— Айтканыңар чын болсо, Өтө жаман иш экен, Үч тараптан чыр болсо, Сүйүн менен Чолпонбай, Таласка баргын сен болсо, Кашкардагы Жоодарга, Каралашам мен болсо, Аркаңдан жете барамын, Ачык жолум шар болсо, Атбашыга, Бактыбай, Ата журтуң ээ болгун. Конгон жерде жөн койбой, Кол салыша бергиле, Манастап түндө тийгиле, Кара боорун тилгиле, Күүгүм кире бүрүлдө, Жалпы атка мингиле. Бөлүнүп жөнөй бергенде, Астыртан утур тийгиле, Аралап өтүп тубастан, Арткы колго киргиле. Бирикпесе бөлүнүп, Айткан жерге баргыла. Азыр болуп калгыла, Чогулушса баарысы, Биз да чогуу туралы. Бөлүнүп чыкса талаалап, Биз чыгалы алдынан, Жолун торгоп сабаалап. Деп Кененим тапшырып, Эр Сүйүн менен Чолпонбай, Таластын элин бир бөлүп, Аттарын токуп жакшылап, Жан казанын байланып, Жоо жарагын шайланып, Чылбырын кармап аттардын, Буйрук күтүп калыптыр. Зор Бактыбай кер атка, Ээр-токумун токутуп, Атбашы, Нарын элдерин, Бар керегин жам кылып, Тайарланып калыптыр. Көк жал төрө Кененим, Кеңкула атты белендеп: — Кызыталак Чойун алп, Кең Кашкарга жеткирбей, Талпагың ташка керем, — деп, Жолум үйдөй башыңды, Жол бойуна илем, — деп Томолотуп көргөндөр, Көзүңө балдар сийер, — деп, Сенден көөнүм жай кылып, Коросон менен испандын, Кыйындыгын билем деп! — деп, Кыжырланып алганы, Шабыркандын сайынан, Сүйүн менен Чолпонбай, Жол тосуп тура калганы. Айалдап аста жүргөн деп, Аркасында калганды, Аттанып чыккан коросон, Колу келип капташты. Тосо чыгып Чолпонбай, Ким болосуң жүргөн, деп, Жолун сурай баштады, Кол баштаган немеси, Коржоңдоп жооп кылбады, Кужуру кармап Чолпонбай, Жыга чаап таштады, Ач кыйкырык ызы-чуу, Кызыл кыйан сел агып, Кыйын уруш башталды. Таластын эли талаада, Капташып калды коросон, Эр Сүйүн менен Чолпонбай, Жан алуучу балаага. Манастап экөө бакырып, Аралап кирди жапырып, Ким капташса буларга, Каны-жини чачылып, Кайра качты коросон, Дабытай көздөй шашылып. Кыргыздан аскер кирбеди, Сүйүн менен Чолпонбай, Далайын кырып жиберди. Камынып кыргыз тосконун, Хан Дабытай билди эми, Хан Дабытай, Кесилет, Камынып атка миништи, Кыргыздын эли экен, деп, Манас деген үндү угуп, Калмакка барып тийишти. Калмактын каны сел болуп, Кагылып башы алмадай, Кара жерге тең болуп, Испандагы Ачакан, Кеп угучу кез болуп, Атбашыны бетке алып, Аттанып жолго салыптыр. Инектин сайы дегенде, Жолун тосуп Бактыбай, Жолугушуп калыптыр. Ачакан калган аркада. Аскер келе жаткан кез, Бактыбайдын кайраты. Башка жаштан болгон кез. Жолун тосуп кеп сурап, Барасың кайда, деп сурап, Сакер баштап келейткан, Ачакандын кишиси, Караңгыда калдаңдап: — Жөн сураган сен кимсиң? Ачакандын кошууну, Абдан жайын билгиниң, Жоодурабай жооп сурап, Өз жолуңа киргиниң! Бастырып жөнөй берерде, Жана айтты Бактыбай: — Ачакандын кошууну – Колу барат кай жерге? Жол баштаган жооп айтты, Кобурабай тургун, деп, Колду баштап басканы, Колун сунуп Бактыбай, Далысынан кармады, Чымчыктай аттан алганы, Чымырканып сурады. Атбашы, Нарын барабыз, Коргон салган Кошойдун, Койбой элин чабабыз, Кумардан чыгып калабыз. Чын кумардан чыктык! деп, Жакадан муунта кармады, Осуртпай жанын алганы, Байрагын булгап көтөрүп, Кайра артына жанганы. Калмак менен коросон, Койгулашып жатканда, Колду алпарып салганы. Коросон, калмак, испандык, Шаркырап суудай кан агып, Ангычакты болбоду, Таң көрүндү агарып, Хан Дабытай, Кесилет, Мойнун буруп карашып, Кырылган элдин саны жок, Кылайган кыргыз бири жок, Коросон, испан, калмактан, Өлгөн өлүк саны жок, Кырылган элди көргөндө, Чоңдордун ичи жалын, чок, Калдайай кулак аттанып, Кашкарды карай бет алып, Бастырып чыга бергенде, Кененим калды капташып. Караанын көрүп көкжалдын, Жүрөгү коркуп апкаарып: “Жолумду тосуп бекемдеп, Куткарбайт экен эми, — деп, Эрдемсиген Чойун алп, Өмүрүм бүткөн экен, — деп, Мындай уруш курусун, Куландын сары сайына, Качып кетсем белем, — деп. Коросон менен испанга, Койгулашып Кененим, Өлүп калса угармын, Өлбөй калса Кененим, Өзү издеп баргынча, Узартып өмүр турайын”, Сур аттын башын бурганы, Созултуп качып жөнөдү, Аттанып жаткан аскерге, Аралап кирип жоголду. Таң агарган болжолдо, Из таанылар болгондо, Айкөлдүн уулу арстаның, Ат изин чалып карады. Кырылышкан элдердин, Жанына басып барбады. Кашкарды карай бет алып, Качкан экен кара нээт, Аттын изин таап алды. Кеткенин билип калмактын, Катын баасы арбактын, Сары жашыл жалпак бет, Намысы жок акмактын, Аркасында аскерди, Абалы кантер экен, деп, Акмалап туруп калганы. Күндүн мурду чачыла, Тунарыктар жазыла, Коросон менен испанды, Чойун алпты таппады. Кыргыздын элин караса, Кыбырабай жай жаткан, Коросон, испан, калмактан, Селдей болуп кан аккан, Атайын киши жиберип, Кыргыздан муну сураткан, Биз билбейбиз деп койду, Билбегенге жооп жок, Аны менен тим болду. Калдагай кулак Чойун алп, Каңгайлыкта көрүнбөйт. Кызыл жолборс Кененим, Кыргыздарда билинбейт, Көптүгүнө алыптыр, Коросон менен испандык, Таласты карай бет алып, Аттанып жолго салыптыр. “Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Маана болор элге, — деп, Баш душманым кангайлык, Калдагай кулак эле, — деп, Куткарбайын аны” деп, Аттын изин кубалап, Артынан түштү Кененим, Кең куланы камчылап, Борбуйдан тери тамчылап, Омбул-домбул түйүлтүп, Ой-дөңү жок жүгүртүп, Опсуз катуу жөнөдү. Кара нээт Чойун алп, Аска ташты мааналап, Атын байлап далдалап, Кененим өтө бергенде, Сур атка минип калдайып, Кара аскадай далдайып, Кайра артына салганы, Коросон менен испанга, Кошулуша калганы. Үч бөлүнүп ургандар, Кыргызды үйрүп камады, Жекелешип барбады. Мылтык алды, жаа алды, Мылтык алып тарсылдап, Жебе тартып зыркырап, Салмоордун ташы чыркырап, Асманга учуп топурак, Милтенин баары кызыл чок, Боздоп учат аткан ок, Жандан тойуп кыргыздар, Баарысында жан-ман жок. Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Жалтайгансып калган жок. Бирде өөдө, бирде ылдый, Атаңдын көрү дүйнө шок! Манастап ураан чакырып, Бактыбай тийди качырып, Кыйкырыгы таш жарып, Эр Сүйүн кирди бакырып, Эми калган кыргызга, Чолпонбай айтат шашылып: — Жаманатты болбогун, Ар кайда качып чачылып, Жалпы кыргыз баарың ук, Туу козголсо качты, дейт, Бизден кыргыз шашты, дейт, Тууну кармап мен турам, Баатырдын атын эске алып. Баарың киргин турбастан, Туруп берип окко өлбөй, Душманга барып күч көрсөт. Кудай бетин нары кыл, Манас деген бакырык, Бар кыргыз ураан чакырып, Жер силкинип калтылдап, Аралашып киргенде, Сойулга сойул чакылдап, Келип калган кептенип, Кыйамат кайым жакындап, Шер Бактыбай, эр Сүйүн, Кылычтан канын чубуртуп, Калың жерин суйултуп, Коросон менен испанды, Таштап койуп унутуп, Калмактын кирип тобуна, Найзаны кадап баратат, Жер тайантып бооруна. Тура калды Чойун алп, Эр Сүйүндүн жолуна, Келе жаткан Сүйүнгө, Көрүнбөй туруп ал калмак, Капыстан найза урганы, Саргыл аттан эр Сүйүн, Камгактай учуп кулады, Бактыбай көрө салганы, Жебеден мурун жеткени, Калдагай кулак капырды, Капталга койуп өттү эми, Алдындагы сур аттан, Аңтарылып кеткени. Бала баатыр Бактыбай, Чойун алпка карабай, Аксаргылга Сүйүндү, Миндирип кетти тайманбай, Испандардын Ачакан, Чойун алпка жетиптир, Куткарып алып кетиптир, Туу түбүндө Чолпонбай – Чоктой кызыл жалынга, Беттеп бенде баралбай, Буулугуп калган кыргыздар, Кылча жанын айабай, Кылчайып артын карабай: “Жаным тирүү турганда, Жандан тойгон калмактан, Аз болгондо алтыны, Көп болгондо алтымыш, Жаздана жатсам экен” деп, Алы жогун алдуусу, Аңтара тартып атынан, Көзгө чаап баратат, Күчү жогун күчтүүсү, Көчүккө сайып найзалап, Кан агызып баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.