← Кененим 3/5

— Келген болсоң Акешен, Келип жардам бергин деп, Сурадымбы сенден мен? Жолумду тосуп торопсуң, Башкалардай ойлойсуң, Жоодуратпай Акешен, Жолго сени сойбосом! Кайра жаачу булуттай, Кабагын бүркөп түмпүйүп, Өңүндө кызыл калбады, Кара көк болуп чүмкөлүп, Колуна найза кармалуу, Качырды муну тап берип, Кайра тартты «Акешен» Карышкыр болуп жалт берип, Аңга салып, адырга, Опсуз качып жөнөдү, Ой менен тоонун баарына, Ойунда турат кубулжан, Көй капка алып барууга, Дөө периге жеткирсе, Дөөдөн кубат алууга, Айбанда болсо кеңкула, Арыбы артык бар мында, Жолун торгоп бастырбай, Койкаптын жолун таптырбай, Ороло чуркап жеткенде, Кубулжуган канчыктын, Чын айласы кеткенде, Таш бака болуп дүкдүйүп, Жатып алды бир жерге, Баспай турду кеңкула, Кененим өтө берерде, Кененим туруп байкаса, Таш бака жатат дүкдүйүп: «Ташбака жатар чөл эмес, Же тузу ачуу көл эмес, Ташбака эмес жаадыгер, Жаткан экен» деп ойлоп, Имериле тартканда, Сырымды билди, өлдүм, деп, Сары арыз болуп кырсылдап, Сызгырылып жөнөдү. Тоодой болгон Кененим, Томуктай чычкан кубалап, Бу дагы кудай буйругу, Желмогуздун шумдугу, Душманды жеңиш арзанбы, Кумду карай сыйлыкты, Арамзаада Кубулжан, Эч бир айла табалбай, Кененимдин колунан, Кутулуп аман калуудан, Акылы токтоп абыдан, «Айланып кайра салбасам, Багдагдын шаарын камаган, Жөөттүн ханы Шермат хан, Менден бетер жаадыгер, Анын кызы менен таанышам, Ошондон жардам албасам, Белдүү киши Шермат хан, Кол алдында жүз балбан, Жаадыгер эки болгондо, Кутула албайт бизден ал» Деп Кубулжан ойлонуп, Бара-бара чоңойуп, Бойго жеткен кыз болуп, Жез оймокто уз болуп, Кызылы-кызыл агы-ак, Кызгалдак чөпкө окшонуп, Ийни салкы мойну кез, Ойкуштанып оштонуп, Кененимдин жанына, Келип турду койкойуп: — Кепке келгин Кененим, Кекенишип сен менен, Эр эгишип келбедим, Жадыгерлик үйрөнүп, Эрдигин сынап келгенмин. Желмогуздун салты бар, Эрге тийбес шарты бар, Жөөттүн ханы Шермат хан, Опсуз сулуу кызы бар, Жиберген мени атайлап, Кабарыңды угуп ал, Шермат хандын кызына, Кабарга барам мен мындан, Жаратып алгын сулууну, Айтар кебим мана бу. Сынайым деп эл үчүн, Сени салдым азапка. Сенден бетер кыйналып, Мен да калдым азапка. Жөөттүн ханы Шермат хан, Багдатта бүгүн казактта, Багдат менен Ирандын, Баарын салып азапка. Багдатка Шермат каз экен, Багдатта аскер ас экен, Багдатты барып алам деп, Шермат хан казат кылыптыр, Падыша жок Багдатта, Баш көтөртпөй кырыптыр, Багдаттка Иран кошулуп, Шаарды бербей туруптур, Шерматтын кызын сен алсаң, Багдатты кошуп сурасаң, Алакандай Таласка, Адырда көчүп жүрүпсүң, Анда сенде не арман! Сыйрылыштык экөөбүз, Досумду көрүп мен барсам, Сыр айтышып ошондо, Сени менен сыйлашам, Айтканыма көнбөсөң, Шермат ханда жүз балбан, Шерматтын кызы Жадыкөй, Аны кошуп дагы алам. Сурабай башын кесем, Сен өлтүрдүң канча жан, Баарынын алам эсебин! Деп Кубулжан айтканда, Кененимдин кеби эми, «Кызга жооп» бергени: — Азгырбагын Кубулжан, Алар болсом катынды, Сулууну издеп таап алам, Шерматтын кызы экөөңдү, Теңтуш киши кептентип, Делбелерди не алам?! Токтоо кылбай кайтып бар, Шерматтын кызы досуңа, Жашырбай, жаппай айтып бар, Эки жаады, жүз балбан, Баш кишиңер Шермат хан, Канчалык бар алыңар? Башаасы жок жесир эл, Барып жүрсө уйалбай! Деп айтканда кара көк, Кубулжан айтты муну угуп: — Кененим атка ээ болуп, Сен кетипсиң кутуруп, Сага Шермат кыз бербейт, Кызы турмак туз бербейт, Ажалың жетип күн бүттү, Кете албайсың кутулуп, Деп сурданып Кубулжан, Саамай чачын сыланып, Жөнөп кети буралып. «Адамдуу жерди аралап, Айланышып жүрбөйүн, Үч күндө барам Багдатка, Чөл жакалай жүрөйүн» Деп Кененим аргытып, Артынан чаңды баргытып, Кетип барат каргытып. Адашып калат дегенсип, Анда-мында көрүнүп, Далбаңдаган кара бет, Далбалаңдап жүгүрүп, Кан жыттанып көөдөнгө, Каңырык түтөп күйүгүп, Катыштым бекер буга, деп, Кара жандан түңүлүп, Карбаластап кара бет, Калктан ашкан кара нээт, Калкына жетти Багдаттын. Багдатта бааша жок экен, Шермат хан салып калбаны, Кайран эл мындай кор экен: «Кармашар сага хан жок, — деп, Карсылдашар ал жок, — деп, Канчалык алсаң мал алып, Катарлаган нар алып, Карк алтындан мол алып, Канаат кылып кайткын» деп, Кангара какшап кан безет, Калган журт айтса канча кеп, Болбой мойноп Шермат хан, Балбандарын жиберип, Баш кишисин карматып, Бар кордукту салганда, Иракка Иран кошулуп Кызыл кан агып жошулуп, Кыйын болгон кезинде, Жөөттүн ханы Шермат хан, Иран менен Ирактан, Он беш киши байлануу, Алдырып келип аларды, Буйрук кылып жатыптыр, Тирүүлөй ичин жаргалы, Так ошондой мезгилде, Кененим жетип барганы. — Булар эмне киши? — деп, Алардын дайнын сурады, Шермат хандын жасоолу, Дегеле жооп кылбады, Канжарын алып жөнөдү, Булардын кардын жаргалы, Желдеттер жалпы барганда: — Тарт колуңду тийбе! — деп, Кененим айгай салганы, Коркуп кетип желдеттер, Колунда канжар калбады. Колдорун такыр чечтирип, Колуна канжар кармаган, Желдеттерди келтирип: — Булар эмне киши? — деп, Алардын дайнын сурады. Эси ооган желдеттер, Күрмөөгө тили келбеди, Дегеле жооп бербеди, Андан кийин Кененим: — Эмне үчүн өлмөксүң? Чыныңды айткын сен, — деди. Орто бойлуу бирөө бар, Кеп айтарга өтө шар, Кеп баштады мамындай: — Шермат хандын желдети, Киши сайчуу мабулар. Баш кишиси багдаттын, Өлүп кеткен өткөн жыл, Төрт жашар бала жаш калды, Эли жесир бош калды, Жөөттүн ханы келиптир, Багдатты талап алгалы, Ирандык угуп бул кепти, Арага түшүп калганы, Канчалык берсе тартууга, Жөөттүн ханы албады. Кеби өтпөй Ирандык, Багдаттка кылды жардамды, Кан төгүлүп чайкашка, Арага курдук майданды. Аралашкан урушта, Жөөтөр бизди кармады, Буйрук кылды улугу, Кардыбызды жаргалы, Башыбызды найзага, Илип алып баргалы, Алы келбей Шерматка, Ирандык кетип калганы, Камынып жатат Шермат хан, Багдатка кирип алгалы. Бар кебин угуп Кененим, Киши өлтүрчүү желдеттен, Шерматка бирди жумшады: — Сен бачымдап бар, — деди, Барып айта сал, — деди, Баш кишиңер Шермат хан, Мени менен беттешсин, Азыр келсин ал! — деди. Улук болуп Шермат хан, Кантип элди сураган, Жесир катын, жетим уул, Тынч элге салып чуулган? Кайраты толук хан болсо, Хан каадасы бар болсо, Адам кылар иш эмес, Ыраз болсо кылганы, Шермат хан андай киши эмес! Шермат хандын кабары, Кубул жандан угулган, Багдаттка салып жатат, деп, Баш көтөрбөй чуулган, Мыкты болсо Шермат хан, Мени менен беттешсин, Баштан-айак сыр чечип, Көөнүн ачып кептешсин! Уккан киши кайтыптыр, Көргөнү менен билгенин, Жашырбастан айтыптыр, Баарын угуп Шермат хан: — Кол куушуруп алдыма, Тобо кылып баш ийип, Келбей менин жаныма, Күнөөлүнү бошотуп, Желдеттерди бозортуп, Теңтуш киши кептенип, Жибергенин карагын! Барабанды каккыла, Баарын бачым баскыла, Бейбаш киши Кененим, Байлап келгин астыма! Кубулжандан уктум деп, Кубулжан деген ким экен?! Деп бакырып Шермат хан, Барбанды катырып, Кернейлерин тартырып, Аттантып чыкты аскерин, Топуракты чачтырып. Күндүн бети көрүнбөйт, Алды бүркөк, үстү ачык, Шермат хандын жүз балбан, Бири миңден эр алган, Кайда жүрөт Кененим, Мен барып сайып алсам, деп, Биринен-бири кызганган. Кеңкула менен болкойуп, Темгектүү найза койкойуп, Турган экен кара көк, Чоң ополдой зоңкойуп.