Кыйпачын укса сөзүнүн, Кыйгачын көрсө көзүнүн, Жоодар кабар кылбайбы. Аксайды карай бастырбай, Тоскула барып бел-белди, Жоо келди деп үркүтпө, Жыргап жаткан элдерди. Түп атаман бер жакка, Үйдө жатып башкардык, Урматын көрдүк бул элдин, Өзүм алдын тосойун, Каптап келген бул селдин. Хан болупмун калдайып, Башыма таажы салынып, Карсылдашып өлөйүн, Элдин тилеп аманын, Кабаттап темир жамынып. Деп ошентип Бактыбай, Согушка чыкты камынып, Чуру-чуу түшүп коргондо, Жез барабан кагылып, Атка минди миң балбан, Дайар болуп жабылып, Жайы-кышы жаткандар, Бекеринен багылып. Асабасы калкылдап, Алтындуу саадак жаркылдап, Кең багалек буулум шым, Үзөнгүдө шалпылдап, Кылыч кында шыңгырап, Ай балта белде жалтылдап, Найза колдо зыңырап, Аргымак аттар алкылдап, Жоокерлердин жүрөгү, Токтоно албай балкылдап, Шалкыматтын жолунан, Миң киши чыкты атышып. Падыша Кошой баласы, Он тогуз менен жыйырманын, Ортосунда жаш болуп, Миң кишиге баш болуп. Мурутун булкуп ыргыткан, Мындай чыкпайт көп журттан, Сакалын жулуп ыргыткан, Батасы журтту байыткан, Олуйа Кошой төрөнүн, Туусун көрүп калмактар, Токтоо кылып турбастан, Каптап кирди бир баштан. Темир тондуу Шалкымат, Калмактарга кеп кылат: — Сен отуз миң, кыргыз миң, Бир кишиге отуздан, Алдырсаңда, алсаңда, Калганын эми өзүң бил! Келе жаткан кампайып, Жалгызектин Бактыбай, Бучкагыма албаймын, Убара болуп барбаймын, Теңтуш киши кептенип, Теминишип жүрбөймүн. Тоготпой карап турайын, Кайраты канча көрөйүн, Катылып келсе кол салып, Башын кесип жөнөйүн. Карап туруп кыргыздын, Баатырлыгын билейин, Балбандары бар болсо, Как боорунан жирейин! Каптатып ийип Черүүсүн, Карап турду кайкайып, Бүтүлүү тоо көрүнүп, Бул Бадырек дампайып. Коргондон чыгып Бактыбай, Бактыбай анда кеп айтат: — Токтой тургун, кыргыздар, Алам уруп ашыкпай, Олуйа атам Кошойдун, Алтын туусун көргөндө, Болбой кирди калмактар. Калмактар айнып акылдан, Айласын тапай калдыбы? Алы канча дегенсип, Же акимсинип алдыбы? Так отуз миң эл окшойт, Туу санаты бардыгы. Каптап кирсек жапырып, Кайратын бойдон качырып, Тартуу тартмак кылат деп, Коркуп кыргыз ашыгып, Ойлогону ал окшойт. Кандай болсо келген жоо, Өз акылын акыл, деп, Таптым акыл такыр, деп, Кулак салып кыргыздар, Тилимди алсаң макул деп, Ушул турган миң балбан, Жалгыз кара башыңды, Жүз кишиге бааласаң, Жарадар болсоң азыраак, Жалтайгансып калбасаң, Ого бетер ошондо, Найзаңды чыңдап кармасаң. Баш айрылат, көз чыгат, Бет айрылат, кол сынат, Ат жыгылат, бут сынат, Андай иштер кез болсо, Ээрдиңди кесе тиштегин, Качан болсо өлчүү жан, Жан айабай күчөгүн. Качкан болсо найзалап, Жакын болсо кылычтап, Бет маңдай боло балталап, Өлсөң-өлүгүн урушта, Кайра качпа аркаңа. Качып берип калдаңдап, Сыр алдырба душманга, Кыргыз кыйын экен, деп, Келгендер калсын пушманга, Айтылып калсын атагың, Жер бетинде укканга. Ураан салгын бакырып, Манастан башка болбосун, Мен турамын бир четте, Жан айабай киремин, Баш кишиси бет келсе. Мен да кирсем аралап, Карап турган тетиги, Маңдайында сагаалап, Анык байкап албайлы, Алыңарды чамалап, Капыста бизди калтырып, Коргонго кирет сабалап. Аралап кирбей, миң балбан, Айланасын курчап кал, Четке киши чыгарбай, Ошол жерге камап сал. Деп Бактыбай айтканда, Балбандын баары бакырып, Манастап ураан чакырып, Мылтык атып жүз балбан, Доолбас уруп он балбан, Туу түбүндө Бактыбай, Он киши менен бир калган. Уй мүйүз тартып ат койуп, Сегизжүз ашуун балбандар, Калмакты курчап салганы. Аңгычакты болбоду, Кабар барса көп элге, Өөдө-тоодо кырыгздар, Чогулуп келе калганы, Санаты толду отуз миң, Калмакка кырыгз теңелди, Сан тарабы бирме-бир, Карап туруп Шалкымат, Көөнү даттап болду кир. Чыдай албай күркүрөп, Жекеге чыкты түгөнгүр. Бөлүндү болгон калмактар, Жам болушуп бир жерге: «Кандай адам тең келет, Кыргыз деген бул элге? Отуз миңди миң киши, Камап койду бир жерге, Тирүү кетиш жок экен, (Түңүлдүк жандан) биздерде» Деп калмактар күбүрөп, Ачык айтып ийе албай, Сийдиги агат бүрүлдөп. Токтоно албай Шалкымат, Балбандарын чакырат, Бетек деген балбанын, Кел бери деп бакырат: — Мен Шалкымат болголу, Сен Бетек атка конголу, Менин менен теңдешип, Беттешкен бенде болбоду, Беттешкен менен эрдемсип, Дегеле иши оңбоду. Тиги турган Бактыбай, Көөнүнөн кеткис иш кылгын, Жекеге келген немесин, Найзага илип ыргыткын, Кыргыздын көрдүм караанын, Токтогон көзгө сенчелик, Көрө албадым адамын. Сенден калса Табан бар, Табан чыкса кыргыздар, Айласын калар табалбай, Деп болуп аны чыгарат, Четке чыккан бетектин, Дөөкүрсүгөн эшектин, Кереги жок болучу, Маңдайлашса кезектин. Шалкыматтан кеп угуп, Мыктысың бетек, деп угуп, Чыкты чочко оолугуп. Кыргызда бар нечени, Араң турган жулунуп, Уруксат алып ханынан, Кийизбай чыкты жол тосуп. Калмактардын бетеги, Найзасын чыңдап кекенди, Тосо чыккан алдынан, Кийизбай баатыр бекерби? Качырып тийген Бетектин, Кагып ийди найзасын, Колуңан жарак кеткенде, Эми алың канчасын? Имерилип Кийизбай, Манастап ураан чакырды, Бир сайгандан чыгарбай, Менмин деген Бетектин, Минтип шорун катырды, Жара сайып курсагын, Эшектей кылып жаткырды. Шалкымат айткан табаны, Шалкылдатып таканы, Атка минсе ээринин, Кашына тийет сакалы, Жарым уйга жүк экен, Жамынып алган чапаны, Ачууланып Табандын, Абыдан келди капасы, Каңалтырлап көрүнөт, Мойнундагы какачы, Кулагы жалпак мулуйуп, Бети калың дулуйуп, Шалкыматтын жанынан, Бастырып чыкты суурулуп, Чокморун кысып такыйга, Кылычы бар кынында, Балтасы бар жанында, Найзасы бар колунда, Калканы бар жонунда, Чарайна тартып бооруна, Туулгасын көмөрүп, Бетектин колун алам деп, Кайраттанды көгөрүп, Каарын салып сүрдөнүп, Ач карышкыр түрдөнүп, Жаанда аккан кыйандай, Жаман келет түрдөнүп. Айал-үйөл кылбады, Качырып найза урганы, Чоң экен деп табаны, Кийизбай карап турбады, Найзасын күүлөп сунганы, Күүлөгөнгө болбоду, Капыр Табан бир койду, Кийизбайдын сыртынан Найзанын учу коройду, Илип алып найзага, Калмакты карай чу койду. Кыргыздардын ичинде, Жолболду деген тың эле, Жолукканды жубанткан, Өзү мыкты уул эле. Кийизбайды калмактар, Тытып этин жешет, деп, Тытмакай кылып кетет, деп, Коңурду минип койгулап, Олбуй-солбуй камчылап, Калмакка – берерде, Качырып жетип Жолболду, Кара ниет табанды, Карчыттан нары бир койду, Тоодой болгон чоң табан, Топо тиштеп торойду. Найзадакы Кийизбай, Бакырып ийди Манастап. Кийизбайдын этине, Найзанын учу тийбген, Кементай менен күрмөнүн, Ортосунан найза өтүп, Түпөгүнөн илинген. Кийизбайды куткарып, Табандын атын олжо алып, Кайра тартты Жолболду, Дары деген бир балбан, Калмактан чыгып жол кошту, Бир сайгандан чыгарбай, Жомсоп койду Жолболду. Ошол күнү он калмак, Жолболдуну колунан, Баары өлүп жоголду. Беттешкенин мент кылып, Сайгандын баарын жабшырып, Майдандын ичин кан кылып, Баатырлык кылды Жолболду, Күн кечкирип бөлүнүп, Эки башка эл конду. Эртең кандай болот деп, Ойлоп жатып таң атты, Кыргыз калмак – эки урук, Маңдай-тескей сап болду, Катар он бир эр өлүп, Каң караган калмакка, Арылгыс жаман дарт болду, Эрдемсип калган Жолболду, Элден мурун чуу койду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.