Төбөсү менен тик түшүп, Мойну үзүлүп кетти эми, Аңгычакты болбоду, Дагы бирөө жетти эми. Жети ага-ини чоң дөбөт, Бир-бирлеп келди калганы, Дөбөттүн кунун алсак деп. Жандырып эки сайбады, Манастын уулу эмеспи, Жетөөнү катар жалмады, Бир атанын балдары, Түгөнүп такыр калганы. Күн кеч кирип эл жанды, Кайгуулчу менен тороолчу, Сыртынан элди кайтарды. Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда, Маңдайлашкан эки кол, Жабыла баары аттанды, Бир күндө жети эр сайып, Алымсарык шаттанды. Айтумуш эли арданып, Атка минер аз калып, Чынгыш менен Айтумуш, Өлүп ала тас калып, Тике деген аттанды, Бүгүн барып кыргыздан, Келемин деп өч алып. Өкүмсүгөн айбандын, Өпкөдөй бети бышарып, Тарамышын чырайтып, Бүтүн жердин бетине, Жан койбостой кыйратып, Алдымда минген көк качыр, Шодоңдотуп куйругун, Артынан чаңын чубалтып, Катуу кирди бул каапыр, Каарданып көгөрүп, Кабаттап кара темирден, Туулганы чөмөрүп, Алты кулач сом темир, Алдына туура өңөрүп. Калканы жондо калкылдап, Кылычы белде жаркылдап, Маңдайында эки көз, Тоо кагындай жылтылдап, Алты маңгыт тойгундай, Эки бети чочконун, Тай торпоктой бултулдап. Алкымында богогу, Он эки жашар баладай, Жакасын жаап салаңдап, Оозунда тиши шакылдап, Кирип келди айкырып, Кыргыздарга жакындап, Алымсарык чунактын, Ойунда жок тартынмак. Камчыга бөлөп жөнөдү, Алдындакы тору атты, Тике келет ойунда, Карматам деп адатты. Сом темирин колго алды, Алымсарык арстанды, Чокулата бир салды. Сом темирин чаптырбай, Алымсарык кармады, Кармаган колу карышты, Сом темир түшүп кеткенде, Алымсарык муштады. Кыйгай кармап найзаны, Айры шили желкеге, Учу темир уу найза, Ооз омуртка сөөгүнө, Учу барып такалып, Сынып кетти бу найза. Найза тийип шилиге, Тике жаман арданды, Тик качырып бу айбан, Алымсарык баланы, Жакасынан алганы. Жакалашып тартышып, Олпокторун жыртышып. Оодара тартып кете албай, Бирине бири тыртышып, Эртеден кечке оодарыш, Бирин-бири алган жок, Ат үстүнөн оодарып. Жылт этип тоодон күн батып, Жан жаныбар баарысы, Жатагын карай чубашып, Жайына аскер кетиптир, Эл айрылып атканда, Жетимиш миң кол айдап, Суумерген капыр жетиптир, Айтумуш, Чынгыш бырылдап, Арыз айтыша кетиптир. Чынгыш айтат бир кепти, Жан ачытар бул кепти: — Суумерген кетип мен калдым, Айтумуш менен сандалып, Артынан ээрчип мен бардым. Дөбөт дөө башта көп өлдү, Бир жаш бала майданда, Көрсөтүп жатат өнөрдү. Бүгүн Тике каарданып, Жеткен жерде найза жеп, Ого бетер арданып, Эртеден кечке салышты, Жан айабай чабышты, Күн батканда жылт этип, Кайта элге жанышты. Угуп алып Суумерген, Айтумуш менен Чынгышты, Катар тилдеп каарданып, Кайра жаачу булуттай, Бузулуп өңү заарданып: — Алып кел барып элиң деп, Айттыңар мага далай кеп, Мен кетипмин кенебей, Анда эмесе мейли деп, Чоң дөбөт баштап өлдү деп, Айтканыңар кандай кеп?! Айтпадыңбы кыргызга, Суумерген кайтып келсин деп? Кыйалыңар турбайбы, Касташып келген кыргызды, Өз элибиз жеңсин деп. Жоо жеңер сенде кимиң бар? Кыргызды мурун жоготуп, Талап алам билип ал! Жалганы жок чын айтам, Айтумуш менен Чынгыш хан, Эртең менен эртерээк, Тике чыксын жекеге, Кишинин баарын сойлоткон, Баласы чыкса чекеге. Нашталыкка кармап жеп, Мен жараймын керекке. Мен-менсиген эки хан, Мен айтамын силерге, Эртеңден баштап уккула, Албагынча кыргызды, Ушул жерден кайтпайсың, Үйүңө барып жатпайсың, Өлүмдөн башың тарпайсың, Артыңа карап качпайсың, Мен көрөйүн кыргызды, Мыкты экен деп мактайсың. Жекирик кылып хандарга, Ушул жерде бар жанга, Жол берген жок Суумерген, Үйүнө киши барганга, Айтумуш, Чынгыш күбүрөп. Суумергенден коркушуп, Эстери чыгып бүжүрөп, Таң атырды уктабай, Басып жүрүп дүбүрөп. Таң шооласы агарып, Жан-жаныбар кыбырап, Жандын баары мыдырап, Таң атты деп үн салып, Молдо торгой быжырап, Салкын жел согуп абадан, Айтумуш менен Чынгыш хан, Аттанды баш-аламан. Тике чыкты алдыга, Өлтүрөмүн бүгүн деп, Же өлөйүн мейли деп. Аттанып чочко жөнөдү, Тикенин келе жатканын, Алымсарык көргөнү. Аттанып чыкты кыргыздан, Башталды уруш жылдыздан, Кечкечекти салышып, Кел бери деп чабышып, Сынакы болгон немелер, Маңдайда жана табышып, Найзаларын күүлөшүп, Таамай болжоп сайышып, Олпокторун жулушуп, Опсуз жаман урушуп, Кара жанга күч келип, Кайран жанды баатырлар, Кылга байлап ташташты, Кыйын уруш башташты. Балтага балта чак этип, Кулакты жарып шак этип, От чагылып ободо, Көрүнүп көзгө жарк этип, Алымсарык баланын, Арстандыгы кармады, Куу найза колго алганы. Манастап ураан чакырды, Манастын атын укканда, Өйүздө турган Чынгыш хан, Дегеле жаман шашылды, Тикени бала качырды. Мурункудай эр тике, Беттешип найза уралбай, Алымсарык баланын, Ыдыгына чыдабай, Качып берди уйалбай. Бура тартып качканда, Буудан бала турбады, Желкеге найза муштады, Муштаганда найзасын, Кызыл канга чыктады. Тике жерге жыгылды, Топого башы тыгылды. Аңгычакты болбоду, Топурак учуп, чаң басып, Сары желек туу чыкты, Айгайлаган чуу чыкты. Жетимиш бир желеги, Жетимиш миң кол келди, Ошол колдун ичинде, Суумергендей зор келди. Жыландай болуп сойлогон, Жылма кара ат минген, Жыландай бедер тон кийген, Ажыдаардай сүрү бар, Ач бөрүдөй түрү бар, Жер солкуткан үнү бар, Желмогуздай жаш жигит, Жетимиш миңге баш жигит, Кирип келди майданга, Колу калды ар кайда. Кекиликче кужулдап, Тилин кепке киргизип, Өзүн өзү билгизип: — Менин атым Сурмерген, Мында келген ким экен? Өзүмдү элге билгизем, Баарысын жерге киргизем! Башыңды кесип тизбесем, Мойнуңду толгоп үзбөсөм, Суудай каның ичпесем, Аккан дарйа кызыл кан. Аралап жүрүп кечпесем, Айтумуш менен Чынгышты, Мурадына жеткизем! Кыргыздын баарын кырбасам, Жып-жылма, түптүз кылбасам, Жеримдин аты Талас дейт, Атамдын аты Манас дейт, Таласыңды талкалап, Ташын кумдай кылбасам, Манас деген ким болсо, Тилин сууруп албасам, Бооз катынын жарбасам, Кызыңды катын кылбасам, Эркегиңди сойбосом, Бооруңду туздап тойбосом, Алайа тиктеп койгондун, Эки көзүн ойбосом, Койдой башын кеспесем, Коондой кардын эшпесем, Суумерген болбой өлөйүн, Өлгүнчөктү алышып, Өрдөктөй башты жарышып, Өпкөңдү сууруп албасам, Садага кылып чаппасам, Суумерген болбой өлөйүн, Маңдайга жазган шор болсо, Качпай туруп көрөйүн! Деп Суумерген сүйлөнүп, Катуу келди күүлөнүп. Алымсарык акырып, Манастап ураан чакырып, Суумергенди качырып, Катуу тийди жапырып. Жаш баланы көргөндө, Суумергендин кабагы, Кар кеткендей ачылып: “Алмадай кызыл бала экен, Каны кочкул, эт жумшак, Тойгончо жээр маалы экен” Деп Сурмерген качырды, Жеткен жерде Сурмерген, Сарыктын кагып найзасын, Кайра тийип жапырды. Алымсарык нетти эми, Сурмергендин найзасын, Бу дагы кагып кетти эми. Балага найза кактырып, Комутта калган бөрүдөй, Суумерген жаман ачынып, Кайра айланып киргенде, Алымсарык арстанды, Кый сүбөөдөн бир сайды, Ээрден көчүк бултайды, Үзөнгүдөн бут тайды, Жер тайанып жыгылды, Кыргыздан жетип Саламат, Алымсарык арстанды, Ажыратты эсен-сак. Суумерген ичи ачынып, Аты жөнүн сурабай, Токтоосуз кирди кайра эле, Саламатты качырып, Сарыбайдын, Саламат, Кетпейт андан ашыгып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.