Желегин жерге жаптырып, Бол жүргүн, деп шаштырып, Муңгулдардын Чиктейи, Жиңзы ташты тагынып, Башына бапек сайынып, Кебез өтүк, кең белбоо, Кечилдин ханы болуучу, Кезеги келсе эр сайган, Эсирдин бири болучу, Журт башкарып так минген, Баашанын бири болуучу. Борбор кылып ал Чигетей, Коктукатта туручу, Сары деңиз бойунда, Кыштын күнкү конушу. Жайдын күнү болгондо, Кулун байлап чыңыртып, Бээ саадырып ачытып, Арак тартып кымыздан, Келгендерди мас кылып, Эриккенде чыгуучу, Ал үйүнөн бастырып. Чаңбейсиндин чыгышы, Салынып кирген аралда, Жыргап жаткан көп элге, Бөөдө колун сунучу, Талап алып мал-пулун, Темселетип койуучу. Чын ачуусу келгенде, Чыгыш түштүк жактагы, Кантонго чейин баручу, Каканчынды какшатып, Чаап алып жануучу. Шиңшиңшанын кара таш, Калдыраган баары таш, Батыш түштүк тарабы, Түндүгү каңкай, муз деңиз, Орто жерин Чигетей хан, Өз эркинче башкарып, Алым алып мал алып, Ар кайсы жерге шаар салып, Дардаңдап жүргөн ал Чиктей, Анча-мынча кишини, Тушарына теңебей, Бендеби деп бейлебей, Адамбы деп элебей, Анжу, Манжу, Солондор, Буга Шибе кошулуп, Көз каранды чененбей. Бир тентекти баш кылып, Антип элди кош кылып, Шибелердин Сотолу, Жакын коштоп ошону, Манжулардын Дөрөтү, Чукул кошотоп экөөнү, Анжулардын Тетеги, Өзү менен төрт болуп, Бет алган жагы өрт болуп, Келе жаткан Чиктей хан. Илебиндин кең шибер, Тосо чыгып Кененим, Жерге сайып таштады, Айчыгы алтын кызыл туу, Баатыр Манас желегин. Желекти көрүп Чиктей хан, Жүзү өңүп сумсайган: — Жиндиби, сакпы, тиги ким, Жалгыз жүрүп туу сайган?! Бириң барып келгинин, Чыдабай алаш уругу, Кол куушуруп алдыман, Тосуп келген белгиби? Ошентип киши жумшады, Беш уруктан барбады, Бир казакты жумшады, Бир калмак кошо барганы. Кененимге кезигип, Келген жоону билдирди, Казак кепти баштады, Ачып айтып таштады: — Карарып турган калың кол, Хан Чиктейдин колу ошол. Жанындагы үч киши, Таанымал элге бир иши, Сотолу, Дөрөт, Тетеги, Чиктей хан төртөө турганда, Теңдешип бенде жеңеби? Кармашып жүрүп какан чын, Өчүгүшүп Чынмачын, Буларга алы келбеди. Алаш урук жалпыга, Кара кыргыз жалпыңа, Калка болгон Семетей, Алтымыш уруу Алашка, Арка болгон эр Сейтек, Бири кайып болду дейт, Бири өлүп кетти дейт. Өткөн өчүм көп эле, Кара кыргыз калкында, Эми аламын кекти дейт. Мурун колум кыска эле, Эми нөөмөт жетти дейт, Жумшады мени бул жерге, Байрак сайган ким эле, Барып аны билчи дейт. Эрегишип мен менен, Жолум тоскон кишиби?, Же кол куушуруп кыргыздар, Тизе бүккөн ишиби? Келген ишим бул эле. Кененимге ушул кеп, Катуу жаман тийди эле. Токтогун деп Калмакты, Тургузуп койуп арбакты, Каратып койуп Казакты, Хан Кененим муну айтты: — Кайып болсо Семетей, Өлүп кетсе эр Сейтек, Алаш ээсиз калабы? Укпай менин кабарым, Арбак урган бул калмак, Таласка колун салабы? Талатып койуп Таласты, Жалаңгыч Сарык атанган, Кененим жатып алабы? Какандын каны Эсен хан, Кечелдин ханы Коңурбай, Каңкор Манас, зор Бакай, Катылышпай жүрүүгө, Кат жазышып мөөр баскан. Айкөл Манас өткөндө, Өктөмдүк кылып Коңурбай, Таласка келип катышкан. Жеңдирип кайра качканда, Нескара менен Мурадил, Ороккыр-үчөө өлгөндө, Көзү менен көргөндө, Анда жана кат жазган, Алты жылга жай жаткан, Семетейди келсин деп, Алдап жанан чакырткан, Жаранын оозу ырбаган, Коңурбай өлүп сулаган, Казакты бузуп Калмактар, Күрпүлдөккө кондурган. Кармашып келип Семетей, Казакты кайра көчүргөн, Андан бери Каңгайга, Калмактын эли тынч жаткан. Семетей кайып болду деп, Сейтек өлүп калды деп, Ким экен эми чыр тапкан? Кененим атым укпайбы, Чигетей акмак келеткан! Күн батышта жети дөө,- Жору куйрук кызыл алп, Калыбекти баш кылып, Катары менен сулаткан, Сегиз миң жыл жашаган, Жүйрүндөнү куураткан, Он жети кабат кызыл там, Кызыл чапан жайдак тон, Кылкылдаган көп журтан, Гүлкаакыны кутказган! Айтып баргын, калмагым, Жан айабай Чиктей хан, Өзү өлүп калбасын, Кол куушуруп кой сойуп, Кош колдоп сунуп тургундай, Мен Шибе, Солон болбосом; Же айттырып ийсе саламды, Алдынан тосуп Муңгулду, Мен Анжу, Манжу болбосом! Менин атым угуп ал, Жан бүткөндө жаралган, Жалаңгыч Сарык атанган. Атамдын аты эр Сейтек, Энемдин аты Куйалы, Урааны чыккан кыз балбан. Өзүмдүн атым Кененим, Ат бастырып келгиндей, Акимсинген калмактын, Акын алып жебедим! Ак куржунун ачпадым, Ак теңге пулун чачпадым, Аласын ала качпадым, Абийирин анын ачпадым! Кууп албадым куласын, Чийки орбодум буудайын, Айдамак кошуун кол тартып, Неге келет калмагың?! Терең ойлоп иш кылсын, Темтеңдебей ар жагын, Өчүгүшсө калмагың, Өчүрөм баштан арбагын! Кайра кетсе катышпай, Артынан кууп барбадым, Барып айткын ханыңа, Бастыр, турба, калмагын! Эми барба калмака, Калгын мында, казагым, Ээрчип барсаң калмакты, Кулуңа берет азабың. Калтырап казак калалбай, Же бастырып кошо баралбай: «Алтымыш миң кол турса, Окшош төртөө зор турса, Жалгыз атчан, жалаң тон, Такандашып бул турса, Болбой кетсем калмакка, Арбак урса, туз урса; Барбай койуп бөлүнсөм, Кайра түшсөм колуна, Боорумду жарып өттү алса…» Калмак мыкты көрүндү, Ойлоп казак караса. Барамын деп калмакка, Карабады арбакка, Казак кайра басканда, Катышпай койду казакка, Калса өзү калаар, деп, Туз ургур өзү казапка. Калмак барып калдаңдап, Этегин жыйбай далбаңдап, Баштан айак калтырбай, Укканын айтты барбаңдап, Аңгычакты артынан, Казак жетти салбаңдап: — Карабадым кыргызга, Саа келдим, — деп дардаңдап, — Мыкты болсо Кененим, Айырганын көрөйүн, Азабын бер казактын, Акчыланып келгенин! Коркуп менден Кененим, Эсенхан, Манас, Коңурбай, Козгогону беркини! Деп күүлөнүп Чектей хан, Казактан бар элүүчө, Жол баштатып келаткан, Жыйдырып келип баарысын: — Уруп жатып талкала, Кабыргасын, далысын! Жети дөөнү жеңдим деп, Кененим деген эрмин деп, Шек келтирген кептерим! Ажыратып алганын, Көрүп турам эрдигин, Кетирейин сүр менен, Көрсөтүп туруп теңдигин, Казакты жипке тиздирип, Өгөөсүнөн жаткырып, Колун-бутун кердирип, Бир казакка эки эр, Колуна тайак бердирип, Тегеректеп келгенде, Тебелеп ура берерде, Манастап ураан чакырып, Кененим келди качырып: — Атаңдын көрү сен калмак, Адам болбой кет каман! Колу түшкөн кишини, Өлтүрсөң болот эреже, Кыйнап уруш кишини, Эрежеде жок эле! Качырып кирип барганда, Тайак кармап тургандар, Кача берди ар кайда. Кайра тосуп жеткини, Чечтирди четтен экини. Анжулардын Тетеги, Жете келди ал деги: — Айбыкпай кирген биздерге, Атың болт ким? — деди. — Атамдын аты эр Сейтек, Өзүмдүн атым Кененим, Укпасаң мени бил, — деди, Тааныбаган кишисиң, Атыңды айткын сен! — деди. — Элим манжу меники, Өзүмдүн атым Тетеги, Мени менен бет келип, Тирүү пенде кетеби? Айкырасың оолугуп, Ажалың жеткен сеники. Казагың мына ал, — деди, Мыкты болсоң Кененим, Жекеге чыга кал, — деди. Элүүчө казак кутулуп, Четке чыкты чогулуп, Дем алышты байкуштар, Тууга барып олтуруп. Анжулардын Тетеги, Атанып чыккан тентеги, Найзаны кармап кезенип, Каарын салып белсенип, Ыргытып жанды таштады. Кыйын уруш баштады. Кабаттап темир тон кийип, Кандуу найза өткүр миз, Качырып тийди Тетеги, Сайдырбай баатыр Кененим, Кагып ийип найзасын, Кайра айланып тиерде, Тетеги мыкты шамдагай, Ал дагы кылды айласын, Кененимге сайдырбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.