← Чигитей 3/4

— Иним элең Мөңкөтай, Сага айтар кебим бар, Амансыңбы тениң соо, Кеп сүйлөөргө барбы шай? Ойлоп билсең болбойбу, Мен жүргөмүн кек кылбай. Кегим жогун билбедиң, Карап жүрдүң шек чыкпай, Кегим жок ичте болгондо, Сага жүрдүм кеп кылбай. Медеркан айтты жашырбай, Ошол жерде мен сага, Жайыңа койдум асылбай. Шалдырайсың не мынча, Коркунучуң эми басылбай? Мадыбек аман турганда, Бабалык кылбайт Чигитей, Башка бала кептенип, Чалалык кылбайт Чигитей, Бузулат атам кеби, деп, Каралык кылбайт Чигитей, Көөнүңдө санаа болбосун, Оо, Мөңкөтай, кенедей, Мадыбекти жараткан, Көөдөнү кең ченебей. Мөңкөтай көзүн ачкынча, Медеркан кирди аңгыча, Медерканды бир карап, Мелтилдеп көзү жалжылдап, Баштагыдан беш бетер, Титиреди калчылдап. Маңдайынан мончоктоп, Таноосунан тер чыгат, Такоолуу болчуу Медеркан, Тартынбай анда кеп кылат: — Сен экөөбүз курбалдаш, Кеп жашырбас чоң сырдаш, Эчтемеге бышпаган, Чатакка калды курган баш! Көөдөнгө айтса сыйбаган, Кургак жерден сөздү таап, Ак кишини кара деп, Арбыттың чырды жалаа жаап. Ак нийеттүү Мадыбек, Экөөбүзгө теңелип, Койгону жок кара жаап. Чигитей мыкты эр экен, Балада болсо жолборстун, Пейли өтө кең экен. Мадыбекти атам деп, Эл ичинде билгизсин, Өткөзүп берген кеп экен. Экөөбүзгө, Мөңкөтай, Кылмышкер болуш ылайык, Кылчаңдап эми тартынбай, Биздер кызмат кылалык. Менде Торгой кызым бар, Чигитей шерге ылайык. Сен да кошо бир баргын, Сепсерин алып кызымдын, Алып келе калалык. Кургак кепти кылбайлык, Кызмат кылып турбайлык. «Эңкейгенге эңкей, — дейт, Тизең жерге тийгинче, Ал атаңдан калган кул эмес. Какайганга какай, — дейт, Төбөң көккө жеткинче, Ал падышанын уулу эмес», Карылар айткан ушул кеп, Оңой-олтоң кеп эмес, Жашырбасаң сырыңды, Жалганы жок чыныңды, Мадыбек менен Чигитей, Кек алчуунун бири эмес. Тууралап айтса Медеркан, Ого бетер Мөңкөтай, «Какшып айтып жатат, — деп, Акчыланып бу казак, Жүрөккө канжар батат, — деп, Менин ошондо шорум катат» — деп, Ачкан оозун жумалбай, Айдан ачык тунук сөз, Ашкере муну угалбай, Өңгүрөп ыйлап жиберди, Көзүнүн жашын тыйалбай. «Карылар кирип чыкпады, Эмне болуп жатат?» — деп, Чигитей кирди туралбай. Чигитейди көргөндө, Жан берип койду Мөңкөтай, Мойнун бери буралбай, Чигитей баатыр шер баштап, Мадыбек кары эл баштап, Медеркан казак көз жаштап, Катыны менен баласы, Ыйлап калды кан какшап. Кек кылбады Чигитей, Сарайын терең каздырды, Сый-зыйнатын ашырды, Мөңкөтайдын өлүмүн, Сылап-сыйпап жашырды. Жетисин берген кечинде, Казактан келген Медеркан, Элин карай бастырды. Медеркан келди элине, Жээн жайлоонун жерине, Карысы менен эстүүсүн, Калк ичинде кептүүсү, Ушаланган, сынганга, Дары чапчуу эптүүсүн, Жан кишиге ыктуусун, Кепке жакын шыктуусун, Кулакка кеби жагымдуу, Кеп айтууга ыктуусун, Кычырып келди баарысын, Тарттырып арак-кымызын, Жыктырып тайдын семизин, Кыргыздын пейли кеңдигин, Кылымда мындай кемдигин, Кыдыртып жүрүп Медеркан, Барып кайра келгинче, Айтып берди бар кебин: — Эп келеби силерге, Ал Чигитей баатырга, Мен Торгойду берейин, Уккандын баары коштонуп, Айрыкча Көкөй оштонуп, Калың журт кабыл алыптыр, Кызга берчү сепсерин, Эсептеп катка салыптыр, Узатабыз кызды, деп, Камынып казак калыптыр. Казактар турсун камынып, Тигип берчүү үйүнө, Бордогон кийиз жабылып. Торгойдон кабар алалы, Баатырдын күйүп отуна, Тоого кеткен жабыгып. Медеркан Талас кеткенде, Көкөй баштап жүз киши, Адырга чыккан жабылып, Он сегиз күн издесе, Араңдан-зорго табылып. — Беремин сени эрге, — деп, Барбайсың башка жерге, — деп, Баш коштурам, кулунум, Баатыр туулган шерге, — деп. Таласка атаң кетти, — деп, Айтып келет кепти, — деп, Убада кылып кызына, Күн болжолун белгилеп, Көкөй айтып болуптур, Жаткан мурун талаада, Жүрөгү жара санаада, Кандай болду баатыр, деп, Капташкан кара балаага? Энеси айтып болгунча, Эси кеткен эндиреп, Эчтемеке кирбей кулака, Жыгылчудай сендиреп, Чигитей атын укканда, Бериштин кеби чыкканда, Акактай бети кызарып, Түйдөктөшүп кирген чач, Тарабай чачы узарып, Күлгүн тартып беттери, Күн тийгендей тунарып, Жарылып жүрөк кетчүдөй, Торгойго кирди кубаныч, Жаңы талдын чырпыгы, Так ошондой буралып, Басканы сонун адамдан, Башкача түрү суналып, Оолжуй басып теңшелип, Ооруп эми айыккан, Оңолгон киши кептенип, Кудайдын күнү бат өтпөй, Бир күнү онго теңелип, Торгой жатчуу үйүндө, Атасы айтып кеп келип, Калың казак журтуна, Калбай бары эп келип, Үйдүн саны үч болду, Түндүгүнөн көрсөтүп, Жыйган жүгү жык толду, Ашырып айтып ийбесек, Алтымыш нарга жүк болду. Санап казак мал бөлдү, Энчисине сан бөлдү, Жагданына бул толду, Салтанаты тул болду, Арылбаса адамга, Аркасында шор болду. Муну мындай койолу, Таласта жаткан баатырдын, Айлында бирге бололу. Медеркан кеткен кечинде, Ошол күнү бешимде, Бир белги көзгө көрүндү, Атадан калган жетимге! Коргонго барды чалкалап: «Каңгайдан алган көп мүлүктү, Капкасын бузуп талкалап, Чачып таштап койдубу, Жыйдырайын ыгын таап.» Ордо баккан кырк жигит, Опсуз баары тың жигит, Бойу жагын карабайт, Акыл-эстүү кыл жигит, Алдынан тосо барышты, Олтуручу жерине, Асылдан килем салышты. Казына оозун ачыптыр, Кебелтбей да, бурчалтпай, Келиштире катыптыр, Көзү тойуп дүйнөгө, Чыканактап жаш жолборс, Бир азыраак жатыптыр. Торгойдун жүзүн көргөлү, Жакшыраак уктап алалбай, Көзү уйкудан катыптыр. Кирпикке кирпик илинди, Уктап түшкө киринди: Киндик кесип кир жууган, Кеңколдун жайы ичи экен, Келе жатса жаш бала, Узун бойлуу ак сакал, Караны бешче киши экен, Карабай да, кылчайбай, Же каткырып күлүп кыйшайбай, Же ачуусу келип сумсайбай, Кыйа тарта бергенде, Кара кашка ат минген, Кабаттап темир кийинген, Карыга найза илинген, Карап каарын көргөндө, Кара жандан түңүлгөн, Жүзүн көрүп тааныган, Атасы келет Сомбилек, Чигитей коркту каарынан. «Жүрөсүң канча мында?» — деп, Билегине кармады. Учкаштырып артына, Жөнөп кетип калганы. Артында бара жатканда, Ак буура буга кез болду, Оозунда көбүк жык толду, Ээ кылбай курган баланы, Чайнап муну жеп койду, Учкаштырган Сомбилек, Көрүнбөй көзгө жок болду! Чайыттай көзү ачылып, Жаш Чигитей ойгонду, Акылы терең түгөнгүр, Ар санааны ойлонду, Көргөн түшүн өзүнчө, Көөнүндө жооруп койгону: «Алдындакы беш киши – Ак калпак кыргыз журтуна, Арка болгон беш киши: Аксакал Бакай, Каныкей, Хан Семетей, Күлүстөн, Айчүрөк энем эмеспи, Аркасында өз атам, Учкаштырып мени алды, Учкаштырып баратса, Ак буура мени жеп алды, Оозунан чыккан кебинде: «Жүрөсүң канча?» деп алды. Азелде тагдыр шол экен, Алыс кетсем үч күндө, Арада калсам бир күндө, Аларга жете барамбы? Түштө көрсө буураны, Жебирейил дечү эле, Жебирейил көрүндү, Мойнума алдым өлүмдү!» Торгой түшүп эсиме, Толгонбойт жигит элине, Оорубайт ичи жерине, Сүйгөнү ашык кыз Торгой, Ошондо түштү пейлине. Канимет кылып жаш баатыр, Кабызет менен жөнөдү, Кайта үйүнө келди эми. Эшиктен кирсе Зулпукан: — Эртеден кечке талаада, Кирбедиң үйгө, балам, — деп, Тамагын койду алдына, Айабады барынча, Андан мурун тамакты, Жээчү эле алынча. Ээрдине тийди тамагы, Кере карыш салынып, Бүркөлө түштү кабагы. Муңдуу кетчүү Чигитей, Эсине кызды алганы. Маңдайында Мадыбек, Баланын көрүп түрпөтүн, Баштап ийди түз кебин: