← Кененим 4/6

Жулуп алып чынарды, Алдына туура өңөрдү, Алдында минген Кеңкула, Албууттанып жөнөдү. Ошол кезде Кызыл алп, Семетей барам, деп баскан, Калыбектен корккондон, Калдалаңдап бек шашкан. Аттай басып адырды, Каттай басып аңдарды, Карбаластап келаткан, Түптүү чынар көтөрүп, Кененим кетип бараткан, Аркасынан бургуйлап, Шамал чыгат кула аттан. Жайнап жаткан аскерди, Аралап кирди Кеңкула, Алда эмне болот деп, Адамдын баары таң буга. Шагы тийип чынардын, Шагырап сөөгү жаткан бар, Туура белден үзүлүп, Үч бүктөлүп аткан бар, Колу сынып чолойуп, Буту сынып торойуп, Буркурап ыйлап жаткан бар. Көзү чыгып олоңдоп, Жыгылып-кооп сороңдоп, Коктуга кирип жөө качып, Койондон бетер кодоңдоп, Башы жок дени тулуйуп, Бүткөн бой канга жуурулуп, Жаткан өлүк андан көп; Аты тирүү, өзү өлүп, Өзү тирүү, аты өлүп, Басырык болгон сандан көп; Ичегиси иймелип, Учу жерге сүйрөлүп, Баратканы мындан көп; Канча түргө бөлүнүп, Өлгөн өлүк андан көп, Ошенетип баратып, Кызыл алпка туш келди, Жаш Кененим кара көк. Кененимди көргөндө, Кызыталак Кызыл алп, Кандай сонун неме деп, Карап турду зыңгырап. Жакын кирип келгенде, Колун сунуп Кызыл алп, Бул дагы алды бир жыгач, Кыйкырып кирди кысталак, Чоң чынарды булгалап. Ойротто жок Кененим, Жыгачты оңдоп кармады, Чынарга чынар оролду, Чын дүнүйө куурулуп, Топосу жерге куйулуп, Таштар учуп асманга, Зыркыраган үн чыгып, Үйдөй болгон нечен таш, Учуп жүрөт чыркырап, Кызыл алптын чынары, Чыдай албай чапканга, Тал-тал кетти быркырап. Ойрон болгон Кененим, Оңдоп кармап имерди, Оро-пара чоң дөөнү, Оройлото жиберди. Кызыл алп кайдан ийменди, Чынарды чыбык билбеди, Колун сунуп кармады, Тарткылашып калганы. Учу Кызыл алп жакта, Түп жагы Кенен арстанда, Үзүлүп кетти чоң чынар, Чиренише тартканда. Ошол үчүн алардын, Эрмеги калды дастанда, Акындын тили не кыска, Толуктап муну айтканга! Кенен сарык жаш бала, Мурун мындай көрбөгөн, Тогуз жашта боз бала, Карсылдашып тийишти, Кызыл алптай балага. Кыраан бала Кененим, Кыйгактуу чынар түп жагын, Кыйа кармап бекемдеп, Булгап-булгап ийгени, Жараңка башы чынардын, Кызыл алпка тийгени, Талаадай болгон кең бетти, Кыйа-чийе тилгени. Жолу каткан доңуздун, Бетинен каны жошулуп, Камчы саптай шырылдап, Топуракка кошулуп, Туулга жок жылаң баш, Коборгон таштай сокуйуп, Карап турат кеңгиреп, Кара бойу локуйуп. Кабылан балам Кененим, Кеңкула менен бургутуп, Ары өтүп он койуп, Бери өтүп он койуп, Аркадан келип он койуп, Алдынан келип он койуп, Кырк кабырга омуртка, Кырын бузбай сойулдап, Кеңкуланы мойундап, Баш аламан койгулап, Көз ачылбай турганда, Кызыталак чочкого, Кыйын болуп ошондо, Не кыларын биле албай, Мурункудай заңкайып, Былк этпей туруп бере албай, Кайра тартып далбактап, Качмак болду уйалбай, Опсуз баатыр Кененге, Оро-пара туралбай. Качып барат дардактап, Чылбыр бойу чубалып, Орто буту салбактап, Арбаң-тарбаң жүгүрүп, Алтымыш кулач жерлерди, Бир арымдап түйүлүп, Кетип барат тарбаңдап, Аманат жандан түңүлүп. Андан башка алты дөө, (Калыбектен башкасы) Беттешпей туруп Кененге, Белдери сынып бүгүлүп. Кызыл алпты Кененим, Жеткен жерде төбөгө, Койуп кетип баратат, Кыпкызыл канын агызып, Сойуп кетип баратат, Карга-кузгун, кажырлар, Кызыл алптын канына, Тойуп булар жыргашат. Ачып көздү жумгуча, Тогуз күндүк алыска, Жетип барды ошол чак, Капташа түштү алдынан, Кире берме жер кашат. Кызыл алп кире бергенде, Айры шили кара куш, Капташа түштү Кененге. Кабууга кире түшкөндө, Ачамай кеткен чынарды, Как шилиге муштады, Шилиге тийсе оңобу? Кененим сайса шилиге, Кызыл алп өөдө кобобу? Тоңкойуп чочко жыгылды, Топого башы тыгылды, Кимдер айтып мактанбайт, Жыгач менен дөө алган, Ат көтөргүс жөө алган, Кененимдей кыйынды! Ыргып түшүп куладан, Далысынан басканы, Кылычы тургай балка жок, Мээсин жара чапканы. Кырчак кара каңшаардан, Сууруп бир чоң ташты алды, Абыдан жанын кыйнады, Таш менен мойнун кыйганы, Башын бөлөк таштады, Денин бөлөк таштады. Кызыл алптын куу башы, Эки көздүн ордуна, Күн жааганда суу толду, Кулжа түшүп өлөт деп, Кылымда далай кеп болду, Жомок кылып айткалы, Токтоо кылбай Кененим, Кайта артына тартканы. — Тээ маңдайда көрүнгөн, Күдүңдөгөн төрт караан, Билдиңерби ким? — деди. Чынгыш айтты ошондо: — Кыргыздан келген Семетей, Жайдак атчан келгенде, Жан кириптир бил, — деди. Чынгыштан Акым кеп угуп, Байлап келе калам, деп, Бастырып чочко оолугуп, Алмамбет уулу эр Гүлүс, Алдынан чыкты жол тосуп. Аты-жөнүн сурабай, Ачууланып Акым дөө, Айал-үйөл кылалбай, Найзасын күүлөп сундуруп, Кара туман артынан, Топурак учуп буруксуп. Гүлүстөн каччуу эр эмес, Каары катуу Акым дөө, Жазганып калар неме эмес. Найзалары кагышып, Кайта-кайта сайышып, Колтуктарын чойушуп, Чокуга балта койушуп, Куйкалары куйушуп, Кыжырланып урушуп, Бузулуп өңү сурданып, Оролушуп курч алып, Найзанын үнү такылдап, Балтанын үнү чакылдап, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Баатырлар үнү бакылдап, Кан сагынган эрээндер, Тилдери батпай оозуна, Суусагансып лакылдап, Аманат жандан кечишип, Кымындай болгон бир жанды, Кылга байлап таштады, Кыйын уруш баштады. Күркүрөгөн үндөрү, Күнгө окшош түндөрү, Күжүлдөшүп жүргөндө, Таң кашкайып сүргөндө, Күн чыгып жерге тийгенде, Күркүрөгөн Акым дөө, Өзүнүн атын чакырып, Оозунан көбүк чачылып, Кыраан Гүлүс баатырга, Катуу тийди жапырып. Найзага илип кетем дейт, Как бөйрөккө батырып, Көрүп муну Гүлүстөн, Көңүлүндө шашылып, Сур аттын оозун бурганда, Сумсайып карап турганда, Кыбыладан чаң чыкты, Жалгыз аттчан жан чыкты. Ач кыйкырык үн чыкты, Айбаты катуу сүр чыкты: — Бадырек доңуз! — деп чыкты, Мен Кененим! — деп чыкты. Сур атчан киши, кайтып кет, Өчүгүшүп кайтпасаң, Жамандык менен жакшылык, Билесиңго айтпасам! Кененимден кеп угуп, Одурайган Акым дөө, Кайра тарты бурулуп, Семетейдин жанына, Гүлүстөн кетти чуу койуп. Акым менен Кененим, Айкалышты кең түздө, Адамдын баары айгине, Көрүп турат тал түштө. Э дегенде бул экөө, Этектен түрө кармашып, Эрдик күчүн арнашып, Эңишке салып жарышып, Этек менен жеңдерин, Түбүнөн жулуп алышып, Билектешип тартышып, Аттары баспай майышып, Кабактарын түйүшүп, Калды булар тайышып. Кабуусуна келтирип, Алды найза Акым дөө, Ал доңуздун кийгени, Бүтүн соот - үрөөкө, Кененимге найзасын, Урду болжоп журөккө. Кыраан туулган Кененим, Эңкейе берсе өбөктөп, Каңгып найза кеткени, Аттын оозун тарталбай, Капташып Акым жеткени. Жандап өтө берерде, Ач билектен кармады, Найзасын тартып алганы. Кеңкула оозун буруптур, Атынын оозун тарткыча, Алактаган Акымды, Көмө койуп жыгыптыр. Түшө калып Кененим, Өлтүрбөй туруп Акымды, Чечип алды чен тонун, Сыйрып алды соотун, Тартып алды олпогун, Бутундагы чопкутту, Далысында калканды, Андан башка калганды, Чечтирип баарын алганы, Өңүрүп кайдан жүрөм, деп, Чойун башты таштады, Чойун башты имерди, Дардайып жаткан Акымды, Чокуга тартып жиберди. Акымдын мээси чачылды, Кызыл алп менен Акымды, Кара жерге тапшырды, Кайраттуусун дөөлөрдүн, Кадамын минтип катырды.