← Кененим 8/10

Деп Дабытай айтканда, Каны тартып саламат: — Дабытай менен Ачакан, Кесилет болуп баарыңар, Жериңерге жеттиңер, Элиңерге кеттиңер, Бириң кары шайың жок. Бириң жара бүтүн жок, Жалгыз өзүм турамын, Баарыңды такыр кырамын, Кылгылыкты кыламын Кымызга сууну куйамын, Ошондой кылып тынамын! Башыңарды кесемин, Байланып алып кетемин, Кененимге беремин, Максатыма жетемин, Найзага башың илемин! Бир тынбастан жүрөмүн, Таластакы кыргызга, Тартынбастан жетемин, Кыргызга башың беремин, Билбемиш болуп жүрөмүн, Кыйамына келтирип, Кененим көзүн тешемин. Анда айтат Дабытай: — Сарыбайдын Саламат, Бул айтканың жакшы эмес, Баарыңар байкап уккула, Мен айтамын кеңеш-кеп. Ачакан менен Дабытай, Биз калмакка кошулуп, Кара кыргыз элинен, Каныбыз акты жошулуп, Биз үчөөбүз биригип, Ушул жерде олтуруп. Ортого тузду койолу, Жаалашалы кол салып, Кимибиз качкан күн болсо, Каткан туздай бололу, Сууга басып баралы, Суу жутушуп алалы, Ушул кепти ким бузса, Суудай кургап калалы, Бадананы токтотуп, Сөз байлашып жаналык, Билмексен болуп Саламат, Кыргызга барып аралап, Үйүңө барып камың кыл, Биздер камды кылалы, Келер жылы он айда, Дабытай менен Ачакан, Бул жерге тайар туралы, Беш күн туруш болжолу, Өтүп кетсе беш күндөн, Таласка карай жылалы, Кыргызды түптүз кылалы, Чыгыштагы каңгайга, Батыштакы дөөлөргө- Баарына кабар салалы. Жердин бетин чаң кылып, Караганды таң кылып, Калың элге каң кылып, Кыргыздын башын маң кылып, Каскактын учун кан кылып, Сапыралы кыргызды, Аралап кирип алашты, Талкалайлы күмбөзүн, Атагы чыккан Манасты, Астын-үстүн кылалы, Манастын жери Таласты, Талас атын жойолу, Калмак жердеп турганда, Көтөлөк деген жер экен, Өзүнүн атын койолу. Муң кылалы чалдарын, Кулданалы уланын, Күң кылалы жубанын, Олжолойлу кыздарын, Жер бетинен түгөтүп, Кыргыздын нарк нускасын, Деп айтканда Дабытай, Саламат айтат мамындай: — Андай болсо, хандарым, Акыл десең калганын, Эки күнү туралы, Кененим келип калабы, Келип калса Бадырек, Бирден-бирден беттешип, Амал кылып көрөлү, Ал амалга болбосо, Жайыла качып жөнөйлү, Качыштын дагы эби бар, Ал кан ичме кыргызга, Акылдын шегин алдырбай, Менден кылбайт арамдык, Силерге келет карарып, Катышпайбыз сага, деп, Анан кетип калалы, Коркуттум деп баарысын, Бачагар жатып калганда, Алдындакы кеңешти, Унутушпай жыйылып, Үйөр селдей жылышып, Анан жетип баралы. Кеңеш кепте ушулар, Эми Кененимден кабар алалы. Таласта жатып алалбай, “Эмне болду Саламат, Кандай жатып аламын, Андан кабар мен албай, Саламат кууп кетпесе, Барбайт элем кубалап, Дабытай менен Кесилет, Ачакан үчөөн кииш деп” Кең кула минип болкойуп, Опол тоодой зоңкойуп, Түштүктү көздөй бет алып, Испанды карап жол тартып, Аттын башын оң тартып, Оолугуп жөнөп калганы, Далай күнү жол жүрүп, Коросон менен испанга, Ажырашар жерине, Баатыр шер жетип барганы. Кененим келер күнүндө, Мурунку күнү күүгүмдө, Ажырашып баарысы, Үч тарапка бет алып, Булар жөнөп калышты, Алыстан келген Кененим, Испандын жолун жакалап, Тууралап жөнөп алыптыр, Келаткан утур алдынан, Саламат чыгып калыптыр, Кененимди көргөндө, Салам айтып салпыйып, Бошоң тартып шалпыйып, Учурашып калыптыр. — Амансыңбы Саламат? Дабытайдын артынан, Жөнөп кеттиң кубалап, Бакай айткан канча кеп, “Качкан жоону кууба” деп, Угуп жүрүп кулагың, Унутуп калыш кайсы кеп? Дабытай менен Кесилет, Ачакандын бири жок, Атынын изи көп экен. Ушул жерде жатыптыр, Бизден качкан калың топ, Эндегей минтип жүрүшүн, Укмушу бар бир ишиң, Колу кайда коросон? Өзү кайда Ачакан? Жер түбүнө кирсе да, Бурулбастан мен барып, Асманга учуп кайкалап, Таманыңан тартпасам, Жерге кирсе темселеп, Көкүлүнөн тартпасам, Кененим атым курусун, Жакшы эмес, Саламат, Сенин мындай турушуң, Чаар толуптур көзүңө, Каар толуптур жүзүңө, Жакшы-жаман иш болсо, Жашырбай айткын өзүмө, Аркаңда сенин бир элес, Жамандыктын белгиси, Көрүнүп турат көзүмө. Же кууган жоону таппасаң, Же жүрө бербей сандалап, Таласты карай кайтпасаң, Арамдыгың болбосо, Жетет элең качканга, Же барат элең Таласка. Деп Кененим айтканда, Акыр заман башына, Эми түштү Саламат: — Сен кайнага, мен күйөө, Кесип алгын башымды, Күмөн кылбай бул көрө. Жолдо атым чаалыкты Кирпигим катып талыкты, Ат чалдырып алам деп, Чыканак жерге салам деп, Билалбаймын санатын, Бир далай уктап калыпмын. Уйку канып ат чалып, Жолго түштүм аттанып, Бул жерге келсем бир күнү, Кошуун жаткан жер экен, Ким экенин билбедим, Ат изин чалып жүргөмүн, Ушул жолду бет алып, Бастырып жолго киргеним, Жаадыма түштү баратсам, Бакайдан уккан кептерим, Эсиме түшкөн кезимде, Келе жаткан кезегим. Деп Саламат айтканда, Кененим айтат мындай кеп: — Сен Саламат, мен Кенен, Арамдыгың ашкере, Чыгып турат кебиңден, Коросон менен испандын, Койо берген кошууну, Сага кайдан жолукту? Камындырбай Саламат: — Ат чалдырып уйку уктап, Мен жаткан жер бир кокту, Мен көрбөдүм кошуунду. Ошондо өтүп кеткенби, Жүрүгүнүң, Кененим, Таласка кайта кетели, Деп Саламат бурулду. Анда айтат Кененим: — Ой, Саламат, туратур, Мен айтканды уга тур, Коросон менен испанды, Артынан кууп баралы, Мындан кетип калганда, Бекер жатып алабы, Батыш менен чыгышка – Баарына кабар салбайбы, Каңгайдан кошуун кол курап, Күн батыштан кол сурап, Дабытай менен Ачакан, Аз болгондо алты илек, Көп болгондо алтымыш, Илекке санын толтуруп, Таласка барат томсоруп, Алтымыш илек кол болсо, Анда-мында олтурган, Көчмөн кыргыз эл болсо, Аз болбосо мол болсо, Андай сонун иш болсо, Уугуңду шиш кылат, Унуткусуз иш кылат, Мурдуңду тилип туз куйат, Мурутуңду жулбайбы, Өз билгенин кылбайбы, Кымызга сууну куйбайбу, Кызыңды катын кылбайбы, Кызыл ээк чалыңды, Кызыл муштум балаңды, Бирин койбой кырбайбы, Жүр, Саламат, жүргүнүң, Испанды кууп жетели, Кыргызга тийбей жүрүшкө, Ачакандын тилинен, Тилкат алып кетели, Коржоңдосо тил албай, Кулжуңдаша кетели, Оттогон койон ээктенип, Мулжуңдаша кетели, Батышпаган уруудай, Жулжуңдаша кетели. Ачакандан ажырап, Дабытайга баралы, Андан кабар алалы, Арамдык ойдо бар болсо, Айабай найза сайалы, Адыраңдап желденсе, Амалын анын табалы, Тагдырдан буйрук болгончо, Таласка барып жаталы, Узап кетет алыстап, Бачымыраак басалы. Кененимден кеп угуп, Барбаймын деп айталбай, Бастырган бойдон кеталбай, Кайра тартты Саламат. Саламатты карасаң, Санаасы санга бөлүнүп, Замана жакын көрүнүп: “Ачаканга барарбыз, Андан кепти угарбыз, Ачакан айтат жашырбай, Анда кандай кылармын? Качкан жоонун артынан, Келгеним менен бир кызык, Арамдык турат сенде, деп, Кененим айткан кеп кызык, Кыргыздын тузу урабы, Кылгалы турам бир кызык, Кыйалымды мен бузуп, Кызын алдым кыргыздын, Кызыгын көрдүм бул журттун, Кызматын кылдым канча жыл, Кылганын билбей калыпмын, Айтканын көрчү канкордун. Беттешейин белсенип, Мен- менсиген немеге, Качан да болсо бет келем, Мен качпаймын дегеле, Темтеңдебей бул жерде, Көрсөтөйүн күчүмдү, Элдер көрсүн кең жерде.