← Кененим 4/7

Балта чабар мыктууң бар, Найза сайар ыктууң бар, Чокморго андес шыктууң бар, Кылыч чабар кыйын бар, Мылтык атчуу, жаа тартчуу, Четтеп элден чыкпаса, Жай-жайыңда туруңар. Салмоор урчуу камдуулар, Бойу узун шаңдуулар, Азоого чалма урчуулар, Куш кармоочу торчулар, Дайар болгун барыңар, Баарың амал кылыңар! Деп бакырып Орунбай, Манас-Манас-Манас деп, Жыргалдуу Кеңкол, Талас деп, Куу найзасын колго алып, Кулдуңдап Орун жөнөдү, Урмат кылып баарысы, Ордонун чоңу төрөнү, Найзалары сороктоп, Жөнөп берди короктуп, Кылычтары жалтылдап, Бара жатат шалкылдап, Балталары шаңгырап, Баары калбай алдырап, Чокморлуулар чогулуп, Колтуктары чойулуп, Боз топурак чаң болду, Жердин бети сойулуп. Асман ачык, жер бүркөк, Жайнап кирди дүркүрөп, Жалгыз турат Дабытай, Мас болгондой күркүрөп. Орунбай кайдан айанды, Өпкө-боордун тушу, деп, Өткүр найза урганы. Орунбайды бучкакка, Теңебеди Дабытай, Орунбай урган найзаны, Чымын-чиркей чаккандай, Элебеди Дабытай. Кайнап келген элдерди, Бендеби деп бейлебей, Бучкагына теңебей, Анткен менен Дабытай, Кененим келип калат, деп, Эси чыгат ченебей, Кененим ойго түшкөндө, Акылы калбайт кенедей. Кыйамына кирди, деп, Кыргыз колго тийди, деп, Кылычты сууруп кынынан, Кылымдын коркпой чырынан, Чамбыл ала чаң кылып, Кызыл ала кан кылып, Утур келип калганын, Кетемин деп нан кылып, Дабытайдын ойу бар. Тегеректеп кыргыздар, Дүмпүлдөккө алышты, Башын өөдө кылдырбай. Найза менен сайгылап, Чокмор менен койгулап, Балта менен чапкылап, Дабытайдын башынан, Кетпей турат чакылдак. Кылыч чабар колуна, Канча найза сайылды, Кар жиликтин булчуңга, Балта тийди далыга, Чокмор тийди чокуга, Найза урулду колуна, Өлүмдүн түшүп боолугу, Дабытайдын мойнуна: “Туруп бербей кыргызга, Жандан тойгон бурутка, Атка камчы салайын, Четке чыга калайын, Эл суйула түшкөндө, Эбин анан табайын.” Өбөктөй түшүп Тору атка, Үстү-үстүнө камчы уруп, Тулпардын салып күчүнө, Топтон чыкты суурулуп, Кар жиликтьин булчуңдан, Кара кан агып чубуруп, Кылчайып артын караса, Эл азайган суйулуп, Качырып кирди кыргызды, Кайта артына бурулуп. Сапырып келет кыргызды, Найза менен чубуртуп, Кырып келет кыргызды, Кылычтын канын куйултуп. Ал аңгыча болбоду, Күн кулпуга жашынды, Көз байланып караңгы, Бүрүлдөп бара жатканда, Четте турган мергендер, Ченебестен ок атып, Жебечилер жаа тартып, Аңдып туруп тушунан, Элүүчө киши тор салып, Ок зоотуна ширеди, Анткен менен кирбеди, Элүүчө тор мойнунда, Токтото албай сүйрөлдү. Сүйрөгөн менен Дабытай, Эл аралап баралбай, Эптеп тордон чыгалбай, Жетип келип Орунбай, Башын кыйа чабам, деп, Жойболот менен чапканы, Таамай башка чабалбай, Торго чаап таштады. Тор кыркылып кеткени, Бошонуп капыр кетти эми, Бирөө да жок кыргыздын, Жоголуп баары кетти эми. Келе жаткан Кененим, Кулагына угулду, Мылтыктын үнү тарсылдап, Адамдын үнү чуркурап, Күмбөз жактан угулат, Муну угуп Кененим, Алда эмне шумдук, деп, Заманасы куурулат. “Качып кеткен Дабытай, Таласка жетип келгенби? Кыргыздардын бөлүнүп, Четке чыгып мергени, Беттешип найза сайалбай, Мылтыкташып киргенби? Же болбосо Дабытай, Коргонго келип кол салып, Атышып элдер жатканбы? Коргон алыс жерде эле, Аткан менен мылтыкты, Угулбайт эле бул жерге. Күмбөздү бузуп чагат деп, Атышып жаткан эл окшойт, Ажыратып калам” деп, Мылтыктын үнүн укканда, Кош кулагын кайчылап, Кеңкула келет элеңдеп. Күндүз келбей, түн келди, Кулагы угуп чыдабай, Ызылдаган үндөрдү. Аркыратып кула атты, Эр Кененим келатат, Ботонун белин бет алып, Качып кыргыз баратат. — Дүпдүрөң түшкөн түгөнгүр, Дүбүрөбөй тур! — деди, Кыргыз болсоң коркпогун, Мен Кененим бил, — деди. Кененим деген үндү угуп, Бирин бири кыйкырып, Келди далай чогулуп. Келе жаткан Дабытай, Аркасынан оолугуп, Кененим деген кепти угуп, Тура калды бурулуп, Кыргыздардын дуулдап, Кылган кебин бүт угуп, Бура тартты Дабытай, “Кетейин качып жоголуп. Эми кайда качам? — деп, Каңгайга барсам батам, — деп, Кара кытай, манжуга, Шибе, солон, муңгулга- Беш уруктун журтуна, Арзымды айтып барам, — деп, Беш урктан беш баатыр, Кара курттай көп аскер, Ошол элден табам — деп, Кайта келип Таласка, Түп көтөрө чабам,” деп, Түн күбүрөп уйку албай, Жүрүп кетти Дабытай. Камчы басып тору атка, Дабытай качты каңгайга, Кете берсин Дабытай, Кененим кууп келет, деп, Түнүнкүсүн уйку албай. Муну койо туруңуз, Таластакы кыргыздын, Аңгемесин угуңуз. Таң агарып атканда, Тараза жылдыз батканда, Жер жаркырап, күн чыгып, Кененимди көрүшүп, Тирүүлөрү күлүшүп, Тууганы өлгөн дагы бар, Бууданы өлгөн дагы бар, Эри өлгөн катын бар, Атасы өлгөн уул бар, Баласы өлгөн кары бар, Муңдуу-чердүү – баары бар, Түп көтөрө барышты, Бири барбай калалбай. Көрүшүп көкжал төрөгө, Көңүлдөрү толушуп, Дабытайдын калтырбай, Баары кебин салышып, Балдар жүрөт жарышып, Жаңыртып кайта түлөөнү, Жаңылап малын чалышып. Арбагын тайып Манастын, Куран окуп жанышып, Жай-жайына жетишти, Тарап үйгө кетишти. Элге барып Кененим, Кеңеш кебин бериши: — Дабытай келип силерге, Далай мүшкүл салыптыр, Тың балдардан бешөөнү, Жарадар кылып салыптыр, Жараңар, балдар, айыгат, Өлүп кеткен кыргыздар, Алар кайта табылбай. Аман- эсен калганың, Оокат кылып жаның бак, Бекер бирөө аш бербейт, Өзү басып мал келбейт. Акжолтойдун айтканы, Баары акыл эмеспи, Тың балдардан ылганып, Тийип- качып жөн койбой, Тынчын ала берсеңер, Келет элем мен болсом. Сиздерде жок айып кеп, Коросондук Дабытай, Өтө балбан кара бет, Ээси жоктой, Орунбай, Кырылтыпсың кыргызды, Атийет керек урушка, Арзан эмес жумуш бу. Күмбөздө болгон шектерди, Коргондо болгон кептерди, Койбой баарын Акжолтой, Кененимге жеткизди. Кепти угуп Кененим: — Баарысы чын, көп элим, Көрүпсүңөр көрүнөө, Көкжалым жардам бергенин. Бириңе бириң жөлөк бол, Карыңа жашың өбөк бол, Азыңа көбүң одок бол, Колуңда барың тартынбай, Коржоңдобо байыңар, Колунда жокко кайрылбай. Узунун кескин четинен, Көзүнүн жашын агызган, Абалын сурап жетимден, Кедей менен сагырга, Жесир менен жакырга, Кайыр кыла жүргүлө, Колуңда барың мындайга, Бул сапаркы кебимди, Эми менден угуңар, Саламатты кетти, деп, Аркасынан баргамын, Тилине кирип Саламат, Бузулуптур хандардын, Өкүмсүгөн чочконун, Башын кесип мен алдым. Коросондун элинде, Коржоңдогон алптары, Айабаган көп экен, Көп да болсо алптары, Кененимден кем экен. Жаздымдык өттү менден да, Дабытайды өлдү, деп, Асып койдум каалгага, Андан кийин капташтым, Арылбас кара балаага, Аралап жүрдүм канча күн, Кара курттай адамга. Дабытайдын жаздырып, Кеткенин билбей Таласка, Жеринен карап табалбай, Элинен кабар алалбай, Коросондон жөнөдүм, Козголбой туруп калалбай, Аттын изин бир көрдүм, Экинчи карап табалбай. Кечикпестен тез келдим. Таласка келет дебедим, Каңгайга кетти деп келдим, Бекинип жатып алганда, Коргонун буздум талкалап, Келген экен бул жерге, Сыр коргонду чакмакка, Даа тутуп кире албаптыр, Кумайык үрүп турганда. Кененим келди мына, деп, Аламан салдың чуулган, Силердин кептин баарысы, Кулагына угулган, Менин атым укканда, Кең дүйнөсү тарыган, Заманасы куурулган, Кайра качса кеткендир, Коросондун жерине, Эми барып ээ болбойт, Мурункудай элине, Хандыгын берип келгемин, Өчөшкөндүн бирөөнө.