Баатыр Бакай күпүлдөп, Макул болуп баарысы, Алдырашып дүпүлдөп, Жакып байдын үйүнө, Келип-кетип кыргыздар, Тынбай калды дүбүрөп. Кабылан Манас баатырың, Тойго кабар кылган жок, Укмуштап угуп алгандар, Малын айап турган жок. Алты шаар Анжидан, Айры сакал Сынчыбек, Алтынын куйуп сомдотуп, Атандарын комдотуп, Ал жөнөттү колбутуп, Керүүсүнө Белсаздын, Келген малдар котолоп, Жакып бай камын кылыптыр, Чачылоого төө комдоп. Алтымыш нарды комдотуп, Ком жыгачы сары жез, Жабууларын оңдотуп, Ичине түрдүү шай салып, Жагдандарын оронтуп, Килемден жабуу жаптырып, Алтымыш нарды жөнөттү, Жибектен аркан тарттырып, Сомдогон алтын жүктөгөн, Төөнүн саны он эки, Он алты төөдө ак күмүш, Адам кылгыс бир жумуш, Айдап малды жөнөттү; Жасоолчулар чубуртуп, Козгоол салды колбутуп, Алтымыш миң киши айдап, Алы келбей чуркурап, Энесинен адашып, Тай-кулундар чыркырап, Бурулгуп чыкты обоого, Учуп жаткан топурак. Аңгычакты аттанды, Айкөл Манас, Бакайы, Аким Чубак, кырк арстан, Кыргыл чалы баштаган Төрт жүз сексен кошулат, Бай Жакып минген Туучунак, Байбиче минген Бозжорго, Кош кулагын кайчылап. Каркайган кары чалдары, Калбай бары барганы, Акбалта, Шыгай, Жамгырчы, Текечи, Жакып, Байжигит, Ажырашпай бир жүрөт, Арстан Манас ал дагы, Калган эл түгөл барышып, Астыга малын салышып, Айдаган малы алты сан, Аңгилери алышып, Тай-кунаны жарышып, Кулундары короңдоп, Куйругун сыртка салышып; Букалар келет мөөрөшүп, Бууралар келет жөөлөшүп, Койлор келет маарашып, Баспай жолдон жадашып. Айдаган малдан чыга албай, Аркар, кулжа кошулуп, Кулжасы кочкор окшошуп, Адырда ачык жер келсе, Тура калып топтошуп, Тоо текелер калжактап, Так түйүлүп дардактап, Жейрен келет сербеңдеп, Кулжалары дердеңдеп; Бугулар келет тарбаңдап, Таноолору барбаңдап, Алтымыш айры мүйүзү, Ала бакан каркаңдап; Эликтер келет молтоңдоп, Төөкийик келет колтоңдоп, Пилдер келет томпоңдоп, Куйруктары чолтоңдоп; Жолборс келет суналып, Илбирс келет чубалып, Шери келет чакчаңдап, Айуулар келет саксаңдап, Карышкыр келет култуңдап, Түлкү келет кылтыңдап; Сүлөөсүн келет сумсайып, Суусар келет суйкайып, Ачкүсөн, карсак аралаш, Кете албай малдан аралап, Жыландар кайыш ийленип, Кирпи-чечен, ташбака, Талкаланып түгөнүп, Кескелдирик, батмачык, Кирерге тешик табалбай, Амалы кетип куруду, Майда-барат айбандар, Келе жаткан адамдар, Көтөргөн күрзү балбандар, Миңди бирге санаган, Илеги жоон сардардар, Калк башкарган кат бийлеп, Таажы кийген хандар бар. Белинде кемер алтындан, Келишкен нечен улан бар, Айдаган малдын ичинде, Боз чаар туубас кулан бар. Көптүгүнөн караандын, Канаттуу учуп чыга албай, Күн батканча зыпылдап, Конолгого жете албай, Калдайып бүркүт соолуптур, Жорулар байкуш болуптур, Тоту куш булбул дегендер, Кой башына конуптур, Калыңга айдап барган мал, Кең Букарга толуптур, Муну көргөн Букарга, Чоң коркунуч болуптур, Айдаган малды караса, Айланага тамаша, Айгырлары аркырап, Бээ кишенет даркырап, Энесинен адашып, Кулундары чыркырап, Жылкы келди түгөнгүс, Санатын санап жан билгис, Дүң-дүң басып томпоңдоп, Пил келиптир Букарга, Инек-өгүз аралаш, Уй келиптир Букарга, Ирик, кочкор, соолукту, Кой келиптир Букарга, Эркеч теке аралаш, Эчки келди Букарга, Алдыңкы ээрди шалпайган, Азууулары аркайган, Өркөчтөрү каркайган, Капталдашып жөөлөшкөн, Тизелерден тиштешкен, Ингендери боздогон, Тайлактарын жоктогон, Атан буура аралаш, Инген тайлак чамалаш, Төөлөр келди Букарга, Аркар, кулжа тебишип, Эчки теке жарышып, Адырды карай салышып, Агынды бойлоп бугулар, Маралы кошо мунун бар, Элик менен куран бар, Жейрен менен кунан бар, Төөкуш менен бөкөн бар, Кайып келди Букарга, Жорулар келди далбаңдап, Бүркүт келди калдаңдап, Карчыга келди кыпылдап, Кыргыйек келди зыпылдап, Кара турна чуйкулдап, Кошулуп кузгун куркулдап, Аккуулар келди сабалап, Койго конгон булбулдар, Канаты талып кургулар, Тотукуш, күкүк бу да бар, Канатуу келди Букарга, Карахан келип дал болуп, Бетинин каны жоголуп, “Төлгөдөй айтсам кебимди, Толкундуу деңиз келгенби? Качырып айтсам кебимди, Каптаган селдей келгенби? Эми кетти чамам–эп, Эсебин кандай алам?-деп, Жер чөбүнөн көп турат, Өлтүрбөй кантип багам? — деп. Тумандап ойу Карахан, Турган кези кайгы жеп. Баш билгилер чогулуп: — Калың салдың Карахан, Мал жеймин деп Манастан, Букараңды тебелеп, Кетет белең келген мал? Эки жүз нарда бар экен, Кой чачылоо аркан зар, Тепсенди болуп өлбөйлү, Такыр ушул турган жан!- Деп ошентип турганча, Ачып көздү жумганча, Туучунак минип алкылдап, Ак сакалы жаркылдап, Өңү кызыл үлпүлдөп, Үнү бийик баркылдап, Анын арты жагында, Бозжорго менен чайпалып, Ак байбиче чалкайып, Ак элечек чаңкайып, Он беш катын котчусу, Келип калды такылдап, Анын арка жагында, Асаба колдо калкылдап, Алтындуу саадак жаркылдап, Найзанын учу кагышып, Кетүүчүдөй салышып, Боз кисе жанда салпылдап, Кара курттай быжылдап, Бай Жакыптын чакырган, Эли келди кыжылдап, Карахан баштап букарлык, Тосуп турду кыңылдап. Жер козголуп сүлкүлдөп, Балбандар келди күркүрөп, Акбалта менен Жамгырчы, Кыргыл баштап кырк арстан, Көргөндүн бойу дүркүрөп, Сийдиги агып бүркүрөп, Ордунан коркок кобо албай, Бут шилтенбей бүжүрөп, Ат дабырты андан көп, Жер айрылып дүңкүлдөп. Көк жал Манас баатыры, Күйөөлүк жолун күтүп тур, Көз көргүс жерге түшүптүр, Көргөн жүрөк үшүптүр, Бай Жакып жетип келгенде, Карбаластап Карахан: — Топурак учуп чаң басып, Туманда калды биздин шаар, Байлык менен мал айдап, Кыз алганы келдиңби? Кыйактуу найза көк желек, Бизди алгалы келдиңби? Жез оймоктун чыганы, Узду алгалы келдиңби? Баатырың көп барчаң көп, Же башты алгалы келдиңби? Кудалашып мал айдап, Келгениңби Жакып бай? Коркуп турат жүрөгүм, Теги болбой көөнүм жай- Бастырган бойдон түз барып, Колунан кармап бай Жакып, Кадырлуу куда, сыйлуу сөөк, Биз болобуз Карахан, Кылыгың түздө, кыз үйдө, Сен болосуң Карахан. Асмандагы жылдызды, Сууда жүргөн кундузду, Башымдагы чачымды, Оозундагы тишимди, Сага арнадым Карахан, Оңдосоң боло ишиңди, Тескештирип түшүргүн, Куда болгон кишиңди. Уулум Манас са буйруса, Каныкей кызым ма буйурса, Оңсом берем орусту, Олуттуу берем конушту. Алайа тиктеп койгондун, Тилегин шордой катырам, Өлбөй аман мен турсам, Кыйыктанып калабы, Балаң Манас жумшасам?- Деп Жакып бай айтканда, Карахан көөнү тыныптыр, Калдайып элди ээрчитип, Коноктун камын кылыптыр. Эки жүз кемпир кап сөгүп, Бул эмине көп дешип, Жамбаштыгы тогуз тай, Жандаган катын такыр май, Тел болуп башы айланды. Жеңе болгон катындай, Баатырыңдын жамбаштык, Батырып жыйнап ала албай. Апкааарып баатыр Манастан, Жеңеси алып баса албай, Каныкей үйдө олтурду, Өзү келип кала албай, Ээрчитип эки жеңесин, Түнүдө барды баатырың, Чырым уйку ала албай. Чыдап тура албады, Уктап жаткан Канышты, Маңдайынан сылады. Чочуп кетип Каныкей, Койнундагы канжарды. Сабынан кармай алыптыр, Кармаган колго баатырды, Билекке сайып алыптыр, Таарынгансып Канышка, Кылчайбай кетип калыптыр. Уйкудан көзү ачылып, Өзүнө-өзү ачынып, Кийингиче шашынып, Эшикке чыгып буластап, Токтой тур деп чакырып, Акырын сүйлөп кыңгырап, Ак буладай зыңгырап, Жагымдуу башка кеп келет: — Айкөл Манас ойлоп көр, Айымчыл келет биздин эл, Каадалап келип той түшүп, Катын алган сиз эмес, Караңгыда жетелеп, Ээрчитип алып кетүүчү, Жесир катын биз эмес, Эр атанган журт бийлейт, Эл башкарган кишиге, Ушунуң жакшы иш эмес, Каадалап келип олтуруп, Кайтып кетер сен эмес, Кете берсин мейли деп. Кала берчү мен эмес, Караңгыда калдырап, Жаш баладай алдырап, Минтип жүрүш кайсы кеп? Эртең эле апалап, Жеңелер жолдон жетелеп, Үстүңө араң киребиз, Эт жүрөк коркуп энтелеп, Эртең эле санаага, Буйруса Аллам жетербиз, Чоголдук кылып койупмун, Көкжалым өзүң кечирсиз- Кашкайа сүйлөп жылмайып, Каада айтып турду эле, Эрежеге жыгылып, Эр Манас мойнун бурду эле, Кабылан Манас баатырды Каныкей сайды дегени, Ушунчалык кеп эле. Алты күнү ат чапты, Эки күнү жамбы атты, Эр сайышып күрөшүп, Мөөрөйүнө жакын үрөшүп, Эки күн өтүп кетиптир, Кийик салыш, той тартыш, Баш-айагы жоголуп, Отуз күнгө жетиптир. Жатарына бир үйдү, Коногуна бир үйдү, Ашканага бир үйдү, Тааратына бир үйдү, Жамдап берди беш үйдү. Он эки нарга бир үй жык, Бул түгөнгүс арбын мүлкү, Бай Жакып чыкты Букардан. Келинди алып көчүрүп. Самаркан келип жатышты, Жыргалдын даамын татышты, Күлүп ойноп жаркылдап, Көп кыргыз көөнүн ачышты. Муну мындай таштайлы, Көкөтөйгө Бокмурун, Аш бергенден баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.