— Ата канат арман күн! Жарыгы жок кара түн! Атадан калган найза жок, Бир кумардан чыкпадым! Кудай урсун Калыбек, Кебелбеген тоо болду, Калыбектин карала, Мүргүй түшүп оңолду, Калыбек катуу мас экен, Көзү ачылып соо болду, Акылы башка келгенде, Айткан кеби бу болду: — Калкан кулак кан жүздүү, Калкан тоодой сен кимсиң? Кыл муруттуу кызыл бет, Кыргызда атың сен кимсиң? Караса көздөн от жанган, Кызарып беттен кан тамган, Караган бенде суктанган, Сулуу жигит, сен кимсиң? Сакалың тал-тал бөлүнгөн, Баатырдык сының көрүнгөн, Майга бышкан токочтой, Мадырайган сен кимсиң? Агарып тишиң кашкайган, Ак кулжадай маңкайган, Арбактанып көрүнүп, Ала тоодой заңкайган, Атыңды айткын сен кимсиң? Сымбатың сырдай кубулган, Кубулжутуп туудурган, Затыңды айткын сен кимсиң? Жериң кайда, элиң ким? Жигиңди айтып билдиргин, Бекер киши эмессиң, Кебетеңден мен билдим. Семетейдин кеби эми: — Теги-жайым терип сен, Тексиз киши дедиңби? Жерим Кеңкол, кең Талас, Элим кыргыз көп алаш, Аласы жок жай күнү, Ак чечекей ак калпак, Атамдын атын угуп ал, Ай-аалам уккан зор Манас, Эмгиче угуп билбеген, Айбанга окшош сен акмак! Өзүңө окшош Калыбек, Жергеси жок немедей, Тегимди терип сурайсың, Өзүмдүн атым Семетей! Атам Манас дегенде, Тегим жок сенин дегенде, Ардангандан Калыбек, Өлүп жерге кирбеди, Күүгүмдө көзү тунарып, Эмне дээрин билбеди. Ачуу басып калтылдап, Кылычты кындан тарканда, Күн чагылып жалтылдап, Карала атты камчылап, Көзүнөн жалын шыркырап, Учкундары бөлүнүп, Төбөсүндө чыркырап, Кыйкырыгы таш жарып: — Кызы талак Семетей, Тең жарбасаң тениңди, Темселетип элиңди, Куру талаа кылбасам, Кеңкол, Талас жериңди, Айдап жүрүп кырбасам, Ак калпак кыргыз элиңди, Өлөрүңдү ойлобой, Атам Манас дедиңби? Тең кишидей сен мага, Теңдешип айткан кебиңби?! Деп ошентип Калыбек, Кыйа мына келтирип, Кылычты шилтеп жиберди. Эр Семетей камынып, Сомдогон темир чоң балта, (Эшик эндүү ай балта) Кылычты какты каңгыта. Ай балта тийген оңобу, Кыйрап кылыч жоголду, Калыбек жарак алгыча, Качырып келип Семетей, Туулгага бир койду. Тогуз кабат туулга, Кийген экен бир башка, Тозуп кетти туулгасы, Чыдаштык кылбай чапканга, Чойун башты Калыбек, Күүлөп колго алганы, Качырып келип Бадырек, Хан Семетей абаңды, Чокулата салганы. Чойун башты тийгизбей, Балта мененСеметей, Алдыртан өөдө какканы. Кармаган сабын Калыбек, Калтырбай күчүн бекемдеп, Күчтүү каккан Семетей, Чокмор тийсе чокуга, Бекер өлүп кетем деп. Чапкан киши Калыбек, Каккан киши Семетей, Шылкы мойун чойун баш, Үзүлүп кетти мойнунан, Каары катуу Калыбек, Сабы чыкпай колунан. Ай балтасын колго алып, Найза, кылыч, чойунбаш, Сынганына арданып, Арта салып ийинге, Ай балтасын көрсөтүп, Ай балта менен бир койду, Жок кыламын деп ойлонуп. Калыбек балта алганда, Хан Семетей камынып, Качырышты бул экөө, Кирген нардай чамынып. Көргөндүн баары таң калып, Кимиси өлүп, ким калат, Күч ортосу ылганып, Балтага балта чабылды, Кубулуп тогуз жаңырды, Калыбектин балтасы, Уңгусунан жарылды. Семетейдин чоң балта, Түшүп кетти колунан, Толгой эшкен бүлдүргө, Чоң кисенин чагарак, Тагылуу экен байкасак, Жерге түшө ай балта, Ат капталда салаңдап. Оңдоп кармап найзаны, Оңбогон ал калыбек, Семетейге жеткени, Капталдан нары муштады. Хан Семетей абаңдын, Ээрден көчүк бултайды, Үзөнгүдөн бут тайды. Күчтүү тийген найзанын, Күүсүнө буурул туралбай, Кырданып барып жыгылды, Жер тайанып Семетей, Кар жиликтен оң колу, Сынып кетти карс этип. Калыбек артка таркыча, Кайра айланып абаңа, Кандуу найза сайгыча, Алымсарык жаш бала, Манастап ураан чакырып, Кирип келди аңгыча. Гүлчоро туруп албады, Тайбуурулдун чылбырын, Найзага илип алганы, Семетейди мингизип, Коштоп кетип калганы. Эки сайып Калыбек, Аңтара сайып алалбай, Алымсарык баланы: “Алдына келген бала эле, Анча-мынча жан эле, Эки сайып алалбай, Күчүм менин кана эле?!” Кайра кирди кезенип, Ээрдин кезе тиштенип, Өлбөй туруп Калыбек, Дагы жетти Бадырек, Карала менен тап берип. Алымсарык балта алып, Абайлап турат камданып. Калыбектин найзасын, Кайта кагып жиберди, Балага найза кактырып, Калыбек буга ардыгып, Өлтүрөйүн муну, деп, Кең дүйнөсүн тар кылып, Жалаң болот испанды, Кармай алды сабынан, Сууруй алды кабынан. Алымсарык ойунда, Кылычты кайра кагам, деп, Кыйамына келтирип, Мээсин чубай чабам, деп, Кыжырланып турганы, Калыбек кылыч урганы. Балта менен кагам деп, Какканга каным жетпеди, Калыбек чапкан өткүр миз, Алымсарык баланын, Оң ийнин таарып кетти эми. Төрт эли жердин териси, Кесилбей калды илинип, Карап турган Гүлүстөн, Жебеден мурун жеткени, Чылбырдан атты жетелеп, Баланы алып кеткени, Артынан кууп Калыбек, Жакындап калды жеткели, Баланы берип Бакайга, Кайра тартып Гүлүстөн, Калдаңдаган Калыбек, Карчылаша кеткени. Кандуу кылыч Калыбек, Качырып шилтеп жиберди, Кыйрынан туура чапканы, Өтө андес Гүлчоро, Ат капталга салаңдап, Өткөрүп муну жиберди. Кылыч чабат Калыбек, Кылына аны тийгизбейт, Найза сайат Калыбек, Сактанып муну киргизбейт. Эр жарагы нечен түр, Иштетти баарын Калыбек, Тумтак күнүн түгөтүп, Тийгизбеди Гүлчоро. Калыбектин ойуна, Далай кеп кетип ошондо: “Бирөө кары, шай начар, Экөө болду жарадар, Алмамбеттин Гүлчоро, Маа болбу барабар?” Өз ичинен Калыбек, Опсуз болуп санадар, Кара бойун безенип, Ээрдин кесе тиштенип, Кара жанга күч келип, Карала менен тап берип, Кармаарына калганда, Каарын чындап салганда, Гүлүстөндү түгөнгүр, Түп этектен аларда, Кудай бетин нары кыл, Ак сакалы жаркылдап, Келген Бакай каарынын, Акылым аз, тил кыска, Кантип айтам таарибин. Абаң Бакай жакындап, Калыбекке жеткенче, Гүлчорону Калыбек, Оодара тартып кеткинче, Ободо булут бузулуп, Манастап ураан чакырып, Кененим үнү угулуп, Бүдөмүк кылбай так айтып: Кененим сарык нак айтып: — Кайра тарткын катылбай, Абам Бакай сен кайтып! Гүлүстөн, кет элиңе, Мыкты болсоң Калыбек, Мен келем, келгин! — деди эле. Кененим үнүн укканда, Манастын аты чыкканда, Колу бошоп кеткени, Кутулуп Гүлүс кетти эми. Аркасынан Калыбек, Келгин деген кеп угуп, Кылчайып артын караса, Топурак учуп буруксуп, Тийип турган жарык күн, Сурданып булут бузулуп, Келе жатат Кененим, Кеңкула менен сыздырып. Гүлүстөнгө ачуусу, Келген бойдон Калыбек, Кан ичме жинди кара нээт, Каарын салып түрдөнүп, Кыл кыйма каман сүрдөнүп, Катынын кара баскандай, Жоо келип айлын чапкандай, Күңгүрөнүп күүлөнүп, Күрмөөгө тили так келбей, Күдүңдөп чочко сүйлөнүп, Селдей болуп түйүлүп, Артынан чаңы сүрүлүп, Эки көзү чакчайып, Сакалы ача бакчайып, Танак мурду дердеңдеп: — Мен да сендей эрмин, — деп, Менден качып, Кененим, Так кырк күнү талаада, Кайда жүрүп келдиң? — деп, Жору куйрук Кызыл алп, Акым, Шакым эки дөө, Катардагы Сурмерген, Кунун сенден куубасам, Кылычты канга жуубасам, Калыбек атым курусун, Болбой тирүү турушум! Суунун уулу Суумерген, Боз чаар минген Боронбай, Таптырып сенден албасам! Талпагын ташка кербесем, Жазаңды колго бербесем, Койдой башың кеспесем, Коондой кардың эшпесем, Ээрдиңен көзөп тешпесем, Бир сен үчүн, Кененим, Кара жандан кечпесем!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.