← Кененим 2/7

Аламан койбой, кыргыздар, Акжолтой кеби ырас, деп, Эки баатыр ат койуп, Айалдабай бат койуп, Ажыратып алышты, Арстан бала Тубашты. Энтери менен эр Бөтө, Дембелешип бул экөө, Бала Тубаш, Жамаке, Алды- аркасы ал экөө, Төртөө жүрөт салышып, Кезек бербей бөлөккө. Атактуу Кошой абамдын, Жалгыз кызы Алмаке, Акжол деген бар эле, Андан туулган бала эле, Энтери менен дос эле, Турган жери Акжолдун, Нарынды жердеп турчу эле, Учурашып келем, деп, Келип калды бул жерге. Карап калды далдайып, Не калба болуп кеткен, деп, Ак калпак кыргыз бул элге? Экиден чыгып жатыптыр, Жалгыз чыкпай жекеге, Салам айтып элдерге, Тура калды жекеге. Жээнкул келип Акжолго, Амандаша кетти эле. Акжол айткан кеби бул, Саламга алик албастан: — Ой, Жээнкул, Жээнкул, Бул эмине шумдугуң? Маңдайда турган ким эле? Байанын айтчы, — дегенде: — Акжол аке, кулак сал, Менден дайнын угуп ал, Жалгыз турган Дабытай, Коросондун улугу, Кошуун чайкап кол айдап, Таласка келген болучу. Жалгыз келбей Дабытай, Испан, каңгай кошулуп, Далай күнү Таласта, Кан аккан болчу жошулуп, Эр Кененим төрөнүн, Ыдыгына чыдабай, Качып кеткен болучу, Караңгыда калдырап, Шашып кеткен болучу. Аркасынан Саламат, Сайа кууп турбастан, Салып кеткен болуучу. Жалгыз кетип калды деп, Арстан баатыр Кененим, Ал да кеткен болучу. Эр Кененим, Саламат – Ал экөөнөн кабар жок, Күмбөзүн тайып арстандын, Жыйылган эл ушул топ, Эл жыйылып жатканда, Келип калды Дабытай, Азып калган итке окшоп. Келген менен жөн келбей, Кененимди өлдү, деп, Күмбөзү менен коргонун, Коморгула жүрү, деп, Оозуна келген кепти айтып, Кара оозуна кан толгур, Айабаган бокту жеп, Өчүгүшүп, урушуп, Өлүшүп атат биздин эл. Аламан койуп киргенге, Ак сакалдар жол бербей, Бирден чыгып көрүшкө, Дабытайга ал келбей, Эр Кененим, Саламат, Эми келип калар, деп, Андан күдөр үзүлбөй. Арбагы Манас колдоду, Эл жыйылып калбаса, Салтанаттуу сыр коргон, Залкар тоодой ак күмбөз, Эмгичекти жок болчу. Жээнкул кебин бүтүрдү, Акжол анык түшүндү. Колдон качкан коросон, Мойнун үзүп алам, деп, Оолугуп Акжол күпүлдөп, Аттын белин бекитип, Алып учуп дүпүлдөп, Дайарданып эр Акжол, Такыр кайта келгин, деп, Энтери, Бөтө - экөңөр, Жамаке, Тубаш- төртөөңөр, Жалгыз чыкчу менмин, деп, Акжол өзү чоң эле, Былк эттирбей Нарынды, Билип жатчу зор эле. Каңгай барып Нарынды, Камап кордук салганда, Анда Акжол жок эле, Элден угуп келгенин, Жалындап ичи чок эле. Чалбашты минип камынып, Кара жерди чаң кылып, Олуйа Кошой тайатам, Оорагың мени колдо, деп, О дүйнө кеткен айкөлдүн, Арбагы дайар жолдо, деп, Алмамбет, Чубак эрен, деп, Качыргандан кайтпаган, Баатыр Сыргак берен, деп, Шер Семетей абам, деп, Баатыр Гүлүс агам, деп, Алп Төштүк менен Музбурчак, Шер Сейитек, эр Көкчө, Өзүңөр жардам болгула, Мен өлүмгө бара жатам, деп, Энем менен боорлош, Жалгызек менен тайым деп, Эр Кененим мында жок, Дабытай келип Таласка, Алашка болду кыйын кеп, Коргонуна кол салса, О дүйнө кеткен Манастын, Күмбөзүнө тийишсе, Көркү кетет Таластын, Деп күркүрөп эр Акжол, Кыргыздан чыкты бөлүнүп, Киши эмес ал Акжол, Кыпкызыл жалын көрүнүп. Дабытай, Акжол бет келди, Бирин-бири качырып, Ыргыта сайам деп келди, Кандуу найза бөрү тил, Карс дедире кагышып, Кайта айланган кездерде, Баш аламан сайышып, Бадыратып салышып, Баштары кызыл челектей, Жошулган канын агызып, Кара бойу дал болуп, Кармалбай колу шал болуп, Дабытай менен Акжолго, Кишинин баары таң болуп, Жабышкан жери жыртылып, Талаанын бети аң болуп, Акжол кылат өөдөлүк, Арбагы Манас жар болуп, Эртеден кечке чабышты, Алыша албай шай болуп, Бирин бири жеңген жок, Бак- таалайы жар болуп, Кер сары тартып өңдөрү, Кең дүйнөсү тар болуп, Кабактары кар болуп, Муруттары муз болуп, Сакалдары чаң болуп, Мурундардын алдына, Топо ылайлап там болуп, Асты калкак жар болуп, Күн кечкирип түн болуп, Акжол кетти кыргызга, Дабытай калды талаада. Кан жалаган карышкыр, Караңгыда тийет деп, Как бооруңан тилет, деп, Элге балдар сак бол деп, Акжолтой кары бакырып. Абамдын кеби ырас, деп, Энтере менен Жамаке, Бала Тубаш, эр Бөтө - Төртөө чыкты аттанып, Төрт бөлүнүп баатырлар, Уктабай элди кайтарып. Акжолтой кары нетиптир, Эр Акжолго жетиптир, — Тегин эмес экенсиң, Жээни экенсиң Кошойдун, Чама кетип, чарк келбей, Эл чачылар кезинде, Акжол, ырас келипсиң, Арбагы Манас чакырып, Алып келген турбайбы, Бекер келди дебесмин, Кашкулак, кажыр өтүнөн, Эзип,балам, ичкиниң, Ичиңе зардап суу түштү, Айдап аны кетирсин, Боз кийиктин терисин, Тышыңан сага жаптырам, Тышыңдакы жаранын, Суусун койбой кетирсин. Суу ордуна кан толуп, Мурункудай күч кирсин. Ичинен өттү ичирип, Тышынан тери жаптырып, Кой этинен даарытпай, Жылкы этине тойгузуп, Кымыздан берип жаткырып, Күтүнүп кыргыз калганда, Коросондун Дабытай, Көөнүндө кири бар анда, Батарына ишенип, Баш калкалар байы жок, Муңгулдан башка Дабытай, Батар жери дагы жок, Мындайын билсем кыргыздын, Коросондо өлбөй, деп, Ичи жалын, боору чок. Бутун сунуп, бой керип, Жатар жери дагы жок, Ач курсак араң келдиң, деп, Тамак берер киши жок, Жалгыз калды талаада, Жанында каран дагы жок, Кыйкырып тийбей кыргызга, Жатып алар чагы жок. Эми эки күн ичинде, Эбимди кыргыз табат, деп, Мени менен салышкан, Акжол жаман турат, деп, Акжолго амал тапсам, да, Кененим келип калат, деп. Агачейин кыргыздан, Миңдин бащын жебесем, Мага калат уйат, деп, Күл азык бар жанымда, Өлбөскө жүргөн байланып, Өзү жалгыз олтуруп, Тамактанып жайланып, Топчулугун топчулап, Үпчүлүгүн үпчүлөп, Кара бойун камданып, Карк темирге чапталып, Ат олоңун бекитип, Куйушканын кыскыртып, Атка минип дардайып: “Алдында барбай кыргызга, Күмбөзүнө Манастын, Караңгыда барайын, Эл тойунуп болгончо, Төбөсүн бузуп талкалап Эбин таап салайын, Дегеле өлөм баары бир.” Деп ойлонуп көгөрдү, Өчөшүп капыр жөнөдү. Кыраан кары Акжолтой, Алты бала котчу алып: — Жүрүгүлө, уулдарым, Мурдума жыт муундарым, Атагы алаш журтуна, Арка болгон айкөлдүн, Күмбөзүнө баралы, Барып кабар алалы. Эл кайтарган төрт баатыр, Элебей аны калабы, Кара нээт кан ичме, Күмбөзгө бузук салабы. Жети киши желденип, Жакын келсе күмбөзгө, Тоодой бойу калдайып, Келе жатат бирдеме, Акжолтой баштап ал жетөө, Карап турат бир жерде. Бузук ниет шумурай, Күрзүсүн күүлөп алганда, Чабуучудай күмбөзгө, Чакчайып жөнөп калганда, Үн чыкты күмбөз күркүрөп, Жерге кирди сүлкүлдөп, Көрүнгөн көзгө караан жок, Өзү калып Дабытай, Колунда күрзү жана жок. Күрзүсү жок колу кур, Турганы жок өзү шум, Жанындакы балтаны, Ийинге арта салганы, Чак деген үн угулду, Колундакы балтасы, Топтой учуп жоголду. Булгап алып найзасын, Колго алды бадырек, Атка камчы саларда, Колундакы найзасы, Ыргып кетип аркага. Мурункудай күмбөздөн, Кызыл жалын сүр чыкты, Кулак жарган үн чыкты: — Келе албайсың бул жерге, Аз күндүк калды өмүрүң, Ошол үчүн биз сага, Катылбайбыз дегеле. Эки күндө Кененим, Келип калат бул жерге, Кененим келсе элине, Кыргызга болот демилге, Жер бетинде далда жок, Сен батпайсың, — деди эле.