Угуп муну Кененим: — Кудайыңды билбеймин, Боортоктоп жүрбөймүн, Качып келди душманым, Чыгарып аны бер деймин. Душманымды бербесе, Талкалаймын сарайын, Жок кыламын кудайын! Кененим мындай дегенде, Ачуусу келип ал деген: — Аңылдаган ким элең, Кудайды кудай билбеген? Лааманы лаама билбеген? Каарына калсаң кантесиң, Жаңыдан келди бир лама, Теңдеши жок жалганда, Күлкаакы деген бир куш бар, Кызыл мистен сарайда, Сарайга көзүң салганың,- Кудайга көзүң салганың, Күлкакыга катышсаң, Адашып жолдон калганың. Угуп калса сөзүңдү, Билип калса өзүңдү, Жерде чирип калсын деп, Итке, кушка жегизбей, Көмдүрүп ийет сөөгүңдү, Сенин айткан сөздөрүң! Өрттөдү менин сөөгүмдү, Азыр эле турбастан, Сарайга жетип барбасам, Тирүү кудай молдого, Сени айта салбасам, Кызмат кылып кудайга, Бар күнөөдөн арылып, Бир соопко калбасам, Жаңы келген молдону, Зийарат кылып жанбасам! Деп ошонтип кабарчы, Айагы анда-мында бир тийип, Алек-далек жүгүрүп, Өпкөсү жок кургуруң, Опсуз жаман сүйүнүп, Жүрүп берди далбактап, Минген котоз букасы, Мүйүздөрү каркактап, Басалбай минген букасы, Тилин салып акактап, Келеберсин кабарчы, Жан айабай тартактар. Көк кептер болуп көкөлөп, Учуп кеткен Чынгыш хан, Күн батыштан түңүлүп, Маана издеп келген чыгыштан. Өзү күн батышта болсо да, Үч жылдан ашпай келүүчү, Бу жерде тирүү кудайга, Көп жолжорук берүүчү, Баштан тартып бул элдер, Чынгышты жакшы билүүчү. Бир шишеге суу алып, Чынгыш келди сарайга, Келер маалы боло элек, Кандай келип калды, деп, Булар калды аң-таңга. Чыныгыш келип киргенде, Баары калды дүрбөшүп, Карай албай Чынгышты, Айбатынан жүдөшүп. — Мен келдим Чынгыш батыштан, Баш маана издеп чыгыштан, Кененим деген барыптыр, Орто Азийа кыргыздан. Тартып алды шарымды. Жүйрүн өзү тургузган. Батыштагы жети дөө, Куралышты намыстан, Өлүп кетти баарысы, Бири тирүү калбастан, Кененим барды жүйрүнгө, Калганга канаат кылбастан. Жүйрүндү сойуп тилин жеп, Жолу каткан Кененим, Башы адам болгондон, Айагы чиркей, чымынга, Мунун тилин бүт билет, Өнгөн чынар жыгачтан, Жерге жайнап чыккан чөп, Мунун тилин бүт билет, Адам өткүс Ала тоо, Айагы кум, түбү коо, Анын тилин бүт билет? Жүйрүн билчүү башында, Жүйрүндүн тилин жеп алды, Кененимдей ким билет? Ики-дики олтурам, Аркаман кууп келет деп. Ушул жерге келгеним, Биле албаса Кененим, Тетир издеп калар дейим, Билген болсо Кененим, Бүгүн-эртең бүл жерге, Кууп келип калар дейм. Алп кара куш-Сумурук, Аны менен дос болду, Изимди билсе Кененим, Издээр жолу шар болду, Келип калса кокустан, Бул жер бизге тар болду. Кол куушуруп жөн эле, Туруп бериш кыйын кеп. Кылычташсак урушуп, Кан агызып суу кечет. Салтанаттуу сарайды, Талкалап таштап саларбы? Кулкаагыны аларбы? Шишеге куйуп суу кылып, Кубултуп койдум Чыныке, Унутуп аны каларбы? Же болбосо түз эле, Индичинге барсамбы? Жыландын кени ал жерде, Кызматка аны салсамбы? Айлам кетти алсырап, Акылым качып башыман, Билалбай калдым тамтырап. Ардык алып жаталбай, Качып жүрүп салпылдап, Канатым талып учалбай, Болбой калдым далпылдап. Чынгыш антип айтканда, Тирүү кудай молдосу, Жанында канча жолдошу, Жарыша сүйлөп жабырап, Баары сүйлөп бабырап: — Бул айтканың кеп эмес, Чынгыш, өзүң ойлоп бак, Атың сенин кет эле, Келип мында Жүйрүн дөө, Чынгыш койуп атыңды, Алып мында кетти эле. Ушул жерде туулдуң, Ушул жерде тургунуң. Келип калса Кененим, Кепке салып көрөбүз, Кебин угуп билебиз, Кепке-сөзгө келбесе, Өлтүрүп аны ийербиз, Чуңкур казып жерге көөмп, Төбөсүнө сийербиз. Өзүңүз салган шаарыңыз, Он жети кабат кызыл там, Жүйрүн дөө кургун тагыңыз, Кадемиң тийди арман жок, Болдуңуз биздин ханыбыз. Кыжылдаган эл туруп, Жалгыз жүрсө Кененим, Келбесин кантип алыбыз? Ушул турган баарыбыз, Сени кармап бергиче, Кырылышып урушуп, Суудай аксын каныбыз: Сарайга тийсе кол салып, Колу куурап калбайбы, Кудай жанын албайбы! Күлкаакы ала албайбы? Кайда экенин таралы? Сууну көзгө илеби? Чыныкени билеби? Минтип булар дүрбөдү, Аңгычакты болбоду, Котоз менен каркылдап, Кабарчы келди байагы? Эшик ага күзөтчү, Не жумушуң бар? деди, Топоздун таштап жүгүрүп, Күзөтчүнүн бутунан, Шур-шур жыттап кучактап, Каңырыктап алыптыр, Ал байкуш кебин салыптыр: — Топчуну күзөт, деп, Кимиси ишти бузат, деп, Кожолорун тапшырды, Тоопчунун баарысы, Кудайды карап баш урду, Аңгычакты кула атчан, Бирөө келип жолукту, Менден сурап кеп угуп, Кудайды тилдеп оолукту, Буркан-шаркан көбүрдү, Кудайды тилдеп ал киши, Көңүлүмдү миң бөлдү, Тоопчуну таштадым, Айтайын деп ушуну, Ашыгып бери чапканмын, Мындан башка кебим, жок, Ушул менин айтарым. Угуп кепти күзөтчү, Молдого айтып угузду, Үйгө кирип бул кепти. Чынгыш баштап баарысы, Чын ашыгып калышты, Келген киши Кененим, Анык билип алышты, Алты лаама шайланып, Алдынан тосо барышты, Булар ойлойт ойунда, Кененимди азгырып, Алдап кармап алышты, Тирүү жан чыгып кеткисиз, Терең орго салышты. Түрдөп чапан жамынып, Мончок ташты тагынынп, Чапанын жерге сүйрөшүп, Күрөшкө чыкчуу немедей, Оң жеңдерин түрүшүп, Белдерин кыйа курчашып, Тесбелерин карчашып, Буркан, Буркан, Буркан, деп, Ичтеринен күбүрөп, Жыгылып-кооп бүжүрөп, Кененимге келгенде, Ого бетер дүбүрөп, Жыгылып-кооп бүжүрөп, Алдынан тосо барышты. Кененимди көргөндө, Жер кучактап баарысы, Таазим кылыа калышты. Кейпин көрүп Кененим: «Кошо барып көрөйүн, Хан сарайга киргенде, Чыныгышты кармап бер дейин. Кежирлик кылса кайшактап, Как боорунан тилейин. Жүр дегенде бир жүрүп, Ишенчисин алайын, Баары-жогун билген соң, Анан кебим салайын.» Кененим арзан эр эмес, Будагы ойлойт арганы, Бирге жүрдү эптенип, Эчтемени билбеген, Энөө киши кептенип. Байкап көрсө Кененим, Алты лаама бир-бирин, Алдыртан аста тиктешип, «Алдадык муну биз, — дешип, Энөө киши турбайбы, Сөз сурабайт шүк» дешип, Күлүңдөшүп калышып, Козголуп койсо Кененим, Баштарын жерге салышып, Мусапыр болуп алышат. Мен көрүнбөй турам, деп, Көмөскөдө Чынгыш хан, Кабар берген алдыртан. Көпчүлүгү чогулуп, Короону курчап келаткан. Эки кабат ээн топо, Эптеп салган коргону, Ички үйлөрү бүт таштан, Чоңдору жатчуу борбору. Алты молдо короого, Алып келди Кененди: — Не жумуштап келгенсиң? Айт кебиңди сен, — деди. — Сурап менден кеп уксаң, Менин атым Кененим, Айтүбүнүн жеринен, Айтумуштун элинен, Чыныгыш ханды качырып, Артынан кууп келгенмин. Чыныгышты бергин чыгарып, Чыныке тапшырып колума, Күлкаакы тарткын жолума. Чынгыш ханды бербесең, Чыныкени жок десең, Кантип мундан мен кетем? Бербес болсоң аларды, Чыйрак болсоң майданга, Балбаның чык маңдайга! Деп Кененим айтканда, Чынгыштан жарлык кеттиби, Салмооруна таш салып, Та-талашып жабылды, Кысталак бул элге, Бекер өлүм табылды. Кайраты артык Кененим, Кеңкула менен заңкайып, Кебелбей турат чалкайып. Ташты таштап бир кезде, Мылтыктап кирди атышып, Карап тура бере албай, Кененим тийди катышып. Найзаны Кенен имерип, Кырк-элүүдөй немесин, Беттей сайып жиберип, Кыйырына келип калганда, Аттарынан кулатып, Жуушаган койдой сулатып, Өлүмдөн коркуп баш тартпай, Өчөшүп кирди чуулашып, Ачууланды Кененим, Кеңкуланы чуратып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.