Кененимдин калдагай кулак Чойун алпты жексендеши
Калдагай кулак Чойун алп, Барабанды урдуруп, Жыйырма алты миң аскерин, Жайнатып чыкты чубуртуп. Төбөй деген балбаны, Калдагай кулак Чойун алп, Канча жылдан бер жакка, Ардактаган айбаны, Бөлүнүп сапта коройуп, Төбөй чыга калганы, Жолум үйдөй башы бар, Жолбун иттей кашы бар, Ач жолборстун тиши бар, Анын кыйла иши бар. Чоң мунардай бойу бар, Бир чынардай колу бар, Кайнаган эки көзү бар, Кырчак тоодой мурду бар, Боз талаадай бети бар, Турушу барча бир дөбө, Тогуз кабат кийгени, Баары соот, күрөөкө, Кабаттап калкан тартынган, Буттай темир артынган, Бул кара нээт калмакка, Ажалдуу бенде катылган, Тердебеген Темир көк, Ал кездеги эрлердин, Аңгемеси далай көп. Тердебес тулпар ат минип, Кабаттап темир кийинип, Каар төгүп карарып, Эрди-мурду жаланып, Өткүр миз найза карманып, Акимсип калмак аттанды, Кененим эми сойлойт, деп, Буруттан бирди койбойт, деп, Чойун алп өзү баш болуп, Чогулган калмак шаттанды. Туулгасын башка чөмөрүп, Өчөшкөн доңуз көгөрүп, Каңгайлап ураан чакырып, Кайраты көптү жапырып, Майданга келди лакыйып, Калың кыргыз калкынан, Кененим чыкты бастырып, Жаалысы келип жүзүнө, Баатырдын уулу чунактын, Жан багалбай түсүнө, Бир сары тон жамынып, Күрөөкөнүн үстүнө. Бул белгиси келчү эмес, Бул белгиси келгенде, Жанга ыракым кылчу эмес, Каарданды баатыр, деп, Кандай болор акыр деп, Кыргыздар карап турушту, Төбөй менен Кененим, Баштамак болду урушту, Калмак Төбөй качырып, Катуу тийди акырып, Качырып урган найзаны, Кагып ийип Кененим, Качырып найза салбады, Айнектей көзү жалтылдап, Кененим карап турганы. Найзасын Төбөй бекемдеп, Эми аңтара сайам, деп, Камчы берип атына, Беттеп кирди тепеңдеп. Найзанын учу тийерде, Ирмебей көзүн Кененим, Учунан улай кармады, Катуу кармап бек силкип, Найзаны тартып алганы, Тартып алган найзаны, Жаткан ташка салганы. Сексен барча быркырап, Найза сынып кыйрады. Найзасын колдон алдырып, Төбөй чочко арданды, Жолум үйдөй чойун баш, Булгап колго алганы, Тердебес менен тап берип, Чокудан нары салганы. Кенебеген Кененим, Бендеден чыккан бекзатка, Кайсы кепти мен дейин. Күүлөп урган чокморду, Балта менен камынып, Алдыртан өөдө какканы, Жолум үйдөй чоң чокмор, Асманды карай учканы, Кайта жерге түшөрдө, Түшүрбөй жерге Кененим, Жана какты чокморду, Удаа улай кагылды, Чокмордун башы жарылды, Анталаган чоң калмак, Кылычын тартып кынынан, Жандан тойуп так жадап, Аша кечип жанынан, Жалтылдатып кылычын, Жан алам деп күркүрөп, Түрүн көргөн Төбөйдүн, Далайлар жандан түңүлүп, Кыйкырыгы таш жарып, Таштан өтүп баш жарып, Кыйырдан келип урганы, Кыраандын уулу Кененим, Найза менен камына, Булчуң эткен сайганы. Булчуң эти булт этип, Таначардай булчуң эт, Жерге түштү шылп этип, Карыдан каны чубуруп, Камчы саптай куйулуп, Төбөйдөн аккан канына, Былчылдап ылай жуурулуп, Кененимдин ишине, Өңкөй калмак көп журттун, Заманасы куурулуп, Найза, чокмор, кылычтан, Ажыраган чоң калмак, Балтасын кармап сабынан, Балта чабар шайы жок, Колу какшап абыдан, Сол колго алып балтаны, Кудай бетин нары кыл, Буга окшогон наданды! Оозунан көбүк чачылып, Көзүнөн жалын шыркырап, Мурдунан чыккан көк буусу, Кол ыштыктай буркурап, Оозун ачып эстенип, Ээрдин кесе тиштенип, Башынан калмак сологой, Балта чабат оң колдой. Балтаны шилтеп чабарда, Кармаган балта колунун, Алаканга Кененим, Алдыртан өөдө бир сайды, Шак-шагынын сыртынан, Найзанын учу кылтайды, Балта колдон бош кетип, Жерге түштү так этип, Кайра айланып Кененим, Ач билектен кармады, Тамандай түшүп силккенде, Кармаган колун сөгөрдөн, Солдойтуп сууруп алганы, Сойуп жайган талпактай, Жайылып жатып калганы. Мен-менсинген калмактан, Ошол күнү Кененим, Он сегизди жалмады, Колуна жарык албады. Дердеңдеген кээ бирин, Айландырып жерге чаап, Кээ бирин Кененим, Чыргадан бетер сүйрөтүп, Этин ташка түлөтүп, Тартайып сөөгү калганда, Таштап койду тарбайтып. Күн кеч кирип ангыча, Элге келди түз кайтып, Сүрүп чыкты бир кезде, Келин каш болуп таң атып, Кененим келди майданга, Кең куланы оң тартып, Тажик, калмак кошулуп, Калдагай кулак Чойун алп: — Канча күнү салышып, Темирбек алы келбеди, Тажиктин канча балбаны, Кангайдан Төбөй баштаган, Өлтүрүп кыргыз таштады, Бүгүн өзүм чыгайын, Күм-жан кылып кыргызды, Баарын жерге тыгайын. Кыргыздан бүгүн кечпейин, Келгенинин баарысын, Кара жерге тепсейин, Кененим башын кесейин. Ээрдинен көзөп тешейин, Кайда барсам мен башын, Байланып алып кетейин, Көзүнө күндө сийейин, Мээсинин ордун табактай, Арак куйуп ичейин. Бактыбайды байлайын, Алып барып Таласка, Кылычым канга майлайын, Сүйүн менен Чолпонбай, Койдой башын кесейин, Коондой кардын эшейин, Үйүндө калмак күүлөнүп, Үңүрөңдөп сүйлөнүп, Жаанда аккан кыйандай, Алда канча түрлөнүп, Акырдан атын алдырып. Атка токум салдырып, Оңдоп минип очойуп, Карачкыдай чочойуп, Тогуз кабат темир тон, Кара бойго кийинип. Койнундагы бутуна, Баш уруп калмак сыйынып, Темир ээр калмакча, Атка чыңдап токутуп, Бастырып чыкты лукуйуп, Аркасында аскерге, Барабанын урдуруп, Бар аскер чыкты чубуруп, Майданга келген Кененге, Чойун алп келип чогулуп: — Качантан бери сен бурут, Таанылып элге эр болдуң? Карсылдашып Каңгайга, Качан бизге тең болдуң? Калдаңдап жүрүп Манасың, Калдайдан канга бойолуп, Кара жерге тең болдуң. Кененим атка минди, деп, Кабарың угуп болгомун, Кантер экен мейли, деп, Көрмөмүш болуп койгомун, Алыңа чактап иш кылып, Ойлогондой болбодуң. Сен батышка барганда, Баргандын баарын сойлотуп, Баш көтөрпөй жатканда, Качан болсо батыштык, Чыгышты карай жылабы? Жакшы кылып жатат, деп, Жайыңа, бурут, жөн койдум. Батышты басып алгансып, Бадырайып балбансып, Демиңди жыйбай дардакшып, Чыгышты карай бет алдың. Бүтпөй ишиң калгансып, Хан Чиктейге катыштың, Канча жылы атыштың, Бутуң сынып калганда, Ичериңе аш таппай, Жатарыңа мааналап, Жаан тийбес жар таппай, Карагайдын түбүндө, Какталып күнгө жатыпсың. Кангайдыга хан Чиктей, Кадигине албаптыр, Атайлап издеп барбаптыр, Жаның калып жай алып, Балжууран, ышкын терип жеп, Курсагың тойуп жал алып, Кайта барып уурданып, Хан Чиктейди алыпсың, Уктап жатса өлтүрүп, Жеңдимдеп элге барыпсың, Уктабай басып турганда, Кантип алың келалсын? Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат – Экөөнү котчу мен алдым. Эси жоктор энтелеп, Бирден-бирден барышып, Сенден өлүп калганын! Алын сындап байкадым, Темирбек деген балбандын, Баарынын кунун чогултуп, Кууп алчу мен бармын! Бир денеңде бар болсо, Алты-жети миң жаның, Кыргызыңдан үмүт үз, Жаның тирүү калбайсың! Көргөнүң жарык бүгүнкү, Таласка бара албайсың! Жооп бердим, барып кел, Жакшы-жаман кебиңди, Кыргыздарга салып кел, Тирүү кайта кетирип, Жүрө албаймын сени мен! Деп күркүрөп Чойун алп, Кененимге айтканда, Канкордун уулу Кененим, Карс-карс күлүп жиберип, Күнгө кургап калгандай, Куу сары болгон мурутум, Булкуп кармап имерип, Кан куйгандай кызарган, Керебе сары сакалды, Жулкуп кармап сыланып, Каалгадай кашка тиш, Маңдайынан кылайтып, Кененим турду муну айтып: Мурунтан калмак, адатың, Алдап туруп амалдап, Чыр тапмак ата санатың, Айтканыңча бар экен, Падыша баатыр Манастын.