Караанын көрүп Шермат хан, Алп мүчөөлү баатырдан, Айбатынан жадаган, Алдындагы жүз балбан, Жарып байлап келгин, деп, Атынан айтпай жумушаган, Бирнен-бири кызганып, Бири калбай ат койду, Кененимди бет алып, Жабылып келет жүз балбан, Кененимдин өзүнө, Чымын-чиркей көрүнөт, Алар Кененимдин көзүнө. Бирден келбей жүз келди, Темгектүү темир найзаны, Тентегин кармап кезгерди. Манастап ураан чакырды, Жазганбай жалгыз качырды, Жеткен жерде экөөнү, Айланганда бешөөнү, Беттеп сайып жетөөнү, Эңиш жерде эр сайды, Элүүнү беттеп бир сайды, Аралап өтө бергенде, Мен-менсинген жүз балбан, Элүү төртү кулады. Өлбөй калган кырк алты, Өчөшүп булар ат салды, Балбандардан айрылсам, Баарысы керге келбейт, деп, Алтымыш миң аскериң, Аламан баарын каптатты, Арстандан калган тукуму, Кадимки шартты карматты, Каптап келген кошуундун, Агызып канын жайнатты, Тамандан чыккан чаңды көр, Агып жаткан канды көр, Кыпкызыл канга боөолгон, Томсоруп жаткан сайды көр, Азууларын аркайтып, Ат өлүгү ар тоодой, Мурутарын шыпыйтып, Эр өлүгү бир тоодой, Жарым жаткан жанды көр, Чайкалып аккан канды көр: Төгүлүп жаткан жинди көр, Тоңкойуп жаткан пилди көр: Миң койго тийген бөөрүдөй, Жалгыз жүргөн эрди көр, Жардамы тийген жетимге, Элге жаккан шерди көр. Айласы кетип амалсыз, Аргасын таппай Шермат хан, Алдына барды Кубулжан, Жал ооруй барып ал турган: — Амансыңбы, Шермат хан? Алдыңа келип мен турам, Тетиги турган Кененим, Ал Манастын тукуму, Ааламдын баарын буй кылган, Акимсинген чандандын, Алганын кара туу кылган, Алты жыл болду чамасы, Ага бардым мен мындан. Жер алдында жүргөндө, Эр түгөткүр аталдым, Кененимди алам деп, Ошо үчүн мен бардым, Алты жыл жүрүп айлында, Азгырып жолго мен салдым. Темир ийрек, куу найза, Теңдешип көрдүм далайга, Дегеле алым келбеди, Жер алдына түшкөндө, Жеткирбеди дегеле, Сыйкырды салды миң түрдөп, Илбеди көзгө тим эле. Көйкапка алып барууга, Дөө периден эр сурап, Тең кишини табууга, Жол бербеди, ал канча? Акыры келип калдык бул жакка. Сенин кызың Бетирке, Жады көйлүк үйрөндүк, Жин периден бир кезде, Бетиркеге барайын, Алып келип калайын, Эп келеби, Шермат хан, Көп азапты салайын. Жүз балбаның жоголду, Жөн аскериң койбоду, Жакын каолды шермат хан, Сага колун созголу. Мен желмогуз кубулжан, Бүт жайымды сен уксаң, Кепке калып Шермат хан, Кубулжанды жиберип, Бетиркен чакырган, Багдаткка барды аңгыча, Өлүмдөн он беш кутулган, Багдат, Иран кубанды, Кабар угуп булардан. Калың элин кыйратып, Кырылган койдой жуушатып, Айдап кирип келгенде, Өзү чыкты Шермат хан, Чыгардан мурун Шермат хан, Жөөттүгүн карматкан. Так ошондой болорун, Байкап билген алдынан, Келе турган жолуна, Жерге ордо каздырган, Чөп-чар менен далдалап, Үстүн эптеп жаптытырган, Көп аралап чабуулда, Кененим келе жатканда, Келип турду Шермат хан, Казган орду жанына. Кененимдеп бакырып, Менин атым Шермат хан, Кел бери, деп чакыр, Шермат ханды көргөндө, Курчтугу эрдин кармады, Алдындагы кулага, Айабай камчы салганы, Жик жараңка көрүнгөн, Жерди көрүп Кеңкула, Мында бар деп бир бала, Жанаша казган эки ордон, Каттай аттап чуркады, Жаныбарым кеңкула, Төрт айагы тең түшүп. Кирип келди Шермат хан, Каз бууданын түйүлтүп. Найзасы колдо зыңырап, Кылычы колдо кыңгырап, Ай балта жанда шыңгырап, Көп кишиден Шермат хан, Балбан экен кызталак. Алтымыш батман чойун баш, Ачууланып Шермат хан, Булгап-булгап имерди, Эр Кененим жолборсту, Туулгага тартып жиберди. Туулгасы кабышып, Кара темир далдагай, Эки бет болуп жабышып, Чак деген үндү укканда, Шермат хандын элдери, Ат айабай чабышып, Капкачанкы көп элдин, Өчүн Шермат алды, деп, Алтымыш батман чойун баш, Башына тийди чак этип, Жер тайанып жаты, деп, Оозунан мөжүк кан кетип, Мурдунан мээси акты, деп, Дүбүрөп кирип келгенде, Көзүн ачып Кененим, Шермат ханды көргөндө, Башына киер туулга жок, Бендеден мындай туулган жок, Жазганып андан Кененим, Жанын айап турган жок, Ал Манастын тукуму, Жүргөн жери кызыл чок. Эшик эндүү ай балта, Арта салып ийинге, Мен-менсиген Шермат хан, Маңдайлаша келгенде, Ачып көзүн каранып, Алдынкы ээрдин жаланып, Чабарына жеткенде, Чабендес экен Шермат хан, Ордун сала бергенде, Сом балта жерге чабылды, Жердин бети жарылды, Кол арыктай суу агып, Жер бетине жайылды, Аңгычакты болбоду, Капыр Шермат камынды, Колунда найза күркүрөп, Каз буудандын дабырты, Жердин бети дүркүрөп, Ойулуп кетчүү немедей, Жер козголуп сүлкүлдөп, Кененимге жеткенде, Балта менен баатың, Найзасын кагып жтберип, Атын кайра тарталбай, Капташа жүргөн кезинде, Ай балта менен Шерматты, Тартып ийди шилиге. Кененим чапкан оңобу, Жыгылып ордон кобобу, Бутун тартып, кол серпей, Бул дүйнөдөн жоголду, Кененим бура тарткыча, Кобулжан менен Бетирке- Сыйкырлар дайар болгону. Шермат хан кызы Бетирге, Жылан болуп шыркырап, Оозунан оту буркурап, Сүйлөп келет чуркурап, Кененимди оп тартып, Жутуп эле кетүүгө. Түргөн чийдей сур жылан, Оозунан оту буркурап, Сүйлөп келет бул жылан. Айчүрөктүн ак тинте, Кабынан тартып алганы, Сорот экен мени деп, Андан качып калбады, Арстан туулган Кененим, Тепсетип кирип барганы. Ак тинте көрүп бетирке, Ак куу болуп асманга, Учуп чыга берерде, Тинтени шилтеп ийгени, Он эки куйрук, он чалгын, Катар тарып өттү эми. Ак куу болуп уча албай, Асманга чыгып кете албай, Сымап болуп жылт этип, Көрүнбөй көзгө жылт этип, Жерге сиңип кеткени, Ангычакты болбоду, Кубулжандын жеткени. Кененимди төбөдөн, Капшыра жерге сайам деп, Агызып канын жайам деп, Куу найзадан үн чыгып, Адам көргүз түр чыгып, Борошо куйуп бургуйлап, Аркадан шамал аркырап, Күн чагылып чатырап, Багдаттык менен жөөттөр- Баарысы коркуп калтырап, Шай колдогон Кененим, Шашпай туруп баамдап, Зуулдаган үндү улап, Ак тинте шилтеп өттү эми. Кубулжандын найзасын, Таарый өтүп кеткени, Сок билек, соку, куу найза- Бар сыйкырдан ажырап, Шумдуктан башка неме жок, Кубулжан калды шалбырап. Алтымыш алгыр ит болуп, Бетирке келди арсылдап, Үн алышып канчыктар, Ызы-чуу түшүп ажылдап, Кармалуу колдо ак тинте, Кененим кирди аралап, Тегеректеп кула атты, Алтымыш канчык камалап, Оң-тескери кайсалап, Тинтени шилтеп киргенде, Бир арымда ак тинте, Кырк беш итке тийгенде, Бетиркенин бутуна, Кылычтын учу тийди эле, Тийген тинте койобу, Кесилип буту чолойду, Бетиркеден кан чыкса, Калган иттер жоголду. Кубулжан кылып сыйкырды, Айланасы от болду, Жердин жүзү жымылдап, Кыпкызыл чок жайнады, Асманга карай жалбырттап, Кулачын жалын жайганы, Көрүп турган элдердин, Биринде акыл калбады. Калбайбыз тирүү киши, деп, Багдаттын бүттү иши, деп, Баарысы мунтип турганда, Баатыр кууган Кененим, Жалынга кире берерде, Бетиркени кармады, Как жүрөктөн жарганы, Бетирке каны жайылды, Оттун үчтөн жалыны. Жалгыз калып Кубулжан, Куткармак болуп өз жанын, Өнгөн кызыл гүл болуп, Ыргалып чыга калганы, Келе жатса Кененим, Жалтылдаган жалбырак, Кеңкула үзүп алганы. Мелжемдүү жерден Кеңкула, Бекем тиштеп алыптыр, Адамча сүйлөп кызыл гүл, Амандык сурай калыптыр: — Менин атым Кубулжан, Кутулбадым, Кененим, Албан тирүү кубулсам, Жер алдында казына, Адам уулу билбеген, Анын баарын берейин, Суу перинин башасы, Соогасын алып келейин, Бир кесим эт тиштесең, Кырк күндүк тамак саа азык, Уруштуу күнү, Кененим, Сага тийээр керегим От перинин баашасы, Оокатын алып келейин, Миң кишиче баркы, Уртокмок алып берейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим». Элдик эпос. Басмага даярдаган Оргалча Кыдырбай. Булак: bizdin.kg.