← Чигитей 4/5

Жылантору ат менен, Кылычта кандуу дат менен, Кыйкырыгы таш жарып, Чигитей күндө топ бузат, Чигитей үнүн укканда, Жарылып жүрөк кубанат, Жарк этип көзү ачылып, Жана кайра тунарат, Баатырдын үнүн укканда, Баш көтөрүп суналат, Угулбай үнү калганда, Баштагыдан беш бетер, Күндүн бети тунарат, Олтурса бир күн талаада, Бузулду андан кол чубап. Аңкаарып Торгой карады, Чубаган элди караса, Таласты көздөй жол алды. «Таласка барып эл талап, Бүлүк салат экен, — деп, Бейкут жаткан кыргыздар, Түйшүк тартат экен, — деп, Канткенде кылам кабарды, Чигитей укса экен” – деп, Көп эле акыл ойлонду, Көөнүндө буга токтолду, Көмөрүп башка кийгени, Көл темирге окшоду, Жеке баатыр эр болду, Жер жайнаган беш урук, Талаада калың эл болду, Талаада жүргөн атын таап, Телегейи тең болду, Күүгүм кирип күдүңдөп, Көз байланган кез болду, Талаадан тапкан сур аты, Жүгүргөнү тез болду. Ач кыйкырык сүрөөндө, Ашкере баатыр баланын, Алдынан чыгып жол кошту. Каңгайлап ураан чакырды, Катуу айгайлап бакырды, Караңгыда калдаңдап, Кабылан эрди качырды, Капташып кирип келгенде, Жандап өтө берди эле: — Кетти душман жериңе, Кейишти салат элиңе, Мен Торгойго кызматкер, Чигитейге беттешип, Айтып койгун деди эле! Бактысына жараша, Баш-аламан көпчүлүк, Каптап келди эми эле. “Тоспосом жолун бекер, — деп, Толкуган кыйан сел каптап, Талоонго Талас кетер, — деп, Талатып ийип Таласты, Жоо сайышым кандай кеп!” Тору аттын башын бурганы, Токтоо кылып турбады, Чагандыны өрдөдү, Таң агарган мезгилде, Жаткан элди көргөнү. Он эки мыкты зор экен, Он миң аскер кол экен, Тосоттоп белден караса, Кара бойун опчулап, Медеркан анда турчу экен. Медеркан көрүп Чигитей, Тааныбаган болду эле, Чигитей көрүп Медеркан: “Ажалым жеткен экен, — деп, Болупмун акмак бекер, — деп, Таанылып калсам бул жерден, Тарпымды таштап талаага, Башымды кесип кетер, — деп, Тааныбай мени калды” – деп, Жолго түштү тепеңдеп, Медеркан ойго келгенде, Күндөй бети балкыган, Көрүндү элес бир жерде. “Алда кандай элес, — деп, Аңдашым аны керек” – деп, Тиктеп калды Чигитей. “Жиберген киши мен элем, Баатырдын уулу Белек, — деп, Унутуп аны койбогун, Торгой болор керек” – деп, Анчалык айтып азыраак, Кайкыдан кирди кылт берип, Көрүнүп койуп жылт берип, Көөнүнө күндө дарт салып, Көп эле жерде шек берип. Ачуусу келди баатырдын, Ачып оозун эстенип, Качырып кирди каңгайды, Алдында атка тепсетип, Баарысы калбай жабылды, Баатыр эрге кездешип. Күн бешимге жеткинче, Он эки баатыр балбандан, Башын кесип алганы, Бирөө тирүү калбады, Бирин-бирге жеткирбей, Бирден сайып жайлады, Артындакы он миңди, Короодо койдой айдады, Чагандынын ийри жар, Айдап барып камады, Абдан дайнын сурады. Кошо айтышып баатырга, Корккон калмак чуулдады. Оторго барбай, көтүң кыс, Жай-жайыңа кеткин! деп, Жайнаган элди чубатты, Өлгөнүн киши билген жок, Он миңден бирөө кылчайып, Оторго барып кирген жок. Бешимде кетти жаш баатыр, Күүгүмдө келип атты ок, Күндөкүдөн күчтүүрөөк, Күндө уруш тынчы жок. “Бир-бирден чыгып беттешпей, Бекер элдер өлдү, — деп, Ажалым жетсе өлдүм, — деп, Же өлтүрүп келем!” – деп, Өчөшүп Дөрбөн жөнөдү, Аттанганын Дөрбөндүн, Калган элдер көргөнү. Күбүрөшүп калышты: “Күндөн Дөрбөн тойуптур, Жөнөдү деп өлгөлү.” Көрө салып Чигитей, Жылмыйып күлүп жиберди: “Жыргап жаткан немедей, Бир-бирден келген экен, — деп, Ачылып багым ченебей!” Көптүгүнөн апкаарып, Коркуп койбойт кенедей, Кыргыз, калмак кектешти, Чигитей, Дөрбөн беттешти, Дөрбөн ойлойт ойунда, Өлтүрбөй кайра кетпести. Алты курдай беттешип, Аңтара сайып Дөрбөндү, Эр Чигитей баш кести. Таңгыттын элин бакырып, Баш кишиң кел! деп акырып, Менмин деп бирөө баралбай, Баарысы келди жабылып, Чигитейден кеп угуп, Өлбөй тирүү кет десе, Ырыска калды жолугуп, Манжу менен кытайдан, Калмакта таңгыт бөлүнүп, Жанупту карай бет алып, Чубап жолго салыптыр. Тээ каңгайда калган таңгытты, Көчүрүп кийин алыптыр. Бөлүнүп таңгыт кеткени, Бөлөгүнө бир-бирден, Көрүнө ажал жетти эми. Атым Кыйар менин, деп, Мыкты болсоң келгин! деп, Кытайдан келген кызталак, “Жалгыз кыргыз эл бузуп, Кошуундун чети кол тарап, Мына минтип жүргөндө, Кандай киши жоону алат?” Ачуусу келип ал Кыйар, Жарагын койбой бүт алат. Тойгуза курсак ашын жеп, Тогуздап темир тон кийип, Тоодой капыр аттанды, Кыйар барды өлдү, деп, Көргөндөрү шаттанды, Карап туруп кыр жактан, Торгой байкуш какшанды. Торгойдун муңдуу үнүнө, Муңканып айткан күүсүнө, Кубулуп турган түсүнө, Муз туруштук кылалбай, Мөңгүлөр агып, кар эрип, Эңкейип талдар бүгүлдү, Өөдөлөп өспөй бой керип. Сайрабай булбул тил катып, Молдо торгой, сандыгач, Сүйлөй албай буулукту, Мурун кудай такшанып, Күкүктүн баары күдүңдөп, Көк асман бети бүрүлдөп, Көрүнбөй көзгө күүгүмдөп, Кээде олтуруп, кээде кооп, Тели болгон жылкыдай, Чакчелекей жүгүрөт. Карап туруп Кыйарды, Жамандыгы көрүнсө, Кошо өлсөм экен, деп, Өлүм жактын камын жеп: “Көзүм тирүү турганда, Караанын көрүп турайын, Боло албай кетип баратса, Жамандыгын көргүнчө, Мурун көзүм жумайын, Бок дүйнөгө байланып, Жарыкка кантип турайын!” Жабырды Торгой тартыптыр, Көзүн ачып караса, Кыйар менен, Чигитей – Эр беттешип жатыптыр, Бирөө каман, бирөө шер, Тең беттешип жатыптыр, Бири бөйөн, бири чайан – Заар беттешип жатыптыр, Токой күйүп тумандап, Борошолоп жамгыр жаап, Каар беттешип жатыптыр, Алдында минген аттарын, Кара баткак жуурулуп, Суудай тери куйулуп, Тей беттешип жатыптыр. Кыйар капыр кектенди, Кыйамына келгенде, Кыргыздын кыраан баатыры, Кыйкырып ураан чакырды, Кый сүбөөдөн бир сайып, Кытайдын шорун катырды, Токтоо кылып турбастан, Башын кести капырды. Унчукпай турат былк этпей, Батай, Катай – баатыры. Калдуубеттин Отору, Кайдан эми жашынды, Мурункудан беш бетер, Каар бетине чачылды. Ишенген Дөрбөн эр өлүп, Кошулуп Кыйар дагы өлүп, Батай, Катай – ал экөө, Чыгалбай калды деми өлүп, Качырды Отор капыры, Карагай найза өңөрүп, Буту сынып жатканда, Кулактан Тору ат тартканда, Жыдыгы чыккан аз заман, Толгон капыр ал чакта, Толкуну көлдүн шары өңдүү, Чоңдугу төөнүн нары өңдүү, Салкыны сырттын жели өңдүү, Ысыгы жайдын күнү өңдүү, Көргөндүн баарын жадатып, Күркүрөп чочко жөнөдү. Отордун келе жатканын, Көрүп турган Торгойдун, Көөнү миңге бөлүндү, Көзүнүн жашы төгүлдү. Көрбөй өлсөм экен, деп, Тирүүлүктөн бек жакын, Көрүп турат өлүмдө. Колуна кармап окту алды, Окту алдым деп биле албай, Жайнаган кызыл чокту алды. Колдору күйүп бырышты, Доо кетип билек тарамыш, Ичин карай тырышты, Билгени жок торгой кыз, Мынчалык болгон жумушту, Колу күйсө шыркырап, Эми кандай болот, деп, Беттешип турган бек затка, Эки көзү чачырап, Өзүнчө туруп ал жерде, Төрөөттө кара баскандай, Азуулары качырап, Чок өчүп колу калыптыр, Бул ашырып айткан иш эмес, Жүрөгү күйүп эт калбай, Күйгөнү мунун аныктыр. Ошентип Торгой турганда, Обу жок Отор чоң капыр, Күүлөгөнө найза сундуруп, Күүгүм туман көздөнүп, Күңүрт сүйлөп тил келбей, Бурулуп кеткен өңдөнүп, Жамгырда келген сел өңдүү, Өркөчтөнүп түрдөнүп, Ого бетер Торгой кыз, Жалдырап-жайнап дени өлүп: “Беттешин көрбөй баатырдын, Мен кетпедим не өлүп!” Мелтиреп карап турганда, Кээ-кээсинде бенденин, Тилеги жетпейт кудайга, Капташып Отор кагышты, Хан Чигитей салышты, Беттешип Отор кагышты, Бек Чигитей салышты, Абалтан бери көп жумуш, Канча күндөр урушкан, Болуп өткөн көп жулуш, Дегеле бирөө окшобойт, Бүгүнкү кагыш бул уруш.