенде, Алик алды Жакып бай, Тондордун көрүп чекесин, Бетин ачып көрсөм деп, Чычкыланды Жакып бай, Бакдөөлөт кайдан айасын, Алып келди тамагын, Арып келген Абдылда, Ачкылдан ичип алдында, Абдан ичип болгончо, Ачкан курсак тойгончо: — Кана балам Абдылда, Барган жериң бактыбы? Кыз көөнүңө жактыбы? Атасы кыздын ким экен, Кептин бетин ачтыңбы? Кудалашып сөз жайлап, Кулдук уруп баш байлап, Тетиги жаткан алегиң, Алып келген белегиң? – Жакып бай сурап жиберди. — Барган жерим бакты го, Кыз көөнүмө жакты го, Ала турган келиниң, Карахандын кызы экен, Каныкей деген ууз экен, Кудалашып сөз байлап, Кулдук уруп баш байлап, Кудалашып кайттым го, Кыз атасы Карахан, Санаксыз калың айтты го. Барып келген Абдылдаң, Кошкону жок апыртып, Койгону жок жашырып, Жай жайлаган жайлоомо, Үч толтура мал болсун, Кыш кыштаган кыштоомо, Үч толтура мал болсун; Сан сарала ат берсин, Сан миң кара кой берсин, Айры өркөч кошпосун, Жону туйук нар болсун, Санаты толук миң болсун, Комуна асыл комдосун, Бирден жагдан арттырсын, Жибек аркан тарттырсын, Жагданы куру болбосун, Ичинде аруу шай болсун, Мала кашка инектен, Саарыма уй болсун, Бир, эки деп санаты, Окшош бары жүз болсун, Эшигимдин алдына, Бирөө күмүш, бири алтын, Эки чынар орносун; Бирөө сүттөн, бирөө май, Чалкыган эки көл болсун; Чынарлары шагында, Куру бойдон калбасын, Булбул, күкүк сайрасын, Ушунун баары жам болсо, Алар көөнү бар болсо, Кеңеш кылып олтуруп, Кем-керчи жок толтуруп, Тездеп Жакып камынсын, Менин көөнүм жай кылсын, Куданын айткан калыңы, Ушул айтсам баарысы, Көп экен деп качпадым, Кулдук уруп таштадым. Куру кулдук урганга, Куданын берген белегин, Ала келдим алегим. Ырым кылып койчу деп, Бирөөнө бирди бербедим, Калганында сизди билет деп, Күндү болжо дебедим, Ушул үйдөн аттанып, Букарга барып келгенче, Ошол менин бар кебим, - — Карахандын белегин, Кишиге бербей келгениң, Аның жакшы, балам, — деп, Карап калып далайып, Каргылданып муңайып, Оң жагына толгонуп, Ок тийгендей дыңылдап, Сол жагына толгонуп, — Кана, бала Абдылдам, Болбос ишке чарпылып, Келгенде сенин пейлиң бар, Түшкө кирсе корккондой, Калың малдын кеби бар. Торусун элден аларбыз, Тотусун кантип табарбыз? Буурулун элден аларбыз, Булбулун кайдан табабыз? Аласың элден аларбыз, Алтынын кайдан табабыз? Күлүгүн элден алабыз, Күмүшүн кайдан табабыз? Башкасын эптеп табабыз, Май көлүн кайдан табарбыз? Сүрөөсүн журттан аларбыз, Сүт көлүн кандай кылабыз? Алам деп Манас бир катын, Куруп калган кыргыздын, Кыйноого салат турбайбы, Кызыл ээк чалдарын, Кызыл муштум балдарын! – Жакып бай муну айтканда, Тура калып Абдылда, Кармап тартып бир алек, “Арстанын көрсө бир белек, Көңүлү тынчып жай алат, Кудалыгы ырас деп” Атына минип Абдылда, Жөнөп кетти Манаска, Азыркысын жаш Манас, Алтымыш уруу алашка, Арка болор баш Манас, Каныкей эске түшкөндө, Кызылдай анда мас Манас. Абдылда алыс кеткени, Жатса уйку келеби, Ай эсептеп күн санап, Абдылда келер маалы, деп, Кырк жигитин ээрчитип, Каргылуу тайган ит алып, Жагалуу шумкар куш алып, Абдылданы тосоттоп, Карап жүргөн болучу, Жакып байдын үйүнөн, Аттанып жолдон салганда, Айкөл Манас баатыры, Учурап калды алдында. Абдылданы көргөндө, Арсаңдап күлүп жиберди, Кыл мурутун имерип, — Бала баатыр жолборсум, Ачык жолуң шар болсун, Барып кайта келдиңби? Канжыгада алегим, Кудалыктан келдиби? Адам айтар эме эмес, Өзү менде болсо да, Пери ага тең эмес, Батыраак айтчы баатырым, Кандай болду кеп кеңеш? Карахан кызы каапырды, Бет маңдайдан көрдүңбү? Тулку бойу турушу, Бар жумушун билдиңби? - Шашыла сүйлөп Абдылда, Барганынан, келгенин, Калтырбай айтты бар кебин: — Барган жерден, падышам, Куру кайта келбедим, Куда болуп баш байлап, Кулдук уруп сөз жайлап, Кубаныч менен мен келдим, Беш тогуз эле санаты, Атакеме бергемин, Куру кантип кетем деп, Ала келген алегим. Ал Карахан кызы Каныкей, Алып келдим мынаке, Сизге берген белегим, Койун-калта жанчыкка, Колун салды Абдылда, Каныкей берген жоолукту, Кармата берди колуна. Бетин ачып карады, Берен Манас таң калды. Кеп кылган болуп кабылан, Как жүрөккө басканы. Калың малды калтырбай, Баарын айтты Абдылда. Жакып байдын сөздөрүн, Жалгап айтты Абдылда. Кармалуу жоолук колунда, Кылчайып артын карады, Турат жоолук боорунда, Чубак көрсө сурайт деп, Караган экен ойунда. Жоолукту салып жанына, Акылы токтоп жайына: — Кана баатыр Абдылда, Камыналы кечикпей, Караханга барууга, Карасур болгун Каныкей, Каадасы менен алууга. Мал айап андан болобу, Айанган бенде оңобу? Бай Жакыптын көп малын, Упуратып койолу. Элге кеңеш салалы, Келер айда баралы, Талапты берсе жасаган, Каныкейди алалы, Жубайым болсо Каныкей, Кубанбасмын мен Манас, Теңдешим болсо Каныкей, Мени тербелтип бенде жеңе албас, Буйрук берип чорого, Эл чогулду ордого, Жамгырчы, Балта – карылар, Атасы Жакып байы бар, Текечи, Шыгай дагы бар? - Абаң Бакай, Эр Чубак- Алптарынын баары бар. Кийигинде оп-окшош, Кыргыл баштап кырк жолборс, Баары келди чогулуп, Олтурушат койулуп, Тандап туудан сойдуруп, Кымызга балдан коштуруп, Дасторкондун үстүнө, Ар түрдүүдөн толтуруп, Куурдак менен май койуп, Килтилдеген жал койуп, Алтындан чакан чөйчөккө, Каадасы менен чай куйуп. Бата кылды калган эл, Аш тамагын жеп болуп. Көйкөлгөн түзгө чогулуп, Үй мүйүз тартып олтурду. Анда Манас кеп айтты, Кеп айтканда деп айтты: — Бай Жакып менин атамсың, Жамгырчы, Шыгай, Текечи, Атама тууган агамсың, Ак балта жакын тагамсың, Байжигит менен Кыпчакбай, Катардагы байларсың, Кулак салып тыңдаңар, Ушул менин айтарым, Тойдун камын кылсаңар, Катын алмак Манасың. Манас, Манас болгону, Манас атка конгону, Уулум катын алсын, деп, Атам айтып койбоду. Калчадан алдым Накылай, Калмактан алдым Карабөрк, Өзү алды деп ойлоду, Атам эмес бу жүргөн, Агаларым айтпадың, Энем аман бар турат, Же тайым Балта айтпадың, Кең Букардан кыз көрүп, Кенедей жерде кири жок, Кетиксиз айдай ууз көрүп, Алып берсин аны деп, Абдылданы атайын, Мен атама жибердим. Абдылданы бай атам, Кең Букарга жумшаптыр, Абдылда айтып келгенде, Калың малын арбын, деп, Ары-бери толгонуп, Асыл жанын кыйнаптыр. Ушунуңар жакшы ишпи? Уул үйлөбөй өтөбү, Уулу үйдө бар киши? Букардын ханы Карахан, Ошонун кызы Каныкей, Опсуз ишмер деп угам, Эп келсе турган баарыңа, Ушуну алсам деп турам - Абдылда барып келгенин, Элдин баары билиптир, Өзү бир күн айтар, деп, Унчукпастан жүрүптүр. Такалган жерде кеп тапкан, Талкаланган сыныкка, Дары салып эп тапкан, Турду Бакай ордунан, Тунук сөз чыгып оозунан: — Айтканың жөн, сөзүң ак, Асыл Манас кулунум, Оо, Жакып бай, кебин ук, Белдүү Манас уулуңун. Кыдыртып калмак кыйнады, Кырааның атка мингени, Кыргызды кайта жыйнады, Жаш баладай кептенип, Жаман ишти кылбады, Акылдуулук белгиси, Эмгичекти, Жакып бай, Оозуңду карап турганы: Аксакалдуу хандар, деп, Агаларын сыйлады, Ушуларын карасак, Ойротто жок кабылан, Ак көрпө жайыл турбайбы. Ак көрпө жайыл кызыл меш, Арзандык менен адамга, Мындай адам болбойт кез, Бүтүрөлү камын жеп, Бул олтурган ишин тез. Оо, Жакып бай карыйа, Алты хан бүгүн элиң бар, Эминеден кемиң бар? Бүгүн кетсе бир түп мал, Эртең кайра табылар, Камыналы бачымдап, Хандар, карап турбаңар. Кабылан Манас тойлугу, Дайардыкты кылыңар!