← Чигитей 2/4

Соосуңбу, Медер ханыбыз? Турабы эсен барыңыз? Бар бекен элде аман, деп, Сурап жүрүп арыдык, Бизден сени көп сурайт, Белгилүү Мөңкө чалыбыз. Алганың Көкөй соо барбы? Сени менен беттешип, Чендешер киши жоо барбы? Бир үйдү бөлгөн экиге, Сенден билгич эр барбы? Кегиң болсо чыгарып, Кечирип койгун биз жакты. Кеби менен Мадыбек, Сай-сөөгүн мунун сыздатты. Мөңкөтай бар ал үйдө, Капташып калды ал экөө, Караңгы туман бар үйдө. Билмексен болуп Мөңкөтай, Келип кетип шыйпактап, Кеп салган сайын калп эле, Күлгөн болуп ырсактап. Анткен менен Мөңкөтай, Таамай кебин салалбай, Айылда жыйын, топ болсо, Түз эле басып баралбай, Мадыбектин алдына, Барбай туруп алалбай, Алапайы куурулуп, Жүрүчү эле ал мындай. Медеркан келип түшкөндө, Көтөргөн үйгө күткөндө, Мадыбектин кептери, Сөөгүнөн жаман өткөндө, Ийилип бели бүжүрөп, Сийдиги агып бүрүлдөп, Бүткөн бойу токтобой, От кеткен чийдей дүрүлдөп, Айласын таппай сандалып, Өзүнчө сүйлөп күбүрөп, Жашыралбай Медеркан, Баарын айтып жиберет: — Агасыз бизге, Мадыбек, Жашырган менен жабылбайт, Мурунтан элге маалым кеп. Зулпукан сени жиберди, Ысык сууга баргын, деп, Сен келердин алдында, Кептен улам кеп чыкты, «Катының Сенин Көкөйдү, Мадыбектин Чигитей, Тартып алат бир күн» — деп, Мөңкөтайдан кеп чыкты. Суу бойлоп чыгат жал камыш, Суук сөз кирсе кулакка, Эрге келет бир намыс, Эси жоктук кылыпмын, Ойлобопмун ал кезде, Өткөн ишти мен таанып, Мөңкөтай менен Медеркан, Башка-башка биздерге, Көкөй далай кеп кылган, «Актанып катын жатат» деп, Арамдык нээтке бүтүлдү, Ошондон бери карата, Медеркан башка күтүндү. Түлөөгө элди чакыр, деп, Түлөөлүк малды таптыр, деп, Жумшадың бизди, Мадыбек, Мөңкөтай менен Медеркан, Экөөбүзгө кетти бек, Жоготолу муну, деп, Ошондо бүттү кеңеш кеп. Мөңкөтай менен тилдешип, Жер бетин далай кыдырдым, Убара тартып бокту жеп, Убара тарткан мен болдум, Мөңкөтай жатты этти жеп. Коросон, ооган келди, деп, Максатым колго тийди, деп, Катылыптыр Мөңкөтай, Сийдик ичип, бокту жеп. Сен карылык кебиң сактапсын, Кара нээт бузукту, Билмемиш болуп таштапсың. Субатай сырын ачыптыр, Шооруктун канын чачыптыр, Чайчы бала Мадана, Падыша болуп жатыптыр, Каршылык кылып мен сага, Маминтип шорум катыптыр. Баштан-айак бар кебин, Жашырбастан айтыптыр, Медеркан айтып таштады, Эки көзүн жаштады, Экинчи кебин Медеркан, Эми айта баштады: — Мен айтамын, Мадыбек, Илгертен калган бу бир кеп. «Көйнөктүн кирин жууганда, Көңүлдө сырды айтканда, Көөдөндүн чери кетер» — деп, Айтса-айтпаса карынын, Бул макалы ырас кеп. Куру келбедим алдыңа, Куржунга салган пулум бар, Ээрчитип келген жанымда, Алты киши кулум бар, Алты төөгө арттырган, Аппак гүрүч данным бар. Алардын арка жагында, Айдай кызым дагы бар, Кызымдын жайын сурасаң, Бели кындай, бети айдай, Мактабаймын баламды, Бенде калбас жактырбай. Кошуп койсоң баатырга, Мадыбек ага кеп кылбай, Жеткирип өзүм берейин, Сага тойду кылдырбай, Убара болбой жатпапмын, Жердин бетин кыдырбай. Куураган жаным эң таттуу, Эмгиче келди кыйалбай, Кантип турам, Мадыбек, Уйатымды мен жуубай! Намысын такыр таштады, Сырын айта баштады, Жашырган жок баарысын, Көрүнө ачып таштады. Унчукпай калып Мадыбек: — Уктум, Медер, кебиң, — деп, Бокту жесең сен жедиң, Сен да алаш уулусуң, Менде жоктур кегим, — деп, Өткөн иш өтүп кетиптир, Болуптур, Медер, мейли, — деп, Күнөөсүн мунун кечиптир. Айтарына кеп таппай, Араң кооп ордунан, Мөңкөтай коркуп сенделет, Түз басып чыгып кете албай, Ары-бери темтеңдеп. «Кирин жууду Медеркан, Айтып берди баарын, — деп, Жашырып жүрүп кеп айтпай, Жалтанып жүрүп өлдүм, — деп, Аз элде тагдыр шол белем, Азабын эми көрдүм» — деп, Өзүнчө сүйлөп кобурап, Билинбей тили күңгүрөп, Араң кетип баратса, Сүрөтү мунун сүлдүрөп, Учурап калды Чигитей, Ач жолборстой күркүрөп. Көрүп туруп Мөңкөтай, Көмөлөнүп жыгылды, Ордунан тура калганда, Оозунан каны куйулду, Тик туралбай темтеңдеп, Бир үйгө барып урунду. — Тигини кармап суу сеп! – деп, Чигитей айтып буйурду. Эки желдет жүгүрүп, Колтукташып жетелеп, Үйүнө алып келишти, Ач эшик! деп энтелеп. Кулдары эшик ачыптыр, Карбаластап катыны, Көлдөлөңүн салыптыр, Күрмөсө тили сүйлөнбөй, Мөңкөтай барып жатыптыр, Угуп калып бул кепти, Чигитейге Мадыбек, Билген кебин айтыптыр: — Оо, Чигитей кулунум, Баатырдан калган белегим, Сайаасы салкын терегим, Атыңды уксам көөнүм кош, Алатоодой тирегим, Ар бир күндө үч убак, Амандык тилеп жүрөмүн. Арка болдуң журтуңа, Кубат болдуң калкыңа, Капка болдуң айлыңа, Каршылашып келген жоо, Баарысы калды кайгыда, Канча жол келип каңгайлар, Чыдабады каарыңа, Жүзүңдү көрүп Мөңкөтай, Жүрөгү чыкты заарыңа, Айылда жүргөн кары эле, Ошондо сүрдү көрсөтүп, Не карадың сен ага? Мен айтамын насаат кеп, Иним эмес сен бала. «Азаматтын ичине, Ээр-токумдуу ат батат, Бир катындын ичине, Кара баштуу эр батат, Эсиргенде ким болсо, Оозуна келген кепти айтат.» Эсирип сенин багыңа, Өзүңдүн аман чагыңда, Бокту жептир азыраак, Мөңкөтай биздин карыйа, Не жолуктуң, кулунум, Курган чалдын алдына? Ошого кетип баратам, Көрүп аны кайтууга. Эр болсоң болгун кеңири, Эркелетип сыйлагын, Эркин болсо элиңде, Душмандын атын бастырба, Сактап күткүн жериңди, Ойлобогун жамандык, Кеңири салып пейлиңди, Тууган деген бир кептин, Түп атагын билдиңби? Бир атадан эки уул, Бирин-бири өлтүрүп, Туу кандаптыр бир чакта, Ошол кебин унутпай, Айтылып келет бул чакта: «Учу бирге жазылат, Түбү бирге кошулат.» Уучташып душманга, Канчалык кызмат кылсаң да, Кыйынчылык күн келсе, Күлүмсүрөп олтурат. Жаманчылык күн болсо, Түбү бирге кошулат, Түбү тууган болгон соң, Көзүн жашка толтурат. «Ыйлашарга өз жакшы, Сыйлашарга жат жакшы», Жарамсыз болсо ушул кеп, Эмгичекти унутпай, Не үчүн айтып олтурат. Аргындан чыккан алты уул, Бири нойгут бири бул, Ногой, алчын, алжан деп, Удаа туулган үч уул. Жүрөгү түшүп калган бейм, Учурап калып сен, уулум. Медеркан айтты бар кебин, Көңүлүмдөн Кир жуудум, Адагы алаш уулу эле, Аны үчүн жойуп таштадым, Көңүлүмдө бар муну. Айтып келип олтурат, Айдай кызым Торгой деп, Андан калса мал-пулун. Тиктеп турган Мадыбек, Терип айтып турган кеп, Торгойдун аты чыкканда, Козголбогон Чигитей, Шамал ыргап, суу тийген, Чырпык талдай селт этет. Селт эткенин көрүптүр, Көңүлү кызда экенин, Медеркан кары билиптир. Көөнүндөгү бар кебин, Чигитей айтып ийиптир: — Аксакал болуп карыдың, Аркасы менен уулуңдун, Эл-журтуңду арыттың. Сен берсең кеңеш кебиңди, Мен бузбаймын пейлимди, Маа десең кошо бергиниң, Ак калпак кыргыз элиңде. Жетим элем өстүрдүң, Кеңге салып пейлиңди, Ичкисин өзүң башкаргын, Эмне болсо элиңди, Тыш жактан душман жат келсе, Мен байлаймын белимди, Чигитей аман бар турса, Ким бузат сенин кебиңди. Мөңкөтайды карап көр, Жүрөгү чыгып калганбы, Оозунан кетип кан калды. Угуп алып Мадыбек, Бурулбай басып барганы, Мадыбек үйгө киргенде, Бай келди деп эшикке, Жигиттер айтып ийгенде, Мөңкөтайдын көөнүнө, Көп кыйалдар келди эле: «Эңкейип мени карайт го, Эсирдиң эле, арам, — деп, Эми каным жайлайт го, Мен кылганды бул кылып, Катын-балам талайт го, Кайран башым тенде жок, Бир кабатта калат го.» Санаасы санда, кыйал миң, Өңү кетти бузулуп, Өпкөсү калды кысылып. Мадыбектин артынан, Медеркан кире барыптыр, Медеркан кирсе артынан, Мадыбек кебин салыптыр: