← Кененим 2/3

Алтынчы күнү майданда, Кармап алып Кененим, Жардатып туруп кыргызды, Алты шаар, Анжидан, Андан келди он адам, Наманген, Ташкен, Самаркан, Мундан келди кырк адам, Баш аягы колумда, Байлоодо киши элүү хан, Кененим менен элүү бир, Таластагы эрлерден, Элге кеңеш бергенден, Тандап туруп таптырам, Көккө теңир жолуна, Ошол күнү чаптырам. Деп ойлонуп алыптыр, Жанымдагы экөөнөн, Жана сурай калыптыр: — Асман – жерде торумду, Майданда казган оромуду, Айтыңарбы аларды, Барып келген эки кул, Айтпадык дейли биз, дешип, Астыртан түрө тиктешип, Эриндерин тиштешип, Бирин-бири шүк дешип: — Эмне кылып жатат деп, Сурабады ал бизден, Сураса да айтпайбыз, Сыр чыгарып биз сизден. Деп айтканда кулдары: “Укпаган экен Кененим, Торум менен Орумду, Колумда экен Кененим, Маңдайда таалай багым бу”. Деп айтып ийбей ооз менен, Жатып калды чалкалап, Күйүп жатат Кикимат, Бактыбайды талкалап, Мага келет деп Шалкымат. Ак калпак кыргыз элине, Анткор турган Кененим, Азырдан киши чаптырат: — Жол келип камап калды деп, Качпасын кыргыз калдаңдап, Аркайган тоону аралап, Абалыңды билбесин, Анткор калмак чамалап. Кененим кантип жатат деп, Убара болбо сагалап, Калмактан барса аралап, Коркпой туруп ур сабап. Үрпөңдөбөй коркконсуп, Желелеп бээң байлагын, Четинен уурдап жебесин, Жайытын күндө айлангын, Башкарып алгын малыңды, Багып жаткын жаныңды. Деп айттырып жумшады, Айылга барчуу чабарды. Ордодо жигит токсон бир, Чакыртып алды буларды: — Ордо баккан токсон бир, Мен айтамын угуп бил, Калмактардын колунда, Матоодо киши элүү бир, Куткарып кел туйгузбай, Душмандын көөнү болсун кир. Жай-кышы ордо багасың, Эриксең чүкө атасың, Элүү бирди бошотпой, Кантип ордо багасың? Кененим айтып болгончо, Айткан оозун жыйгыча, Калмакча узун чапанды, Сүйрөлтө жерге жамынган, Тесмеси аппак маржандан, Мойнуна жүздү салынган, Калмакча тилди билгенден, Канча кошуун кол болсо, Титинбей тинтип киргенден, Экөө чыкты бөлүнүп: — Бүгүн күндүз барабыз, Күнөкөр баккан неменин, Башчысына кош колдоп, Жакшы арактан сунабыз, Бошоту жолу кандайдыр, Абдан байкап чыгабыз, Күүгүм кире барабыз, Калмактын ылгап атынан, Элүү бирди мингизип, Алып келе калабыз. Айтканды айткан кылбасак, Кандай амир кылсаңыз, Мойнубузду сунабыз. Агачалык эки-үчөө, Андан-мындан төрт-бешөө: — Элебей туруп бул иштен, Томсоруп биздер кур калдык, Булар алып келбесе, Биздер карап турбайбыз... “Ызылдашып калгандар, Боло түштү чуркурап, Көөнүндө болуп ыраазы, Кененим болду кош убак. Эки жигит жүгүрүп, Табылды бизге кызмат, деп, Жаны калбай сүйүнүп, Учурап калды талаада, Келе жаткан кеңгиреп, Талаада эки калмакка, Калмактарды кармады, Кармап байлап салганы, Буктурма деген колотко, Буларды алып барганы, Арактан берип табынча, Алардын дайнын сурады. Таз карды кызып, көз буурул Тартып калган убагы, Ойлоп айтар акыл жок, Булардын айтып турганы: — Кыргыз бы десек калмаксың, Неге бизди кармадың, Алып келип ээн жерге, Анан кайра кайта сыйладың? Калмакка каршы жигиттер: — Айтканыңар ырас чын, Куландын сары сайынан, Колго айдалып чыкканы, Ойнободук, күлбөдүк, Көөн сергитип келмекке, Ушул жерге келгенбиз, Кийик атып кел, деди, Калмактан чыккан мергенбиз. Кыргоол атып, чил атып, Этин кактап жегенбиз, Ашып калган эттерди, Ороп ала келгенбиз, Арак эмес эт да бар, Ач болсоңуз жесеңиз. — Жол басып жүрүп талаада, Бизге арак, эт кайда? Жебей кантип турабыз, Табылып калса мындайда. — Жол басып деген не кебиң? Кайда барып келгениң? Аңырып жүргөн акмалап, Кыргыз болуп жүрбөгүн? Деп жигиттер айтканда, Эки киши кеп айтты, Кеп айтканда нени айтты: — Самаркандан Кикимат, Таласты карай тартканда, Атбашыга баргын, деп, Шалкымат кантип жаткандыр, Андан кабар алгын, деп, Барбаймын дээр ооз кайда, Биз жүргөнбүз макул деп. Атбашы бардык жол тартып, Адам бар жерде түн катып, Атбашынын түзүндө, Улак тартып жатыптыр, Кыргыздын баары дуулашып, Кары-картаң, жаш-жалаң, Ойду-кайкы жүрүптүр, Аркы-терки чубашып, Кененим барып Шалкымат, Небак эле өлүптүр, Анык уктук сурашып, Биздер кайта тарткыча, Ээр-токумду аттарды, Айдап барды чубатып, Олжо бөлүп калышты, Кыргыздын баары чуулашып. Эл олжого киргенде, Бери карай жөнөдүк, Кара жанды куткарып. Эми минтип турабыз, Силерге колду байлатып, Кулдан бетер айдатып. Бар кебин угуп алышты, Аттарын сурап билишти, Өлтүрүп таштап экөөнү, Тондорун сыйрып кийишти, Атарын кармап миништи, Кыргыздыгын билгизбей, Калың топко киришти, Буларды көргөн калмактар, Өз киши деп билишти. Кикиматка барбады, Барбай жатып калганы, Күнөөкөрдүн башчысы: — Эл аралап келдиңер, Арак барбы силерде? Минтип сурап калганы. — Көп таппадык, аз таптык, Таппай куруу калбадык, Жүр, чогулуп бир жерге, Азыраак жутуп алалык. “Бүгүн бу, эртең өлүм бар, Жаның бар да күлүп ал”, Айтылган макал элде бар, Азыраак деп укканы, Үйдө олтурган далайдын, Баарын айдап чыгарды. Аракка кирди үч киши, Күнөөлүнүн башчысы – Мас болуп калды бир киши. Мас болгонду жаткырып, Колунан алып ачкычты, Кишендерди ачтырып, Тизмекте аттан минишип, Жүрүп кетти бастырып, Топуракты чачтырып. Бирөө кетип бирөө бар, Бекер турбай кат кылып, Шаштырбастан бүт жазып, Төшөгүнүн башына, Таштап кетти катт ы ачып. Эшиктен бирөө кириптир, Катты окуп билиптир, Шашкалаңдап жүгүрүп, Кикиматтай улукка, Кабар кылып ийиптир. Кабар угуп Кикимат: — Алты күнү жаткын, эп, Кененим кылып мени акмак, Өлтүрүп койот экен деп, Ойунда мунун турбайбы, Элүү бирди куткармак... Жеткирбей кармап алам, деп, Кайбир чочко аттанат, Барабаны кагылды, Бар аскер атка жабылды, Сүрдүгүп барып бир тобу, Казган орго кабылды. Жүз калмакка талаада, Бекер өлүм табылды, Ушундай жерде акынга, Бирден месел табылды: “Кишиге оро көөлөсө, Өзү түшөт” деген кеп. Ушул жерден алынды, Калдаңдап кетип баратып, Караңгыда Кикимат, Өз торуна чалынды. Аты түштү жер торго, Өзү түштү асманга, Аркасынан келгендер, Араң чечип бошотту, Таң агарган убакта. Калмакка болгон каранды, Элүү бири барганы, Кененим менен көрүшүп, Кебин айтып калганы, Баарысынын кеби окшош, Өзүмө кишен салды, деп, Алтын-зарым алды, деп, Аргымагым минди, деп, Катын-кыздын баарысы, Күн тийбеген жерлерде, Саманкана,кепеде, Саргарып өңдөн азды, деп, Сарсана болуп жатты, деп. Кебин угуп алардын: — Көөнүңөрдү жам кылып, Эркин жатып дем алгын, Эрегишкен чочконун, Эдебин берчү мен бармын. Алардын көөнүн жай кылып, Кең куланы алдырып, Үстүнө токум салдырып, Залкар тоодой Көк жалы, Коргондон чыкты бастырып. Барабанын кактырган, Бары аскерин бастырган, Балакет чыкты Кикимат, Бара жатса алдыттан. Кененимди көргөндө, Тааныбаган Кикимат: — Көрбөгөнмүн, уккамын, Өзүң сары, көзүң көк, Турушуң элден бөпбөлөк, Кененим болуп жүрбөгүн. Атың кула заңкайган, Кең соорусу даңкайган, Атыңды айтчы билейин. Кененим айтат мындай кеп: — Мен Кененим билгин, — деп. Темселеген арам ит, Эмне кылып бул элге, Бүлүк салып келдиң?! — деп. Алты шаар, Анжыдан, Наманген, Ташкен, Самаркан, Манастан бери карата, Көөнү куунак жай жаткан. Нарын, Жумгал, Атбашы, Кетментөбө, Кең жазы, Арстан Манас аттанып, Ат жалын тартып мингени, Адам изин салбады; Котен, Жеркен, Кашкарды, Лопнур, Азык, Аралды.