← Кененим 6/7

Башы-көзү челектей, Көзү күүгүм электей, Жулкуш болуп ченебей, Кызык уруш кези эле, Эр Кененим изин кууп, Кара кырдан ашканда, Аз канакей кыргызды, Кай тарапка кетти, деп, Калдагай изин чалганда, Кайта артынан чапканы, Келе жатып кез болду, Кеткен аттын изине, Издин дайнын таппады, Алда эмне кылды, деп, Жалын түшүп ичине, Кең кула менен желгени, Кызыл кыргын кезинде, Элге жетип келгени, Жазганбастан сайышкан, Көзү көрдү элдерди, Баатырдын туусу сайылуу, Желеги көккө жайылуу, Жанын айап калбады, Кабылан тууган Кененим: — Калдагай кулак кайда, — деп, Канчалык кылсаң айла, — деп, Бир жаныңа табылбайт, Кутулар менден арга! – деп, Ачуу үн чыгып акырып, Манастап салып бакырык, Алгыр бүркүт түрдөнүп, Кененим кирди качырып, Калдагай кулак эр айтат, Дабытай менен Ачакан, Чакыртып келген элге айтат: — Үнүн угуп турасың, Жалаңгыч сарык келайтат, Бетке келсе куткарбайт, Бел сындырып жан тартат, Башынан келе жатамын, Кененим менен кектешип, Мен чыгамын беттешип. Жол бошотуп силерге, Аны азгырып мен кетип, Таластын тарпын чыгаргын, Токтоо кылбай түз жетип. Бөлүнбөй бирге жүргүлө, Таласты алсаң бел сынат, Такыр акыл билгиле. Деп ошентип Чойун алп, Кененимдин алдынан, Утур чапты жол тосуп. Келе жаткан Кенендин, Кебетесин байкады, Күүгүмдөгү устадай, Өңү күүгүм сурданып, Күүгүм туман көздөнүп, Майлаган буудай жүздөнүп, Мурутуна муз тоңуп, Кабагынан кары жаап, Жаалы чыгып бетинен, Жалын чыгып көзүнөн, Көргөн адам айбыгат, Келе жаткан түрүнөн. Кененимдин белгисин, Көрүп туруп Чойун алп: “Беттешермин эрдемсип, Кетчүдөй турат баш кесип. Коросон менен испандын, Көзү карап турганда, Темирбектей тепселип, Мында өлүп бергенче, Качыра түшүп тап берип, Күн кеч кирип калыптыр, Топ аралап кирейин, Көз байланган бүрүлдө, Качып жолго жөнөйүн” Акыл ойлоп алганы, Арамзаада түгөнгүр, Кез керип найза чунайтып, Кездемдин боосун чубалтып, Тик качырып жөнөдү. Барып найза сайалбай, Жандап өтүп булт берип, Нары качып ойт берип, Бери качып шойт берип, Күн кеч кирди аңгыча, Калың кара кошуунга, Кирип кетти кылт койуп. Карааны көздөн жоголду, Караңгыда жылт берип, Анткор калмак кайда, деп, Арстан тууган Кененим, Бактыбайга жол кошуп: — Кангайдан келген калмакты, Как боорунан жарбасам, Кең куладан түшпөймүн, Коросон менен испанга, Катылышып жүрбөймүн, Чойун алпты албасам, Мен Таласка келбеймин. Коросон, испан кетпесе, Кезенишип диттесе, Амал менен урушуп, Айла кылып тургула, Туйдурбастан жылыштап, Таласты карай жылгыла. Кезектешип урушпа, Адам уулу чыдагыс, Кесилет менен урушта, Кейпи суук көрүнөт, Ким эрдемсип беттешсе, Беймаал каны төгүлөт. Деп тапшырып Кененим, Жүрүп кетти бастырып, Кара нээт Чойун алп, Чокудан чыгып шашылып, Тоо аралап жашынып, Чыгышты туура бетке алып, Кетип барат ашыгып. “Түбү тууган бирге эле, Кызыл чапан, жайдак төш, Мунун эли көп эле, Баш калкалап мен барсам. Маана болуп береби? Чыгыштан жалкып калышты, Кененимди көргөндө, Же кармап мени береби?” Санаасы сан, кыйал миң, Калдагай кулак өзү бир, Мээнет акыл таптырбай, Ачылбай келет көөнү кир, Тоо кылкалап жол басып, Корум таштуу бел ашып, Күн алтыга жеткенде, Кашкарга келди жанашып. “Алты күндөн бери жакка, Аркамдан кабар болбоду, Кененим калган белем деп, Изимди таппай адашып, Жоодарды сойуп кетем” деп, Качып жүрүп жаны ачып, Кез дайранын бойунда, Жоодарга калды капташып, Дүйшөмбүнүн шаарынан, Кененимге баратып, Көрө салып Чойун алп, Ал Жоодарга муну айтат: — Кайда кетип барасың, Чал сакалың калдаңдап? Дүйшөмбүдөн мен келем, Кыргызды кырып канжалап. Кыргыздан тирүү калбады, Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, Кененимди баш кылып, Кажыр-кузгун талады. Баш калкалап Жоодарың, Мааналар жериң калбады, Мен келатам сени издеп, Башыңды кесип алгалы, Жолумдан чыктың мага, — деп, Найзасын колго алганы. Жоодар анда кеп айтат, Кеп айтканда нени айтат: — Кыргызды кырып түгөтүп, Келатпапсың кан жалап, Качып келе жатыпсың, Аркаңды карап кылчаңдап, Башыңды кесип байланып, Жолбостун жолун тосойун, Атаңдын көрү кап, калмак! Жоодар алды найзасын, Кайрат кылып тырпаңдап, Ак сакалын жаркытып, Жааган кардай барпаңдап. — Качкан киши менби? – деп, Каарданып чоң калмак, Баш алуучу сенби? – деп, Улуу жолго сойойун, Ичиңди жарып, томайак, Талаага таштап койойун, Келгендер көрсүн көзү, — деп, Жүрөгү өлсүн өзү, — деп, Ашкере билсин ап-ачык, Чойун алптын иши деп! Уга салып эр Жоодар, Арсаңдап күлүп жиберди: Атаңа наалат ой, калмак, Качкандыгың билинди, Жаныңды катып мааналап, Келгендер көзү көрсүн деп, Бул айтканың кайсы кеп? Кара күчкө байатан, Мактанасың бокту жеп! Карылардан калган кеп, “Капкан жоону чындаса, Кайраттуу катын алат” деп. Качып келе жатыпсың, Ашкере сени билдим, — деп, Мөкүбалдуу найзаны, Булгап алды Жоодар чал, Кайраты жаштай толкуду, Качырып кирди карган чал. Чойун алпка сайдырбай, Найзасын кагып жиберип, Кылкараны оң тартып, Кайта тийди имерип, Тартынып калар жери жок, Чойун алптан ийменип. Жоодар чалдын найзасын, Кангыта кагып Чойун алп, Сур ат менен тап берип, Түп этектен алам, деп, Айтканындай Жоодарды. Жол бойуна жарам, деп, Атына камчы басканы, Кайран Жоодар шашканы, Кылкараны койгулап, Сойодой болуп качканы, Кош кезек деген Мойнокту, Катары менен ашканы. Утур чыгып жолунан, Шер Кененим капташып, Жоодардын ичи кызыл чок, Салам айтса Кененим, Алик алар шайы жок. — Жоодар ага, не болду? Кайратың кайда жоголду? Жоодар жооп бергенче, Көрүнө түштү Чойун алп, Шер Кененим чу койду. Кайра качар жай таппай, Качырып кирди Чойун алп, Ажал алып жакадан, Аптыгып кирди чоң калмак. Ачуусу келген Кененим, Жоготкон жоосун жолунан, Кудай өзү бергени, Ачып көзүн каранып, Кызыл түпөк найза алып, Беттеп кирди Кененим. Өпкө-боордун тушу, деп, Жиктеп кирди Кененим. Качырган жерде калмактын, Найзасын кагып жиберди, Оңолуп калмак келгенче, Кеңкула оозун имерип, Калдаңдаган калмакты, Кара бойун жыйнабай, Далдаңдаган калмакты, Шамалга учкан камгактай, Далбаңдаган калмакты, Тайган кууган кийиктей, Барбаңдаган калмакты, Эки этеги жыйылбай, Салбаңдаган калмакты, Токойдо жапа доңуздай, Дардаңдаган калмакты, Карчыганын балык эт, Найза менен муштады, Табарсыкты аралап, Найзанын учу чыкканы, Калмакты сайып алганы, Кара жерди майлады, Башын кесип байланды. Карыган Жоодар чалына, Сур атты ага карматты, — Ага Жоодар, кулак сал, Унутуп калбай кебимди ал, Башка хандан көбүрөөк, Саа караштуу жерлериң, Баарысынан кабар ал, Жеркен, Котен, Лопнур бар, Азык, Арал, Кум дайра, Ээлик кылгын буларга, Улуктарын үч жылда, Бирден оодар тил алсаң. Элдин көөнүн оорутпай, Багалганын албасаң, Эл нааразы болгонун, Көөнүн карап салбасаң, Унутуп калат пейилсип, Үч жылда бирден барбасаң. Кокон менен колдошкун, Кол үзгөндө болбоссуң, Бактыбайды балам де, Бар кеңешим салам де. Айкөл Манас барында, Жүргөн Төштүк жанында, Алым келсе кадырлайм, Нааразы болбо карыйа. Кененим, Жоодар кеңешип, Кеби тамам болгончо, Чыгыш жактан чаң чыкты, Токтоо кылбай шар чыкты, Кара байрак туу чыкты, Калдайган кошуун кол чыкты, Кабаттап темир кийинген, Капкалуу тоодой зор чыкты. Жоодар менен Кененим, Ким экенин билүүгө, Бура тартып бурууда, Башмактап турду бир жерде.