← Кененим 6/10

— Кой деген тилди албадың, Болбой бирге барганың, Сүйүн менен Чолпонбай, Жолборсторду жалмадың. Дүйшөмбүдө кырдырдың, Кыргыздын далай балдарын, Пайдасы тийчүү элине, Баш көтөргөн чыйрагын. Өлүп кеткен эл эмес, Өзүң дагы аз калдың, Жол талашып калыпсың, Мен барбаймын сен баргын, Саламат менен Бактыбай, Катарың менен жалмайын, Коросон менен ин испанга, Андан кийин барайын! Деп Кененим заарданды, Кың кылалбай Бактыбай, Коросон менен испанды, Бириңе бириң катышпа, Жолдо жаткан тынч элге, Калба салып атышпа, Өз элиңе кеткин, деп, Айдап жолго салганы, Бүлдүргөчө бир неме, Олжо кылып албады, Бактыбай элин ээрчитип, Атбашыга жанганы. Саламат кандай болду, деп, Эр Кененим жолборстун, Ойунда бар ушул кеп, Кеңкула минип болкойуп, Ээрчитип чыгып алашты, Атасы өткөн Манастын, Арбагына сыйынып, Элин кайта кетирип, Саламатты табам деп, Залкарың эми аттанды. Муну койо туруңуз, Качкан менен куугандын, Кабарынан угуңуз. Түндө качып Кесилет, Дабытайга кез келет, — Качып чыктым, Дабытай, Кененим эмес, Саламат, Сайышына чыдабай, Жаның аман калдыңбы, Кененимдин колунан, Бир адисе таап албай, Кетебизби, Дабытай, Ачакан кандай болду экен, Андан кабар алалбай? Менде алым калган жок, Таласка кайта баргындай, Бармак түгүл Таласка, Кылчаңдап айал кылгындай. Кесилеттен, Дабытай, Келер-кетер кеп угуп, Булар минтип жатканда, Ачакан калды жолугуп, Ачакан айтат мындай кеп: — Хан Дабытай, Кесилет, Кара башым калкалап, Качып чыктым мен болсо, Калгандарды мейли деп, Кыргызга бердик көп элди, Бизге болду кыйын кеп. Алданып каңгай элине, Ааламга шылдың болдук, — деп, Токтообстон шапылдап, Дабытай айтат акыл кеп: — Адатыңча Кененим, Койо берет калганды, Өз элиңе кеткин деп. Токтолбой жолго салалы, Коросон менен испандын, Айрылышар жеринде, Ачамай жолдо туралы. Койо берген биздин эл, Убап -чубап барбайбы, Өткөрүп ийип ар жакка, Чогултуп элди жыйнайлы. Кууп барса Кененим, Кол куушуруп турбайлы, Эси жок уруш кылбайлы, Бир-бирден чыгып жекеге, Көмүскөдө көрүнбөй, Экөөбүз бугуп туралы, Алдын тосуп амалдап, Ошондой уруш кылалы, Кененимдин эбин таап, Көмө сайып жыгалы, Кененим колго тийгенде, Таласты талаан кылалы, Кыргыздын тарпын чыгарып, Талап алып тыналы, Келбей койсо Кененим, Келээр жылы камынып, Таласты карай жылалы, Таштап койсок бул бойдон, Уккандар шылдың кылбайбы. Айтканың ырас, акыл кеп, Жүрүп кетти макул деп, Күн түнү жок жол жүрүп, Ат айабай мол жүрүп, Коросон менен испандын, Айрылышар жерине, Жетип барып жай алды, Жай алып жатсын Дабытай, Дабытайды мааналап, Кесилет менен Ачакан, Жанында жатсын байкуштар. Кетип барат Саламат, Атын айап бир тынбай, Үч баатыр жаткан жерине, Келип калды Саламат, Келе жаткан кишини, Бугуп жаткан адамдар, Көрүп турду тамамат. Саламатты көргөндө, Калтырады Кесилет, Тамтаңдады Ачакан, Ал экөөнөн Дабытай, — Эмне болду силерге, Сасык тумоо тийдиби? Эр Саламат келгенде, Коркконуңдан калтаңдап, Кобалбай бириң тамтаңдап? Саламат уулу турмайлык, Сарыбай өзү келсе да, Мен барамын өзүм, — деп, Ит кезгенге ынак кул, Мен ойойун көзүң, — деп, Саламат менен беттешем, Кеңешим айтып кептешем, Кеңеш кепке кирбесе, Байлап алып кетпесем, Кененимге көрсөтүп, Көрүнөө башын кеспесем, Айтканымды кылбасам, Дабытай болуп мен нетем? Коркконуң карап тургун, — деп, Коржоңдогон Дабытай, Кара бойу мунардай, Колу-буту чынардай, Узун бойлуу кең далы, Эмикинин балбаны, Өтө сулуу кызталак, Меңсиз бети апаппак, Кең көкүрөк, кууш айак, Баатырлык сыны таанылат, Сары кирпик, жалтыр көз, Шыңга бойлуу кагалес, Өтө кыйын чабандес, Жүрөгүндө кара жок, Жазганып калар эр эмес, Минген аты төрт айак, Чаалыгып калар мал эмес, Таамай кырк күн чабышта, Талыгуучу жан эмес, Ат койуп чыга калганда, Алыстан келген Саламат, Ат ойнотуп баратат, Тосо чыккан Дабытай, Токтоло калып муну айтат: — Сен Саламат эрсиңби? Мени менен теңсиңби? Айтканда кепти билбеген, Ала көөдөн жерсиңби? Эрдигиң чын, күчүң бар, Кул болгонуң ыраспы? Атаңдын кунун кууп албай, Ушуну менен эки айттым, Намыс кылып туралбай, Алооке, Дөөхан барында, Маңгыттын элин башкарып, Чоң атаң жүргөн катарда, Бадыкөлдү сойлотту, Кыргыздын жинди Манасы, Сенин атаң Мадыкөл, Атанын кунун талашты, Мадыкөлдү сойлотту, Канкор Манас баласы. Эки сапар элиңди. Кыргыз буруп таратты, Маңгыт, бараң, шаңкайды, Жүржүт, жуда, калчаны, Башканын көзүн каратты, Өзүңдүн атаң Сарыбай, Опсуз намыс талашты, Таласка келип салышып, Кыргыздын элин жадатты. Кайыптын кызы Куйалы, Айчүрөккө алдатты, Кыздан чыккан шер экен, Сарыбайды кууратты. Сен бой тартып өскөндө, Айчүрөк баккан Жезбилек, Сени алдады кызым, деп, Менден уксаң ушул кеп. Күн батыш барды Семетей Ээрчип бардың элебей, Дөөлөр менен кармашып, Үч жыл жаттың ченебей. Ат жалын тартып мингели, Кененим жүрөт, саламат, Бучкагына теңебей, Жалганы жок чынды айтам, Жашырбай ички сырды айтам, Жети дөөнү Кененим, Бүткүл баарын жеңгенде, Сага соога кылган жок, Найза эмес темене, Качан алды теңине? Ойлоп көрчү дегеле, Сен жүрөсүң далбаңдап, Кененим деп жөн эле. Кыйа карап мойун бур, Билинип калат бирдемде, Булкунуп көрчү тик айтып, Башыңды алам тим эле. Адам болбой жерге кир, Саламат болбой көргө кир, Сенин ушул ишиңе, Менин көөнүм болот кир! Сен билбейсиң, Саламат, Элдин баары айыңдап, Сага калды жаман ат. Бүт дүйнөнүн элинде, Мойнуңда бар бир наалат. Бадыкөл менен Мадыкөл, Эр Сарыбай кутургур, Тукумсуз өтөр эр беле, Сарыбай эмес Саламат, Атаң сенин ким эле? Башка болсо чын атаң, Жашырбай айтчы! — деди эле. Сарыбай эмес Саламат, Башка атаң бар беле? Жандама атаң бар болсо, Жашырбай айтчы дегеле! Сен төрүнөн бүтсөң төшөктүн, Сарыбайды эске алсам, Жалындап күйөт өзөгүм, Өзүң айтчы, Саламат, Атаң эмес Сарыбай, Башкада болсо күмөнүң! Чын болсо атаң Сарыбай, Эмне кылып жүрөсүң?! Деп Дабытай айтканда, Карап калып делейип, Муздагандай селейип, Сакалдары бириндеп, Муруттары тиктейип, Атам эмес Сарыбай, Башка болчу дей албай, Кара жанга күч келип, Белге чапкан жыландай, Ичке ийрилип бүктөлүп, Төбө чачы үксөйүп, Бетинен чыгып сары түк, Кирпидей болуп түктөйүп: “Атым болсо Саламат, Атамды эске албастан, Кызмат кылып кыргызга, Болуптурмун жаман ат. Дабытайга мен бүгүн, Өч алышып бергин деп, Ээрчип чапсам кандай кеп? Дабытай менен Ачакан, Кесилетти кошо алып, Катар баарын кууратып, Таласка мындан барбастан, Элимден жыйнап кол алып, Койгулашсам кандай?” деп, Акыл ойлоп алайып, Аңырайып далайып, Кара бойун жыйнабай, Карап калды шалайып, Кошулмак болду мага деп, Дабытай турат данайып. Аңгычакты болбоду, Коросон испан элдери, Тирүү калган немеси, Колбуй баары келгени, Баштыгына кеп салып: — Кененим бизди кет, деди, Камчы сапча бир неме, Кыргыздын эли албады, Сиздер качып кеткенде, Тургузбай бизди айдады. Кет дегенче Кененим, Баарыбызды кырат деп, Өлтүрбөсө кыргыздар, Үй башына бөлөт, деп, Дене кул кылып алат, деп, Ойубузда бул эле. Кененим бизге келбеди, Бактыбай келип кет, деди, Бөлүнүшөр жерине, Чогулушуп бар, деди, Бириңе бириң катышпай, Бөлүнүп жолго сал, деди.