Аттуулары алдырап, Чаап кирип кеталбай, Балалуу турат жалдырап. Көрккө салып эрлерди, Көрсөтүп алып келгени. Аскерин сапка тизилтип, Барабанын кактырып, Сурнайларын тарттырып, Дабытайды караса, Жөө аскерге көтөртүп, Бар сөөлөтүн көрсөтүп, Келип турду майданга, Кененим деп бакырып, Кебимди ук деп чакырып: — Мен Дабытай улукмун, Сенин алың ошобу, Жалгыз башың турушуң? Азабың айдап келипсиң, Менден кайдан кутулдуң?! Батыш менен чыгыштан, Чыйракты такыр жеңдим деп, Ойуңда келген экенсиң, Мени ошондой экен деп. Байлоодо балбан алтымыш, Сен турасың жапжалгыз, Алтымышын он бештен, Ар ишке салам кандайсың? Бирине айла табалсаң, Биринен кандай кыласың? Жөө күрөшүп он беши, Муунуңду бошотот, Жалгыз кылды жара атат, Он беши жебе жаа тартат, Жаның кантип жай табат? Он беши чокмор чабышат, Жон сөөгүңдү талытат, Он беши найза сайышат, Жүрөктөн каның агызат. Кесилет бар, мен бармын, Кандай болот Кененим, Жалгыз жан сенин амалың, Кутулар жериң калган жок, Эбиңди өзүм табамын. Сыйкырчым бар нечен түр, Колуңду байлап шал кылып, Кара бойуң дал кылып, Айлаң кетет алдырап. Амалсыз туруп бересиң, Эки көзүң жалдырап, Сөөгүң сөпөт болосуң, Устуканың шалдырап! Деп Дабытай айтканда, Кененим айтат мамындай: — Бирден-бирден келбегин, Бириңди бириң көрө албай, Бириндеп жүрүп өлбөгүн, Атам Манас айкөл шер, Алтымыш балбан дегениң, Бир кишиче көрбөймүн! Жөө чыкканга жойкума – Болутум бар колумда, Мергениңе, Дабытай, Аленгир жаа, сур жебе, Асынып турам жонумда. Он бешиңе бир жебе, Жан алычу огум бар, Чокморлууңду чогултуп, Сом темир менен сомдоймун. Жандырып кайта чаппаймын, Бирден-бирден домдоймун, Найзакерге найзам бар, Аз келесиң он бешиң, Ылганып жүзүң чыгыңар, Жалгыз башым Кененим, Жүз миңге жалгыз тийерге, Жадабай турган демим бар. Карапайым кырк миң кол, Короодоку койго окшош, Кесилет менен Дабытай, Качып келдиң Таластан, Бөрүдөн качкан тайга окшоп. Белдүү болсо балбаның, Болгун, бачым чыгаргын, Кененимдин кебине, Кеп табалбай Дабытай, Жөө күрөшчү он бештин, Мойнунан кынжы алганы, Бирден барбай он беши, Жабылып жөнөп калганы. Кыргыздан чыккан кара көк, Кызматы элден бөпбөлөк, Жойкуманы кынынан, Сууруп колдо алганы. Эки чапсам уйат деп, Дабытай карап турат, деп, Оң жагына кылт этип, Оңтойуна келтирип, Жойкума менен он бешин, Тобун бузбай жалмады. Он беши жатты торойуп, Он беши өлүп кеткенде, Коросондон оолугуп, Он беши чыкты жаа тартып, Жебенин огу зыркырап, Он беш ок тийди шака-шак. Ойротто жок Кененим, Оң айланып имерди, Сап боло түшкөн кезинде, Жебени тартып жиберди. Жебенин огу жетиптир, Жер тайанып он беши, Жалпы баары шылк этип, Алтымыштын отузу, Ойрону чыгып кетиптир. Өлбөй калган отуздан, Он беши чокмор күүлөшүп, Он беши найза сүйрөшүп, Дабытайлап бакырып, Майдандын бети жаңырык. Ар жактакы элдерден, Сыйкырдуу дуба билгенден, Булутту кармап асмандан, Ат ордуна мингенден, Ортонуна жыланды, Камчы кылып илгенден, Жетимиш киши жабырап, Колу- бутун баатырдын, Байлайбыз деп бастырбай, Түркүн-түркүн дубасын, Түрмөгү менен салганы. Салган дуба өтөбү? Кененимдин кийгени, Жүйрүн дөөнүн көйнөгү. Каптап келген отузду, Имерип тийди Кененим, Чокморлууга чаптырбай, Найзалууга кактырбай, Аралап өтө бергенде, Найзакерден экини, Чокморлуудан бешөөнү, Томолотуп өттү эле, Мен- мен деген жетөөнү, Жыйырма үч балбан илегер, Баары мыкты кеменгер, Карсылдашып кагышып, Каарданып чабышып, Төбөдө чокмор чакылдап, Көөдөндө найза такылдап, Тегеректеп келгенде, Тентек тууган Кененим, Кайра жаачу булуттай, Кабагы катуу чүмкөнүп, Каз таман найза карманып, Манастап баатыр үн салып, Качырып кирди бет алып, Жаалысын көргөн кишинин, Жаны турбай ордунда, Аралап өтө бергенде, Жаныбарым кеңкула, Жаадай учуп зыркырап, Кагнаттуудай дыркырап, Беттеп сайып бешөөнү, Качырбай сайып жетөөнү, Он экини сайды эле, Карап турган коросон, Эс- акылдан тайды эле,. Ылачындай тийгенде, Баш тартпастан киргенде, Капташып калса баатырга, Кутулбасын билгенде, Он бири качты калдаңдап, Найзанын учу жетет деп, Как далыга бир койсо, Каражан кантер экен деп, Буттары барат тепеңдеп, Сакалдары эпеңдеп, Аркасын карап кылчаңдап, Эми жетет экен, деп, Балбандары качканда, Байкап турган Дабытай: — Элебей калсын Кененим, Сен, Кесилет, бар, — деди, Аркасынан туйдурбай, Аңтара сайып сал, — деди, Он миң балбан бирге бар, Туш- тушунан каман сал. Тордон түшсө канчасы, Кабат- кабат салгыла, Аты менен сүйрөтүп, Алып келе калгыла! Ат ойнотуп Кесилет, Арасында он миң бар, Кумурскадай быжырап, Кара курттай кыжырап, Каптап кетти коросон, Эчтекени элебей, Эрениң бара жатканда, Оролуп түштү отуз тор, Капташып калды мынча тор. Кесилетке сайдырбай, Кененимди тордоду, Мындай кордук болобу? Кудай уруп койобу? Карап турган калкы жок, Элүү- кыркын бир сайган, Кадимкидей наркы жок. Торго түшүп тордолуп, Колу- буту байланып, Жалдырап баатыр турганда, Эр Кененим көк жалды, Сүйрөтүп алып кете албай, Чөбүрөшүп жатканда, — Келе бери арканды, Мен сүйрөтүп кетем, — деп, Кесилет чочко айтканда, Үнүн угуп Кененим: Семетей бабам колдо, — деп, Абам Гүлүс жолдо, — деп, Карыйа Бакай кайда, — деп, Умай энем Каныкей, Көгүчкөн болуп кубулган, Көйкапта кохар тууру бар, Айчүрөк энем канаке, Жаадыма түштүң силер, — деп, Сыйынамын медер, — деп, Анык кайып болгондор, Жардамы болсо берер, — деп, Айабаса ат -тонун, Абам Гүлүс келер, — деп, Арканды алган Кесилет, Чырмап байлап бекемдеп, Үзөңгү боого салганда, Чиренип тартып калганда, Аты менен Кененим, Сүйрөтүп алып кете албай, Дүбүрөшүп жатканда, Жер силкинип козголуп, Топурак учуп тоз болду, Кененим деген үн чыкты, Жер жарылып суу чыкты, “Мен Гүлүстөн, сен Кенен, Турбай, балам, тебирен!” Абам айтып жатат, деп, Айкөлдү алды акылга, Кайрат келди баатырга, Бар кайратын бүт жыйды, Жаман туйлап күч кылды, Жетимиш темир тор экен, Калтырбай үзүп түз кылды. Күч келтирип айабай, Тартып жаткан арканы, Кесилетке тийиптир, Орой тийген чачылып, Күүсү менен аркандын, Элүүчөсү өлүптүр, Кеңкула менен Кененим, Кесилетти көрүптүр, Эр кененим жеткени, Кылыч менен мойнунан, Кыйа чаап өттү эми. Кесилет өлүп Дабытай Жетимиш аркан тор менен, Байланганда Кененим, Таманы менен жер баспай, Таркыла деп бакырып, Желдеп турган Дабытай, Кесилет деми суудай сууп, Кеп айталбай буулугуп, Керсары тартып өң кетип, Заманасы куурулуп, Буйрук берди аскерге, Жааган күндөй коросон, Кененимге куйулуп, Чуркурашып, кужулдап, Кара курттай кыжылдап, Тегеректеп киргенде, Дабытай турат бакырып: — Торчуң торуң таштагын, Найза сайар качпагын, Чокморлуу чапкын чокуга, Мергендин баары чогулуп, Чыгып тургун чет жакка, Арамзада Кененим, Жылыштап чыкса чет жакка, Жыдыманды житирип, Чечекейге аткыла! Элдери кабыл алыптыр, Торлорун түрүп белендеп, Беш миңи келип калыптыр. Белдүү тууган Кененим, Кылыч сууруп алганы, Кыйырын бузбай сулатып, Кылычтын канын чубалтып, Кылымдан чыккан Кеңкула, Жагалмайдай чуратып, Айдап кирди келгенди, Наркы элге чуулатып. Кылычтуу менен найзачан, Тамандан чыккан чаңды көр, Чайкалып жаткан канды көр, Чаар ичеги чубалып, Чыкпай жаны кыйналып, Чакыйып жаткан жанды көр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.