← Кененим 5/5

Жаныңда чоро-жороң жок, Жалгыз жүргөн чагыңда, Караан болот жаныңда. Жекеге чыккан кишиге, Тамашасын көрөсүң, Жиберсең аны алдына, Жүз миң киши саа тийбейт, Уртокмок турса жаныңда. Амандык бер Кененим, Аманат кара жаныма, Мойнумду толгоп кылчайып, Карабайын мен сага. Кетпе десең кетпейин, Казаның кармап берейин, Сага кастык кылгандын, Талпагын ташка керейин, Эртеден кечке дем албай, Тезегиңди терейин. Бүрмөчөгүн бүрөйүн, Үзүлгөнүн улайын, Кыскасы болсо курайын, Кемтиги болсо бүтөйүн, Тешиги болсо жамайын, Ачылып калса жабайын, Азандан күлүң төгөйүн, Аманат жанга күч келди, Жарыгын күндүн көрөйүн. Ысыгыңа күйөйүн, Суугуңа тоңойун, Ыдыгыңа чыдайын, Карым казык болгунча Башын токмок болгунча, Бүкчүйүп белим ийгинче, Тиземе башым тийгинче, Кызматың болсо кылайын. Деп зарланып Кубулжан: — Касам берен, Кененим, Кулагың салып сен уксаң, Ай караңгы түнгө окшоп, Булут баскан күнгө окшоп, Соолуп калган гүлгө окшоп, Суу тамбаган чөлгө окшоп, Гийеси жок жерге окшоп, Калдырак кара ташка окшоп, Каткан кара шорго окшоп, Казып койгон орго окшоп, Жалыны өчкөн корго окшоп, Жан түшпөгөн торго окшоп, Өнбөй калаган чөпкө окшоп, Мен болйун, Кененим! Ал канчыктын жакылдап, Айтып жаткан кебинин, Кайсы бирин билейин. Ак тинтенин боосуна, Желке чачтан байлады, Багдатты карай айдады, Киши калбай Багдатта, Алдынан тосуп барганы, Шаар ичине кирбеди, Шаардын ичин көрбөдү, Алты күнү талаада, Ат сергитип өргүдү, Жөөттүн ханы Шермат хан, Анын жалгыз уулу бар, Чакыртып келип Кененим: — Сен Багдатка не келдиң? Тынч жаткан элге чуу салып, Бар беле мында бир кегиң? Шермат хан уулу кеп айтты, Кеп айтканда деп айтты: — Быйыл чыктым он бешке, Ойун менен жүрчү элем, Аралашпай кеп-сөзгө, Атам кетти аттанып, Аскер алып, кол алып, Келерин мында ким билет, Тынч жаткан элге кол салып. Ойноп жүрсөм үйүмдө, Кубулжан барып бир күндө, Чакырып келди бул жерге, Бетиркеге кошо алып. Акылым таппай сандалдым, Атам өлүп муң басып, Менин алым ушунча, Менде жоктур эч жазык. — Атаңдын жакын кишиси, Акылдашы барбы? — деп, Вазирлерин чакыртып, Аны кошуп алды дейт. — Шермат хан такка конголу, Сен вазири болголу, Канча жыл болду болжолу, Кененим калыс өзгөчө, Жүйөлүү сөздөн козгоду, Вазир кебин баштады: — Өлүп кеткен Шермат хан, Жыйырма үч жыл хан болду, Мен вазири болголу, Быйыл он бир жыл болду, Беш атадан бер жакка, Жөөттөргө хан экен, Ким менен болсо жөөлөшкөн, Урушкумар жан экен. Мен вазири болголу, Алты шаарга кол салды, Баарысын чаап олжо алды, Барган жерден жеңилип, Бекер кайра жанбады. Бу сапар келип Багдаткка, Эчтеме менен иши жок, Баашасы жок эл жатса, Кол салып буга катылды, Болбос ишке катышып, Быркырап мээси чачылды. Алтын ал деп нар берди, Кыз алгын деп мал берди, Багдаттын эли жалбарды, Жарты кепке албады, Булар айткан акылды. Кыйалында Шермат хан, Багдатты чаап алмакчы, Келер жылы камынып, Мисирге колун салмакчы, Андан аары оолугуп, Ооганга чейин бармакчы, Жеңе алса мисир,ооганды, Индистанды алмакчы. Биздерге айтып угузуп, Бүтүрүп койгон кеңешке, Вазири айтты билгенин, Кененим укту бар кебин: — Уулу барбы Шерматтын, Ордун ээлеп так минер, Атанын оордун бек басып, Бузуп чачпай эл бийлер? Анда айтат вазири: — Он беште жалгыз уулу бар, Мунайым кыйал, жумшак сөз, Жагымдуу жарык жүзү бар, Шерматтын уулун таптырып, Жөөттү ага тапшырып, Он бештеги баланы, Багдат менен жөөттүн, Төбөсүнөн баш кылып, Алтымыш жыл журт сурап, Адыл болду ал бала, Бала бааша атыгып, Ирандын тарткан чыгымын, Жөөттөргө тарттырып. Жүрүп кетти Кененим, Багдатта туруп калбады, Айабай береген мал-пулдан, Жарты жарма калбады, Кубулжанды жетелеп, Таласты карай бет алды, Жети суу менен таластын, Арасында бир жер бар, Желмогуз жылга атанды. — Мени азгырган жериң, — деп, Жердин бетин айланып, Багдатка барып келдим, — деп, Койбойун тирүү сени, — деп, Желмогузду жайлады, Кылычка канын майлады. Таласка барып баатырың, Жанбашы тынчып жай алды, Эригип жаткан кездерде, Жалгызектин бүркүтү, Эсине түшө калганы, Кененим чыкты аттанып, Олуйа чалга баргалы, Таластан чыгып жол тартып, Ополду көздөй оң тартып, Канча күнү, канча түн, Эрикпей жүрүп Кененим, Кең Кашкар келип жатканы, Жоодар бешим чунакты, Сурап жүрүп тапканы, Кененим, Жоодар табышты, Жүрөктө кебин салышты: — Котен, Жеркен, Лопнурду, Күнгөйүндө аралды, Атаңдын жолун жоготпой, Башкардыңбы аларды? Кененим сурап калганда, Жожурап Жоодар кеп таштап, Кеп айагын бош таштап: — Котен, Жеркен, Лопнурдан, Келип-кетип турушат, Кеңеш кебин ар бир жан, Башка-башка угузат. Ооган менен Коросон, Ага тажик кошулуп, Анда-санда кол сунат. Картайып калдым Кененим, Кабар кылам мен сага, Чыгып калса бир чатак. Алтайдын түштүк жагында, Куландын сары сайында, Үч дөөнүн аты угулат - Темир тондуу Шалкымат, Жез киндиктүү Кикимат, Калдагай кулак Чойун алп, Ошондон күмөн чоң турат. Кулактай жүргүн Кененим, Калмакка эми чаптырсак, Бизге калат жаман ат. Мен жүрөмүн күмөндөп, Ак пейли жоктой көрүнөт, Тажиктердин Темирбек, Жашырышпай айтышып, Жаман-жакшы күмөн кеп. Кашкардагы Алакум, Өлүп кеткен, Кененим, Кең Кашкардын сурагын, Кыргыздарга бергемин, Бет келишип көрүшпөй, Сага айта элекмин. Шаарга барбай тоо бойлоп, Сөөк, тойун, чакмакта - Ушуларда жүрөмүн, Көбүнчөсү тойунда, Кыштын күнү болгондо, Эркечтамдын бойунда, Соноролоп барам кеп-кээде, Алажууку Үчташка, Жайлап чыгам жылында, Чатыркөл менен Арпага, Картайганда амал жок, Сени менен, Кененим, Олуйа чалга барганга. Кененим анда кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Уктум, Жоодар кебиңди, Карылыгын билдирбей, Бекемдеп байла белиңди, Котен, Жеркен, Кеңкашка, Лопнур, Азык аралда, Жакшылап баккын элиңди. Куландын Сары сайында, Үч калмак бар дедиңби? Келип калса жылыштап, Угузуп кой четини, Тажиктердин Темирбек, Күмөндүү киши болдубу? Басыктырып бир кезде, Өпкөсүн кысып койолу, Бадакшан бар, Балык бар, Баары тажик калык бар, Коросондогу Даабытбек, Испандагы Ачакан, Угулуп турат шум кабар. Алматыда муз бурчак, Музбурчактан акубак, Калбады андан бир туйак. Үрбүдөн калган балдары, Үрбүдөй боло албады, Кулетендин алп агыш, Андан тукум калбады. Төштүктөн өзүң турасың, Кошойдон турат Бактыбай, Сынчыбектин элинде, Өзбектерден далай бар, Керкөкөүлдүн Тетиги, Бирде болуп, бирде жок, Атаңдын көрү дүйнө шок, Букардагы Кара хан, Ысмайыл өтүп баласыз, Баары чыкты катардан. Таластагы жети хан, Паландын уулу дедирип, Калганы жок бир адам, Олуйазада Манастан, Жалгыз башым мен турам. Кыпчакта Жоодар сен турсаң, Кара кыргыз Бактыбай, Ага болсоң жоодар сен, Ини болсо Бактыбай, Эмнеден менин кемим бар. Жалгызек айткан кеби бар: «Алып кетип бүркүттү, Олуйа чал бербеди, Кененим, барып алып ал» Келген ишим бул эле, Ополго барар жумуш бар. Жоодар менен кошотошуп, Жүрүп кетти Кененим. Коңур салкын күз өтүп, Алысын катып бараткан, Алтымыш киши көрүндү, Бара жатса ыраактан, Тосоттоп барып алдынан, Жолугушуп беттешти, Салам айтса Кененим, Олуйа чалдын ошондо, Оозу араң былк этти. Жалгызектин бүркүтү, Адырга аркар ототтпойм, Кадууга жейрен топтотпой, Коктуга түлкү жойлотпой, Тектирге теке жайылтпай, Кайыптын күнүн түгөтүп, Карып кылып салыптыр, Канча чыкса карышкыр, Калтырбай баарын жарыптыр. Чоң Ополдун бойунда, Кайберенди түгөтүп, Адыр, сайда жандар жок, Бүркүттүн алы келгендей, Мыдырар жандар калбаптыр, Канча жылы салыптыр, Олуйа чалда арман жок, Келгенин айтса Кененим, Кебине кулак салган жок, Жаткан жерде бир жатты, Копкон жерде бир копту, Басса-турса бир болду. Кененимдин кебине, Жооп кылып койбоду, Күндө тыным албастан, Тоо кыдырып бойлоду. «Айкөл Манас жол кошкон, Атагы бар киши экен, Кантээр экен кана» деп, Кененим муну ойлоду. Түндө чырым алдырбай, Уйкусун жакшы кандырбай, Таң аткыча күпүлдөп, Уйку көрбөй дүпүлдөп, Таң атканда аттанат, Бол жүргүн деп дүбүрөп, Кечке оозу тыйылбайт, Бирдеме деп күбүрөп, Чын ачуусу келгенде, Дүбүрөбөй укта, деп, Зор Кененим сүйлөнөт, Одураңдап ошондо, Олуйа чал күүлөнөт: — Мага Манас жол берген, Сары бала сен эмес, Айтып болуп олуйа, Баары түштү зикирге, Бөйрөктөрү бүлкүлдөп, Баш жагында олуйа, Токтобой башы сүлкүлдөп. Оң жагына толгонуп, Оодарылат Кененим, Асили уйку келбеди, Чырым алып көз жумар, Олуйа тынчтык бербеди, Кирген нардай буркулдап, Ак көбүк ооздон буртулдап, Кекиртеги куйкулдап, Ичегиси чуйкулдап, Жадаганда Кененим: — Тура турчу олуйа, Эки айактуу бендеге, Жакшылык жок ойуңда. Мылтык атып, жаа тартар, Капкан койуп жан багар, Эгин эгип мал табар, Элди эркине койбойсоң, Алгыр бүркүт алман ит, Элдикин алып ойнойсуң. Жолдош-жоро кишиңди, Таң аткыча уктатпай, «Уу» дегин деп зордойсуң, Көзүңө жакшы көрүнсө, Бата берем сага деп, Элге чапан койбойсуң, Мунуң жакшы иш эмес, Чалмага берген жан салып, Жараткан кудай сен эмес, Жеңдей сары бала деп, Айтуучу киши мен эмес! Мен олуйа деп айтып, Элдин алдап ашын жеп, Тонун кийип, ат минип, Пейлиң жаман сеники, Кылып жаткан ишиңе, Ачуум келди меники, Кийген кийим, минген ат, Жаткан төшөк, ичкен аш, Байкасам баары элдики, Шишик толгон кез экен, Олуйа чал сеники! Кесириң болсо көрөйүн, Элди алдап бүлдүргөн, Сен кептенген немени, Өлтүрүп таштап жөнөйүн, Каргышың жетсе, олуйа, Ажалым жетсе өлөйүн, «Жүйөлүү каргыш тийет деп, Жүйөсүз каргыш ээсине» Карылардын кеби экен, Жалган-чынын билейин! Деп Кененим айтканда, Ажалы жеткен алдамчы, Кан жуткур! Деп тап берди, Айткан кепке ардыгып, Кененим муштап жиберди, Деп алып жата турчу, деп. Селдеси калды чубалып, Мурдунан кетти мээси агып. Жанындагы алтымыш, Бирин койбой өлтүрүп, Жүрүп кетти Кененим, Аттарын айдап олжо алып, Кондуруп бүркүт колго алып, Айтып барды Таласка, Жашырбай баарын кеп салып: — Ополдун тоосун түптөдүм, Олуйа чалды бүктөдүм, Кесири кана тийгени? Ат үстүндө кыйшайып, Уккандар калды сумсайып: — Олуйа чалды укканбыз, Көргөнүбүз жок эле, Кимди койот Кененим, Койбой кылат турбайбы, Ойуна туура келгенин, Жалаңгыч Сарык дегенин, Бүгүн билдик чын жерин. Муну мындай таштайлы, Кененим менен Шалкымат, Кез келгенин баштайлы.