Кененимдин Кикиматты сойушу
Жалгызек уулу Бактыбай, Сүйүнгө элди айдатып, Эми болду көөнү жай, Кененимди кетирбейт, Коргонуна ал барбай, Эки күн өрүүн алдырып, Жол керегин жан кылып, Кетесизби дегенде, Кененим айтат момундай: — Угуп тургун, Бактыбай, Бакай айткан кеби бар: “Эңкейгенге эңкейгин, Чекең жерге тийгенче, Ал атаңдын мурас кулу эмес; Какайканга какайгын, Төбөң көккө тийгенче, Ал пайгамбардын уулу эмес”, Бакай айткан ушул кеп, Бекер айткан кеп эмес. Мени оору басмарлап, Ачкалык элди басмырлап, Алаканчык шыбыргак, Таласты баскан кездерде, Жоодарды карап кошо алып, Токсон миң унаа дан артып, Мага элес калтырдың. Жолумду тоспо кетейин, Болду мага, баатырым, Таласка барды деп турам, Жез киндиктүү Кикимат -, Калмактардын баатырын. Мен дабырга барам, деп, Бактыбай болбой аттанды, Эр Сейтектин Кененим, Миң кишидей шаттанды. Эрте туруп саар басып, Аз гана эмес мол басып, Түн ортосу болгондо, Ордого барды сабашып. Жатыптыр кыргыз жам жайкыт, Өрүүн алып алты күн, Бактыбай кетти ал кайтып. Кененим жатып ой ойлоп: “Жоодар айткан баякы, Чойун кулак Кикимат, Кайда кеткен? – деп ойлоп, Кара ниет калмактар, Барган жердин барысын Баш аламан кылганбы? Баш көтөргөн калтырбай, Баарын такыр кырганбы? Же болбосо жылдырбай, Жылчыксыз камап турганбы? Таласта жатпай мааналап, Качан келет калмак деп, Каршы алчуудай сагалап, Анжыдан барып көрөйүн, Кикиматта акмалап. Кашкарга кетсем түз бойдон, Кабар алып тура албайм, Жеркен, Котен, Лобнурдан. Алар, Азык, Тетир суу, Аралабай келемби, Эки күн сабыр кылайып, Биринен кабар келеби?” Санаа эки, жол ача, Үйдө жатып Кененим, Ой ойлонуп ар канча, Эки күн өттү арада. Таң менен туруп карасак, Жергенин сары талаага, Жер майышып кол түшүп, Көз жеткисиз аларга, Коргонго келди эки адам, Күндүн мурду чаларда. Дарбаза баккан кишиден: “Кененим кайда, эр кайда? Кабар айткын бачым, — деп, Кармашар болсо чыккын, деп, Корккон болсо Кененим, Коргонду бизге берсин, — деп, Кол салышар эр болсо, Байрагын сайып, бел байлап, Басташар жерге келсин!” деп, Аны айттырып коргонго, Алтымыш балбан белендеп, Каратып койгон бир жерге, Жалгыз чыкса Кененим, Кармап алып келгин, деп, Ордо баккан жигиттер, Алек-далек жүгүрүп, Мурун мындай көрбөгөн, Кара жандан түңүлүп, Кан жыттанып көөдөнгө, Энтелешип күйүгүп, Кененимге барышты, Көргөнү менен укканы, Баарысын айта салышты. — Келгендер, кайта бар – деди, Келген эки кишини, Алып келе кал, — деди, Качырып ийбей кармагын, Жакшы-жаман кеп кылып, Бейбаштык кылып салбагын. Кайта барса туруптур, Кененим кебин келгендер, Жигиттерден угуптур. — Жакындан бери экөөбүз, Кабарчыбыз ар жерде, Келсин мага дегенди, Укпаганбыз дегеле. Жиберген бизди Кикимат, Кел деген киши Кененим, Абийир жок ургандар, Уялбай айтып келгенин! Кел деди деп баруучу, Жеңил бала биз эмес, Кол куушуруп алдына, Учураша баргыдай, Кененим анча киши эмес! Деп айтканда келгендер, Атынан сүйрөп алышты, Ордодогу жигиттер, “Залкарлуу киши Кикимат, Санатсыз киши Кененим” Ооз айбыңа, ушу, деп, Оролонуп урушту, Жылаңайлак жүгүртүп, Кененимдин алдына, Алып келип турушту, Болгон иштин баарысын, Кененимге угузду. Сен экөөң кайдан келдиңер? Атыңды айткын кимсиңер? Ким болот атын айткыла, Баштап жүргөн кишиңер? Жашырбай сүйлөп, чыныңды айт, Сак-саламат кайрат кайт. Айта албаса калдаңдап, Жалганды айтып тамтаңдап, Куйкасын тилип, туз куйуп, Таманына шиштен как! Тирсегинен аскыла, Талкуу менен баскыла! Кененимден кеп угуп, Айбатынан баатырдын, Сүйлөбөй тили булугуп, Жаман кеп уккан жигиттер, Сурак гана үйүнө, Алып барды аларды. Үйдүн ичин караса, Үйтүгүндөй орноткон, Такыр – мык экен, Аркасы – алды, капталы – Баары ошондой жыш экен. Башын өйдө көтөрсө, Мык сайылат шилиге, Тамандан канын жошултуп, Кыдыртып жүрүп алпарды, Жылан кана үйүнө, Он түрдү жылан бар экен, Солоп койгон бир үйдө. Жоону мамы жыгачтай, Тилдери карыш ачан май, Жылан тургай ал үйдө, Бөйөнү бар чайан бар, Көп кене менен киле бар, Сары эшек менен кирпи бар, Чиркей менен чымын бар, Аш кайнамга саламат, Калаар эмес чымынжан. Ошондой үйдөн жетөөнө, Кыдырата алпарды, Жошологон челектей, Бүткөн бойу кандалды, Чыкпаган тирүү жан калды, Коркуп булар сандалды, Кайра айлантып абалды, Киргизген үйгө алпарды, Эси чыгып байкуштар, Чай кайнамдын ичинде, Өңдөн азып саргарды. Муракыны келтирип, Бүткөн бойун жуудуруп, Кымыздан тарткан арактан, Алып келип сундуруп: — Кана кебиң айт, — деди, Элиңе ылдам кайт, — деди. Көзү менен көп нерсе, Көрүп келген кургурлар, Эч бир айла таба албай, Айтты сөзүн баарын жай: — Алты шаар, Анжыдан, Наманкен, Ташкен, Самаркан, Баштап жүрүп Кикимат, Баарын алды колуна, Калк башкарган хандардын, Эл бийлеген бийлердин, Боолук салды мойнуна, Кабаттап кишен салдырды, Буту менен колуна, Калмактан бирден калтырды, Ошолордун ордуна, Такыр бүгүн аман бар, Кикиматтын колунда, Билбепбиз не бар ойунда, Кененимди баш кылып, Өлтүрөм деген баарысын. Сыр коргондун оозуна, Түндө келип түшкөнбүз, Кең Таластын бооруна. Алтымыш балбан белендеп, Кара суунун бойунда. Жалгыз чыкса Кененим, Тор салып кармап келгин, деп, Айткан болчу аларга. Жерге дагы, көккө да, Жайып торду таштады, Уруш кылчуу майданга, Орду казып таштады. Таластын жери кең экен, Телегейи тең экен, Камыш менен чапканы. Кикимат айткан кеби бар, Кептин жайы мына мындай: “Жерде жайган турум бар, Майданда казган орум бар, Сандалып колум бар. Алты шаар Анжиян, Наманген, Ташкен, Самаркан, Эминеден кемим бар? Ошол турган Таластын, Мурунку аты Көтөлөк, Манас койгон Талас деп. Талас атын жойом, — деп, Көтөлөк атка койом!” деп, Буйрук кылган элине, “Талас деген кепти уксам, Тилиң сууруп алам!” деп. Бизди барып келдеген, Менден кабар бер, деген, Темир тонду Шалкымат, А да келет айт, деген, Калдагай кулак Чойун алп, Бул да келет айт, деген, Айтып койуп кабарды, Андан кийин кайт, деген. Келген элдин Таласка, Кебин укту Кененим, Мен – менсинген бел болор, Эрин укту Кененим, Колу, буту байлоодо, Эл башкарган эрлерин, Анык укту Кененим, Калганы жок кем-керчи, Канык укту Кененим: — Келгендер эми кайт, — деди, Көргөнүң менен билгениң, Баш кишиңе айт, — деди, Алты күнү былк этпей, Ат өргүтүп жат, — деди. Жетинчи күнү чыгамын, Жыласыңды чыгарып, Жып жылма, түп-түз кыламын, Уйкудан көзүң ачамын, Ой – тоого жиниң чачамын, Каныңды суудай төгөмүн, Эрдигиңди, калмактар, Ошо күнү көрөмүн! Шалкыматы сойгомун, Келет деген төрөсүн, Калдагай кулак Чойун алп, Тажиктердин Темирбек, Келтирип мында жүрбөймүн, Кикиматты жоготуп, Дүйшөнбү карай жүрөмүн, Жалганы жок баары чын, Болбосун мында күмөнүң! Эртең уруш деп айтсам. Чарчап келген чагымда, Жеңип алды кыргыз, деп, Армандуу болуп жүрбөдүм, Эр колуна эр түшөт, Эске сактап түшкөндү, Эрдик менен хандыктын, Эзелки жолу экен бу. Деп Кененим кетирди, Кикиматка барышып, Барганынан келгенин, Көргөнү менен укканын – Баарысын айтып бүтүрдү, Оозун ачып эстенип, Кикимат чочко үшкүрдү: “Бул экөөнү коркутуп, Болгон кепти угуптур, Шалкыматты өлдү деп, Тим эле кошуп койуптур. Алты күнү турайын, Келип калар аңгыча, Ат башы кеткен кишилер, Андан кабар угайын.