Көөдөндөрүн тирешип, Буттары жерди жирешип, Булкуп- силкип имерип, Так көтөрүп аларда, Салмагын жерге салганда, Тизеден жерге малынып, Жер чыдабай жарылып, Топурак учуп, тоз учуп, Тунарыктап боз түшүп, Жердин бети жарылып, Казан каптай нечен таш, Аңтарылып торойуп, Башбагып жерден коройуп, Тизе бойу көрүнүп, Нечени чыкты соройуп, Түбү менен өнгөн чий, Карарып калды торойуп, Кээ бир таштар көмүлүп, Жерге кирди жоголуп. Саз чылпылдап суу чыгып, Какырдар арык коо чыгып, Эки күнү -эки түн, Эрикпестен күрөштү, Эгем өзү билбесе, Эми кандай болушту. Чарчаганда дем албай, Чай кайнамга тынч албай, Дем өткөрүп бир тынбай, Талана айтат талабын, Кененимге туралбай: — Элким келген, Кененим, Эдегенде мен сенин, Эр экениң билбедим. Кол салышып кармашсам, Мен койбоймун дегемин. Ат үстүндө алыштык, Арып- чарчап талыктык. Ат олоңун бекиттик, Оодарышып кармаштык, Кылышпадык жармаштык, Багалектен алыштык, Барлык күчтү салыштык, Ийилбеген кайран бел, Балтыр этти талыттык, Орой- торой чалыштык, Ороолонуп көрүштүк, Өчүгүшүп күрөштүк, Баштан берки адатым, Балачактан санатым, Жети күндө бир тамак, Иче турган кезегим, Бирден- бирден санадым, Бүгүн болуп калыптыр, Тамак ичер убагым, Тамактанып келейин, Сенден нөөмөт сурадым, Мени менен бирге бар, Тамакты кантип айайын. — Талана, барсаң барып кел, Бачымыраак кайтып кел, Керээз ашың ичип кел, Өлүм тонуң бычып кел, Кеңешиңди салып кел, Катын -балаң бар болсо, Ыраазылык алып кел. Кайта бара албайсың, Мен барбаймын, Талана, Кароолонуп кетпеймин, Үзүлүп түшүп тамакка. Кененимден жооп алып, Калкына келди Талана, Кара тоодой калдайып, Барып түштү айлына, Көк камандай дардайып. Дабытай баштап зорлору, Баары келди чоңдору: — Талана баатыр, не болдуң? Ала келбей бул жерге, Талаага таштап не койдуң? Талана айтат мамындай: — Араң келдим жан калбай, Байлап келмек тургайлык, Мыдыр этер ал калбай. Жалынып сурап жооп алдым, Тамактанып тойунуп, Анан кайта барамын, Алым келсе аламын, Алдырсам өлүп каламын. Башы ара, буту айры, Бендеден бүткөн таш экен, Айтышынча Кененим, Барбаган жери аз экен. Жүйрүн дөөнү баш кылып, Албаганы жок экен, Уруудан чыккан эр экен, Ойротто мындай жок экен, Азыркысын Кененим, Жайнап жаткан чок экен, Катылышкан ошого, Капташкан эрдин шору экен. Болгула тамак бергиле, Дайарлагын мен жээрге. Токочтун саны жүз сексен, Тойбоймун арзан мен жексен, Ооз оту болор жерим жок, Жүз сексенди мен жесем, Атан төө сойгун, уй сойгун, Ага кошуп кой сойгун, Чочко сойгун, ит сойгун, Алты күнгө дайарда, Арактан алты көөкөрдү, Азыр ичем экөөнү, Тамакка кошуп төртөөнү. Эшкен чеге жип болсо, Алып келгин алдыма, Жамбашыман катуурак, Өткөндө жакшы уктаймын. Деп тапшырып Талана, Жатып калды дардайып, Үңкүрдөй мурду карарып, Бута атым жерге учуруп, Мурду менен дем алып. Ашып- шашып ашпаздар, Аш -тамагын белендеп, Жүгүрүшүп дереңдеп, Алты күн өттү арадан, Тура калып Талана, Ашырбай жеди тамактан, Дайардын баарын жеп болуп, Аттанып чыкты айылдан, Тармалкөк менен зоңкойуп. Кеңкуланы чалдырып, Бир кудайга жалынып, Качан келет Талана, Шашып турат Кененим, Ач жолборстой чамынып, Талананы көргөндө, Таакаты калбай ачуудан, Бузулган күндөй бүркөлүп, Кайра жаачу булуттай, Кабагын чытып түмпөйүп, Талана келди аңгыча, Көпкөк темир чүмкөнүп. — Мен тойуп келдин, Кененим, Сен турасың ач курсак, Эми кантер экенсиң? Эркиндеп өскөн мен камыш, Сен сууда турган жекенсиң, Тагдырың ушул белем, дейм, Сөөгүңдү алар киши жок, Бул дүйнөдөн кетерсиң! Бакырыгы баш жарып, Баштан өтүп таш жарып, Качырып тийди Кененге. Найзага найза кагышты, Кадимкидей бул экөө, Бир беттешип жанышты, Өтө берип толгонуп, Жаан айланып салышты. Каарданып Кененим, Абасы Гүлүс кептенип, Заарданып Кененим, Манастап ураан чакырды, Тармалкөктөн солтойтуп, Сайып өттү капырды. Тоңкойуп барып жыгылды, Жер тайанып Талана, Бута атым жерге шаркырап, Оозунан кетти атала. Коросон жагы бекиди, Кишиси жок барарга, Дабытай калды ойлонуп, Индистан көздөй качарга. “Индистан барсам батамбы? Кененимдин айласын, Анда барсам табамбы? Индистан барып нетемин, Жөн койбой мени коргогон, Каңгайга барсам бекемин. Кудуска барсам батырбайт, Бир күнү менижашырбайт, Багдатка барсам батпасам, Мисирге кирсем кондурбайт, Дегеле мени оңдурбайт. Багдат, Мисир, Кудусту, Жөөттөр камап турганда, Жөндөп берген Кененим, Барган менен аларга, Батырбасын билемин. Индистан барсам Кененим, Кууп барса артымдан, Индистан кууп чыгарбы, Бузук деп мени калкынан? Каңгайга барсам табамын, Ким үчүн минтип калганым, Өктө кылып айтамын. Кара кытай, манжуда, Шибе, соло, муңгулда, Аркалар киши калган жок, Барган менен мен анда” Коросондо Дабытай, Баш калкалар бай таппай, Бара турган жай таппай, Көр напсиге алданып, Калмактан дүйнө алам деп, Кайран жан калды сай таппай. Санаасы санга бөлүнүп, Тирүүлүктөн өлүмү, Карыш жакын көрүнүп: “Кененимди угушта, Кең пейил деп угамын, Пейли мага кең болбойт, Саламатты бузганым. Саламатты бузбасам, Карайт беле Кененим, Талана бар менде деп, Көңүлүм ток жүргөмүн. Таланадан айрылдым, Белдүүдөн калбай баары өлүп, Канатып сынып кайрылып, Калмактан тартуу алганда, Акылымдан айныдым. “Оро казсаң тайыз каз, Өзүң түшсөң чыгарга” Оро казып Кененге, Өзүм түштүм түбүндө, Амалым кетип куурулуп, Сарсанаа болдум бул күндө. Кайрат кылып качырсам, Калбаса тирүү чымын жан, Өлтүрбөй койсо өзүмдү, Коросонду тапшырсам” Малы кетип куурулуп, Өңүнөн азып кубулуп, Чын шаштысы кеткенде: “Качырышып Кененге, Кайрат кылып көрөйүн, Качантан бери кармашта, Талыды бекен Кененим? Алда канча алп менен, Айыгышып чарчашты, Арыды бекен Кененим? Өз жеримде элимде, Өчүгүшүп көрөйүн, Өзгөчө көңүл бөлөйүн, Өлүм келсе качпастан, Кайрылбас жайга жөнөйүн. Кадимки наркым бар болсо, Канын төгүп келейин, Өнөгүмдү мен кантип, Өз колумдан берейин?” Деп ойлонуп алганы, Кайра качар жери жок, Коросондун Дабытай, Коржоңдоп жөнөп калганы. Кененим көрүп караанын: “Келе жаткан Дабытай, Келбей кайда барасың, Эч айлаңды таба албай? Жакшы айтып келсең жалооруп, Ар ишиңди кечейин, Өчөшүп келсең элөөрүп, Так башыңды кесейин” Деп ойлонуп Кененим, Жалгыз жүрүп көптү алган, Нойубаган эреним, Эрлик жолдон тайбаган, Эч кимге алын айтпаган, Көрүнүп ажал турса да, Башын булгап качпаган, Сан- санаксыз жоо келсе, Сабылып коркуп шашпаган, Көптү көрсө күч алган, Өрт жалындай тутанган, Намыска белин буунган, Кан менен колун жуунган, Кан төгүшкөн ким болсо, Чечекей чукуп көз алган, Боорун жарып өт алган, Кара дебей, баш дебей, Өзүм дебей, жат дебей, Кан агызып баш алган, Карабаган кишиге, Ошол үчүн Кененим, Жалаңгыч сарык атанган. “Жанымды айап нетемин, Качып берип ар кайда, Баш калкалап жүргөнчө, Балталашып көрөйүн. Барган жерде макул деп, Маа кошулса жакшы кеп, Калкынан качкан караан деп, Карабаса кийин кеп, Элинен азган кишиге, Эки жылга эл жок, деп, Жеринен азган кишиге, Жети жылга жер жок деп, Жеткирлер айткан бу бир кеп.” Ар бир акыл ойлонуп, Ар нерсе ичке жык толуп, Арылбаган муң бул деп, Айласы кетип Дабытай, Баш айланып тел болуп, Эшитер кулак кер болуп, Эт жүрөгү чер болуп, Качамын деп качалбай, Чыгамын деп чыгалбай, Коросондун элине, Мурункудай ээ болуп, Калдайып карап туралбай, Аманат жанга күч келип, Минген атын камчылап, Алчыланып барганда, Баш калкалап мааналап, Барбай койор айла жок, Бастырып кирди туралбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.