← Кененим 9/10

Көрүнгөндү Ачакан, Алдымда жүрөт эрдемсип, Артынан найза салайын, Аңтара сайып алайын, Менден качкан Кененим, Эми жетип сайдым деп, Мактанып элге барайын, Батыш менен чыгыштан, Далай эрдин каны бар, Баарынын өчүн алайын,” Деп ойлонуп Саламат, Баражатып өзүнчө, Санаасы менен эр алды, Кененимди аңтарып, Ак калпак кыргыз элди алды, Айтылуу Талас жерди алды. “Сайалбай калсам кокустан, Ойронумду чыгарып, Оморобу белимди, Олойто тартып ачарбы, Ойумдакы кебимди? Жүр деди бирге барайын, Кезеги келсе тайманбай, Башын кесип алайын. Кезегине келбесе, Ачакан менен Дабытай, Кесилетке кошулуп, Бир айласын табайын, Коңурукту кош тартып, Катуу уктаса бир жүрөм, Айанып кантип калайын. Дегеле айла болбосо, Дабытай менен Кесилет, Ачакан өлүп сойлосо, Үйгө алып барайын, Жамбашына мык салып, Тамагына уу жайып, Тындырармын санаамды. Кененим көзү өткөн соң, Өзүм билем калганды” Арганын баарын саламат, Акылына жат кылып, Арамдык бүгүн ичине, Ат койгон бойдон жөнөдү. Бастырганда Кененим, “Алды эмне болду, — деп, Кетели деген Саламат, Кетпес болду неге? — деп, Келберсип көкжал баратат, Бастыра түшүп Саламат, Кылчаңдап артын каранат. Байкаса кабак түйүлөт, Бузук пейли билинет, Билсе дагы Кененим, Билмексен болду жөн эле, Көрсө дагы Кененим, Көрмөксөн болуп алды эле. Баражатып Саламат, Баспай турду токтолуп: — Ачакан кетип калганбы?, Испанына барганбы, Эп келсе, баатыр сөзүбүз, Барып калса келер жыл, Олжосун толук алалы, Шаарына барып алганда, Жекелешкен Ачакан, Аттан түшүп калганда, Кол куушуруп калган эл, Жан соогалап турганда, Пейлиңиз сиздин кең эле, Бейлебеген дегеле, Күнөөсүн кечип ийерсиз, Томсоруп куру кеткенде, Анда кандай кылабыз? Деп Саламат айтканда, Карап адам баккысыз, Кененимдин түрүнө, Кеп айтты эми түрүлө: — Сенин атың Сарыбай, Азыраак маңгыт эл эле, Тирүү олуя Семетей, Сага берди жезбилек, Жезбилекти бергенде, Конушуң берди белгилеп. Тарса, жөөт, сакалат, Калчаны кошуп аралаш, Чүржүт менен жуданы, Сага берди буларды. Испандан олжо албасаң, Ошолор аздык кыларбы? Бузулгандан олжо деп, Бүлдүргү алба, Саламат, Өтө берет көр дүйнө, Көөдөндө жаның турса сак. Атак эмес кишиге, Элди талап мал тапмак, Эл талап малын алганча, Эгин эгип, кетмен чап, Билегиң түрүп тер төгүп, Аппак сүттө жаның бак, Элге азап салдырбай, Ылайык келет биз бармак. Хандар айдап жөнөсө, Кайран эл кандай кыйналат. Бастыргының, болгун! — деп, Сламатты шаштырып, Айтар кебин табалбай, Саламат кетти бастырып. Ат чалдырып албады, Айал кылып турбады, Азык ичип баспады, Аз кынтайып жатпады. Чырым уйку албады, Чыканак жерге салбады, Ат чаалыкпай чыйралып, Эр талыкпай сурданып, Эрикпестен жол алып Ачакандын артынан, Эр Кененим, Саламат, Эми жете барышты, Кененим менен Саламат, Көздөн чыгып кетели, Ачакандын ойуна, Көргөндө кетти далай кеп: “Кененимди келатса, Келтирбей алып кетпестен, Неге келди Саламат? Кененимди көргөндө, Айтканынан танганбы? Атасынын көрү деп, Алдыраш келип калганбы? Же болбоос Саламат, Акыр- чикир бар ишти, Кененимге айтканбы? Анык угуп Кененим, Көбөйбөгөн аз жакта, Коросон менен испандык, Бүгүн менден пас жакта, Колботуп кошуун кура элек, Батыш менен чыгыштын - Баарына кабар кыла элек, Кур семирген буларды, Кууратайын аны деп, Антип келип калганбы? Бар ишти айтып Саламат, Коросон менен испанды, Мага бергин, баатыр, Кененимден алганбы? Дабытай менен Ачакан, Башыңарды жедирип, Коросон менен испанга, Ээ боломун өзүм, деп, Кененимге кошулуп, Саламат кайра жанганбы?” Ушаланган шум дүйнө, Ачакандын ойуна, Кирип чыкты чанданы. Кайра качар чагы жок, Дабытай менен Кесилет, Колдошору дагы жок, Ар канча болсо Саламат, Айтпагандыр бизди, деп, Айактан болуп көөнү ток, Байрагын булгап бакырып, Бар жолдошун чакырып, “Качырып барып тийгиле, Ак-карасын көңүлүн, Саламаттан билейин” Деп сапырылтып тозоңун, Желегин жерге жапырып, Катуу кирди каарданып, Бар кайратын бойго алып, Бөйөн менен чайандай, Уусун чачып заарданып. Ачаканды көргөндө, Саламат атын бурганы, Айал кылып турбады, Манастап ураан чакырып, Барып тийди будага. Найзаларын кагышты, Каңкылдатып чабышты. Кеч кирип калган кез эле, Күн батып кайра жанышты, Саламатка Кененим, Мана мундай айтышы: — Алдында бардың, Саламат, Ачакан сырын алгансың, Бар амалын чамалап. Ачык билет жер сырын, Ким билет ички чын сырын, Биз жатпайлы мааналап, Тегеректеп туш-туштан, Тоспосун бизди камалап, Ачаканга алдырсак, Бизге калат жаман ат, Аралап кирип кол салба, Чогуусуна жол салба, Качпасын чубап бир жакка, Сен Саламат жол кара. Мен жатпаймын дегеле, Түн бойунча чыгамын, Испан жаккы чоң белге. Белден дүрбү саламын, Жерин чендеп аламын, Азы-көбү испандын, Элин чендеп аламын, Күндүн мурду тийерде, Кайта келе калармын. Айтып койуп Кененим, Кеңкула менен бастырып, Чыга калса жылгадан, Жаткан экен кужулдап, Испандыкка Ачакан, Күүлөп жерди каздырып. Кененимди көргөндө, Саламат деп Ачакан, Жолугушту баатырга, Жолун тосо бастырып, Кененимге бет келди, Караңгыда тааныбай, Бул саламат деп келди, Айра таанып Кененди, Кабылан сындуу беренди, Шек алдырбай баатырга, Качырып найза салалбай, Кайра качты жалт берип, Чактап билген Кененим, Ачакандын абалын, Чылбырынан кармады, Кеңкула менен тап берип. — Испандын ханы Ачакан, Качкан менен кутулуп, Кеткен барбы ажалдан, Таласка бардың тамтайып, Караңгыда уйалбай, Кайта качтың салпайып. Кайда бара жаткансың, Хан башың менен калдайып, Кошуунуң бар, колуң бар, Ар иш кылсаң жолуң бар, Өзүм менен эки жан, Өзүбүз барар эби бар. Кененимге Ачакан, Кептен тайып калганда, Ачакандын кеби экен: — Айтканың чын, Кененим, Муну өтүрүк дебейим, Таластан качтым талаалап, Кууп келди Саламат, Арабыздан сабаалап. Дабытай айтты канча кеп, Саламатты табалап: “Үч атаңды кыргыздар, Канын чачты агызып, Элин бузду чачылтып, Бакма кызга алданып, Сен жүрөсүң маминтип.” Аа Саламат болбоду, Беттешип чыктык жекеге, Баарыбызды койбоду. Багындырып биздерди, Күн чыгыш менен батышты, Чакырмак болдук бүт элди, Алтымыш илек кол менен, Алты жүз балбан зор менен, Ат көтөргүс чоң менен, Алмак элек силерди. Дабытай болгон жарадар, Кесилет болгон санаадар, Карып калган экенмин, Менде канча алым бар? Келер жылы бул күндө, Чогулмакбыз бул жерге, Аңгычакты Саламат, Кыйамына келтирсе, Тапмак эле жайыңды, Кылымдын баарын кыдыртпай, Токтотмок эле баарыны, Сен учурап бул жерге, Келипсиңер биздерге, Күндүзгү болгон урушта, Келмек эле Саламат, Болжошуп койгон кеп эле, Тар жылганын оозуна, Ор каздыргын деди эле, Кандек казып жатабыз, Саламаттын кеби эле, Караңгыда калдайып, Ушул жерге келишим, Мына ушундай кеп эле. Ишенбесең, Кененим, Жалган- жазык дебеймин, Эртең чыгат жекеге, Ошондо билгин кекерин. Шамга жакын болгунча, Салышып мага кагышат, Күүгүм кирген бүрүлдө, Так өзүңө жармашат. Кененимдин кеби эми: — Хан башыңда, Ачакан, Жалган айтсаң, чын айтсаң, Бүгүн койо беремин, Эртең өзүм билемин, Саламатты кара деп, Булайтканың кандай кеп, Аталары өлгөнүн, Билбептирби эмгиче?