← Чигитей 2/7

Кошулушуп далай жан, Кутулган жок булардан. Бүгүнкүсү Чигитей, Бүткүл дүйнө жер бетин, Бучкагына теңебей, Артып кетти кыргыз, деп, Кытайга антип угузуп, Камынып булар калыптыр, Коросондук Коромжу, Коромжунун беш уулу, Кубатай болчу улуусу. Бой тартып балдар чоңойуп, Атасынын өлгөнүн, Сурамжалдап угушту. Коромжунун Кубатай, Чоңойуп жашы эр болду, Отуз шаардык Коросон, Козголтпой ага ээ болду, Отуз шаардын улугу, Муну менен касташкан, Киши калбай куруду. Уламалап кеп укту, Коромжу менен Бакдөөлөт, Бир сапар өлгөн деп укту, Бакдөөлөт Ооган ханы, деп, Издээри барбы аны? — деп, Алдыртан кабар алыптыр, Бакдөөлөттүн үч уулу, Аркасында калыптыр, Улуусунун бели бош, Кичүүсү чыйрак окшонот, Ырыскан, Дөөлөт деп койгон, Атасынын ордуна, Элин сурап ээ болгон, Бакдөөлттөн канча өөдө, Бели катуу эр болгон. Кубатай угуп ураанын, Кат жазып кабар кылыптыр, Бакдөөлөттүн уулдарын: “Сенин атаң, менин атам, Кыргыздан өлгөн деп угам, Алмак болуп сулуу кыз, Бир сапарда өлүптүр, Колдорун таштап катылбай, Колбутуп атын бөлүптүр, Жөө чубап аскер жете албай, Тирүүлүктө көрүүчү, Кордукту булар көрүптүр, Уламалап кеп уктум, Кыргыздан өлгөн экөө эмес, Манастан бери карата, Баарысынан өлгөнү, Үчтөн-төрткө деп уктум. Сага жакын жедигер, Атагы кыргыз болсо да, Таластык менен жоо эле, Түгөнгүз кара доо эле, Өзүнөн улук киши жок, Алдырып келип Таластан, Улук койду дечү эле, Кабарлашып кулак сал, Жедигердин ичинен, Уламалап сурашсаң, Баш көтөрүп тың чыгып, Сөз табуучу чыр чыгып, Такоол болсо биздерге, Болжошуп туруп баралы, Бузулбай келген Таласын, Боз топурак кылалы, Барбас болсо жедигер, А да кыргыз уруусу, Талап алып тыналы.” Кубатайдын каттарын, Ырыскан жакшы окуптур. Ойлонуп кыйла олтуруп: “Айтса-айтпаса кандай кеп, Баш көтөрүп бул элден, Такка минип ээ болсо, Ажалдан өлбөй баарысы, Кыргыздан өлүп жоголсо, Жедигердин кыргызы, Өзүндө хандык болбосо, Эл четине барам” деп, Аттанып Ырыс жөнөдү, Алты жүз киши котчу алып. Аркасынан колбутуп, Күмүш булак түз керүү, Жетисуунун жайлоосу, Жылкы төлдөп жатчу жер, Илгертен бери мына шо. Арка бети кайыпчы, Кайыбы көп болуучу, Уу кылам деп ал жерге, Ырыскан келип конуптур. Чатырды тигип кулпунтуп, Шамаал чайкап жулкунтуп, Кайыпты уулап бөлүнтүп, Агызып канын төгүлтүп, Кыр-кырда жүргөн Жедигер, Турнабай менен көрүшүп. Жедигерде жети суу, Жетөөндө бар жети улук, Падышасы Таластык, Аты Темир деп угуп, Ырыскан келип жатыптыр, Кетсем деп ага жолугуп, Ит агытып, куш салган, Капкан койуп теке алган, Кулжасын аткан курбудан, Күндө адырда жүрүчү, Жетөө келди чатырга, Жедигердин уулунан. Алдырып келип Ырыскан, Азыраак сүрүн көрсөтүп, Куушурулуп өпкөсү, Кубулуп кызыл өңү өчүп, “Абалын байкап булардын, Андан кийин сурайын.” Байкап көрсө бул жетөө, Кийик менен күн кечкен, Аты киши кара баш, Андан башка билбеген, Карапайым неме экен. Кеп укчууну таптым, деп: — Келдиңер кайдан чогулуп, Кебиңер болсо айткын, — деп, Элиңер ким, жериң ким? Эл башкарган эриң ким? Кайраттууң ким, тыңың ким? Калк башкарган ханың ким? Ырыскан минтип сурады, Жаны чыгып корккондон, Жедигер чыдап турабы, Баш аламан баарысы, Жарыша койуп чуулдады, Орто бойлуу, орто жаш, Жылбырскасы кишинин, Кара Чекир бирөө бар. — Калгандарың тура тур, Кара Чекир, кебиң сал! Ырыскан антип сурады, Кара Чекир божурап, Айтчу кебин курады: — Мынабу кырдын нар жагы, Күмүш булак түз керүү, Ураандуу жайлоо жерибиз, Жетисуу эли деп койот, Биз дагы кыргыз элибиз, Жетисууда жети улук, Падышалык өкүм бар, Баары келип чогулуп, Падышабыз Темирбек, Таластан келген мында, — деп, Падышалык орунга, Жетисуулук ээ эмес. Кара чекир баарысын, Калтырбай айтып болгону. Түк аларга туйгузбай, Берки четки ханынын, Атын сурап алганы. — Шоорук деген хан, — деди, Хан Каракөз өтүптүр, Илгерки өткөн убакта, Азыркы Шоорук ханыбыз, Хан Каракөз калдыгы, Ээ боло албай элине, Бир бөлүмгө арзыбай, Мунун ичинде бардай ардыгы. Угуп алып Ырыскан, Оголе жакшы болду, деп, Алдыртан киши жиберет, Шоорук хан мунда келсин деп. “Мен Оогандын ханымын, Кебим бар угуп кетиңиз, Мында келген жайымдын. Элим ооган парыс уулу, Мен оогандын улугу, Ырыскан атым уга кал, Урматтап сени чакырдым, Шоорук хан ага, келе кал.” Жиберген киши барыптыр, Катты бере салыптыр, Өзү молдо Шоорук хан, Катты окуп алыптыр, “Оогандын ханы кандайча, Чакырып калды мени?” – деп, Далай ойго барыптыр. — Барбасам болбойт, барам, — деп, Мага керек болдуңар, Жүргүлө отуз адам, — деп, Отуз киши котчу алып, Талап элди кетет, деп, Кокустан ооган кол салып, Ырысканга соога, деп, Кылдап сонун бокчо алып, Шоорук хан барып калыптыр, Оогандын ханы Ырыскан, Алдынан киши жиберип, Тостуруп муну алыптыр. Эки күнү, бир түнү, Эрмектешип үч күнү, Чыгалы бүгүн ууга, деп, Алты жүз киши оогандык, Отуз киши Шоорук хан, Баарына бирден милдетти, Паланды таап келгин, деп, Ой-тоону карай тараткан, Эрмектешип чатырда, Козголбой эки хан жаткан. Ырыскан кебин салгынча, Арызданып Шоорук муң айткан: — Кычырыпсың, Ырыскан, Алдыңа келдим Шоорук хан, Кычырганың чын болсо. Жашырбай айтсам кебимди, Ырыскан арзым сен уксаң, Жетисуу бизге жер экен, Жетисууну ээлеген, Он атадан бер жакка, Жедигер деген эл экен. Бүткүл элге таанымал, Багыш деген ээ экен, Багыш ээлик кылганда, Манас менен тең экен. Манастын уулу Семетей, Багыштын уулун өлтүрүп, Жети сууга жети хан, Бөлүп койгон кеп экен. Ал жетөөнү чогултуп, Падыша койуп баарына, Жетисууда Жедигер. Падыша журту дээр экен. Баашалык такка мингендер, Таластыктын эли экен. Кечээ Бекбачанын доорунда, Чоң атам менин Каракөз, Ээ болуптур баарына. Каракөздү калтырбай, Бекбача баатыр сойгондо. Мурункудай бул элди, Жети бөлүп койгонго, Бүгүн Темир падыша. Буда Талас жеринен, Таластагы кыргызда, Алжандардын элинен. Сурадың менден, Ырыскан, Билгеним ошол кебимден. Чыкыртып кандай сурадың, Бир кыйалың бар чыгат, Байкап көрсөм кебиңден. Шоорук хан минтип айтканда, Ырыскан айтып кеп баштап: — Сен муңдуу эмес, Шоорук хан, Мен муңдуумун, — деп баштап, Баарың кыргыз уулусуң, Бириңди-бириң куруттуң. Мен ооган туруп бир башка, Таластыктан улупмун! Мурункулар өтүптүр, Өтүп көзү кетиптир, Туудурган атам Бакдөөлөт, Түбүнө кыргыз жетиптир, Ээрчиткен колу отуз миң, Айдап ийип аскерин, Аттарын алып кетиптир. Жалгыз ооган мен эмес, Жедигерде сен эмес, Коросондо коромжу, Кошо алыптыр ошону, Отуз миң атын олжо алып, Аскерин айдап чубатып, Аны дагы кууратып, Мангыттардын Калдуубет, Тактысынан кулатып, Жамбыл белге түркмөндү, Ээ кылыптыр таластык, Муну өзүнө каратып. Ошолорду укканда, Туралбадым жан ачып! Ырыскан айтып ийди эле, Угуп турган Шоорукка, Өтө жакшы болду эле. — Андай аттуу күн кайда? Атым Шоорук ханмын деп, Мен жүрөмүн куру жайда. Падышабыз таластык, Баш булгап чыга албайбыз, Ошол үчүн биз жылып, Башка жакка барбайбыз. Бактылуу сендей хан болуп, Чукул бизге жар болуп, Колдогон киши бар болсо, Корко турган кеп эмес, Куураган жанды мен айап, Туруп алчу мен эмес. Ой-пикирин угушуп, Ойдо кеңеш кылышып, Темирбекти өлтүрмөк, Кеңеш буга тынышып, Жетисууга Шоорукту, Падыша кылмак болушту, Убаданы бек кылып, Олтурган жерде койушту.