Бир колу бар, бири жок, Атаңдын көрү дүйнө шок, Бир буту бар, бири жок, Опасы жок дүйнө бок, Денеси калып башы жок, Теңи калып, теңи жок, Кулагы жок мулуйган, Бузулуп мурду бучуйган, Көзү чыгып олойгон, Башы жок мойун коройгон, Өлүп жаткан эрди көр, Жуушаган койдой торойгон. Тилин салып акактап, Суу ордуна кан жалап, Өлүп жатат нечен жан, Ачып- жуумп көздөрүн, Солуп жатат нечен жан. Муруттарын сербейтип, Эр өлүгү ар тоодой, Азууларын аркайтып, Ат өлүгү бир тоодой, Жарадан каны шыркырап, Жан талашып буркурап, Өөдө бол деп жөлөсө, Көз ачалбай шылкылдап, Антип жаткан андан көп, Күндү түнгө улантып, Түн кетип, күндү чыгартып, Кеңкула чуркап чаалыкпай, Кылычты шилтеп Кененим, Кырып жүрөт талыкпай, Жердин бети чыпылдап, Жуурулуп топо былчылдап, Албарс менен кайсалап, Абыдан кырып талкалап, Чамбыл ала чаң кылып, Кызыл ала кан кылып, Арасын ачып коо кылып, Чыдай албай коросон, Чогуу турбай суйулуп, Чаң созулта качканын, Найзага илип ыргытып, Топтуу караан көп элди, Айдап кирди чубуртуп. Сыйкырчы шамал салыптыр, Кененимди бир демде, Мунарык каптап калыптыр. Көптү көрүп, көп билген, Жүйрүндүн тилин сууруп жеп, Бар өнөрүн жат билген, Колундакы найзасын, Булгап- булгап имерди, Шамалды айдап жиберди. Шамал салган сыйкырчы, Санаты анын беш экен, Үч балбан кездеп Кененим, Келип калган кез экен. Балбанына карабай, Беттеп кирди бешөөнү, Жайыла кача бергенче, Жан куткарып кеткенче, Жапшыра сайып өттү эле. Камчылап атын чуратып, Артынан чаңын чубалтып, Найзасын күүлөп бакырып, Үчөө келет бакырып, Бир тарапка Кененим, Чыга берди булт койуп. Өтө берип балбандар, Оңолуп кайра тарткынча, Эр кененим кабылан, Жебедей учуп жеткени, Жер тайантып үчөөнү, Катар сайып өттү эми. Мен-мен деген үч балбан, Катар учту камгактай, Коркуп турат коросон, Кырат экен бизди деп, Бир кишини куткарбай, Алоолонуп кеңкула, Жаңыдан кызып алыптыр, Жанашып шамал жете албай, Чаңы аркада калыптыр. Топ-топ качкан немесин, Тоодак тепкен шумкардай, Томолотуп баратат, Жалгыздап качкан немесин, Жара сайып жүлүнүн, Канын жайып баратат. Тандалган балбан зорунан, Кол салышып келгенде, Жан кутулбас колунан, Талана деген бар эле, Тармалкөк деген аты бар, Тармалкөк ташты басканда, Талкаланып кетүчү, Талана талды кармаса, Суусу агып чыгуучу. Темирден тону беш кабат, Тентектин бири кызталак, Башында туулга жети кат, Беттешкенин мерт кылат, Алып жүргөн кан жалап, Кара темир калканы, Кабаты тогуз байкачы, Барган жерден баш алган, Бадырек өзү мыкаачы. Найза, кылыч, чойун баш, Кетелек менен сом темир – Баарысын билет түгөнгүр, Мылтык атып, жаа тартып, Баарын билет Талана. Балтасы аттын башындай, Көк дөбөдөй эр болсо, Күрөшүп жүрчү жашынбай. Тапа- так найза беш кулач, Аргамжыдай өргөн чач, Бөктөргөн иттей кашы бар, Жолум үйдөй башы бар, Көзү казган ородой, Жатып копкон жерин көр, Элүү кой жатчуу короодой, Кашы менен кирпиги, Карагайдын чериндей, Тиштери арсак кырчактай, Кара бойу мунардай, Колу- буту чынардай, Оозу тоонун үңкүрү, Бул өңдөңгөн адамды, Мындан мурун ким көрдү, Касабасы калкылдап, Кара бойу бүт темир, Күн чагылып жалтылдап, Айбаты элди коркутуп, Тармалкөк менен булкунтуп, Алы келбей оозуна, Алоолонтуп жулкунтуп, Кутурган иттей арсылдап, Азуулары карсылдап, Жер дүңкүлдөп дабырты, Жетип келди чукулдап. Баатырдын белек Каракөк, Карап турду тамылжып. Жекелеп келген Талана: — Жекеге келдим мен сага, Жиним келип козголдум, Табылбайт бүгүн саа даба. Кармасам ташты талкандап, Качырышкан немени, Келатамын кан жалап. Эркиңе койдум нечен күн, Эрдик жолун талашкан, Эрди сынап көрөм деп. Мен- мен деген далайдын, Канын ичтиң, Кененим, Көрүп туруп кейпиңди, Өзүм эми келгемин, Эми кайта жер бетин, Экинчи көрөм дебегин, Талпагың ташка керейин, Тереңди тасма тилейин, Кутурупсуң, Кененим, Көөкөрлөп каның ичейин, Айтканыма жетпесем, Найзага илип кетпесем, Өзөгүңдөн жарбасам, Өпкө бооруң албасам, Бооруңду чокко салбасам, Жүрөк каның ичейин, Каныңа кылыч майласам! Жасатыңды найзага, Илип алып, Кененим, Дабытайга барбасам, Талана атым курусун, Алтын жака асыл тон, Сыйлыгымы албасам! Кененимдин айтканы: — Бөөрү-жору болот деп, Көзгө басар малына, Күлүк аттын жалына, Кыргыздар байлайт айбаалы, Айбаалысың сен дагы, Жер менен жексен кыламын, Сендей нечен айбанды! Үстүңкү ээрдин калбайтып, Көк-асманды шыпырып, Алдыңкы ээрдин далбайтып, Кара жерди шыпырып, Мактанышат чанданы, Сендей бойу беш келет, Жору куйрук кызыл алп, Кутулуп кете албады, Ашкере тийип жардамы, Атам Манас арбагы! Сегиз миң жыл жашаган, Адам ойлоп тапкысыз, Нечен ишти жасаган, Кутулбады Жүйрүн дөө, Керк көтөрбөй, пил минбей, Антип жүргөн нечен дөө, Кутула албай баарысы, Колунан кетип намысы, Кучагын жайып кулачтап, Жерди жыттап калышы. Сен ошонун бирисиң, Калыбектин алдында, Сен канчалык кишисиң?! Кененимден кеп угуп, Кекээр кептен жеме угуп, Токтоно албай Талана, Ачбөрүдөй жулунуп, Найзасын күүлөп акырып, Дабытайлап бакырып, Кененимге бул айбан, Келип тийди качырып. Ачуусунан айбандын, Оозунан көбүк чачылып, Үнү күндөй күркүрөп, Уккан кепке ачынып, Көзүнөн жалын от жанып, Таноосу көөп дердеңдеп, Сакалдары байпаңдап, Чылбырдай болуп чубалып, Саамай чачы салбаңдап, Жарты көлдөй жылтырап, Маңдайда көзү алаңдап, Арбашып жаткан жыландай, Ээрди-мурдун жаланып, Найзасынын учунан, Кере кулач от жанып. Карап турат Кененим, Камаарабай залкайып. Элеп койбойт кененим, Эчтемеден кайгы жок, Элинде турган немедей, Кудай артык жараткан, Кененимди ченебей, Арстан тууган каракөк, Айласы журттан ашкан көп, Талананын найзасын, Балта менен какканы, Балта тийген бул найза, Асманды карай учканы. Тараша кетип быркырап, Сыныктары асманга, Учуп жүрөт чыркырап. Темири учуп асманга, Күн чагылып жалтылдап, Кимибизге түшөт, деп, Башына калкан жамынып, Аскердин баары калтылдап, Аңгычакты болбоду, Талананын башына, Чапкан балта чакылдап, Айта- буйта кылгынча, Ана- мына дегинче, Ачып көздү жумганча, Андас тууган Кененим, Алтымыш койуп өттү эле. Калкандан кызыл от жанып, Жайнап жерде чок калып, Чарайнага найзанын, Учу тийип такылдап, Байкап көрсө коросон, Таланага кез болуп, Келгендей өлүм жакындап. Колдо турган Дабытай, Атынан айтып акырат: — Талана! — деп бакырат, Баатырлык кана, эс кана? Кененимге былк этпей, Туруп берип майданда, Андестик керек эмеспи, Аңкоолук кылбай мындайда! Дабытай үнү чыкканда, Талана таамай укканда, Андестик кылып шапа- шап, Чокморун сууруп алганы, Күүлөп- күүлөп чокморун, Кененимди чапканы, Адис көнгөн Кененим, Балтаны кармап сабынан, Талананын чокморун, Кагып ийди алдынан. Кененимдин балтасы, Сырты тийди таманга, Талананын чокмору, Каңгып кетти асманга. Чокмор кетти каңкылдап, Жер-сууну бузуп даңкылдап, Ашыккандан Талана, Арбайтып колун сунганы, Каракөк тууган Кененди, Жакасынан алганы. Кайраты артык Кененим, Бул дагы алды жакадан, Жакалашып тартышып, Тамандашып тебишип, Этектен орой кармашып, Барлык күчүн арнашып, Ээр кашына орошуп, Алалбай аттан түшүрүп, Алаканга түкүрүп, Жакаларын жыртышып, Кемерлерин үзүшүп, Ат үстүндө сүзүшүп, Мурундун каны тамчылап, Кеңкула менен Тармалкөк, Ат айабай камчылап, Ажырата тарталбай, Жанга өлчөлүү тулпарлар, Кулактарын кайчылап, Капталга атты салышып, Кандыргалап жарышып, Эңиш менен жарышып, Эликтей колун сайылтып, Асабасын жайылтып, Өргө салып тартышып, Минип жүргөн аттарын, Кулжадай төшүн салынтып, Аттар чарчап жүрбөдү, Жөө күрөшкө кирди эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.