← Кененим 5/10

Түпөктүү найза желеги, Эр Саламат баатырдын, Эми тийди кереги. Каптап калган кошуундун, Канчасын сайып жиберди, Күүлөп найза сунганда, Күүсү менен найзанын. Жыйырма-отуздан кулады, Чапкан чөптөй жыгылып, Аркы-терки сулады. Өмдөгөн менен коросон, Туруштук кыла албады, Он алты миң киши экен, Алты айланып өткөндө, Ат үстүндө эрбейип, Он миңчеси калганы. Муну көрүп Кесилет, Өтө жаман арданды, Жылан менен чайандай, Заарын салып заарданды, Чыдай албай Кесилет, Белги берип кернейден, Элин жыйнап алганы, Ажалым жетсе өлдүм, деп, Азабым болсо көрдүм, деп, Саламаттын алдынан, Кесилет тосо барганы. Айанып калар жери жок, Кесилеттен тартынып, Калар киши ал эмес, Эр Саламат балбаны. Кезенишип көгөрүп, Кесирлер найза өңөрүп, Туулгасын томпойтуп, Төбөсүнө көмөрүп, Кемерлерин курчанып, Кер сары тартып сумсайып, Жутуп ийчүү немедей, Бузулган күндөй кумсарып, Жан алуучу найзаны, Жана кайта колго алып, Мингени тулпар дыркырап, Кузгун учуп жаткандай, Куулгулуп зыркырап, Найзанын күүсү күркүрөп, Учунда жалын от күйүп, Ойулуп кетчүү немедей, Жер силкинип дүркүрөп, Беттешип кирген эки дөө, Болуп жаткан дүңкүлдөк, Айкырышып бакырып, Ач кыйкырык чаңырык, Тулпарлардын туйагы, Топону көккө сапырып, Буларды көргөн адам зат, Акылынан жаңылып, Бактысы кимге жар болот, Кимиси өлүп жоголот, Кими өлүп ким калат, Кимиси жерди жастанат, Жардап карап эл турат, Кыргыз менен коросон, Коркуп эли ошондон, Койгулашып киришти, Кан аралаш сары суу, Агып жатат денеден, Колдоруна түкүрүп, Күн күркүрөп жаткандай, Талаанын бети өкүрүк, Жер чапчыган букадай, Күчөнүшүп өкүрүп, Тополор уйуп тоз түшүп, Топурак учуп боз түшүп, Топого булар көмүлүп, Асман ачык жер бүркөк, Жел чыкканда зыркырап, Асман көпкөк көрүнүп, Кудай бетин нары кыл, Эр Саламат, Кесилет, Эрегишип алышып, Эрикпестен чабышып, Бүчүлүктөр үзүлүп, Жакалары шалбырап, Этектери далбырап, Тил байланып так келбей, Сүйлөй албай балдырап, Тиктеп калып бир бирин, Далайгача жалдырап, Катыкүн уруш кылыптыр, Чыдай албай Кесилет, Жаткан болуп кечинде, Эл уктаган мезгилде, Коросон көздөй жылыптыр, Элин таштап салыптыр, Качып кетип калыптыр, Таң атканда Саламат, Качкандан кабар алыптыр, Былк этерге шай калбай, Жанчылып калган болучу, Өлүмүнөн карабай, Ээрдин кесе тиштенип, Кесилеттин артынан, Саламат жолго салыптыр, Бактыбай кантип атат деп, Кеткен экен Кененим, Муну билбей калыптыр, Испандын ханы Ачакан, Кыргыздан чыккан Бактыбай, Кыргызга колун салдырбай, Кыйын уруш баштаган, Жеткен жерде Бактыбай, Желегин жерге жапырып, Аралап кирсе айылга, Кандай заман болот, деп, Манастап ураан чакырып, Мыктап тийген качырып. Найзасын күүгө улантып Испандыкты Бактыбай, Күн жаагандай күн-түнү, Ойноок жардай кулатып, Беттеп сайып беш-ондон, Улап сайып үч-төрттөн, Томолотуп баратат. Топчу кулак кара кер, Арбытып чуркап алактап, Шай колдогон Бактыбай, Сапырып кетип баратат. Кара курттай кыжырап, Жер жайнаган быжырап, Испандыкты Бактыбай, Өз жанына ээ кылбай, Өпкө боорун жапшыра, Өлтүрө сайып жөнөндү, Муну Ачакан көргөнү. “Өтүп кеткен күндөрдөн, Топчу кулак атыңдан, Томоруп сайып алгамын, Ырас чындап келгенде, Сенден канча балбанмын, Ошол күчүм дагы бар, Эми сайып аламын, Саймак түгүл, Бактыбай, Өзөктөн каның жайамын.” Деп ойлонуп алганы, Алдында минген атына, Айабай камчы салганы, Бактыбай Кошой тукуму, Батасы журтту байыткан, Аны билбей калабы? Сабын бузбай сулатып, Сайып жаткан испанды, Таштап ийип Бактыбай, Кылчайып артын карады. Эки жанын каранып, Ээрди, мурдун жаланып, Бөрү тилдүү өткүр миз, Найзасын колго карманып, Ачаканды көргөндө, Жалгызектин Бактыбай, Кайра жаачу булуттай, Каар жүзүнө айланып, Жаалысы келип жүзүнөн, Ачаканга Бактыбай, Жебеден мурун жеткени, Найзасын булгап алгынча, Көмө койуп өттү эми. Испандын эли чуркурап, Ачакандын үстүнө, Чогулушуп кужурап, Бактыбайды ортого, Камап алды көпчүлүк, Камаарабай Бактыбай, Ого бетер күч кирип. Ителги тоодак тепкендей, Имерип тийди испанга, Ачаканда амал жок, Кыр аркасы кыйраган, Бактыбайга чыкканга. Бактыбайдын кер аты, Ок жыландай сойлоду, Испандыктын ичинде, Кара мурут Бактыбай, Ылачындай ойноду, Найзага утур келгени, Кара жерге киргени. Орто жерин ой кылып, Эки четин коо кылып, Арасын ачып жол кылып, Каскактын учун кан кылып, Испандын башын маң кылып, Желип жүрөт бургутуп, Топчу кулак кер аттын, Топко башын чулгутуп. Күн батышка аз калды, Испандын эли чуру-чуу, Барабанды какканы, Бактыбай чыкты бөлүнүп, Испандыктын көзүнө, Ач жолборстой көрүнүп. Элден чыккан Бактыбай, Кененимге жолгошуп, Эсенби деп көрүшүп, Эсендигин билишип, Жай-жайына барышты. Таң агарып атканда, Кесилеттин качканын, Кабарын укту Кененим, Саламаттын кеткенин, Аны да укту Кененим, Дабытай жана качыптыр, Муну да укту Кененим. Аңгычакты болбоду, Колу калып өзү жок, Ачакандын кеткенин, Аны укту Кененим, Кесилет менен Ачакан, Келтирди элин Кененим: — Коросондун тең эли, Испандыктын бүт эли, Баш кишиң качып кетиптир, Эки күнү - эки түн, Былк этпестен жат, — деди, Менден жооп болгондо, Андан кийин кайт, — деди. Бактыбайды баш кылып, Жергесинде кыргызды, Эл аралап бас, — деди, Жаны ачыган жамандар, Эл аралап барбасын, Элге бүлүк салбасын, Андан кабар ал, — деди. Кеңколдун башы жети төр, Жергелей жаткан элди көр, Аралап кабар алышты, Элибиз жыргап жатат, — деп, Кененимге барышты, Эл аманын билгени, Эр Кененим күлгөнү, Эки күнү – эки түн, Коросон менен испанга, Так төрт жылдай көрүндү, Эми кандай кылар, деп, Көзүнөн жашы төгүлдү, Санаасы санга бөлүндү, Эки күн эки түн өттү, Коросон менен испандык, Ыйлап жатып шолоктоп, Көзүнүн жашын түгөттү. Күн болжолу толгондо, Эли аман болгондо, Эр Кененим ошондо, Бактыбайды бар, деди, — Башчысы жок жесир журт, Эри өлгөн катындай, Бириңе бириң катышпай, Өз элиңе кеткин деп, Аны жолго сал, — деди, Кененимге ошондо, Бактыбайдын бир кеби: — Коросон менен испандык, Коржоңдоп мында келгени, Сүйүн менен Чолпонбай, Ал экөөнү жегени, Атын алып жөө кылып, Тонун алып жалаңач, Өзүн айдап ийели. Бактыбай мындай дегенде, Кененим мундай дегени: — Дабытай менен Ачакан, Алар таштап келбесе, Испан менен коросон, Өздөрү мунда келеби? Коросон менен испанга, Кордук болду буларга, “Касташып барган душманды, Тойгондук кылып кыргыздар, Ат-тонуна катышпай, Айдап жолго салды, деп, Алда кандай жумуш” деп, Аң-таң калсын уккандар. Карапайым букара, Калганда жок эч жазык, Чоңдорунун иши го, Бок дүйнөгө алданып, Атбашыга кеткиниң, Мында турбай сен жанып, Эмне болду Саламат, Кабар алам мен барып. Бейбаштык кылып Саламат, Кеткенин кара акмактын, Кулагы угуп жүрүчү, “Качкан жоону кууба, деп, Кылычты канга жууба” деп, Олуйа Бакай айтканын. Кененим кебин укканда, Анда айтат Бактыбай: — Коросон менен испанды, Колбутуп айдап алайын, Атбашыга барайын, Өзүң менен барайын. Муну угуп Кененим, Бузулуп өңү сурданып: