← Кененим 2/10

Коросон, испан бир турсак, Күндө жаңы кол жыйсак, Бизге алы жетеби? Алыстатып кетели, Бешөө калса колу жок, Бели сынат эмеспи, Алып барса аскерин, Эл кырылат эмеспи, Эки жактын аскери. Тең кырылат эмеспи, Алыска барса бизге окшош, Азык-түлүк дагы жок, Арыктап өлөт кыргыздар, Аппак кардай майы жок, Артып ала жүргүндөй, Биздикиндей даны жок. Элинде болсо кыргыздар, Кулжуңдашат турбайбы, Эчтекеден камы жок. Калкында болсо кыргыздар, Какшай берет турбайбы, Он экинин бири жок, Сарамжалга келгенде, Уй байларга жиби жок, Уруштан башка иши жок, Кой деп айтар киши жок. Кар жааганды билбесе, Карды көзгө илбесе, Борошо жаанды билбесе, Суукту көзгө илбесе, Ызгаарлуу шамал борошо, Үшүп үйгө кирбесе, Суу ордуна май жесе, Сууктук тамак жебесе. Ысык жерде тердесе, Биздин элдер кайтарып, Көлөкө жерди бербесе. Бүткөн бойу жуурулуп, Айланып көөнү кирдесе, Салкын шамал жок жерде, Сүт болбосо ичерге, Ошондой жерге түшпөсө, Ысык урган эгиндей, Үрпөйүшүп жүдөсө, Уйпаланган бул кыргыз, Ошондо жооп бербесе, Салкын жерде кыргыздар, Баш берээр эмес дегеле. Аккан суусу шар экен, Аппак сүтү, кымыз дары экен, Жетпесе ажал өлтүрбөс, Дары чөптөр бар экен, Улар деген улуу куш, Ушул жерде көп экен, Улардын эти медеткер, Аркардын эти себепкер, Муунга дары бугу эти, Кашкулак өтү табылбайт, Коросон, испан дегенде, Көк жорунун өзү жок, Бел ооруга берерге, Өтүн ичет турбайбы, Этин жебей бул жерде, Тоо текеси көп экен, Ысык өтпөй бул элге, Чечек чыгып чаар болбойт, Илбирс жүрөт ар жерде, Эти бышып катпайбы, Бир кесимден жегенде. Карышкырлар кабышып, Адырда жүрөт жарышып. Тамак оору болобу, Анын өтүн табышып, Коктунун баары түлкү экен, Бул түгөнгүс мүлк экен, Ириңдеп эти ырбабас, Мунун өтү дары экен, Сүлөөсүнү көп экен, Биздин элде ханда жок, Ошол үчүн келиндер, Ичик кийген кеп экен. Ала мойун суусар бар, Ачакан менен Дабытай, Булар жүрөт табалбай, Түгөнүп калган кыргызда, Жылтылдатып кылканын, Кийип жүрөт жаш балдар, Андыктан кыргыз элдери, Кундузду койот пулга албай, Жапа кундуз көп экен, Сасык дешип теңге албай, Байкерчилик болобу, Кыргызга окшош жанга бай, Кыр сактаган аскердей, Кылактап турат карагай, Теректи карап койбосо, Жыгачпы деп эске албай. Чоктой кызыл табылгы, Колдо камчы баарысы, Кырчын талдар буралып, Асман тиреп кайыңы, Темирден катуу ыргайы, Чыккан чөбү бүт дары, Аркар оту, мамыры, Арбын чөптүн тамыры, Шыралжын менен бозунач, Кокон менен сүт тикен, Кан аккан жерди бүтүргөн, Чалкан куурай бирсалар, Шишикке дары табылбай, Өпкө оорунун дарысы. Өтө сонун баарысы. Жапалдаш сары чечекей, Апийинден кем эмес, Эрмен менен боз куурай, Кайнатып суусун жууганда, Териге желди жуктурбай, Көлү менен күлепше, Көп экен дары бул жерде, Тал мыйа менен кекире, Табылбайт бизде дегеле, Сандап жатат ар жерде, Дары эсептеп билесе. Бүркүт менен үкүнүн, Таз кара менен жорунун, Такыр этин жебесе, Кашкулак, койдун терисин, Дегеле киши билбесе, Жапа кундуз, ит тери, Жанына киши барбаса, Кыркып койдун жүндөрүн, Талаага таштап эл көчсө, Аны киши албаса, Алмак түгүл жанына, Жакын басып барбаса, Агын суулар бул туруп, Жандатып арык чаппаса. Жамгырда эгин айдаса, Жел согуп үшүк албаса, Бышпай чийки калбаса, Өлчөм деген болбосо, Таар-таарлап дан алса, Суудан кемип калбаса, Чирип жатат жыгачтар, Отун издеп бир жерге, Убара болуп барбаса, Талыгабы кыргыздар, Ушундай жерге карчашса? Деп Кесилет айтканда, Дабытай менен Ачакан, Кулак салып угушту, Кандай дээрин биле албай, Башын кашып турушту. Жашырбай чынын айтканда, Дабытай менен Ачакан, Башын жээчү жумуш бу. Алданып алтын-зарына, Калмактардын малына, Өздөрү тапкан ажалды, Өлчөм кылып жанына, Алданып жүрүп тажиктер, Темирбек өлдү алдында. Атырдай жыты буруксуп, Адамды алдайт шум дүйнө, Алтын алып, мал алып, Ажалга калды бул күндө, Жалгандыгын билгизбей, Шектендирди бул күндө, Биз баашабыз деп келген, Коргондон башка шаары жок, Коркот деп бизден кыргыздар, Жалгандыгы дүйнөнүн, Жалдыратат ушундай. Көрүнбөйт көзгө көп-азы, Күч келип жанга кысылбай, Дүйнөдөн өтпөйт армансыз, Ажал кысып келгенде, Адамдын баары дармансыз. Жал-жал тиктеп бир бирин, Жалдырашып турушту, Дабытай менен Ачакан, Улуктан экөө баштаган, вазырын чогултуп, Кеңеш кылды бир топ жан. Ачакан айтып алдырап, Тил байланып балдырап: — Мен Ачакан аталып, Тактага чыгып хан болуп, Эл башкарып тургалы, Жыйырма жылдан ашыптыр, Испандын эли козголбой, Жанын багып жатыптыр. Алданып калмак пулуна, Ачакан жолдон азыптыр. Тартууга калмак берди, деп, Алтын алдым, мал алдым, Калмактан аны неге алдым? Кыргызды жоолап берем деп, Баатырсынып мен алдым, Анда билбей алыпмын, Кененим жанды аларын, Эми алтын берип, мал берип, Тандап сулуу кыз берип, Маана болор бир байды, Билбеймин кайдан табарым! “Өз өлтүрбөйт” деди эле, Өз элимди мааналап, Мен испанга барайын. Дабытайга эп келсе, Коросон испан бириксе, Алы келбес кыргыздын, Эр Кененим, Саламат, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Булар барат калалбай, Эркибизче уулайбыз, Аз кыргызды жайма жай. Сен да акыл бериңиз, Билгениңди, Дабытай. Дабытай аңдап бул кепти, Өтө жаман ачуусу, Келгендей айтты бир кепти: — Испандын ханы Ачакан, Адам айтар кеп эмес, Сен айтканың байатан. Жанчылган эти Кесилет, Айтып өттү далай кеп, Карчалышкан душманды, Жаш-карысыны мыкты, деп, Жерине чыккан чөптөрүң, Киши өлтүрбөс дары, деп, Баштан-айак бул кеби, Айабаган бокту жеш! Ат арытып, тон жыртып, Атайын келип бул жерге, Кыргыз деген шум элге, Кетели деш кайсы кеп?! Айлына келип алалбай, Кетебиз кантип уйалбай, Биз кеткенде бул элден, Кыргыз барат туралбай. Коросон менен испанга, Кол салып кыргыз барбады, Экөөбүздү, Ачакан, Калдагай кулак Чойун алп, Айла менен алдады. Бизден бетер Темирбек, Билбей калып алданды. Жаны ачып сайышып, Өлүп кетип жай алды. Темирбектин элине, Тийбестен жолго салганы. Бир тажиктин колунан, Камчысын олжо албады, Тийишпесе тийбеген. Тийишип келген кишинин, Ким экенин билбеген, (Кененим өзү айтты эле) Анысы ырас турбайбы. Калдагай кулак Чойун алп, Саранжа, Сакта дегенди. Катары менен жалмады, Калганын кайта кетирди, Камчы сап олжо албады. Кара аскерде жазык жок, Ханы менен балбанын, Баш кармаган зардалын, Чыгарды анын далдалын. Көрүп туруп кыргызды, Өз жериңе алпарсаң, Баштакыдан көбүрөөк, Чыккан турат чоң жаңжал. Баш кишиңди калтырбай, Баарысын жалмап сорбойбу, Калың элдин баарысы, Кара элечек болбойбу, Кара башың карабай, Калгандарды ойлойлу, Таласта өлсөк урушта, Такыр элге угулат, Качып барып өлгөндө, Калганды койо тургула, Калкың кылат жаман ат. Калкыңа кыргыз келбесе, Калмакка бардың неге, дейт, Калк ичинде карылар, Калбай баары жемелейт, Билеги жоон балдардын, Баарынын каны себээлейт, Ал көрөкчө, балдар, ай, Өлгөн жакшы жан калбай, Жекелеше чыгалы, Андан бетер тайманбай, Кычырып барып кыргызды, Эл кыдыртсак ал кандай? Элине тилеп амандык, Дабытай айтты ар кандай, Ачакан менен Кесилет, Башкача акыл айталбай, Таң атырды кеп менен, Чырым уйку алалбай, Кыргыздардын Саламат.