Суумерген менен Саламат, Найзаларын кагышып, Кайра айланып сайышып, Баш-аламан чабышып, Найзасында уч калбай, Балтасында сырт калбай, Кылычында курч калбай, Билегинде күч калбай, Күндү түнгө улашып, Күркүрөшүп тынч албай, Үч күнгө кетти айланып, Тамак ичпей наар сызбай, Беттерин топо-чаң басып, Тең келишип калышты, Талап кылып элинен, Жаратып жарак алышты, Жана уруш салышты. Олпокторун булушуп, Топчулугун жулушуп, Түп этектен алышып, Үзөңгү боого салышып, Тамандашып тартышып, Кабыргасы кайышып, Аттары баспай майышып, Эрлик менен көгөрүп, Өчөгүшүп тайышып, Урушуп жүргөн кезинде, Инисине ичи ооруп, Сурмергени келди эле, Кыз Куйалы жөнөдү, Намысы жок немеге: — Менин атым Куйалы, Сенин атың ким эле? Эрегишип сайышкан, Саламат менен Сурмерген, Жеңише албай жатканда, Же жыгылып атпаса, Бул келишиң жөн эмес, Сени ага жиберип, Жатып алчу мен эмес! Деп сүйлөнүп Куйалы, Алдынан каршы чыгалды, Жандырып жооп бере албай, Сурмерген өтө уйалды. Уйатынан Сурмерген, Кылычты тартып кынынан, Куйалыдай баатырды, Качырып тийди кырынан. Кыз Куйалы турбады, Кылычын кындан суурганы, Атынан айтып ийе албай, “Арбагың, айкөл колдо!” деп, Качырып кирген убагы. Майданда экөө төрт боллду, Жалындап күйгөн өрт болду, Алмамбеттин Гүлчоро, Мына ошондо ат койду: — Сурмерген менен Куйалы, Сен экөөңөр беттешээр, Боло элек мезгил убагы. Сурмерген менен Саламат, Алыша албай турабы. Деп ошентип айтканда, Эки жакка бөлүндү, Байкап көрсө Гүлүстөн, Суумергенден Саламат, Саал өөдөрөөк көрүндү. Гүлүстүн толуп көңүлү, Болгону болор эми, деп, Буудан күлүк сур атчан, Буластаган Гүлүстөн, Бура тартып бараткан. Аңгычакты болбоду, Саламаттан сур чыкты, Жер солкуткан үн чыкты. Манастап ураан чакырды, Ач кыйкырык бакырды, Суумергендей балага, Сооруга найза батырды, Арбагын баштан качырды, Шорун минтип катырды. Ат үстүнөн оодарып, Көмө сайып жапшырды, Кайра тарткан Сурмерген, Саламатты качырды. Суумергенди куткарып, Саламатты беттеди. Колуна найза курчту алып, Күркүрөсө бул чочко, Үнү күндөй угулат, Жүрөгү тайкы адамдын, Сийдиги агып чубурат. Күндүн бетин далдалап, Аттан учкан топурак, Кирип калды ошондо, Кара жерге калтылдак. Колундагы найзасы, От күйгөндөй жалтылдап, Сапырылып чыккан чаң, Жөө тумандай жазылат, Оозун ачып эстесе, Азуулары качырап, Алдында минген көк чаар ат, Кош кулагын жапырат, “Көз ала, мени колдо!” — деп, Коңгуроосун каккылап, Караанын көргөн адамзат, Айбатынан жазганат. Жеткен жерде Сурмерген, Кагып ийип найзасын, Кабуусун колго кетирбей, Ат үстүнөн кулатты. Кайра айланып жеткинче, Башын кесип кеткинче, Кыз Куйалы туралбай, Желжетпести чуратты. Кыз Куйалы, Сурмерген - Эки балбан бет келди, Бирин-бири өлтүрүп, Баш байланам деп келди. Саламатты сайгандай, Сайып ала койом деп, Ойунда келет Сурмерген, Кутургурду кулаткан, Оңой эмес кыз балбан, Кысылган жерде кыргызды, Бир кыйадан чыгарган, Алдындагы Желжетпес, Айбандан башка чураган, Колундагы найзасы, Учун ууга сугарган, Каары кармап беттешсе, Кутулуп мындан ким калган? Бири ургаачы, бири эркек, Бет келишти эки дөө, Майдандын көркү кептенип, Эп келишти бул экөө. Күүлөп найза сундуруп, Күркүрөгөн үн чыгып, Күүсү кулак тундуруп, Бет алышып качырып, Көзүнөн жалын чачылып, Өйүз-бүйүз турган эл, Айбатынан аптыгып, Ач кыйкырып бакырып, Ураанын айтып чакырып, Баатырлар үнү угулуп, Маңдайдан тери чубуруп, Көөдөнгө найза така-так, Туулгага балта чака-чак, Баатырдын үнү бака-бак, Кулактан өтүп шака-шак. Жердин бети топурак, Чаң обого созулат, Булут кайсы, чаң кайсы, Көз жеткис жерде кошулат. Күн кечкирип эл жанды, Куйалы баатыр Сурмерген, Жай-жайында дем алды. Таң агарып күн чалды, Жана кошуун аттанды, Мурункудан беш бетер, Сурмерген көөнү шаттанды: “Бүгүн сайып мен алсам, Куйалыдай катынды, Туудуруп алам ошондон, Өзүмдөн өөдө баатырды.” Аттанып чыкты көөнү шат, Атырылып келатат, Кыз Куйалы ойумда, Көмөрөм деп баратат. Айал-үйөл кылбады, Аттарга камчы шыбады, Качырып найза сунганы, Өрү калган Желжетпес, Кайра качып жалтаңдап, Сыр алдырып турганы. “Өрү калган атың, — деп, Эми түшөт колума, Өкүмсүгөн катын” деп, Өөрчүп барат Сурмерген. Өлүмчө болгон доңуз, деп, Желжетпестен кайгы жеп, Кыз Куйалы кайран шер: “Ааламга шылдың боломун, Алдырып ийсем буга” деп, Кырданып кирди акырып, Айкөл деп ураан чакырып. Сайдырбай өтүп Сурмерген, Имерип тийип аркадан, Май сооруга сайганы, Карчыганын калың эт, Аралап найза барганы, Бөйрөктү бөлүп кете албай, Учу жетип калганы. Чыпалактай кызыл кан, Ат сооруга куйулуп, Алдындагы Желжетпес, Кызыл канга жуурулуп, Кармамак болду Сурмерген, Чылбырына кол сунуп. «Куйалы колго түшүрүп, Карматып ийсең уйат, — деп Жер жүзү калбай угат» деп, Эр Гүлүстөн теминип, Эркечтей сур ат элирип, Өкүргөндөн бакырып, Өрүктүн башын жапырып, Ач кыйкырык укканда, Арстандын үнү чыкканда, Сурмерген калды шашылып. Кыз балбандын ошондо, Тунарган көзү ачылып, Алдындагы Желжетпес, Айабай санга камчы уруп. Эшик эндүү айбалта, Эптей кармап колуна, Кар жиликке бир салды, Сурмерген сунган колуна. Балта тийген оңобу? Сынбай колу койобу? Күң жиликтен үзүлүп, Сурмерген колу чолойду. Суумерген жетти шашылып, Эр Гүлүскө акырып. Кыз балбанды жүрү деп, Эр Гүлүс жанды элине, Сурмергенди жетелеп. Суумерген кетти элине. Тайталаң деген бар эле, Сурмергендин элинде, Киши ага беттешип, Көргөн эмес жеринде, Суумерген менен Сурмерген - Экөөнөн эрмин дээр эле. Өкүмсүгөн тайталаң, Каапырдын пейли эң жаман. Таанылар киши таанылбас, Көз байланган бүрүлдө, Бүдөмүк тарткан күүгүмдө, Кернейлерин койдуруп, Кере кулач чойдуруп, Сурнайларын койдуруп. Солкулдатып жер-сууну, Жер жайнатып айдады, Жетимиш миң көп колду: — Жүргүң, колум, жүргүлө, Четке киши чыгарбай, Тегеретип алалы, Кыргыздын колун бул күндө, Бүгүнкү түндөн чыгарбай, Баарын кырып салалы, Балбандары беш экен, Баарын кармап алалы! Бир карысы бар экен, Бар белгиси анда экен - Уруксат берсе барышты, Бербей койсо уруксат, Баспай туруп калышты. Эркечтей сур ат мингени, Өтө башка кабыздуу, Буурул атчан бирөө бар, Кара башы хан экен, Адамдан башка көркөмү, Өтө сонун жан экен. Бүгүн кирген Куйалы, Ургаачынын шери экен, Кайрат кылып качырсам, Мага качан тең экен?! Карагер минген бирөө бар, Алп мүчөсү анда бар, Бир жаш бала жана бар, Жоо сайышка маш эмес, Далай иште чала бар. Сур ат минген кишиси, Акыл-айла бүт ичи, Көрүнүп турат сыртынан, Өтө башка билгичи. Бирден чыгып жекеге, Тең келе албайт биздин эл, Саны турат миң киши, Жетимиш миң сел киши, Агызып каптап кетели, Ажыратсак элинен, Алтоо калса алардан, Бизге алы келеби? Кан чачабы көп элге, Амаласыздан баш ийет, Андан кийин биздерге. Тегеректеп алалы, Теңге башын салалы, Таң агарып күн чыкса, Былк эттирбей баарысын, Кол бутун байлап салалы! Корс-корс этип кортоңдоп, Мингени пил томпоңдоп, Кара бойу бир дөбө, Колунда найза койкоңдоп, Тегеректеп кыргызды, Кармайбыз деп ойлонот.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.