Кененимдин Кесилеттин башын кесиши
Бара жатып Дабытай, Коросонго жөн барбай, “Алгандын иши алган, деп, Душмандын качан бир кылым” Шаңкай деген кыргыздын, Бир уруусу эл эле, Жетисуу менен Коросон, Ортосунда турчу эле, Утур келип ал жерге, Шаңкай кыргыз элдерге, Кененимге айткын, деп, Азабыңды тарткын, деп, Адамына тийбеди, Басып жүргөн тирүү мал, Сандыктагы алтын зар, Орого куйган эгин бар. Жайылып чыгар мал койбой, Маана кылып жаанда, Баш калакалар үй койбой, Сойуп жерге кой койбой, Суукка кийер тон койбой, Үрүп чыгар ит койбой, Азыгы жок, үйү жок, Бут артарга тайы жок, Алсыратып шаңкайды, Таштат атып жөнөдү. Чуркурап ыйлап жабыла, Чогулушту сай-сайга, Бут артарга малы жок, Арзын айтып Таласка, Кененимге барганга. Кеңгиреп ыйлап ар кайда, Чогулуп өлүп алалбай, Казып жерге кире албай, Өлөйүн десе жан таттуу, Кирейин десе жер катуу, Ыйлабаса мал таттуу, Таттуу эмей неткени, Көрүшпөгөн көрүшсө, Аманбы деп мал-жаның, Мурун айтып мал жагын, Ал сураша кеткени. Коросон барып Дабытай, Козголбой жатып ала албай, Талап алган кыргызды, Малы-пулун айабай, Эки бөлөк кат жазып, Саламат менен Ачакан- Ал экөөнө деп, жазып, Бат жеткизип келгин, деп, Жөнөткөн эле бир күнү, Эки киши аткарып, Учурап калды Кененим, Кетемин деп келатып. Таластагы урушта, Кененимдин аскери, Тааныгандын бири экен, Кененим аны тааныбайт, Тааныды бизди деп шашып, Аша-шаша калдаңдап, Аттарынан куланып, Жыгылып-кууп тамтаңдап, Таазим кылып бүгүлүп, Катындарча жүгүнүп, Кендиргелеп бүгүлүп, Келиндерче жүгүнүп, Кеп айталбай аптыгып, Кер сары болуп өң азып, Таноолору кыпчылып, Тарамышы тырышып, Салам айтып калтырап, Корккондугу билинип, Кол куушуруп турушту, Көздөн жашы бош кетип, Мурдун тартып шор этип, Маңкалары чубалып, Эми өлдүк бүт дешип, Кененимге кезигип, Кетти деп башым кесилип, Кеп кылалбай турганда, Кейпин көрүп булардын, Мени тааныйт экен, деп, Кененим айтат мындай кеп: — Калтырап келип турасың, Кайсы жактан келесиң? Кебиңдин айткын ырасын, Кеп жашырып калп айтсаң, Чыгарамын жыласың! Кененимдин каарына, Булар кантип чыдасын, Айтты кептин ырасын, Кош колдоп суна беришти, Дабытайдын кагазын. Бендеден белдүү кара көк, Катка көзүн салганы, Катты окуп алганы, Дабытайдан кеп-кеңеш, Абдан сөзгө канганы. Карап калып кайран шер: “Кайрылбай кете берсемби, Саламат менен Ачакан, Таппай кайтып келгенде, Кантер экен Дабытай, Андан кийин көрсөмбү, Суу толкутуп чайкалтып, Толтура куйуп чайпалтып, Келген күнүн көрсөмбү? Батыш менен чыгыштан, Киши келбейт байкасам, Келип калса кокустан, Эл упурап чачылат, Арада канча киши бар, Ошонун баары кысылат. Шаңкайдын эли шалдайып, Үпөндүктөн ажырап, Боз ала болуп олтурса, Баарыдан жаман иш турат. Шаңкайдын малын берсин, деп, Саламат менен Ачакан, Катары менен өлдү деп, Буларды кайта жумшайын, Жакшы кепке келишсе, Жаңжалдашып жүрбөйүн, Дабытай менен салышып, Калдаңдашып жүрбөйүн. Элиме келдим дегенсип, Эрдемсип мойнун толгосо, Кекиликтей мойнунан, Тетир толгоп үзөйүн, Ийри жерин түзөйүн.” Деп ойлонуп кабылан, — Келген экөөң кет, — деди, Дабытайга жет, — деди, Бара жатып аларга, Учурап калдык талаада, Кененим деген балаага. Саламат менен Ачакан, Жылдыз чыкпас күн тийбес, Келбес жерге кетиптир, Жеталбадык аларга, Деп айтып бар ханыңа Катына катты Кененим, Жазып койду бетине, Айчыгы алтын чоң мөөрүн, Басып койду четине. “Шаңкайлыктын мал-пулун, Бузбай-чачпай алдыма, Айдап келгин Дабытай, Бир беттешип көрүшүп, Кайтып кеткин Дабытай, Бузулбастык убадаң, Айтып кеткин Дабытай, Бекер жерге жол салчуу, Бейкут элге кол салчуу, Мен эмесмин, Дабытай, Алты атамдан жети атам, Айтканын танган эр эмес, Ак калпак кыргыз биздин эл, Пейли бузук эл эмес, Колго тийсе кош болгон, Кишинин баары сен эмес, Ушул кылган жумушуң, Адам кылар иш эмес, Ууруча барып айлыңа, Кол салуучу мен эмес. Айткан кепке болбосоң, Арманың ичте калбасын, Айанбастан камдангын, Камың бүтүн болгончо, Камаарабай мен бармын, Кагышар болсоң бел байлап, Аркаңда аскер жардасын, Ачакан менен Саламат, Ажырап андан сен калдың.” Деп жазыптыр Кененим, Убадасын токтотуп, Бек жазыптыр Кененим. Катты алып байкуштар, Кайта жолго салышты, Карбаластап энтеңдеп, Ханына жетип барышты, Өзү жазган кагазды, Өзүнө бере салышты. — Алты күн болду кеткели, Бүгүн кайтып келгениң, Ачакан менен Саламат, Бербей кайта не келдиң? Бири мыкты жан экен, Кеп айтканы шар экен, Айткан кеби ал экен: — Буйрук алып, кат алып, Буудандан тандап ат алып, Аттанып чыктык талаага, Учурап калдык баратып, Кененим аттуу балаага. Шамал болбос, күн тийбес, Жерге кеткен эки жан, Адам жеткис аларга. Катыңды окуп кат берди, Кет элиңе, кайт, деди. Бир бетине жазылган, Колуңузда кат, — деди. Угуп туруп Дабытай, Бул эмине шумдук, деп, Бетин ачса кагаздын, Берекелүү бек айбат, Аты чыкты Кененим, Андан кийин караса, Мени менен көрүш, деп Каты чыкты Кененим: “Саламат менен Ачакан, Кат берипсиң Дабытай, Жылдыз чыкпас, күн тийбес, Айылда экен ал экөө, Кайра жанды жигитиң, Хандарыңа жете албай.” Шаңкайлыктын малы бар, Баарын угуп Дабытай, Эки көзү жалдырап, Колу-буту шалдырап, Тил байланып, балдырап, Бойго кирип калтырак, Олтуруп кетип бир далай, Чоңдорун такыр чогултуп, Топтуу караан олтуруп, Коросондун Дабытай, Короосунда күпүлдөйт: — Кыргыздан келген кызталак, Тең кишидей кат жазат, Көрсөтөм деп дүпүлдөп. Кырк алты шаар Коросон, Мен коркомбу ошондон?! Кырылышып өлөмүн, Жалаңгыч сары Кененим, Ойлонбоптур өлөрүн, Көп кишинин бириндей, Мени ошондой көргөнүн! Алтымыш алты алпым бар, Кесилеттен башкасы, Тең келеби Кененим, Жалгыз кара бир башы, Өлтүрүп койсом бул жерде, Жанында караан киши жок, Кыла турган көз жашы, Жыга чаап Кененди, Өлтүрүп койуп нетемин, Не муратка жетемин? Мойнунан байлап тайгандай, Ай-ааламды кыдыртып, Аныктап берем эсепти. Алы канча экенин, Кененим анан чактасын, Уккан жандын баарысы, Дабытай деп мактасын! Деп күркүрөп бакырып, Кырк алты шаар Коросон, Кырк алты киши чаптырып, “Казык киндик калбасын, Келбей жатып албасын Келген киши жөн келбей, Үчтөн жарак кармасын. Жергесин да, жээнин да, Жергеси менен таайын да, Түп көтөрө айдасын!” Буйрук кылып кат жазып, Жакын жерин үч күндөн, Алыс жерин он күндөн, Калбай келсин деп жазып, Каран түн салып элине, Тумтак күнүн түгөтүп, Сүрдүрүп келип чогултту, Коросондун элине, Көрүнөө салып кордукту. Эл чогулуп болгондо, Жер каптап аскер толгондо, Алтымыш балбан санаты, Булардын ишин карачы, Ар балбандын колунда, Чокморлору кармалды. Башына туулга көмөргүн, Сом темирин өңөргөн, Далыга калкан жамынган, Белине темир курчанган, Беттеп кирсе майданга, Чыгарчуудай күм талкан. Кабааган иттей арсылдап, Азуулары кычырап, Жулкунуп турат токтобой, Ооздорунан көбүгү, Ууртунан агып буртулдап. Байлоодо туруп бакырып, Билектерин түрүшүп, Бирин бири качырып, Карс дедире сүзүшүп, Байлоодогу алтымыш. Он бешинин иши экен, Жөөкүрөшүп эр алган, Карсылдатып жаа тарткан, Он беш эле киши экен, Чокморлошуп чабышкан, Он бешинин иши экен, Найза сайып ат минген.