← Чигитей 2/4

Күн кубулуп бурулгуп, Көк асман бети удургуп, Бүркөлүп күн бузулуп, Жарык күн калды тутулуп. Кантерге айла табалбай, Шоорук хан турат улутунуп. Баатырдын уулу чунагың, Бастырган бойдон келди эле: — Бириң келбей, баарың кел, Жашың менен карың кел, Карапайым бенде эмес, Калк башкарган ханың кел, Найза сайып, балта чаап, Таасын болгон жаның кел. Адис болгон эриң кел, Аңтара сайчуу тыңың кел, Ааламды суудай чайкоочу, Арылбаган чырың кел, Үч күндөн бери чыдадым, Туралбаймын эми мен. Борошо, шамал каарың кел, Жылан, чайан – заарың кел, Ат көтөргүс чоңуң кел, Ааламды жутчуу зоруң кел, Кечиктирбе зарыгып, Мен-менсиген ылдам кел! Чигитей турду каар тигип, Чыдамы бүгүн кетиптир, Жылантору ат минип. Баатырдын көрүп айбатын, Эрлик жолун талашып, Элинен келген жол басып, Кубатай кайдан айансын, Бүт кайратын бойго алды, Болоттон найза колго алды, Бар кайратын бойго алды, Бар жарагын бүт алды. Кабаттап темир тон кийди, Каарын төгүп заар менен, Борошо жамгыр жаан менен, Кара куйун бороондой, (Как белгиси ошондой) Баатырга чыгып беттешти. Канча атадан бер жакка, Коросондун элдери, Кыргыз менен кектешти. Жети ата болуп кеткинче, Коросонго кыргыздан, Кол баштап бирөө барбады, Өзүнчө келип тийишип, Коросон жата албады, Же келгенине жараша, Бирөө тирүү жанбады. Өлгөндүн өчүн кубалап, Өткөрүп жылды арадан, Келет тирүү калганы, Чигитей менен Кубатай, Куп табышты бул экөө. Болжоп найза урушуп, Өпкө, боор, жүрөккө, Имерилип толгонуп, Бирин сайып, бири албай, Жыгылып аттан тоңкойуп, Барган сайын күч алып, Баатырлар турат зоңкойуп. Чигитей жылдыз чолпону, Чын ачуусу келгенде, Чыдабады Кубатай, Чын эле аттан тоңкойду. Тирүү жанын койбоду, Жер кучактап сойлоду. Кубатайды узатып, Кайра артына толгонду. Ажалы жетти Ырыскан, Ажалы жетпей неткени, Байагы кебин унутуп, Койгулаша кетти эми. Зоо жаңырып, үн чыгып, Кирген суудай түр чыгып, Көргөндүн эсин коркутуп, Көздөрдөн чаар сүр чыгып, Найзанын баары быдырап, Чыдаштык бербей суу чыгып, Чарчагансып Чигитей, Ырыскандын ойунда, Эми жыгам, деп келет, Нечен жарак колунда. “Жадаттым деп кыргызды, Жараттым эле башында, Кетирейин муну мен, Он сегиз менен он тогуз, Ортосунда жашында.” Оңдоп эми кармады, Очойгон зоону бир урса, Оморулуп кетүчү, Чойун башты колуна. Колундакы чойун баш, Жолум үйдөй көрүндү, Жолу каткан Ырыскан, Жеп ийчүдөй өмүлдү, Кенебейт баатыр Чигитей, Келе жаткан өлүмдү. Зым-зым этип зымырап, Чокморду улай кармашка, Тайарланып бул турат. Күүлөгөн чокмор чойунду, Чокудан нары бир урду. Чигитей кармап болгунча, Алдындакы тору аты, Бута атым жерге ыргыды. Ээсинен артык эси бар, Айбан да болсо жаныбар, Арнап минчүү малы ал. Ырыскандын чокмору, Кара жерге урулду, Жердин бети чаң болду, Топурак учуп боз түшүп, Нак күүгүмчө ал болду. Көрүп туруп ошону, Көпчүлүк баары кубанды, Ырыскан көмө чапты, деп, Кыргыздан чыккан уланды. Жылантору мал экен, Чыныгы тулпар ал экен, Тизгин чойуп тарттырбай, Оң жагынан бурулуп, Тегеренген чагы экен, Акылы ушул Тору аттын, Алгарача бар экен. Ат айлана бергенде, Аркасына кыйамы, Арстан эрге келгенде, Кармады Чигитей найзаны, Ушул урган найзада, Тоодой болгон чочкону, Томкоро сайып салганы, Кобо калып ордунан, Коркконуна чыдабай, Чигитейге жалбарды: — Чигитей кыргыз, мен ооган, Ырас чынын айтканда, Кубатай менен урушуп, Пейлим менин бузулган, Күч сынашсам экен, деп, Көңүлүмдө бул турган. Көөнүмдө арман калбады, Көмөрө сайып сени эч ким, Чигитей, жыга албады, Алдымда минген тагымды ал, Үстүмдө таажы – багымды ал, Айтылуу кебил шаарымды ал, Алты дайра жеримди ал, Андан кала бергенде, Алты атадан бер жакка, Жыйып койгон казына, Жүктөтүп келип барын ал, Жараса ооган кызын ал, Жаратып туруп узун ал, Чаптырып туруп күлүк ал, Жактырып туруп нарын ал, Жаптырып туруп комун ал, Үйрүн бузбай тобун ал, Карысын койуп жашын ал, Айагын койуп башын ал, Төрт түлүктүү бизде мал, Түп көтөрө баарын ал, Андан кала бергенде, Жылында берем айтканың, Мөөрүмдү басып катым ал, Бүгүн мыне кеткиниң, Минген тулпар атым ал! Бербегени калбады, Береги жандын айы үчүн, Бечара Ырыс жалбарды: — Жамандык менде жок эле, Кубатай тынчты алганы, Ага кылып кошамат, Мына бу турган Шооруктун, Айтпаганы калбады. Малды көрсө эр азат, Бекер дүйнө бар десе, Албаймын деп ким качат? Ажалга айдап келтирет, Аркачан напси кызталак! Деп ошентип Ырыскан, Көзүнүн жашын агызган. Эки колу боорунда, Эр баланын жолунда, Эңкейип хандын турушу, Аңдаганга сонун да. Тилегин кабыл алганы, Же алтын-күмүш албады, Жылына мындай бергин, деп, Жылгысыз чыгым салбады. Салым салып, мал албай, Санап туруп зар албай, Айттырып атын шаар албай, А сулуу кызын дагы албай, Суу укурук кармабай, Чубуртуп жылкы айдабай: — Өзүмө жетет бар малым, Коңшулаш сага Коросон, Кошуп элин сен алгын. Жедигердин элине, Жетиксиз киши жумшайым, Өзүң хандын баласы, Жетиштирип аны алгын. Жедигер эли жай жатсын, Кары-жашы мал баксын, Уругу кыргыз эли эле, Уйкусун ачпай тынч жатсын. Деп ошентип Чигитей, Коросондун көп элин, Кууратып мунун эренин, Колбутуп айдап жиберди, Ээрчитип келген элдерин. Коросондун элинде, Тогуз эри бар эле, Балтыркан өлүп калды эле, Андан калган сегизин, Чигитей бөлүп алды эле. Калган элин кет деди, Жай-жайыңа жет, деди, Жагымдуу сонун кулакка, Жаш арстандын кептери: — Коросонго баргынча, Бадакшан бар, Балык бар, Тажик, калча калк бар, Кара калпак, түркмөндүк, Андай калктан канча бар, Катышып койуп бирөөнө, Калба салбай жөн кеткин. Айтканды кабыл албасаң, Келген силер турмайлык, Жериңде калган жаш-карың, Жээн-таайы бар жаның, Үмүтүң үзгөн жаныңдан! Айрандай кетет абийриң, Айтканымды сен билгин. Бөлүп койсо шаарыңды, Өзүңдөн койсо ханыңды, Ырыскан билет аныңды, Кошуп алса өз эрки, Койо берсе дагы эрки, Мындан кийин менде жок, Силерге айтар бир кебим. Айтып болуп Чигитей, Айдап элин жиберди. Камчыдан чечип бүлдүргө, Ырымга олжо албады. Кубатайдын тондорун, Кубат кылып алгын, деп, Арттырып туруп атына, Аны кошо айдатты, Чигитей кыргыз арстаны, Жоомарттыгын карматты. Кетти чубап коросон, Сүйүнүп баары кош болгон, Бөлүп калган сегиздин, Кызыл өңү боз болгон. Сурап койор бекен, деп, Ырысканды карашат, Калбайбыз тирүү биздер, деп, Акылынан адашат, Ырысканга Чигитей: — Ырас пейлиң ак болсоң, Ырайым кылып тирүүгө, Койбогон киши мен болсом, Хан башың менен солкулдап, Кара жашың төгүлүп, Катуу ыйладың болкулдап, Калтырбай бердиң барыңды, Мен албаймын малыңды, Ээлебеймин тагыңды, Ээрчитип алып барайын, Көрө кеткин, Ырыскан, Атаман калган шаарымды. Мабу бөлүп алган сегизди – Агарбас кара доңузду, Талкаламак күмбөздү, Түз кылабыз деп, келди, Өткөн жылы сел келип, Күмбөздүн өөдө жагынан, Имерип жарды жеп келди, Сегизи балбан эр экен, Телегейи тең экен, Суу жегисиз, сел алгыс, Бүтөп берип ал жерди, Кетсе болор, Ырыскан, Кан ичүүнү каалабайым, Бекер андай уруштан. Өлтүрбөйт экен бизди, деп, Өңүнө кызыл тарашып, Баштарын өөдө көтөрүп, Бирин-бири карашып: — Чигитейдин алдында, Бекер эле келипбиз, Эрлик жолун талашып. Жашырбай баалайт өздөрүн, Эргежээл санашып.