Арбаңдап каапыр жүгүрүп, Ачууланып Кызыл алп, Куйкасы мунун курушту. Кере бута жерлерди, Аттай-буттай түйүлүп, Шашып калды кыргыздар, Куйалыдан түңүлүп. Бутактары копшолуп, Колундагы чынары, Нак сойулга окшошуп. Буудан күлүк жел жетпес, Бура тарта бергенче, Куйалы балбан бурулуп, Тартаңдаган арам ит, Күүлөп турду чынарды, Чокудан ары бир уруп. Куйалы кетти тумактай, Алдындагы жел жетпес, Бута атым кетти улактай. Жел жетпес буудан күлүктү, Күүсү менен урганы, Кара ташка чабылып, Жаш башынан сынганы. Жебеден мурун Гүлчоро, Кызыл алпка жеткени, Куйалыны сапа-сак, Ажыратып кеткени. Жыгылган жерден кыз балбан, Желжетпести көтөрүп, Шыңк эттире жөтөлүп, Алымсарык баланы, Чакырып жанга алганы: — Хан атама айтып кел, Эмне десе кабарын, Бала, мага айтып кел. Желжетпес буту аксады, Киши жок муну баккалы, Бүткөн бойдун тарпы жок, Саламаттын жатканы. Кездешип турган Кызыл алп, Кыйын заман күн туулат. Хан атам акыл эргитип, Саламатты жандырды, Жөө жатып тамак жеп бербей, Мен барайын бир жерге, Желжетпести баккалы, Деп Куйалы айтканы. Угуп алып чунагың, Бакай абаң, Семейге, Куйалы кебин айтыптыр. Абаң Бакай, хан Семей: — Чын айтыптыр Куйалы, Акыл кеп го бу дагы, Жетип келсин Куйалы, Сакайганда бууданы. Алымсарык айтыптыр, Желжетпести көтөрүп, Куйалы балбан кайтыптыр. Алмамбет уулу Гүлчоро, Буттай темир курчанып, Бузулуп өңү кумсарып, Өткүр найза карманып, Оң айланып он сайып, Бурулуп арка жагына, Буудан Сурду чуратып, Бөйрөктү болжоп он сайып, Кайрылганда качырып, Карчыганын балык эт, Кандуу найза батырып, Манастап ураан чакырып, Бакалоорго сайууга, Бойу жетпей шашылып, Эмчектен ылдый карата, Элүү найза уруптур, Сандан каны салаалап, Дөөнү канга жууруптур. Ана-муна дегиче, Айта-буйта кылгыча, Ачып көздү жумгуча, Алтымыш балта уруптур, Этинин баары көгала, Талаа-талаа карарып, Жердин бети жуурулуп, Жыбырап кызыл кан агып, Карап турган көпчүлүк, Эр Гүлүскө таң калып, Кудай урган бул дөөгө, Мынчалык неме канчалык? Коборуп койгон мунардай, Козголбой турат заңкайып. Жана кирди Гүлүстөн, Жан айабай качырып, Жаалы чыгып жүзүнөн, Көзүнөн жалын чачылып, Кыпындай кызыл бир жанды, Кылга байлап таштады, Кыйын уруш баштады. Эсине келип эр Гүлүс: «Болду чочко кыйын иш, Каржилик менен жотонун, Булчуңун жара чабайын, Тарамышы кыркылса, Жер тайанат Кызыл алп, Өзөктөн канын жайайын.» Кылычты тартып кынынан, Кыйкырыгы таш жарып, Таштан өтүп баш жарып, Кыраан Гүлүс качырды, Кызыталак Кызыл алп, Мындан кайдан шашылды. Жакын кирип келгенде, Жеткизбестен кылычты, Көк желкеден аткыды. Акылы терең эр Гүлүс: «Кармамак болду мени, — деп, Колуна тийсем жеди» деп. Дөө жагына ыктады, Чоркоктук кылып Кызыл алп, Үстүнөн алыс муштады. Муштуму жерге тийиптир, Чыканактан кириптир, Колун тартып алганда, Суу жайыла бериптир, Көрүп туруп кыргыздын, Ыштанга көбү сийиптир, Айтумуш, Чынгыш сүйүнүп, Бакырышып ийиптир. Байкап булар караса, Эр Гүлүстөн тигинде, Эч карааны көрүнбөйт, Топурак басып калыптыр. Алда кандай заман, деп, Абаң Бакай, эр Семең, Алмамбет уулу шер Гүлүс, Калды бекен аман, деп, Кадала туруп караса, Топурак тунуп арылды, Жердин бети жарынды, Аты менен эсен-соо, Шер Гүлүстөн таанылды. Колтукта калып кол тийбей, Колу түгүл жел тийбей, Калган Гүлүс акырып, Кайра тийди качырып, Гүлүстүн үнүн укканда, Гүдүңдөгөн Кызыл алп, Умачтай көзү ачылып, Кучактап кармап алам, деп, Колу мунун жазылып, Колун жыйып имерип, Бура тартаар чама жок, Барып калган Суркойон, Ооздук тиштеп нидиреп, Колтугуна илинди, Алмамбет уулу Гүлүстүн, Кутулбасы билинди. Манастын уулу эр Семең, Кайгырбаган эр немең, Бура тартты ошондо, Буудан күлүк буурулду, Манастап ураан чакырып, Семетей үнү угулду, Айтумуш менен Чынгыш хан, Кызыл алптын көп колу, Заманасы куурулду. Аты менен Гүлүстөн, Карысында салаңдап, Эр чырагы эки көз, Маңдайында алаңдап, Көрүп Семең шашылып, Кызыл алтын оозун көр, Жеркуйдай болуп ачылып. Көсөм тууган Семетей, Жетип келди шашылып, Каржиликтин булчуңга, Урду найза качырып. Манастан калган сыр найза, Булчуңду кетти аралап, Тарамыштан найзага, Түрмөк-түрмөк канчасы, Илинип чыкты самсаалап. Бүгүлбөй колу шалк этип, Төрт айагы сур аттын, Кара жерге тең жетип, Кутулуп Гүлүс эр кетип, Кызыл алп колу жаралуу, Бойу тоодой чамалуу, Арстандын уулу чунагың, Тайбуурул менен чуратып, Кездемдин боосун чубалтып, Кезгерип найза чунайтып, Как бөйрөктүн тушу, деп, Карчыттан кара кан акса, Шайы кетер ушу, деп, Андес өзү шамдагай, Адис болгон хан Семең, Канча удаа найза уруп, Кызыл алптын карчыттан, Каны агып чубуруп, Кызарып каны жошулуп, Топурака кошулуп, Кудай урган Кызыл алп, Мурду көөп дердеңдеп, Муруттары сербеңдеп, Сакалдары эрбеңдеп, Кармаймын деп кол сермеп, Буурулду кармап алам деп, Арыш таштап дардаңдап, Колу-буту тарбаңдап, Типтик башы соксойуп, Орто тоого окшонуп, Опсуз кирди Кызыл алп. Семетей калбайт апкаарып, Тартынып калаар жери жок, Кара бойун кайтарып. Жаза сайбайт эр неме, Жалтангансып жазганып. Ойуна кетип Семетей: «Найза менен сөөк сынбайт, Найзалап жүрүп жан тынбайт, Балталап уруп көрөйүн, Көрөйүн мунун өнөрүн.» Төкөр уста Бөлөкбай, Жайы-кышы жасаган, Эшик эндүү ай балта, Кармай алды сабынан, Как ыргайга саптаган, Пил терисин каптаган, Арта салып ийинге, Ээрдин кесе тиштенип, Эр Семетей киргенде, Колтуктан өөдө кол жетпей, Каптал кайсы, бел кайсы, Томук кайсы, кол кайсы, Токмоктоп ура бергенде, Кызыл алп жаны кыйналып, Кысталып турган кездерде, Акым, Шакым эки дөө, Жайнап аскер кол келди, Сапка келип тизилди, Чатырларын түшүрдү. Аңгычакты болбоду, Бозчаар минген Боронбай, Кырк миң черүү кол менен, Кылкылдап келип бул турду. Элдер келип жатканда, Суунун уулу Суумерген, Жете келди ал жактан: — Баарыңар мында келдиң, — деп, Хан Калыбек кеби, — деп, Менден мурун ким барса, Катышпасын деги, деп, Жиберди эле мени, — деп, Айтпай койсом маа жазык, Айткан кепти албасаң, Кимиң беттеп турасың, Калыбекке жанашып? Өлүп кетсе Кызыл алп, Баарыбызды бул кыргыз, Кыбыратпай кырат, — деп, Жалгыз калса Калыбек, Уруксат сурап чыккың, — деп, Дөө тилинде бакырып, Калыбектин кеби, деп, Кызыл алпга угузат. Кепти угуп Кызыл алп, Жан жагына козголсо, Кабыргасы кычырап, Эңкейип алдын караса, Кызыл канга жуурулуп, Топурак ылай былчылдап, Токтоно албай Кызыл алп, Титиреп кирген кылчылдап. Көкжал төрө күпүлдөп, Көсөлүң урган чоң балта, Тийип турат дүпүлдөп. Акылын жыйып Кызыл алп, Суумерген айткан акыл, деп, Алайын тилин макул, деп, Семетейге айтат кеп: — Мен келгени, Семетей, Албадым тыным кенедей, Майданга ачка келгемин, Эчтемени ээлебей, Азыркы сенин турушуң, Эр экенсиң ченебей. Эрдигиңе кол койдум, Тамак ичип келейин, Беш күндүккө жол койгун. Далай күнү уруштук, Беш киши менен салышып, Жалгыз кылдым туруштук, Оңой бүтөр көрүнбөйт, Ойлоп көрсөм бул жумуш. Деп Кызыл алп айтканда, Эрдик менен элебей, Манастын уулу чунагың, Эч нерседен кенебей, Зыңгыраган Кызыл алпты, Бучкагына теңебей:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.