← Кененим 7/10

Ошондон бери карата, Бөлүнбөстөн келгенбиз. Жол ачамай кетерде, Силерди эми көргөнбүз. Түн ичинде кыргыздар, Кубалап келип кырат, деп, Билмексен болуп Кененим, Үйүндө жатып калат, деп, Кырбаса алып ат-тонду, Айдап жолго салат, деп, Таластан бери чыкканда, Эсибиздин чыкканы. Чырым уйку албадык, Чыканак жерге салбадык, Ооздугун чыгарып, Аттан түшпөй чалдырдык, Ошентип келе жатканбыз. Аркадан киши келген жок, Кенедей карды ачпаган, Кең пейил кыргыз эл экен, Жыргатып элин ойнотуп, Жалгыз жүрүп Кененим, Жоосун сайып онтотуп, Бендеден белдүү эр экен. Ээктери эбиреп, Жаактары жабырап, Кеп салышып бабырап, Коросон,испан элдери, Кол куушуруп ханына, Колбуп келип турду эми. Сарыбайдын Саламат, Кандай жооп берет, деп, Дабытай турат сагалап, Саламаттын санаасы, Сапырылып аркайда, Көөнү калды кыргыздан, Атасын эске алганда. “Коросон менен испанга, Киринди болуп жүрбөйүн, Бир башына келгенди, Качпай туруп көрөйүн, Манабы турган үчөөнү, Катар сайып жөнөйүн. Сайып аттан түшүрүп, Жан соогалап айтканда, Алдыма салып айдайын, Таласка анан барайын, Үч атамдын каны үчүн, Кененим менен Бактыбай - Экөөнүн башын аламын. Сарыбайдын каны үчүн, Күмбөзү менен коргонун, Ак калпак кыргыз дедирген, Ордосун чагып салайын, Өткөндөн бери угушта, Өмүрү өткөн эл экен, Кыргыз деген урушта, Кырып муну түгөнгүс, Мурункулар айткан кеп, Кыргыз деген бир атак, Ушул кептен калган деп. Түгөнбөй келген кыргызды, Кырып жатып түгөткүс, Түгөтөйүн такыр жеп, Коросон менен испанды, Коркутуп туруп колго алсам, Андан кийин каңгайга, Кат жазып киши жумшасам, Күн батышта жети дөө, Ат көтөрбөй жүргөн жөө, Кененим баарын сойуптур, Жети дөөнү сойгондо, Жалаңгыч атка конуптур. Баласы бардыр бирөөнүн, Ага-тууган, эл журту, Эли бардыр дөөлөрдүн, Менден кабар болгондо, Келбегенин көрөйүн, Кежирлик кылган ким болсо, Кекиликтей мойнунан, Кесип башын алайын. Бейжинге Манас барганда, Элүү төрт илек эл экен, Алтымыш илек эл менен, Таласка мен бир барайын, Баткан менен Бейжинге, Таласка киши батабы. Талкаланып таштары, Шамалга учсун кум болуп, Баш көтөрбөй жоголсун, Баары кыргыз кул болуп” Ойу менен Саламат, Таласты болду жоготуп, Кыргызды алды колотуп, Эр сайыштан эгешип, Найзанын курчун мокотуп. Санаасы менен шаар алып, Залкар кыргыз элди алып, Дабытайга тиктенди, Коросонго бет алып: — Испан менен коросон, Кол куушуруп аттан түш! Мен Саламат болгон соң, Сен эмес кыргыз кутулуп, Кетер жериң калган жок. Байатадан мен туруп, Акыл ойлоп курадым, Коросон испан сен тургай, Батыш менен чыгыштын, Баарын койбой сурадым. Кененим келип калабы, Жалаңгычты келтирбей, Таласты талап алалы. Коросон менен испандык, Буйругумду уккула, Бурулбастан баскыла, Кеч кирген жерде жаткыла, Жан казанды аскыла. Кыргызга карайт барлык жер, Бээ семизин жыккыла. Буйругумча болбосоң, Дабытай менен Ачакан, Башыңды жулуп аламын, Коросон испан элиңди, Түп көтөрө чабамын, Түйшүктү катуу саламын, Соогага берип мал-пулуң, Ар кайдан кошуун табамын, Алтымыш илеп кол менен, Мен Таласка барамын! Деп күүлөнүп атканда, Анда айтат Дабытай: — Сарыбайдын Саламат, Оозуңа келген кеп айтып, Бокту жедиң айабай! Кол куушуруп топоңдоп, Кошо барчу ким экен? Ээрчитип алчу сен бекен? Ээрчип алчу мен бекем, Эки айактуу бендеде, Ким экен сендей жөөлүгөн? Атаңдын тайнын табалбай, Айтып берсем атаңды, Күркүрөйсүң маа кандай? Мындан мурун атаңдын, Кунун неге куубадың, Мыкты болсоң сен андай! Дабытайдын кебине, Таакаты кетип, так чарчап, Тамылжыган Саламат, Ойлогон ойдон кайтпады, Ойун ачык айтпады. Эрлигимди көрсүн, деп, Эси чыгып жүрсүн, деп: — Ачакан менен Дабытай, Эсебиңди табамын, Көк чаар кылып чубалтып, Ичегиңди чыгарып, Ичиңди жара сайамын! Талатып берип пулуңду, Таркатып берип кулуңду, Чыгыш менен батыштан, Кишилерден табамын! Найзасын алып тап берип. Дабытайга беттеди, Саламатка карата, Дабытайдын кептери: — Ойлойсуңбу, Саламат, Оодарылма дүйнөнү, Ойлойсуңбу, Саламат, Кененим келип каларды? Ачык айтып кебиңди, Болбойсуңбу, Саламат? Өңү сары, ичи заар, Келип калса Кененим, Кайсы кептен дээрсиң? Айткан кепке болбодуң. Деп ошентип айтканда, Саламат жооп айтты анда: — Дабытай менен Ачакан, Кесилет менен баарыңды, Катарың менен сойомун! Кененимге керт башым, Жалгыз өзүм боломун, Кененимди жеңишти, Байа эле ойлоп койгомун! Деп Саламат оолугуп, Алдында минген атына, Айабай камчы бир уруп, Күркүрөтүп найзасын, Күүсү кулак тундуруп, Дабытайды качырды, Жазганабы Дабытай, Бу да кирди туралай. Дабытай менен Саламат, Эмнени булар талашат? Сайышса да, чабышса, Бул экөөнө жарашат. Найзаларын кагышып, Кайта айланып сайышып, Жакалаша кеткенде, Аттары баспай тайышып, Сарбайдын Саламат, Мындай нечен эр сайган, Болгон эмес жаман ат. Кыйамына келтирип, Кыр аркага сайганда, Карчыганын балык эт, Саламаттын найзасы, Кирип кетти аралап, Дабытайдын аркасын, Талкалады жаралап. Аңгычакты Ачакан, Саламатты качырды, Дабытайдын элдери, Алып барып жаткырды. Эки имерип сайдырбай, Ачаканды Саламат, Сайып өттү сулатып, Тулпарынан кулатып, Кайра айланып сайдырбай, Кесилет кетти чуратып. Кесилетти көргөндө, Саламат деген менмин, деп, Сайышалбай Таласта, Качкан киши сенсиң, деп, Заарын салды Саламат, Кесилетти камгактай, Сайып өттү Саламат: — Ачакан менен Кесилет, Мен Саламат билгин, — деп, Армансыз болдуң сайыштан, Эрдигимди көрдүң, — деп, Кол куушуруп алдымда, Жүрөр болсоң аныңды айт, Эбин тапсаң жалтайып, Калар болсоң дагы айт. Кебиңерди угайын, Дабытайга кебим бар, Андан кийин кыламын! Коркуп калган байкуштар, Кайдан кылды кабызды, Кол куушуруп турушту. Жаны ачыган Саламат, Дабытайды келсин, деп, Ошол жерге алышы, Чогултуп алып барысын, Кебин мындай салышы: — Дабытай менен Ачакан, Сен турасың Кесилет. Кеңешимди мен айтам, Барасыңбы Таласка, Башыңды тартпай мен менен, Кызмат кылып кыргызга, Жүрүптүрмүн билбестен. Дабытай, айттың далай кеп, Мен ойлосом кыйын кеп, Эми калдым ойумда, Атамдын кегин кыргыздан, Бүгүндөн баштап алсам деп, Канат ачпай, баш тартпай, Так Таласка барсам деп.. Анда айтат Ачакан: — Баралы десең Саламат, Башымды катпай мен барам, Кыргыздан чыктың бөлүнүп, Ушул болду табылгам. Быйыл бойду сергитип, Аттарды жакшы семиртип, Соот менен олпоктун, Топчулугун бекитип, Найзаны ташка түйрөйтүп, Кылычты чаркка эгетип, Балтаны ууга сугарып, Найзанын учун жаңылап, Бөрү тили чыгартып, Жаңылап элден кол алып, Анан барсак кантет, Күчтү күчкө улантып? Дабытай турду муну айтып: — Сен Саламат баатырсың, Тил албаган жакырсың, Сага айтпай мен кепти, Сенден качан жашырдым? Кыр аркамды кыйратып, Менин шорум катырдың, Ачаканды кулаттың, Кесилетти сулаттың, Баралы деп Таласка, Эми айтып турасың, Кененимдин колунан, Кетелекпиз кутулуп. Омурткам ооруп зыркырап, Сайышка чыгар чагым жок, Картайып калган жаш өтүп, Ачакандын шайы жок, Бүткөн бойу сары суу, Мына турат Кесилет, Мурункудай алы жок. Саламат өзүң турасың, Жалгыз сен кандай кыласың, Акылыңды билдиргин, Биригип кеңеш кылалы, Ашыгын алып азайтып, Кыскасын улап узартып, Орток кеңеш кылалы.