Таласта жаткан Кененим, Коросондон кеп угуп, Коросонду Дабытай, Камап жатат деп угуп, Ордонун ханы Орунбай, Андай уулдан канча бар, Баары калбай жыйналып, Келсин деди жаш балдар, Акжолтой сындуу карыны, Энтери менен Жамаке, Бала Тубаш, Бөтөнү, Чакыртып келип төртөөнү, Акжолтой кары бешөөнү, Орунбай менен алтоону: — Карың менен жашың ук, Бул олтурган баарың ук, Мен коросон барамын, Камалда калды жаңы хан, Аны аламын кутултуп, Каңгайды барып Дабытай, Койгондой болду кутуртуп, Келип калса каңгайлап, Кошуун айдап чубуртуп, Элге бүлүк салдырба, Алдын алып туйунтуп. Билинбей келип чалгынга, Менден кабар алабы, Силерди алы канча, деп, Бир калбаны салабы, Адам койуп карагын, Киши үзүлбөй бел-белден, Киргизбегин ичиңе, Жат киши келсе ар жерден, Кайра кайтып кет дегин, Келген болсо кай жерден, Өчөшүп болбой ким кирсе, Алып келип камап кой, Агачейин мен келем, Кандай киши экенин, Бир көргөндө мен билем. Кененим айтып бар кебин, Кабардар кылып бүт элин, Алтымыш күндөн ашырбай, Мен аңгыча келем, деп, Айтып койуп акыл кеп, Жүрүп кетти Кененим, Коросонго барам, деп. Таластан чыгып кайран шер, Айбаты артык кеменгер, Аттанып жөнөп кеткенде, Акжолтой баштап алты эр: “Мындан башта Кененим, Минтип акыл бербеген, Кайда барып келгенин, Кыргыздын эли билбеген, Бир коркунчу бар окшойт. Кабар алып туралы, Киши койуп бел-белден, Келер душман бар окшойт, Киши эмес, пил бекен” Дешип булар турганда, Акжолтой айтат акыл кеп: Уккула, баатыр, баарың, — деп. Кененим коркор киши жок, Мындан мурда кетүүчү, Кыргыз менен иши жок, Жалкытып койду жат душман, Элөөсүз келип Дабытай, Бизге салды көп бушман, Каңгайга барса Дабытай, Кайтып келсе Коросон, Кабар келсе ошондон, Мен Коросон кеткенде, Башкадан келип калат, деп, Шек кылган белем ойлосом. Эндегей жаткан тынч элге, Элге бүлүк салабы, Бузбай сактап калсын, деп, Айтканы ошол биздерге. Акжолтойдун кеби, деп, Жетик акыл эми, деп, Киши койуп бел-белге, Жана киши дайындап, Татаал, кыйма, тар жерге, Ошентип киши тургузду, Ой -тоосу жок ар жерге, Жесекке киши тургузду, Күмөндүү жол дегенге. Эми кайтып келели, Коросон кеткен Кененге. Кеңкула минип болкойуп, Жез найза колдо койкойуп, Барааны баатыр башкача, Чоң ополдой зоңкойуп, Нечен бел калды арада, Тоскоолдук кылбай тоңкойуп, Ак элечек тоо калды, Жасанган кыздай койкойуп, Келбеттүү баатыр шаңданып, Кеңкуланын артынан, Түрүлгөн туман чаң калып, Түрүлүп аккан сел калып, Тунуп жаткан көл калып, Чарчабай аккан суу калып, Чалкайып жаткан төр калып, Коросонго кайрат шер, Келип калды жандашып. Буктурма койгон кишиси, Дабытайдын ар жерге, Баатырды көрүп таң калып, Бетине чыдап баралбай, Кабар айта салышты, Дабытайга түз барып. Беттешем кантип ага, деп, Таласты карай жөнөдү, Тору атты санга бир салып. Бир жарым күн болжолдо, Дабытай чочко келбеди, Мурункудай коргонго. Шаар ичинде баары жан, Өзү баштап жаңы хан, Дабытай кайда кеткен, деп, Булар болду айран-таң. Шаар четинен Кененим, Жолуккан элден кеп сурап, Дабытай кайда деп сурап. Жолуккандар кеп айтат, Эки күн болду Дабытай, Көрүнбөдү, деп айтат, Арамды кайдан табам, деп, Шер Кененим келайтат. Арам нээт Запыра, Жаңы ханга билинбей, Чыгып кеткен талаага, Жолугушту талаада, Эр Кененим баатырга. Өзү койгон киши эле, Жаңы хандын жанына, Кененимди көргөндө, Кетенчиктеп бүгүлүп, Келинден бетер жүгүнүп, Кандыргалып бүгүнүп, Катындарча жүгүнүп, Сырымды билсе өлөм, деп, Кара жандан түңүлүп, Таазим кылып турду эле, Кененим анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Эсенби, сакпы жаңы хан? Дабытай салды кордукту, Мага киши жумшаган, Кайда азыр Дабытай, Билесиңби, Запыра? Кайдан келип капташтың, Жолугуп калдың талаадан? Көз жашы кылып Запыра, Өңгүрөк атып бакырып: — Кайраты артык баатыр сен, Билгенимди айтам мен, Келээр маалы болду деп, Жолуңду тосуп жүргөмүн, Дабытай келип бул жерге, Бузук салды тынч элге, Жаңы хан экөө сүйлөшүп, Жиберген киши сиздерге. Шаарымды камап алды, деп, Сага айтканы жалган кеп, Алдап сени келтирип, Амал менен айла таап, Ичкен ашка заар салмак. Коросонго ордунда, Калмак болуп Дабытай, Бармак болгон Таласка, Сыр коргонго жаңы хан. Деп Запыра жабырап, Жасап айтты бажырап, Кененим байкап караса, Кеп айткан сайын кубулуп, Үнү башка угулуп, “Жамандык жуктур жаңы хан, Жамандык сенде экен” деп, Ичинде калды сыр бүгүп. Запыра барат калдаңдап, Өзүнүн бойун жыйнабай, Өңүрү кетти далбаңдап, Калаага жакын барганда, Тай жарышым калганда, Дабытайдын элинен, Иш башкарган биринен: — Эки күн болду Дабытай, Биздин элде жок болду, Ачык-дайнын билдиң сен, Запыра мага айтпасаң, Киргизбеймин шаарыңа, Жеткирбеймин ханыңа, Деп тосоттоп турду эле. Эр Кененим байкаса, Сен кантесиң дегенсип, Ээрдин тиштеп, көз кысып, Бул Кененим дегенсип, Ишарат кылып жаткансыйт. Билмексен болуп Кененим, Бастырбай туруп калганда, Орок-тарак Запыра, — Бул Кененим эр турса, Жол тосоттоп кантесиң?! Деп бакырып шойт койуп, Жүрүп кетти бастырып, Калаага жакын барганда, Эр Кененим келди, деп, Сүйүнчүлөп бакырып, Жаңы хан деп акырып, Туйдурбаймын деп ойлойт, Дарбазаны ачтырып. Калаадакы бардык эл, Калбай келди жабылып, Куруп калган жаңы хан, Кененимди кучактап, Көзүнүн жашы бурчактап, Токтоло калып жаңы хан, Запырага муну айтат: — Сен Запыр, арамсың, Акжолтой болор күндөрдө, Эң алдында тайарсың, Эр Кененим баатырды, Келерин кандай билгенсиң? Шаардан чыксаң талаага, Саа катылган киши жок, Эмне кылып жүрөсүң, Кененимге бет буруп, Ичиндеки кепти уруп,- Дабытай келип бул жерге, Көптөп каршы турганда. Коросонго кире албай, Испанды карай кетти эле, Кайта келди жалгыз баш, Кесилип кетти нечен баш, Аскер жыйнап элдерден, Тартып алмак калааны, Талабы ошол биздерден. Беттеше келген кезекте, Дабытайды ээрчиген, Кара нээт кишиден, Сексенчелик кишини, Өлтүрүп ийди биздин эл. Беттешип барып ал келбей, Камал болдук шаарга, Кат жазып киши жумшады, Билишимче Запыра, Эки күн болду Дабытай, Көрүнбөй калды элинде, Зыпыра, кошо жок болдуң, Көрүнбөдүң бул жерде, Айран болуп турамын, Сиз менен бирге келгенде. Буулуга түшүп Запыра, Бар кебин баштап айтарда, Талаада турган бардык эл, Кирип келди шаарга. Дабытай кайда кетти, деп, Кеп сурады алардан. Дабытайдын катчысы, Бир киши чыкты арадан: — Толук билет бар жайын, Запырадан сурасак, Запыра ачып айтпаса, Билгенимди мен айтам. Запыранын ошондо, Көзүнүн жашы он талаа: — Жаңы хан менен катчынын, Мага жапкан жалаасы, Эр Кененим, сен кара, Бул экөөндө бар окшойт, Мага жетчүү бир балаа. Кебин баштап Запыра, Айткалы келе жатканда, Кененим айтат мамындай: — Кимиң айтсаң аның айт, Жалганы жок чынын айт, Кайда кетти Дабытай, Ал чочконун дайнын айт. Арканча жорго болсоң да, Дартыңа дабаа табылбайт! Дабытайдын катчысы, Капчыгына кол салды, Запыра жазган кагазды, Сууруп колго алганы: — Мынаке каты Запыра. Жаңы ханга сунганы, Дабытай жазган катынын, Бир барчасы бар эле, Аны кошуп берди эле, Дабытайдын жазган кат: “Кененим мында келгенде, Мен барамын Таласка, Конок кылып кой сойуп, Чайга кошуп уу куйуп, Сен жарагын намыска, Кыргыздын казып дүмүрүн, Мен турамын Таласта. Коросонго сен тургун, Жаңы хан укум -тукумун, Бирин койбой жоготкун, Акылчысын, билгичин, Колу- коңшу кишисин, Калтырбагын бирисин” Деп жазыптыр Дабытай, Запыранын капчыгын, Ошол жерде карады, Кененимге берем, деп, Белендеген немесин, Капчыгынан таап алды, Дабытай колго түшкүнчө, Жылчыксыз жерге камады. Кырк аршын казган ору бар, Алып барып салганы, Жаңы хан калды ордунда, Таласка бачым жетем, деп, Шер Кенен түштү жолуна, Келе берсин Кененим, Дабытай менен жарышып, Мен да бирге келемин. Арам ойлуу Дабытай, Күндүзү тыным албады, Түндө уйку канбады, Тору атты кыйнап жол жүрүп, Таласка жетип барганы, Таластакы элдердин, Кабарын угуп алалы. Кененим мындан кеткели, Аттын баары байлоодо, Азаматтар шайлоодо, Кылычтын курчу мизинде, Найзанын курчу учунда, Балтанын сабы ыргайдан, Бекинип мойну чыңдалган, Чарайнасын чатынган, Далыга калкан тартынган, Туулгасын көмөргөн, Сом темирин өңөргөн, Бекемдеп белин курчанып, Чокморун кысып такымга, Саптуу айагын байланып, Эркектин баары камданып, Кары менен катындар, Алар жүргөн мал багып, Азыгын жанга байланып. Адырдан чыгып жол чалып, Ит агытып куш салып, Куру келбей кайтканда, Бөрү менен түлкү алып, Куу мүйүз кулжа атышып, Кубанычка минтип батышып, Эрте туруп, кеч жатып, Антип жүргөн кыргызга, Көрүнбөй барып кире албай, Дабытай калды капташып. Коросондук арам деп, Коржоңдогон кара нээт, Калбалашып урушуп, Куйкалары курушуп, Койгулашып, салышып, Жаактарын жарышып, Жаагынын канын агызып, Бала Тубаш, эр Бөтө, Нөөмөт менен чабышып, Булардын шайы кеткенде, Энтери менен Жамаке: — Эми бизге канаке, Бала Тубаш, эр Бөтө, Чыга берет мынаке. Акжолтой табат акылды, Орунбай айтат элине, Туу түбүндө бул экөө, Дембелеп төртөө урушуп, Нөөмөт бербейт бөлөккө, Ал төртөөнүн кийгени, Бадана соот, күрөөкө, Коросондук Дабытай, Бир ой түштү жүрөккө: “Алып сайышкан немедей, Жүрө бербей майданда, Эргежээлдей төртөөнө, Курчалышып буларга, Утур келген немесин, Көмө сайып жөнөйүн, Тетиги курган кыргыздын, Селдей канын төгөйүн, Кененим келсе аркамдан. Тирүү эмес өлөмүн, Аралап кирсем кыргызга, Азап салып бул журтка” Айбаттанып акырып, Өзүнүн атын чакырып, Бала Тубаш, Бөтөнү, Беттеп кирди качырып. Жеткен жерде экөөнү, Сайып өттү жапшырып, Тилегиң каткан Дабытай, Минтип шорун катырып, Энтери менен Жамаке, Манастап ураан чакырып, Желегин жерге жапырып, Бала Тубаш, Бөтөнү, Өлтүрбөсүн бекер, деп, Жебеден мурда жеткени, Жеткен менен экөөнү, Катар сайып өттү эми. Акжолтой менен Орунбай, Манастап ураан чакырып, Атбай алаш болгон журт, Жер сойулуп кара курт, Бала Тубаш, Бөтө өлдү, Энтери менен Жамаке - Экөөнү алды кутултуп. Экини сойуп кан жалап, Ал Дабытай кызталак, Ак калпак кыргыз бул элге, Кетип барат аралап, Кандуу кылыч кайсалап, Калың жерин талкалап, Качып жөнөй бергенин, Куткарбастан найзалап. Чамбыл ала чаң кылып, Кылычтын мизин кан кылып, Кыргыздын башын маң кылып, Кең дүйнсүн тар кылып, Кырып жүргөн кезинде, Кененим түшүп эсине: “Келер кези болду, — деп, Таластын бетин кан кылдым, Моокумдан чыгып болдум, — деп, Күн кеч кирип калыптыр, Түн киргинче сүрөйүн, Күүгүм кире, күн бата, Элдин алды жөп жата, Коргонуна кирейин, Кире албасам коргонго, Жете албасам болжолго, Улуу жолго салайын, Кененим жолун чалайын, Келбей калса Кененим, Күмбөзүн келип чагайын.” Бул күйдүргү бадырек, Эпсиз капыр, кара нээт, Алды-артын тең ойлоп, Эр Кененим төрөнүн, Келер күнүн нак болжоп, Көз байланган күүгүмдө, Элден чыкты бөлүнүп, Үч Кошой көздөй жөлөнүп, Таң атып чыкты аңгыча, Аркасынан сүрүлүп, Жылдыздын баары жымыңдап, Кыбыла көздөй сүрдүгүп, Жандын баары кыбырап, Жабыла чыкты дүрдүгүп, Чыгыш жактан кызарып, Мунарыгы арылып, Күн көрүндү жаркырап. Жетисуу жакты караса, Эр Кененим келатат, Кеңкула аты жаркылдап, Алтындуу саадак бетинеде, Күн чагылып жалтылдап, Кененимди көргөндө, Дабытайдын бойуна, Титирек кирди калчылдап, Токтоналбай удургуп, Эт жүрөгү балкылдап, Коросон карай качмакка, Ойлоп турат салпылдап: Качып жүрүп качанга, Кара жанды катамын, Аңдып туруп аныктап, Мылтык менен атамын, Түтүн менен тең кетсе, Кеңколго кайта кирейин, Бооз катынын кыргыздын, Тик боорунан тилейин, Жаздым атым таштасам, Коросон эми киргизбейт, Каңгайды карай мааналап, Оторду көздөй качайын, Кандуу душман кыргызга, Каңгайга башым катайын, Кууп жетсе куткарбай, Жер кучактап жатамын” Деп ойлонуп кара жүз, Кудай бетин нары кыл, Очогорун октоду, Милтесин кызыл чоктоду. Жер кашатты бетке алып, Жыдыман менен кароолду, Так өлчөлүү ченге алып, Чендеп доңуз караса, Топчулугун топчулап, Кара бойун упчулап, Каарына карк толуп, Көзүнөн чыккан учкуну, Төбөсүндө көрүнүп, Анык байкап караса, Ок өтөр жери жок болуп. “Атканым болор бекер, — деп, Арылып түтүн болгончо, Өз ажалым жетер, деп, Өтө берсин алдыма, Алдындагы кула атты, Май сооруга атйын, Атын атып таштасам, Ырысы жок жөө болор, Карып болгон дөө болор, Арканча мыкты болсо да, Кайраты качып жоголор” Кайкыдан аша берерде, Жаныбарым Кеңкула, Арам өлгүр кантет, деп, Арстан туулган Кененим, Камчы менен чапканы, Бутактан учкан кыргыйдай, Кеңкула аттын сызганы. Кененим камчы чапканда, Бул дагы маша басканы, Очогор үнү дүп этип, Жер козголуп сүлк этип, Аткан огу тийбеди, Апыр- сапыр шашыла, Дабытай атка мингени, Ажалдын кара найзасын, Ортонуна илди эми. Кененим бура тарткыча, Качырган бойдон жеткени, Капталга койуп өттү эми, Олпокту найза тешпеди, Тешпеген менен олпокту, Беш кабырга белинен, Катар сынып кетти эми, Анчалыкты элебей, Артык туулган Кененим, Адамзаттан ченебей, Кырданып кирди качырып, Манастап ураан чакырып, Мурункудай сак болсо, Сайып өтмөк жапшырып. Найзаны күүлөп сайарда, Көтөрүлбөй оң колу, Кабыргасы кычырап, Кулагына угулуп, Кубурлуу тууган, кайран эр, Мына мындай шор болуп, Жолго түштү Дабытай, Сойодой болуп созулуп. Эр Кененим көк жалдын, Кабыргасы сынганын, Оң колу керден чыкканын, Дабытай аны билбеди, Каңгайды карай бет алып, Качып жолго киргени, Дабытай кетти жолуна, Кененим менин аркамдан, Куубады деп ойунда. Келип түштү Кененим, Кыргыздардын тобуна. Калың кыргыз эл келди, Кары-жашы тең келди, Кемпир келди, чал келди, Катын келди, эр келди, Боз улан келди, кыз келди, Кыргыз болгон бүт келди, Бир кишиге Кененим, Колун сунуп бербеди, Колу майып экенин, Дегеле киши билбеди. Бала Тубаш, эр Бөтө- Эки баатыр келбеди, Келбегенде кайран шер, Өлгөндүгүн билгели. — Калганың тара үйүңө, Дүбүрөбөй бул жерде, Акжолтой менен Орунбай, Энтери менен Жамаке, Бала Тубаш, Бөтөнү, Алтооң мында кал, — деди. Эли тарап кеткенде, Бала Тубаш, Бөтө жок, Калган төртөө кирди эле, Акжолтой кары кеп баштап, Ыйлап-сыктап көз жаштап: — Ак калпак кыргыз кешиги, Кулагың салып уккунуң, Куураган менин кебимди. Айтып кеттиң акыл кеп, Биз орундап турдук макул, деп, Дабытай келип кез болду, Бизде кыймыл тез болду, Энтери менен Жамаке, Бала Тубаш, эр Бөтө, Дембелеп кирип сайышып, Көз ачырбай турганда, Намысын элдин талашып, Каарданып кара жүз, Катуу кирди жан ачып. Жамаке менен Энтери, Катар сайып таштады, Ажыратып алууга, Бала Тубаш, эр Бөтө- Баатырлар турбай ат салды, Жеткен жерде экөөнү, Көмөлөтө сайганы, Көөдөндөн канын жайганы, Бул экөөнү өлтүртпөй, Ажыратып эл алды. Ал кара бет чочконун, Кан ичмеси кармады, Кыргыздын канын агызып, Кыйан суудай жайганы, Күүгүм кирип кеткинче, Көп кишини жайлады, Өлгөндүн саны ал кезде, Жүздөн ашып калганы, Таң аткандан бер жакка, Көрүнбөдү карааны, Көрүп калып ал сени, Качып кетип калганбы, Же болбосо бир жерде, Көмөскөдө жатканбы? Кыргыздын болуп ырысы, Арбагы Манас жар балуп, Өзүң келип калганың, Деп Акжолтой айтканда, — Турбагыла, баскыла, Элдин четин кайтарып, Четтен чалгын чалгыла. Аттандырып аларды, Чыныкени чакырып, Жүйрүн дөөнү сойгондо, Алып келген көп дары, Чоң куржундан таптырып, Апы менен сапыны, Тыштан эзип чаптырып, Эбеп менен себепти, Дартка кылчуу медетти, Кутудагы кубаттан, Даамга кошуп татканы. Тарамышын аркардын, Тартыш деген дарыга, Таратып туруп чылатып, Ичинен жеди тууратып, Сыртынан тартты оротуп, Жаңылап жаап дарыдан, Күн токсонго толгондо, Үч айдын жүзү болгондо, Кабыргада берчи жок, Кем- керчи жок айыгып, Чиктейден буту бир сынган, Элөөсүздөн Дабытай, Кабыргасын сындырган, Айабай жаман ардыгып, Жан кишиге айтпастан, Чарайнасын тартынып, Сом темирин артынып, Кеңкула менен болкойуп, Кетип калды бастырып. “Коросондон табам, — деп, Коросондон таппасам, Каңгайга издеп барам, — деп, Артынан кууп таппасам, Эсирден таап бир эрди, Келип калба салар, — деп, Канча жыл болду барбадым, Кантип жатат экендир, Карыган Жоодар абам, — деп, Жеркен, Котен, Лопнурдан, Комул менен Турпандан, Баркөл, Манас, Алтайдан, Иле, Текес, Музарттан, Күнөс менен Жылдыздан, Азык, Арал, Кунарык, Арка жагы Ысыккөл, Чубалып жаткан Теңир тоо, Күңгөй-тескей бетинен, Мээ кайнаган ысыктан, Дем чыкпаган кысыкта, Амалайдын алдында, Кешмирден бери карата, Алтымыш уруу кошулган, Алаш деп аты угулган, Өргөнчтөгү кыргыздан, Ламдын бели кыймадан, Боз үй тиккен кыйбадан, Бадакшанда, Балыктан, Короолош тажик калыктан, Кара калпак түркмөндөн, Букар менен чамбыл бел, Алты шаар Анжыдан, Наманген, Ташкен, Самаркан- Булардан кабар албадым, Далай жыл өттү арадан, Дабытайды изүүлдөп, Баарысынан укпасам. Тынчылык болсо алаштан, Андан кийин Кененим, Арбагына сыйынып, Айкөл атам Манастын, Бутумду сунуп жыйбастан, Андан кийин уктасам.” Залкар санаа, ой менен, Салтанаттуу кара көк, Коросон көздөй жөнөдү. Жетисуунун белинен, Жедигердин элинен, Букар менен түркмөндөн, Мында жүргөн элдерден, Бетбактын тоосун кылаалап, Кыйла журтту аралап, Жарды-байын элдердин, Жан сактоосун чамалап, Коросондон табалбай, Бадакшан, Балык, Тажикти, Үргөнчтүн элин аралап, Кара тоону бойлоду, Ат өргүтүп конбоду. Кешмир менен айланып, Котен менен, Чын менен, Жеркен, Кашкар, шаар менен, Арал, азык жол менен, Лопнурдун бойу шор менен, Жибек артып, шай артып, Катарлап чиркеп, төө тартып, Кербендер өтчү жол менен, Кеңкула менен Кененим, Кебездей аппак шор менен, Какшып жаткан чөл менен, Жылып аккан кум менен, Турпан менен комулду, Катар басып аралап, Баркөл менен Манасты, Байкап өттү чамалап. Бешбалыкта элдердин, Чекесинен кеп сурап, Алатоо бойлоп өтмөккө, Алтайды карай кетмекке, Адырмакты аралап, Бара жаткан кезинде, Салбардынын этеги, Сары кайкы деген кезеңде, Турнабай салып караса, Куландын сары сайынын, Чыгыш жаккы четинде, Алтайдын Канас көлүнүн, Батыш жаккы алдында, Кара байрак туу турат. Кернейдин үнү бапылдап, Доолбас үнү заңкылдап, Майда желек кызылдан, Жерге батпай кылкылдап, Келе жатат калың кол, Жер сойулуп былкылдап, Топурак учуп, жер чаңдап, Асман ачык, жер бүркөк, Күн көрүнбөй күдүңдөп, Ачык-айкын таанылбай, Турнабай жүрбөй бүрүлдөп, Тунарыктап алыптыр. Кайсы экени билинбейт, Андан бери караса, Кызыл-тазыл жүк жатат, Көрүнгөн жылга, сай-сайда, Катын-бала эрбеңдеп, Басып жүрөт ар кайда, Казактын эли мында, деп, Эндекей жаткан бул элге, Кайдан келген калба, деп, Телпилдетип этегин, Тентек шамал чойгулап, Кеңкула оозун тартпастан, Кетип барат койгулап. Жете барды бир жерге, Карааны бар элүүчө, Катын-бала топ элге, Кененим кирип келгенде, Дүм түшүп баары жыгылып, Көзүнөн жашы кылгырып, Аа деген бири болгон жок, Оозунан деги үн чыгып, Тили ичине тыгылып. Орто жашта бир катын, Колун сунуп сермеди, Алты жашар, төрт жашар- Эки эркек баланы, Жанына тартып келгени. — Бүгүн көрдүм, балдарым, Жалганбы деп жүрчү элем, Анык көрдүм чын жерин, Кара жанга күч келсе, “Катын жолдо калбайбы, Бала белде” дегенин. Кылчайып мага карабай, Ордумду басаар уулум, деп, Сен экөөңдөн бирөөңдү, Өңөрүп кетип калалбай, Атаңар таштап кеткени, Коросондук желмогуз, Коржоңдоп жеткен турбайбы, Ажалыбыз жеткени. Тирүү болсок чогулуп, Бир дөбөгө качалы, Өлүк болсок чогулуп, Бир чуңкурда жаталы, Башка келди, балдарым, Байыркынын макалы. Деп бапылдап ал айал, Эки эркек баланы, Кучактап барып жылды, Башка кепти кылбады, Кененимдин дегени: — Коросондук эмесмин, Мен Кененим дегенмин. Мен Кененим дегенде, Эстен танып элейип, Тиктеп калып селейип, Жалдырап тиктеп делейип, Анык уккан ал айал, Сынап айтып жатат деп, Качан болсо өлөмүн, Ачык сурап билем деп: — Жана айтчы чыныңды, Жаздым угуп калдымбы? Ким дегениң билалбай, Угалбай калдым атыңды. — Менин атым Кененим, Кең Таластан келемин. Атын угуп баатырдын, Сүйүнгөндөн токтобой, Көлдөй агып көз жашы: — Жүзүңдү көрдүм, көкжал шер, Мен кудайга ыраазы, Алтымыш уруу көп алаш, Атбай журттун аркасы, Качып жүрүш сай- сайда, Куураган жандын аргасы, Эр көкчөнүн элинен, Ата-баба бул жерге, Жүргөн казак эл элек, Каражанга күч келсе, Казак, кыргыз бир тууган, Манасы кайда дээр элек. Бир жылдын нары жагында, Коросондон бир киши, Каңгайдын ханы Оторго, Качып келди, деп уктук, Эр Кененим кыргыздан, Карчалышып ал келбей, Жазып келди, деп уктук, Алты күндүн алдында, Биз мээнетке жолуктук. Аты тоодой тору экен, Өзү жандын зору экен, Айылга келди бир киши, Кимдин эли дебестен, Алты азамат жигиттин, Башын кесип жиберди, Андан кийин кан соргуч. “Менин атым Дабытай, Коросондун ханымын, Атым алаш дегенден, Канын ичем баарынын, Кошуунум бар аркамда, Жол чалып келе жатамын. Алдымдан чыккан айылдан, Алтынын канын татамын, Жаман эмес тарттым, дейт, Мен алаштын азабын. Ханым Отор чоң, деди, Камынгының бол” деди, Арактан сундук астырып, Айалдаттык азгырып, Арканча берип аракты, Жыгалбадык мас кылып, Дайарлык кылып тургун, деп, Жүрүп кетти бастырып. Ал бастырып кеткенде, Кабар берди ар кайда, Туш-тушка киши чаптырып, Жаныңды алып кутул, деп, Кабар берди шаштырып, Мына минтип жүрөбүз, Айланы таппай аптыгып. Катын менен балага, Кылчайып бирөө карабай, Катын-бала жүрөбүз, Баш батар жерди табалбай. Мен көргөн кол калмактын, Колу экен деп, Кененим: — Баарың коркпой келгиниң, Мен Кененим дегенмин. Кененим деген кепти угуп, Катын-бала калбастан, Келди баары чубуруп, Жетимишче жан болду, Андан-мындан чогулуп. Ызу-чуу түшүп бакырып, Ырысыңа эл- журтум, Эр Кененим келди, деп, Бирин-бири чакырып, Сен баланча келгин, деп, Атынан атап акырып. Аттуу киши келгенде, Жай-жайыңа жангын, деп, Ар тарапка чаптырып, Бөрүдөн качкан элдерди, Бүткүл кайра таптырып, Өз айлына келтирип, Үй-үйүнө жаткырып, Эми турбай Кененим, Желип кетти бастырып. Утур чыкты бир киши, Келе жаткан шашылып, Тура тур деп айта элек, Караанын көрүп баатырдын, Калтырак кирди ашыгып. Ажал жетип өзүнү, Көрүнгөндөй көзүнө, Бура тартып качалбай, Тушалып буту басалбай, Тил билбеген арамкор, Кыргызча салам айталбай, Жалдырап турат жалтанып, Тик карабай калтарып. — Кайдан келе жатасың? Ким болосуң? — деди эле, Кененимдин кебине, Берген жообу бул эле: — Отор менен Дабытай, Алдыга мени бар, — деди, Сойушка малын камдасын, Кызмат кылсын баарысы, Үйүндө киши калбасын, Айтып койуп жан, — деди. Ат айабай алдырап, Келген жумуш ал, — деди. Кененимдин кеби энди: — Чабарман киши, жан, деди, Менин айткан кебимди, Ортого айтып бар, — деди. Өңү сары, көзү көк, Кара жал кула ат минген, Жолукту де бир кииш. Качкын менен котчусу, Келип конот бүгүн, деп, Тигип койор үй кайда? Келгендер сойуп жесин, деп, Ээсиз көргөн мал кайда? Дабытайга теңелип, Кошуун курап баруучу, Отор чоңго жоо кайда?! Кайра жансын калкына, Барып жатсын шаарына, Ат арытып, тон тозбой, Мен барамын алдына, Бекер калба салбасын, Менин атым Кененим, Айта баргын ханыңа! Кененим деп укканда, Саргарып өңү бузулуп, Чечекейдин тамыры, Кетичүдөй үзүлүп, Түз карабай шылыйып, Сүткө тийген күчүктөй, Жерди тиктеп кылыйып, Оозу ачылып ырсыйып, Тышка деми чыгалбай, Бүткөн бойдо жылуу жок, Карды көөп дыңкыйып, Катып калды зыңкыйып. Кетпейсиңби, арам ит, Кет дегенди уктуңбу?! Кет дегенди так угуп, Атка камчы чабам, деп, Өзүн-өзү башка уруп, Кайра тартты бурулуп, Далдага кире бергенде, Чаң артында созулуп, Көздү ачып- жумганча, Колуна жетти кошулуп, Өзүнүн элин көргөндө, Тер кетти бойдон жошулуп. — Ханым Отор, Дабытай, Менин айтар кебим бар, Сен алдыга бар дедиң, Кой камдасын, үй тиксин, Айтып кабар сал дедиң, Тикчүү үй, сойчу койунун, Анын санын ал дедиң, Айтканыңды кылам, деп, Териме батпай желдедим, Элөөсүздөн ажал кез, Келерин мага билбедим, Учурап калды бир киши, Караанын көрүп сүрдөдүм, Айтып өтүп кетейин, Ал кишинин түрлөрүн. Чоңдугу төөнүн нарындай, Каражал кула мингени, Такыр темир кийгени, Сыртынан олпок жамынган, Ач жолборстой чамынган, Колунда найза кармаган, Белинде кылыч байлалуу, Таң калгандай барлык жан, Жоо куралы шайманы. Ай балта белде шыңгырайт, Доолбас жанда каңгырайт, Туулга башка көмөргөн, Буттап темир өңөргөн, Бул сыйактуу бендени, Мен чоң болуп көрбөгөм. Өңү сары, көзү көк, Көздөн күйөт жалын өрт, Бендеден башка келбети, Төгүлөт беттен бермети, Мындан мурун бул өңдүү, Туулуп бенде келгенби?! Караанын көрө калганда, Коркуп жүрөк желдеди, Кайтып барып ханыңа, Айтып кабар бер, деди, Менин атым Кененим, Айта баргын сен, деди, Качкынга кылган кошамат, Кандай урган хан? деди. Ушул кепти уласам, Мана бул турган Дабытай, Бир жактан качып келгенби. Бүткүл кыймыл жер бети, Тигилип кастык кылса да, Мен көргөн жанкы Кененим, Ал келбестей кептенди, Семиз эмес, кагалес, Шыңга бойлуу чабандес, Оңойлук менен адамга, Оморулар тоо эмес, Оңой-олтоң жоо эмес, Арзандык менен ар кимге, Оморулчу бел эмес, Деп кабарчы айтканда, Ардангансып Дабытай, Опурулду бир далай. — Оозуңа келген сөздү айтып, Сен Оторго бир малай, Ал Кененим дегенден, Качып келем мен кандай?! Кененимди ашырып, Не мактайсың сен андай?! Ошол кепти укканда, Кайтып келген кароолчу, Кененимди көрдүм, деп, Айтып келген кароолчу, Ороолонуп алганы, Дабытайдын бар сырын, Олойто тартып салганы: Коросондук Дабытай, — Коркпогон киши кептенип, Мактанасың сен кандай? Шаарың колдо бар болуп, Такта олтурган хан болуп, Касиетүү жан болуп, Олтурсаң анда мейли эле, Бүгүн качып жүрөсүң, Ээ табалбай зар болуп! Эркелетээр балаң жок, Эрмекке сүйөр катын жок, Көңүл ачар эрмектен, Сенде бүгүн такыр жок, Өрөпкүйсүң оолугуп, Биттей сенде акыл жок. Кененим атын укканда, Ичиң жалын, бооруң чок, Намыс жолун талашар, Эрдигиңдин тайны жок Ойлойсуң качан өлөм, деп, Андан башка кайгы жок. Деп кароолчу сүйлөнүп, Коросондун чоңуна, Эли жогун билгизип, Кептин заарын тийгизип, Кененимди кубаттап, Ого бетер кургурду, Ийинге мыктап сийгизип. Оолугуп Отор күүлөнөт, Кароолчуга сүйлөнөт: — Ойлоп сүйлө, оолукпа, Оозуңа келген бокту жеп, Кененимди барыдан, Кыйын көрдүм мыкты, деп, Айдама кошуун аскерге, Угулбасын ушул кеп. Кененим кайда келатат, Көргөзгүнүң мага, — деп, Отор калмак, Дабытай, Жүрүп кетти күпүлдөп, Өтө катуу жөнөдү, Ат табышы дүпүлдөп. Коркуп барат Дабытай, Айласын таппай бүлкүлдөп, Кененимди көрбөгөн, Отор барат күркүрөп, Аркасынан көп кошуун, Келе жатат дүркүрөп. Отор ойлойт ичинде: “Кененим көрсө коркот” деп. Алды талаа, айкын түз, Коңур салкын келген күз, Чыга калып урчуктан, Кененимге келди кез. Дабытайды көргөндө, Кызыл желек байракты, Жерге сайып таштады, Жазайыл уруш баштады, Аманат жалгыз бир жанды, Кылга байлап таштады, Дөөдөн экөө экен, деп, Эр Кененим кайран шер, Өлөмүн деп качпады, Сумсайып кайра тартпады, Кеңкуланы чуратып, Артынан чаңды чубалтып, Күүлөп найза сундуруп, Күүсү кулак тундуруп, Дабытайды беттеди, Сайар жерин чиктеди, Кайра тартпай кабылан, Качырган бойдон жеткени, Кактырбастан найзасын, Көмө койуп кеткени, Отор калмак кездешип, Ажыратып алганы, Катыксыз болуп тайынсыз, Мактанып жүргөн жалганы. Отор калмак кеп айтат: — Мен көрбөгөн кишисиз, Кимде болчу ишиңиз? Жаны ачынып калгандай, Кан өткөндөй ичиңиз, Атым Отор меники, Ким экен атың сеники? Деп сурады чодойуп. — Атың Отор сен болсоң, Кененим атым мен болсом, Кектүү кишим Дабытай, Кыдырып келем жер бетин, Качкын кулду табалбай. Кектегеним табылды, Керектүү жерде кабылды, Карасыңбы, хансыңбы, Абдан айтчы дайныңды. Билдирип айтчы элиңди, Ашкере айткын жериңди, Туйук айтпай ачык айт, Дабытайга жар жөлөк Боло турган кебиңди. Коросондун Дабытай, Кыргыздан колун тарталбай, Айла, арам, ой менен, Аркачан келет дем албай, Өзү тынчып жай албай, Мен барбадым жерине, Жылында келет элиме, Артынан кууп барбадым, Өзүнүн кетсе элине, Сен келгендей кейпиң бар, Алданып айткан кебине. Кошулушсаң кол курап, Коркуп кетер жерим жок, Качкынды берип колума, Кайра кетсең жолуңа, Анда сага кебим жок. Катылышкан кишинин, Катыгын берип келгемин, Катышпаган кишиге, Капшытына келбеймин, Мындан башка кебим жок, Ошол айтар бар кебим! Кененимден кеп угуп, Отор калмак оолугуп: — Карасыңбы, ханбы деп, Бул айтканың кайсы кеп?! Калың каңгай элинин, Эл башкарган ханымын. Шибе, солон, манжуну, Ага кошуп анжуну, Башкарып жүрөм баарысын, Ачык билем айгине, Кыргыз, сенин алыңды, Мурункудан уккан кеп, Баарыңарды бурут, деп, Бурут келсе, курут деп, Менден уксаң ушул кеп. Коросондун Дабытай, Качып келди маана издеп, Мен Отормун, Кененим, Калбалашсаң мен менен, Капилет өлүп сойлойсуң, Муңгул менен буруттун, Ортосунда эр өлдү, Эбегейсиз шер өлдү, Кара өлдү, хан өлдү, Сен колдуу болуп, Кененим, Букарадан көп өлдү, Жакынкысын айтканда, Чиктей сындуу хан өлдү, Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Калдагай кулак Чойун алп - Үчөө катар тең өлдү, Атанын кунун кубам, деп, Сакта менен Саранжа- Эки түгөй бала өлдү. Ага жакын болом деп, Тажиктердин Темирбек, Испандыктын Ачакан, Ал кошулуп дагы өлдү, Жалаңгыч сарык Кененим, Сенден канча хан өлдү. Баарынын кегин алам, деп, Таласка издеп барам, деп, Аттангамын Каңгайдан, Ажал айдап тургузбай, Капташып калдың Алтайдан. Өзөктөн каның жайамын, Буруттун баарын чабамын, Борбор болгон бурутка, Сыр коргонуң чагамын, Манастын көрүн табамын, Талаага сүйрөп саламын, Кең ордоңду талкалап, Олжого кызың аламын, Кебимди уксаң, Кененим, Ушул менин талабым. Беш урук менин элим бар, Эминеден кемим бар? Бир топ бурут сен эмес, Кыргын кылып кытайды, Ойрон кылып орозду, Баш көтөртпөй бараңды- Баарысын басар демим бар! Деп күркүрөп турганда, Кененим айтат Оторго: — Отор калмак сенсиңби? Орус, кытай бараңды- Баарысын кырам дедиңби? Ошентсем коркуп кетет деп, Опуза кылган кебиңби? Суудай суутуп демиңди, Сугарайын каныңды, Өзүңдүн туулган жериңди! Деп айкырып баатыр шер, Күүлөп алды найзасын, Тоодой болгон чоң калмак, Коркуп кайдан айансын. Калмакты беттеп качырып, Манастап ураан чакырып, Аркасынан чыккан чаң, Жөө тумандай жазылып, Кененим, Отор кездешти, Кезенишип беттешти. Качырып найза сайышты, Найзаларын кагышты, Ат дабырты тарсылдап, Найзалары каңкылдап, Үндөрү башка күркүрөп, Уккандын бойу дүркүрөп, Анча-мынча кишинин, Сийдиги агып бүркүрөп, Найзалашып сайышып, Балталашып чабышып, Жан айабай салышып, Кыйла кылыч кыйрады, Булардын жаны тынбады. Балтанын сырты жарылды, Байкап турган кишиге, Заман акыр тарылды. Найзада сайар уч калбай, Кылычта кесер курч калбай, Башка кийген туулга, Талаа-талаа жарылып, Торгой көз темир бадана Далдал болуп жыртылып, Ок өтпөс буулум олпоктор, Туш-тушунан кырчылып, Жака-жеңи бурчулуп, Белиңде темир жынжырлар, Туурасынан үзүлүп, Бүтүн калбай кийимдер, Кармаган жерден бүчүлөп, Найзаларын баатырлар, Кара ташка түйрөшүп, Күңгүрөнүп түр чыгып, Көргөнгө башка түр чыгып, Ажыдаардай аркырап, Айбаты башка сүр чыгып, Күн кечкирип, түн келип, Түн сүрүлүп таң келип, Кара жанга күч келип Какпай найза мушташып, Учун канга чыкташып, Өчөгүшкөн баатырлар, Өлүмдү албай эсине, Ого бетер ыкташып, Ойунда турат булардын, Бирин бири кетмекке, Кара жерге тапташып, Жакындады Оторго, Ажал өлүм капташып, Кененим, Отор- эки дөө, Аттан түшкөн булар жөө. Этектерин түрүшүп, Уй букадай сүрүшүп, Нар буурадай жөөлөшүп, Биринен бири өөдөсүп, Эрегишип жүргөндө, Отор сүрүп жөнөдү, Кененимди аркага, Көрүнүп турган дөбөгө, Капташтырып жыгам, деп, Көөдөнүнө чыгам, деп, Бир сонунду кылам, деп, Сүрүп кетип баратып, Эр Кененим жолборсту, Айгырдан бетер айкырып, Кар жиликтен тиштеди. Ойунда Отор ушундай: “Каржиликтен кажасам, Карчытына катыра, Камтый белден кармасам, Элетпей туруп бурутту, Как дөбөгө барбасам, Капташтырып корумга, Чалкасынан салбасам, Амалы кетет абыдан, Кылычтап башын албасам, Ээрдинен көзөп бурутту, Канжыгага байласам” Ойлонуп Отор тиштеди, Арамдык ойдо барлыгын, Эр Кененим билгени. Камындырбай Оторду, Капшыра кармап кемерден, Капка салган самандай, Так көтөрүп алганы, Манастап ураан чакырып, Айландырып Оторду, Кара ташка чапканы. Ташка чапкан оңобу, Жыгачтай кетип тараша, Тайны калбай жоголду. Отордон калмак айрылып, Баарысы күйүп кайгырып, Амалын таппай турганда: — Карап, калмак, турбагын, Сен сексен миң, ал жалгыз, Жаныңды айап калбагын, Карсылдашып теңдешип, Кармашуучу мен бармын, Тегеректеп чыгарбай, Бир бурутту кармагын, Кунун куугун, калган журт, Мурунку өлгөн кандардын! Дабытайдан кеп угуп, Кара кытай, калмактар, Манжу, солон жөнөдү, Кара таандай чубуруп, Бул сапар кирбей урушка, Шибе калды бөлүнүп, Каптап барган Каңгайга, Качырып кирди Кененим, Ажыдаардай көрүнүп, Каны суудай канчанын, Агып кетти төгүлүп. Каттап сайып канчадан, Сайып кетип баратат, Таталаган төрт урук, Каны суудай шырылдап, Агып кетип баратат, Шамал соккон алмадай, Эр Кененим баштарын, Кагып кетип баратат Шибелер жүрөт чапкылап, Ээсиз калган ат жыйнап, Күнү түнгө айланды, Туралбады эл чыдап, Дабытайга барышты, Тирүүлөрү чуркурап: — Сен Дабытай биздерге, Калба салдың тынч элге, Кармашамын мен дедиң, Каптап киргин сен дедиң, Дөбөдө турдуң калдайып, Дегеле жардам бербедиң, Сааты тийет ар качан, Сендей азган неменин! Шибелер калды бөлүнүп, Муну да сенден көрөбүз, Дагы саатың тийбесин, Кененим издеп келбесин, Ылдам элден жөнөңүз! Акыл айтар, эл багар, Өлүп кетти төрөбүз, Отор калдай өлүмүн, Дабытай сенден көрөбүз! Ага чейин шибелер, Эки миңче ат айдап, Айалдабай каты айдап, Эр Кененим жолборстун, Алдынан утур баратат, Шибелердин ичинде, Туң миң деген бар эле, Кененимге ал айтат: — Алыстан келген Кененим, Алдыңа Туң миң келгемин, Айыгышкан иттердин, Азабын колго сен бергин. Коңурбай, Манас барында, Кошулушуп шибелер, Кол куушуруп муңгулга, Кырылыптыр урушта, Кылайып калбай барынча, Кармашып жүрүп Манаска, Канча түмөн эл туруп, Жарабаптыр намыска. Же шибенин аты калбаптыр, Айтылып өткөн урушта, Урушка муңгул ээ болгон, Биздин шибе кырылып, Кара жерге тең болгон, Өткөндөрдөн угушта. Ороккыр менен Бозкертик - Баарысы өлүп жоголгон, Кененим, Чиктей уруштуң, Эбегейсиз жулуштуң, Шибеден барды алты эрен, Калтырбастан сойлоттуң. Бүгүн Отор биздерди, Айдап келди бул жерге, Отор өлүп кеткенде, Каптап аскер жеткенде, Бөлүнүп шибе биз калдык, Ээсиз калган муңгулдун, Чогултуп атын жыйнадык, Качып кетпей, Кененим, Тамашаң көрүп турганбыз, Кылыч сууруп чапсаңыз, Мойнубузду сунабыз, Кандай акыл айтсаңыз, Кулак салып угабыз. Айылды бөлүп муңгулдан, Ажырап шибе чыкканбыз, Туң миң келдим алдыңа, Арзыбыз ушул угарсыз, Анда айтат Туңмыңга, Баатыр тууган Кененим: — Шибеден Туңмың келдиңби? Баарысын уктум кебиңди, Ээсиз калган муңгулдун, Атын жыйдым дедиңби? Бөлүнүшкө муңгулдан, Буздуңбу ачык пейлиңди? Тийишпеген кишиге, Мен тийбейм Кененим, Тийишип келсе Отордой, Талпагын ташка керемин, Жалганы жок жамаксыз, Анык болсо чын кебиң, Ээсиз калган муңгулдан, Жыйнап келген аттарды, Баарын, шибе, саа бердим, Сайып алдым Оторду, Мен аламын дебеймин, Шибелер атты колбутуп, Айдап жөнөп бергенде, Солондун эли чуркурап, Бул дагы келди Кененге Аны да койду эркине, Жан соогалап келгенде. Шибе, солон муңгулдан, Бөлүнүш жайы бул эле. Шибе менен солондун, Бөлүнгөнү бөлүнгөн, Чандандын каны төгүлгөн, Шибе, солон бөлүндү, Дабытай алды мойнуна, Анык бүгүн өлүмдү. Анжу, манжу, муңгулдар, Дабытайды караандап, Карап турду ушулар. Кененимге беттешип, Кездешерге жан чыкпай, Жалдырап карап турушту, Ажал алып жакадан, Алдырап карап турушту, Айагы кайдан сай табат, Айласы кеткен жумуш бу. Эптеп күндү кечкиртип, Көз байланган бүрүлдө, Дабытай качып чу койду. Күйүп турду Кененим, Күн жаркырап чыкканча, Дегеле кабар болбоду. Эр Кененим ошондо: — Анжу, манжу, муңгулдар, Баарың карап турасың, Кебиңерди ачып айт, Урушар болсоң аныңды айт, Урушалбай шай кетсе, Болор иштин дайнын айт. Кененимдин кебине, Анжу, манжу, муңгулдар- Жалпы калбай чуркурап, Арасынан бири айтат: — Биз силерди бурут деп, Канча атадан бер жакка, Карчашып келдик кан чачып, Азап тартып жол басып, Канча дүйнө мал бузуп, Нечен эр өлдү кан кусуп. Бизге улук болгондор, Тынчыбады жай алып, Аркачан барат бурут деп, Арбын кошуун кол алып. Букара келет бир кезде, Ханы өлүп чубашып, Жана кетет беш урук, Арадан аскер курашып. Чыдай албай мындайга, Шибе, солон бөлүнүп, Анжу, манжу, муңгулдун, Бели сынды, буту аксап, Отор өлдү, бел сынды, Дабытай кетти эл таштап, Ханы жок караан калган эл, Баатыр, сага арз айтмак. Кырсаң кырып таштагын, Мойнубуз сага сунулуу. Алтын алсаң, зар алсаң, Шири капка салылуу, Төрт түлүктүү мал алсаң, Өрүштө бар жайылуу. Сулуу кыз алсаң олжого, Ордодо бар багылуу. Деп божурап жатканда, Кененим айтат аларга: — Кыз баштаган малыңдын, Алтын, күмүш зарыңдын, Кереги жок баарынын, Кайда кетти Дабытай, Ачык кабар айткының. — Өткөн күнү бүрүлдө, Дабытай мында бар эле, Таң атканда карасак, Көрүнбөдү бул элде. Кай кеткенин билбейбиз, Деп жабырап турганда, Кененим айтат аларга: — Жай-жайыңа тарагын, Жамандык болсо пейлиңде, Ажалың жетсе сен баргын, Качан барсаң, анда бар, Алдыңдан чыгар мен бармын. Буратып чаңды созулта, Жүрүп кетти Карагөк, Тилеги каткан Дабытай, Түз Таласка барат, деп. Качып кеткен Дабытай, Айал кылып турбастан, Отордун барды үйүнө: — Кененимден жеңилдик, Силерди алып кетмекке, Мунда келдим, жүргүлө, Күлүктөн тандап мингиле, Буулумдан ылгап кийгиле. Отордун алты катынын, Ашыктырып Дабытай, Алты атка мингизип, Тандалган тонун кийгизип, Тамам пулун артынып, Ээрчитип алып жөнөдү. Бир катыны Отордун, Келинжыр деген болучу, Беш катынды талаага, Таштап койуп Дабытай, Келинжырды ээрчитип, Алып кетиш ойу ушу. Таң атканча Келинжыр, Талаада кетип баратып, Чандан акыл ойлоду, Дабытайдын кыларын, Таамай билип болгону: — Отор өлгөн турбайбы, Жесир калган биздерди, Коросондун Дабытай, Олжо кылмак турбайбы. Бешти таштап талаага, Тандап туруп бирди алып, Артынып жүргөн пулду алып, Индистан кетмек турбайбы. Күнүлөрүнө Келинжыр, Бирден-бирден кеңешип, Ойлогонун айтыптыр, Эртеси күнү кечкурун, Бир жерге барып жатыптыр. Келинжырды Дабытай: — Экөөбүз бирге жаталы, Балыктын сууда изи жок, Отордун болбос чатагы, Күндө бирден мен жатсам, Калгандар кабар айтабы. Болжошкомун Оторго, Индистанда болорго, Аман-эсен силерди, Баштап барам ошого. Деп Дабытай айтканда, Алты катын ажаандай, Артараптан аркырап, Канчык иттей ажылдап: — Өлүгүңдү көрөйүн, Баштап жүрүп Оторду, Кененимге өлтүртүп, Алдап бизди ээрчитип, Күндө бирден катындап, Бешөөбүздү беш күндөн, Бирден-бирден жыга чаап, Келинжыр алып сулуу деп, Эти жумшак Келинжыр, Төшөгү мунун жылуу, деп, Келинжырды олжо алып, Куржунга салган пулду алып, Индистан барып жатмаксың, Памил чайдан кайнатып. Келинжыр олжо бергенче, Өлтүрөбүз кескилеп, Сөөгүн сөпөт кылалы, Тезектей муну тепкилеп! Келинжырды, Дабытай, Сага олжо бергиче, Алып барып бурутка - Кененимге беребиз, Отордун ордун жоготпой, Иниси бар Одура, Хандыгын алып келебиз, Келинжырды буруттар, Албаса муну калмак деп, Каңгайдын алат бир уулу, Отордон калган олжо деп. Катындын баары камынып, Отордун алты катыны, Кыңырак, кестик, бычагы, Дабытайга жабылып. Отордун улуу катыны, Мужу деген бар эле, Жекелешсе эрсейген, Катындан балбан ал эле. Торгой көз темир бадана, Көрсөтпөй соотун ичине, Кийип жүрчү ал эле. Сурчабар деген аты бар, Балбандык мунун салты бар, Атын минип камынып, Далыга калкан тагынып: — Чык Дабытай! Чыккын! — деп, Келинжырды суйсалтып, Сага салып бергинче, Өзөктөн каның жайамын, Отордун өчүн аламын, Башыңды кесип байланып, Мен бурутка барамын! Деп бакырып турганда, Коросондун Дабытай, Коркуп туруп алалбай, Эми шылтоо табалбай, Отордун алты катындан, Орунсуз өлүм кабылды. “Бешөөнүн белин сындырып, Беймаал жанын тындырып, Келинжырды ээрчитип, Кетейин деп кыдырып, Алты куржун алтынды, Эми алтымыш жыл жесем да, Жетишпейби алмага. Алы канча” дегенсип, Беттешип чыкты Мужунга. Отордун Мужун катыны, Оролонгон капыры, Бүктөмө найза колунда, Булгап катын качырды, Дабытай, Мужун бет келди, Мен Дабытай Мужунду, Ыргыта сайам деп келди. Бир беттешип жанышты, Найзаларын кагышты, Сурчабарды камчылап, Каарданган Мужундун, Көзүнөн жашы тамчылап, Балбан катын бакырып, Капкачанкы Коңурбай, Калдайдын атын чакырып, Катуу тийди кырданып, Жан алчуудай сурданып. Дабытай буга арданып, Кандуу найза карманып, Кененимге кирчүүдөй, Канча түрдүү заарданып, Салгылашты бул экөө- Мужун менен Дабытай, Чака-чака чабышып, Каңгытып найза кагышып, Чумкуй тору сурчабар, Шамалдай сызып жарышып, Азыркысын теңирээк, Келинжыр байкап караса, Дабытайдан Мужундун, Кайраты чок кемирээк: Душманга Мужун бет келип, Карсылдашып жатканда, Биздер медет бербесек, Биздерге болот каргаша. Мужунду сайып алганда, Менден башка төртөөңдү, Өз билгенин кылуучу, Мойнуңдан кесип башыңды, Кылгылыкты кылучу, Дым чыгарбай кыруучу, Андан кала бергенде, Маган зордук салучу. Басма катын болгунча, Келинжыр өлүп тынычу, Кептин түбү мана ушу, Ал көрөкчө жабылып, Мужундай балбан катынга, Жардам кыла кетели, Колго тийсе коросон, Койдой башын кесели, Эриндиктен тешели, Коктукат карай кетели. Байланып башын баралы, Баатыр Отор төрөнүн, Кунун кууп алалы, Келинжырдан кеп келди, Катындарга эп келди, Кылыч алды Келинжыр, Кыңгырак алды канчасы, Бычак алды мынчасы, Чуркурашып баарысы, Дабытайга кол салды, Алар анча барбаса, Кетип калган мужундун, Сайыша албай аргасы. Дабытай калды шашылып, Кетмек болду кутулуп, Кара башын качырып, Алы келбей Дабытай, Качты алты катындан, Куру калды айрылып, Куржундакы алтындан, Талыкпайт тилим такшанып, Мындай сөздү айтуудан. Куржунда пулун артынып, Аттарына тартылып, Алты катын элине, Жүрүп кетти шартылдап, Кайда барсам батам, деп, Кимдерге арзым айтам, деп, Уйку көрбөй сандалып, Дабытай келет кайгы жеп,: “Барарыма жер да жок, Батарыма эл да жок, Кебимди угар бенде жок, Калмактан алтын нар алып, Көр дүйнөгө алданып, Эл-журтумдан айрылып, Маминтип калдым сандалып. Коросон барсам кондурбайт, Жаңы хан эми оңдурбайт, Испанга барсам батырбайт, Испандын жерин бастырбайт. Ирак менен Иранда, Орун жок эми буларда, Баш кишисин билбесем, Күн чыгышка барарга, Күллү жердин бетинде, Батынар бенде калбады, Саргарып жүрүп ар кайда, Сары- санаа болгунча, Манастын кыргыз журтуна, Түз барайын Таласка, Катышып көрүп четинен, Алым келбей баратса, Мен барайын аралап, Түрк ичинде маңгытка - Саламаттын элине. Күйүнсө маңгыт эрине, Эки-бир жыл баш катам, Маңгыттардын жерине,” Батар жерди таптым, деп, Бара жатып Таластын, Бүлүнтүп элин чаптым, деп, Шамалдын тоосун аралап, Эрте жүрүп, кеч жатып,. Алаштын арбын жеринде, Күндүз баспай түн катып, Түсөрү качып, муң басып, Кайран жаны чыркырап, Чапанынын биттери, Учуп жүрөт зыркырап, Шамалдын тоосу бүтүн кар, Ызкаар жүрүп зыпылдап, Алтымыш азап, миң тозок, Арада көрүп Дабытай, Таласка жетти чукулдап. Мындан мурун Таласка, Эки келип Дабытай, Жерин билген болжолдоп: “Жылкысын айдап кыргыздын, Ышкырып кайдан жүрөйүн, Которуп кийим кийейин, Кутурган кыргыз бул элдин, Коргонуна кирейин, Колума тийсе Кененим, Как боорунан жирейин, Ал талапка жетпесем, Коргонуна от койуп, Эшиктерин бекитип, Андан кийин жөнөйүн. Күмбөзүнө барайын, Талкалап аны чагайын. Коргону күйүп күл болсо, Күмбөзү кулап түз болсо, Тайынсыз кыргыз болбойбу. Көңүлдөкү иш болсо, Коргонунда өрт алып, Кененим күйүп жоголсо, Баш кишиси боломун, Мен Дабытай ошондо.” Ойу менен иш кылып, Кем -керчи жок бүт кылып, Суусамырдын Кыркууда, Бир күн өрүн алыптыр, Баатырлыкка кийинген, Кийимдерин бөктөрүп, Бүт кийимин өзгөртүп, Коргонду көздөй бет алып, Тору ат менен очойуп, Келе берсин Дабытай, Эми кепти мундан ук, Алдас уруп ашыкпа. Кыргыздардын элинде, Нечен түркүм киши бар, Ошолордун ичинде, Көкүм деген бар эле, Көрөгөчтүн бири эле, Жок жоготуп мал карап, Дабытай жаткан жерине, Утур келип калды эле: “Жатып -копкон бул жерге, Өтө балбан киши, — деп, Көңүлүндө бар экен, Көп эле мунун иши, — деп, Которуп кийим кийди деп, Такасын тартып атынан, Анан жолго кирди, — деп, Аркасынан жетейин, Анык билип мунусун, Изчинин башы Эшимге, Кабаркыла кетейин.” Деп ойуна алганы, Көкүм жолго салганы, Дабытайдын артынан, Эми жете барганы. Көкүмдүн жашы он алты, Көргөн эмес ал мурун, Анык тааный албады, Билмексен болуп күзөтүп, Эшимге жетип барганы: — Эшим аке барсыңбы? Изчинин башы жансыңбы? Жети төрдүн кырынан, Жетик кабар алдыңбы? Мал жоготуп жок карап, Суусамырдын бөксөдөн, Жат из көрдүм көз менен. Ашкере мага билинди, Которуп кийим кийинди, Такасын тартып ат минди, Суусамыр ылдый ал кирди. Аркасынан ат койдум, Айалдабай бат койдум, Келе жатат кеңгиреп, Өзү мыкты эр экен, Мингени чумкуй тору экен, Жүрөгү кандуу чер экен, Байкашымча меники, Бара алса коргонго, От койучу неме экен. Көкүмдөн Эшим кеп угуп, Мине салып чобурун, Чыга калып тумшуктан, Дабытайга жолугуп, Элебеген кептенип, Өтө берди жулкунтуп. Эшим өтө бергенде, Көзүнүн чаарын көргөндө, Изчи экен деп Эшимди, Ал Дабытай билди эле. “Байакы өткөн жаш бала, Жаттыгымды билди, — деп, Баш кишиси бул окшойт, Келип кабар берди, — деп, Жолумду башка алайын, Буткул-буткул кара суу, Саз аралап барайын, Букадан бирди минейин, Элебеген кептенип, Саан уйдан айдап экини, Коргонго эптеп кирейин.” Деп Дабытай ойлонуп, Сазга жолун салыптыр, Башкадан жөнөп калыптыр, Байакы Эшим бурулбай, Коргондун чоңу Орунбай Бегине айтып барыптыр: — Баш кишибиз Орунбай, Менин айтар кебим бар, Үйдө олтурсам жайма-жай, Көкүм келди бакырып, Эшим деп мени чакырып, Үнүн улап тыңшасам, Өтө жаман шашылыш, Мен да чыктым ашыгып, Көрө салып мага айтты, Суусамырдын сыртынан, Суук салкын из көрдүм, Которуп кийди киймин, дейт, Такасыз минди атын, дейт, Өрт койчуудай коргонго, Аны байкап таптым, дейт, Аркасынан алдырап, Мен да катуу чаптым, дейт, Андан өттүм алдырап, Карап көрдүм мен байкап, Эрендиги, эрдиги, Бир кишиче бар, деди, Ашыгыш келген жумушум, Эшим аке ал, деди, Жаза карап салдымбы, Изин өзүң чал, деди. Көкүмдөн угуп чолто кеп, Чолокту минип желгемин, Суусамырдын чатында, Артынан жете келгемин, Байкап билдим бар сырын, Бизге салчу чоң чырын, Дабытайдын өзү экен, Өзү эмес кара көзү экен, Анык билдим ич сырын. Алдындагы Көкүмдөн, Кийинки келген Эшимден, Күмөн кылып шекиген, Чоң жолго кирбей саз менен, Өгүздөн бирди минчүдөй, Уйдан айдап экини, Күүгүм-шамга аралаш, Сыр коргонго кирчүдөй. Коргонго кирсе кол салып, Өрт койчудай кептенет, Дагы сыры бар болсо, Аны, Оке, ким билет? Алыстакы Эшим кул, Алдыңа келдим темтиреп, Уруксат сенде, менде эмес, Эми кала бергенде, Сизден чыгат кеп-кеңеш. Эшимден ушул кепти угуп, Ордонун чоңу Орунбай, Ордунда тынчып туралбай: — Эшим, Көкүм, Атаке, Тердикбай, Күчүк, Сатаке, Дайар болуп алтооңор, Кабар алгын ар жактан, — Эшим көргөн Дабытай, Анык өзү болгондо, Баш бошобойт чыр жактан, Башкадай арзан чактабай, Кененимге мен айтам. Алты киши аткарып, Кененимге айтмакка, Орунбай кетти түз басып, Учурап калды Кененим, Эшикке чыгып келайтып. Салам айтып Орунбай, Тура калды жолуна, Эреже менен иш кылып, Эки колу боорунда: — Эл башкарган төрөбүз, Өзүңүздү, жолборсум, Алатоодой көрөбүз, Кабагың ачып жарк этсең, Күн тийгендей көрөбүз. Жүзөңдөн чыкса ызкаарың, Жүрөк чыгып өлөбүз. Арзым бар менин угуңуз, Алдыңа келип турабыз, Укканым айтам жашырбай, Мен Орунбай кулуңуз, Эшимбай келди алдырап, Ашыгып сүйлөп балдырап, Биздин Көкүм жаш бала, Суусамырдан из көрүп, Мындан жаман иш көрүп, Эшимге кабар бериптир, Артынан түшүп кубалап, Эшим жете келиптир. Аңкаарып Эшим байкаса, Которуп кийим кийиптир, Такасыз атка миниптир, Коросондук Дабытай, Которолуп келиптир, Анык билдим чырын, дейт, Коргонго кирсе Дабытай, Өрт койчудай көрүнөт, Өтө берип чочкодон. Он имерип карадым, Изин башка салчудай, Өгүз минип уй айдап, Коргонго кирип алчудай, Кейпин көрдүм, деп келди, Эшим, Көкүм, Атаке, Тердикбай, Күчүк, Сатыке, Артынан алтоон жибердим, Анык кабар билгин, деп, Бээ саамчалык арада, Кабар кылып тургун деп, Алдыңызга келгемин, Аны баатыр уксун деп. Угуп болуп Кененим, Эсендик элге келди деп, Кашкайып күлүп жиберип: Андай болсо, Орунбай, Элдин көөнү болсун жай, Коргонго кирбейт билип ал, Арамзада Дабытай. Алтоону көрөт бир-бирден, Туйунуп кыргыз калды, деп, Коргонго калды кирүүдөн. Алтоонон алып кабарды, Сак болгула коргонго, Арбын ойлоп амалды, Кире албаска коргонго, Ачык көзү жеткенде, Күмбөздү беттеп баручу, Күмбөзгө бузук салучу, Мен күмбөзгө барайын, Кара жүз кандуу душманды, Кармап келе калайын, Орунбайды чуркатып, Кеңкуланы алдырып, Үстүнө токум салдырып, Бар керегин жам кылып, Жан кишиге көрүнбөй, Чыгып кетти Кененим, Арка эшиктен бастырып. Аркадан чыккан Кененим, Умачтай көзүм ачар деп, Кеңкула изин көргөндө, Күмбөзгө барбай качар, деп, Адырга салып кулатты, Алмалуу булак, Шумкарташ, Ашып түшүп белести, Күмбөзгө келип көк жалың, Аттан түшүп жетелеп, Карап турду Дабытай, Эми качан келер, деп, Коросондун Дабытай, Өгүздү минип өчөйүп, Минген атын жетелеп, Уйдан айдап экини, Коргондун жолун төтөлөп, Саз аралап баратып, Эшимди көрүп калыптыр: “Жана эле менден өттү эле. Жандап өтүп кетти эле, Сырымды билип алганбы? Сыртымдан мени кайтарып, Корогонго кире бергенде, Кармайлы деп калганбы?” Ушуну ойго алыптыр, Токтолуп тура калыптыр, Туурага көзүн салыптыр, Суусамырдын сыртынан, Келатканда кырчында, Учураган баланы, Андан башка караанды, Көрүп калды аларды. Эшим, Көкүм, Атаке, Бир тарапта бул үчөө, Тердикбай, Күчүк, Сатыке, Бир тарапта бул үчөө, Ээрчитип тайган ит алып, Колуна илгир куш алып, Мойнуна салып жаа алып, Койон, түлкү, кашкулак, Ит агытып мындайга, Өрдөк-чүрөк, кекилик, Куш салышып андайга, Бугу-марал, эликке, Жаа тартышып кийикке, Анда-мында шаңданып, Адырдан элес көрсөтөт, Токойдо үнү угулуп. Буларды көрүп Дабытай: Түгөнгүс кырса кыргыздар, Адам сырын билгисиз, Арамзада жыластар, Мени таанып билген бейм, Артымдан изим кубалап, Аңкоосунуп жүргөн бейм. Мени көргөн эки эле, Алты болду санаты, Далы карап, изди кууп, Төлгө салып, шам жагып, Душманды тапчуу адаты, Коргонуна барбайын, Күмбөзүн чакпай калбайын, Коргондон мени кайтарып, Колбуп жүргөн кезинде, Чыгарып таштайт унутуп, Күмбөзү болбойт эсинде. Күн бешимден кыйшайып, Дигерге барган кези эле, Дарбазасын кайтарып, Кененим жатсын үйүндө, Мен күмбөзгө жетейин, Көз байланган бүрүлдө.” Ушуну алып эсине, Калың камыш жерине, Киши барбас бир жерге, Аралап кирип Дабытай, Буканы таштап бултуйтуп, Туулгасын кийип мултуйтуп, Тору атка така жаңылап, Алдындагы тору атты, Тери менен жабуулап, Туулганын сыртынан, Малакай кийип чөмөрүп, Коргошун, коло аралаш, Куйун салган Чойун баш, Койдой кылып өңөрүп, Түнт токойду аралап, Күмбөздү күздөй жөнөдү, Ачууланып көгөрүп. Алты изчини ар жерге, Аңырайтып таштады, Кечип кетип баратат, Карабуура Чаткалды. Көз байланган бүрүлдө, Күмбөзгө жетип барганы, Арбак урган чочконун, Анткорлугу кармады, Бастырган бойдон күчөнүп, Күмбөзгө туура барбады, Тоорулуп карап из чалып, Кеңкуланын изине, Капташып калган убагы, Кеңкуланын изинен, Аттай басып кеталбай, Титиреп тору ат турганы. Арам өлгөн нетти, деп, Не калба болуп кетти, деп, Түшө калып атынан, Дабытай жерди карады. Чарадай туйак Кеңкула, Кайта баскан жеринде, Казандай чымды аңтарып, Тоз-топурак келген жер, Жер очоктой ойулуп, Кере баскан жерлери, Кереге бойу жар болуп, Кемегедей аң болуп Калган экен, караандын, Жеткенин билди Дабытай: Изчини салып артыма, Коргонду таштап калкына, Күмбөздөн тосуп жолумду, Келген экен алдыма. Кайра качып нетейин, Качырыша кетейин, Качсам да, турсам да, Карсылдашат экемин.” Деп кутурган Дабытай, Коргошун, коло аралаш, Койдой болгон чойун баш, Алаканга түкүрүп, Арта салып ийнине, Күмбөздү жетип чабам, деп, Каалгасын чагам, деп, Кененимден өлсөм да, Дабытай күмбөз чаккан деп, Бир атакты алам, деп, Каарданып, карарып, Караса көздөн от жанып, Күмбөздү жетип чабарда, Чапса каалга чагарда, Карап турган Кененим, Казабына карк болду, Кайрат кылар чак болду, Жебеден мурун жетти эле, Качырып найза сайбастан, Балталашып атпастан, Кемерден бурдай кармады, Тору атынын үстүнөн, Торгойдой кылып алганы, Көтөргөн бойдон Кененим, Бастырып кетип калганы. Коргонго кетип баратып, Учуратты бир жанды, Отор хандын катыны Мужун келип калганы, Бастырбай тосуп жол жагын, Мужун кебин салганы: — Тааныбайсың, Кененим, Отор хандын катыны, Атым Мужун дегенмин, Эки беткей кара жүз, Артынан кууп келгемин. Индистан кетти Отор, деп, Алты катын жүргүн, деп, Алты күндүк барганда, Күндө бирден силерге, Басымдарлык кылам, деп, Келинжырды алам, деп, Айбыкпай айтты кара жүз. Мен айыгышып салыштым, Катын да болсом салыштым, Беш күнүм мага кошулду, Айласы кетип кара жүз, Бизден качып жоголду. Күйүгүп буга жатпадым, Аркасынан изин кууп, Айткалы келе жаткамын, Изчилериң, Кененим, Из кууганын байкадым. Көрүп турдум бир жерден, Кеңкула менен болкойуп, Күмбөзгө бара жатканың, Тосуп туруп жолуңдан, Ушул менин айтарым. Соогатка бергин бул кулду, Жериме алып кайтамын, Беш күнүмдү ээрчитип, Жүнүн сайын кескилеп, Мен берейин азабын. Жалганбы сөзүң, чынбы деп, Сурабастан Кененим, Мужунга берди мына деп. Мужун катын турбады, Чытырата кол-бутун, Тору атына таңганы, Жүрөмбү деп жалынтып, Божуратын зарылтып, Тилин кесип таштады. Алып барып элине, Өзүнүн турган жерине, Беш күнүсүн бет кылып, Көргөнүн айтып берди эле, Баары айран-таң калды, Кеп кылбастан Кененим, Дабытайды бергенге, Кеңеш тапкан Келинжыр, Баатыр Мужун болушуп, Мууну сайын оморуп, Жүүнү сайын кескилеп, Алты катын тепкилеп, Алты санын алты күн, Кара бойун бир күнү, Жети күндө түгөттү, Ааламдын баарын буй кылган, Арамзада Дабытай, Катындан өлүп түгөштү, Билишимче кыргызга, Билгизип айтам бул кепти, Жусуп Мамай өз атым, Баатыр Манас дастанын, Айтып бериш адатым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.