Ырыскан туруп кеп салды: — Султандын уулу чырагым, Кабарың катуу угамын, Каңгайдан бери капкайда, Калмак, манжу жыйналган, Каршылашып сиз менен, Кутулбаптыр бир адам. Аз күндөн бери сурасам, Калмак, таңгыт биригип, Манжу, кытай тирилип, Ага казак кошулуп, Беш уруктан беш улук, Масилет кылып олтуруп, Келгели жатат, деп угам, Сизди жалгыз бастырбай, Кошо барсам деп турам. Бизде кыргыз эли бар, Үч арал үргөнч жери бар, Ошо кыргыз элинде, Оболбек деген эри бар, Авазир кылып алайын, Чынында менин таайым ал. Атам ооган парс эли, Энем кыргыз кызы экен, Ошондон тулган мени деп, Айтып жүрөт элдерим. Күмөн кылып кыргыздан, Кошулуша кетет, деп, Кол чакырып келбедим, Баатыр атам Бакдөөлөт, Андан мурун келгендер, Үргөнчтө жаткан кыргыздан, Келген эмес бул жерге, Баарысы ага ишенбей, Мында алып келгенге. Айрыкчасы биздин эл, Ишенчиси кетиптир, Айчүрөк мында келгенде. Жедигерде кыргызды, Кошуп алып нетейин, Жайсыз киши барат, деп, Башында айттың, береним, Мен падыша тукуму, Билгеним айтып акыл кеп, Көп масилет берейин, Таласка барып нетели, Карап турбай талаада, Калдайган калың кол менен, Каңгайга бара кетели. Жеңил бала кылыптыр, Жедигердин Шоорукту, Кутулса качып кетсин, деп, Корксо кайтып келсин, деп, Мадананы ээрчитип, Ылдамыраак жеткин, деп, Кеңколго жумшап жиберди. Шоорук хан кете бергенде, Айтканы чынбы, жалганбы, Маданадан уккан кеп, Ырыскандан сурады. Жашырган жок Ырыскан: — Кайыпчы келип жаткамын, Кийикчиден кеп угуп, Жети суунун бир суусу, Күмүш булак керүүгө, Ханы Шоорук деп угуп, Кычыртып келдим Шоорукту, Бар кебин уктум ушунун, Азыраак кеги бар экен, Теги-жайын сурасам, Кара көзгө бала экен, Бүт бербеди мага, деп, Жетисуунун хандыгын, Ойундакы ал экен. Жетисуунун баашасы, Темир шаа деген чал экен, Таластан барган жан экен. Масилет кылып Шоорукка, Акылым бердим толуктап: Кычыртып келип темирди, Эптеп анын жолун таап, Жетисууга баш болуп, Анан сурап жаткын, деп, Аскер жыйнап кошо жүр, Мени менен баскын, деп, Мен барганда Чигитей, Кетип калат шашты, деп, Айткан киши мен элем. Жашырган менен болобу, Мен жашырсам бир күндүк, Калгандар айтпай койобу? Менде да бар арамдык, Шоорукта бар арамдык, Эки арам кыйалга, Темир шааны өлтүрүп, Тактасын тартып алганбыз, Эми кала бергенде, Өзүңүз байкап караңыз. Кебин айтып бүтүрдү, Кепке баатыр түшүндү. Жумшаса чаап Шоорук хан, Кеңколго жете барганда, Колбуп келе жаткан көч, Көп эле жанга жолуккан. Мадыбек айылы кайда? деп, Сурап көрдү адамдан. Сураган киши кеп айтты: — Мадыбекти сураган, Сен кандай киши? – деп айтты. Эл башчысы Мөңкөтай, Алжан-алчын – эки урук, Мөңкөтай баштап бөлүнүп, Мадыбекти бүт талап, Ордосун сыйрып көчүрүп, Жаккан отун өчүрүп, Жагоосун жерге түшүрүп, Жарык күнүн жоготуп, Камап туруп колотуп, Көчүп келди Мөңкөтай. Ырыскан, Шоорук, Кубатай, Ал үчөөнөн жол тосуп, Кеп угуптур башында, Маданага жол кошуп. Медеркан менен тилдешкен, Бекем байлап сүйлөшкөн, Билгич киши бул экен, Келер ишти бүт билген: — Мадыбекти сурайсың, Башкадан дагы сураба, Бекер өлүп кетесиң, Өз жаныңды канткенде, Мадыбек үчүн кечесиң. Угуп болуп Шоорук хан: — Оо, кудай урган абышка, Козголупсуң ордуңдан, Ичкен тузуң сени урган, Сенден бетер мен дагы, Семиздигим мени урган. Менин атым сурасаң, Жедигерде Шоорук хан. Жолун тоскон Мөңкөтай, Үч улуктун биримин. Кегимди алам деп келип, Атка жеңил тайга чак, Жеңил бала мен болуп, Желип-жортуп келермин. Кубатай өлүп жоголду, Кызыл каны жошулуп. Оогандан келген Ырыскан, Кол куушуруп баш ийип, Чигитейге кошулуп. Мадана кеткен бул жерге, Кычырып келе калгын, деп, Кыйын бала жумшады, Келе жатам саксаңдап, Чайчым эле Мадана, Кычырып өзүм баргалы. Атым Шоорук дегенде, Аңырайа бир тиктеп, — Ырасбы кебиң, жалганбы? Ачыгын айтып бергин, — деп, Өзүмдү айтпай жашырып, Койдум эле алдында, Мөңкөтай деген менмин, — деп, Беш-алты күндүн алдында, Келе жатып туу белде, Жөө кишиге жолуктум, Үч улук келип калды, деп, Укмуштуу кыйын кеп уктум. Мадыбектен көөн ооруп, Жүрүчү элем мурун мен, Сөз байлашкан киши элем, Медеркан менен түбүнөн. Каңгайдан келсе төрт улук, Капкайдан келсе эки улук, Жедигер келсе кошулуп, Кызыл кан менен жинибиз, Кетет го деп жошулуп, Алжан, алчын – эки урук, Кеңеш кылып олтуруп, Бөлүнүп биздер турганда, Келип калды деп уктум, Мадыбекке Мадана, Тыңшоочу койдум ат берип, Бир жалоондой балага. Мадана келип кеп салып, Чигитейдин кеби, деп, Баштан-айак түз салып, Былк этпей жатсын атам, деп, Жиберди мени, деп салып, Угуп бала барганы, Ошону угуп болгондо, Шайтаным менин кармады. Келе жаткан калың көч, Мадыбектин беш үйү, Сарамжалы бүт үйдү, Салакалуу чоң үйдү, Келе жаткан силерге, Алып барып бергели, Талаа-түзгө жаткырбай, Кеңколго алып келгели, Келе жаткан Мөңкөтай, Ушул эле кеңеши. Мадана менен Мадыбек, Мыкты болсо Чигитей, Бошотуп сени алсын, деп, Мойнунан талга байлатып, Жылаң айак, жылаң баш, Жаш балдарга айдатып, Карагандын барысын, Таң калтырып жардатып, Тигинтип келе жаткамын, Алардын өңүн саргартып. Өпкөсүн кармап колуна, Байбичеси Зулпукан, Баш казанчы Калемкаш – Баарысын мунун жалбартып, Утуру чыгып, Шоорук хан, Өзүңдөн бетер мени сен, Эми койдуң саргартып! Айтпаса да, Шоорук хан, Бар кебиңди башынан, Маданадан уккамын, Эми айтпа кыдыртып, Мен да тыңшап укпайым. Кеңешели экөөбүз, Табалы мунун айласын, Мадыбек менен Мадана, Тартабыз чындап балаасын, Кара жер калсын каңгырап, Таштайлы мунун Таласын, Хан башыңда чабарман, Болуптурсуң, Шоорук хан, Башың менен кудук каз, Кутулуп сен да калбайсың! Коркпогондо неткени, Мадыбек менен Мадана – Ал экөөнө карабай, Шоорук менен Мөңкөтай, Казакты карай кетти эми. Мөңкөтай элди чабам, деп, Өзү калды чабуулда, Карыганда көргөн бир туйак, Бетинен сүйүп алалбай, Колу калган кыскарып, Жанына анын барууга. Бастырып жөнөй берерде, Өзү алчын эли эле, Сакалында агы бар, Субатай деген неме эле, Шоорук менен Мөңкөтай, Сырдашканын угуптур, Качып жолго чыксын, деп, Сыр билгизбей туруптур. Жортормон өскөн Субатай, Он беш күн бекер жатчу эмес, Каңгайдан жылкы кууп албай. Эл четине чыкканда, Шоорук менен Мөңкөтай, Жете барды узатпай: — Таласты кылып эки араан, Таштап койуп талаага, Барасың кайда, Мөңкөтай? Бузуктугуң эмеспи, Бүт билбей туруп бир ишти, Өзүң жооп кылбасаң, Алжан, алчын – эки урук, Калбайт тирүү бир киши. Эмизбесе ак сүтүн, Айабаган бүт күчүн, Зулпукан ыйлап турбайбы, Каардуу бала султаным, Зулпукар кындан суурбайбы, Кыларың ушул сенин, деп, Баарыбызды кырбайбы, Кыргыздык жагы агасы, Көтөрүп аны чоңойткон, Чынында анын Мадыбек, Чигитейдин атасы. Кечээтен бери жаш балдар, Чыркыратып сабашты, Мадыбек сабыр кылабы, Шоорук хандан бузулуп, Өзү келген Мадана, Көргөнүн айтпай турабы, Элден ашкан Шоорукту, Ичтен чыккан бузукту – Сен экөөңө талаада, Көрсөтөйүн кызыкты! Элкин башым жүргөмүн, Нечен жоого тийгемин, Ырас чыным келгенде, Жүздөндү кырып ийгемин. Экөөңө алым келбесе, Субатай болбой өлөйүн! Өлсөм өлөм ким үчүн? Олуйа султан пир үчүн, Андан кала бергенде, Ак калпак кыргыз эл үчүн, Атактуу Талас жер үчүн, Карап туруп Субатай, Кетирем сени не үчүн?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей». Элдик эпос. Басмага даярдаган Токтобүбү Ысак. Булак: bizdin.kg.