← Чигитей 5/7

— Чигитей деген ким? – деди. Коросонго ээ болгон, Мен Кубатай бил! – деди. Атамды эстеп кунун кууп, Жүрөгүм ысып желдеди. Ошол үчүн келгемин, Жети төр Кеңкол, Таласты, Талап алып кеткели. Катуу тийди баатырга, Кубатайдын бул кеби, — Сен Кубатай коросон, Мен Чигитей ойлосоң, Бармак түгүл Кеңколго, Кетпейсиң тирүү сен болсоң! Кайра тартпай көрүшкөн, Кажыбай турган эр болсоң, Сундуруп найза тартпагын, Сүрдүү баатыр сен болсоң, Мен деле куруп калайын, Кайратым сенден кем болсом! Атагы чыккан Айкөлдүн, Акыркы уулу мен болсом. Капкайдан чыгып, коросон, Кайгысыз жаткан тынч элге, Карбаластап не келдиң? Эки башка бөлүнгөн, Сени менен үч экен, Ошол кайсы элдериң? Токтоло калып Кубатай: — Тогуз түмөн колум бар, Тогуз баатыр зорум бар, Өзүм менен он элем, Ушул дүйнө жалганды, Оморо турган чагым бар. Аркамдакы эки топ – Алдындакы жедигер, Шоорук деген ханы бар, Аркасы ооган, парыс эле, Ырысканы дагы бар. Угулду, кыргыз, кабарың, Чыдап үйдө жаталбай, Мен чыгып келдим атайын, Караан тутуп ал экөө, Ээрчип келе жатыптыр, Эминесин айтайын. Күүгүм болжол бүрүлдө, Көмө чаап кан ууртап, Көөнүмдө жыргап жатайын. Сары жел артуу туу белде, Салкын жерде жатайын, Кол-бутум сунуп керилип, Уйкунун даамын татайын, Келишкен сонун жер экен, Ыраатын мунун татайын! — Коржоңдобо, Кубатай, Көзүң көрүп бой сергип, Ачылып көөнүң кубанбай, Катылышсаң сен мага, Бөөдө өлүп кетесиң, Эртеңки күнгө чыгалбай. Эрлериң менен бир болгун, Эрлериң менен тең конгун, Эртеңки күнү жарыкта, Армансыз өлүп жоголгун! Кара башың, Кубатай, Кара тоочо болжодуң, Камыштын башы шуудурак, Сени мен как ошончо ойлоном. Өз башыңды, Кубатай, Үстүнкү тоочо болжодуң, Кубарган чөптөр шуудурак, Сени мен ошончолук болжодум. Тартынбай турган Кубатай, Күчаладан таттуу сөз, Чыдап буга туралбай, Найзасын кармап эптенип, Бир көрсөм деп беттешип, Бастырарга калганда, Балтыркан деген бар экен, Далайга чыккан жан экен, Баатырдын бири ал экен: — Хандык өкүм колуңда, Баатырлык бизде, Кубатай, Айткан сөзгө аркылбай, Караңгыда тайынсыз, Кармашып жүрүш ал кандай? Көргөн жериң болбосо, Көнгөн элиң болбосо, Араң чыктык үч күндө, Капчыгайы бул болсо, Кош жаңырык чуулдап, Өйүз-бүйүз зоо болсо, Зоого салса өлөсүң, Чигитей менен беттешип, Кумардан чыгып алалбай, А дүйнөнү көрөсүң. Тилимди ал, Кубатай, Эртең менен беттешип, Кутурган кыргыз Чигитей, Андан кийин жолго сал, Өлтүрбөй туруп бу кулду, Жер каздырып орго сал, Алып барып шаарыңа, Жетимиш темир торго сал, Айттырып каңгай, кытайга, Арасында таңгыт бар, Ошол элден соога ал, Андан кийин бу кулдун, Анан башын кесе сал! Айтып болуп Балтыркан, Бура тартып жөнөдү, Кубатайдын атынын, Артынан түштү бөлөгү, Беттеше албай Кубатай, Колунан кетти өнөгү. Кубатай барса элине, Чатырларын бүктөшүп, Жаккан отун өчүрүп, Жаткан аскер дүрбөшүп, Биз ашучу бел кайсы? Болгун ылдам жүр, дешип, Ызы-чуу түшүп жатыптыр, Баш-аламан сүйлөшүп, Кубатай ханы барганда, Баары калды сүрдөшүп. Шоорук хан келди аңгыча: — Жүрү, баатыр Кубатай, Кошулушуп жүргөлү, Болуп калды күн канча, Биздин кошко баралы, Чатырды тигип болгунча, Бир жайланып алалы. Ырысканды чыкыртып, Жүгүрттү эки баланы. Беттешип келди үч улук, Белдүүдөн он үч олтуруп, Баштан өткөн жумушум, Хан Шоорук өттү кеп уруп. Баары көргөн-билгенин, Барбай кайра келгенин, Балтыркан айтты оллугуп. Ырыскандын ойунда: “Калбаптырмын алдында, Чигитейге жолугуп. Эртең менен эң мурун, Элден мурун барбасам, Эрдемсиген кызталак, Эбин таба салбасам, Мен барам деп алдында, Чыр салат го Кубатай, Байкап көрсөм ар качан.” Кубатайдан Ырыскан, Коруганы Чигитей, Өлтүрөбү, өлөбү, Болжоп аны ким билер? Баарысына Шоорук хан, Бабырап кебин баштады, Баштан-айак бүт айтты, Бала жолборс арстанды, Батай, Катай, Оторду, Тобуке, Дөрбөн ошону. Капасы келди Кубатай: — Кажылдаба, сен Шоорук, Алдыраба, Ырыскан, Айткан кепти сен угуп! Апсана сөздү укпадым, Кубатай атка мен конуп. Эр сайсам атым меники, Оогандан келген Ырыскан, Олжосу болсо сеники. Жери менен элдерин, Жедигерге берели, Менин айткан бул кебим, Ылайыгы келеби? Өздөрүн кыйын эр санап, Шоорук хандын үйүндө, Олжого бөлдү мал-жерди, Барамын деп, барбайым, деп, Ырыскандын оозунан, Дегеле зобан келбеди. Жатып калды кайтышып, Мактанып кебин айтышып, Шоорук хан жатты уктабай, Көз жума албай таң атты. “Көрсөтөт бүгүн Чигитей, Баштагыдай адатты. Темир шаага катышып, Мени мээнет не басты? Же кара киши болбосом, Жети суунун биринде, Катардакы хан болсом, Анан кастык кылсамчы, Же калк ичинде кар болсом, Ажалым жеткен турбайбы, Ойлоп көргөн жан болсом. Бүгүн эптеп турайын, Чигитейди карайын. Эрдемсип кетип баратса, Эртеңки түнү эл жата, Караңгынын кийимин, Калдайта чүмкөп кийинип, Чигитейге барайын, Темир кандын өлгөнүн, Ырысканга шылайын, Өлбөй тирүү туруштун, Бир амалын кылайын.” Коркпогондо неткени, Угулуп турду өңгө элге, Мунун кобурап айткан кептери. Шоорук хандын алдында, Чай кайнатып, от жаккан, Жакшы-жаман кепти уккан, Түбү Талас элинен, Жүрүчү экен Мадана, Кобурап сүйлөп жатканын, Кулагын салып куп тыңшап, Шашпай аста былкылдап, Калтырбай угуп болуптур. Кат билбеген Мадана, Унутуп калам, деп ойлоп, Аз болгондо он айтып, Жаттап муну койуптур. “Бир сууну билген хан турса, Ага ыраазы болбосо, Кыргызга кылып кастыкты, Кылган иши бул турса, Темир шааны сойуптур, Шоорук шаа атка конуптур. Өз атасы чочконун, Асылбача, Бекбача, Далай жылга касташты. Кыйалын бузуп жанбады, Өлтүрүп анан ташташты. Атасы өлсө уулу, деп, Оңолуп кетер мейли, деп, Улук кылса бир сууга, Ушул ишти тапканы.” Айласын таппай Мадана, Кыргызга кебин айткалы, Таң аткынча уктабай, Чыканактап жатпады. Сүрүп чыкты таң атып, Тоо башына күн чалып. Коросон менен оогандык, Мен барам деп майданга, Булар калды талашып. Балтырканы оолугуп, Мен барам деп жулунуп, Угуп туруп Ырыскан, Оңуп өңү бузулуп: — Мен барам, — деп ал турду, - Балтыркан мага кызматкер, Менчелик эмес Ырыскан, Эң алдында мен барам! Кубатай болбой койгону, Куруп калган мадана, Уруша кетсе экен, деп, Кандуу кылыч жанынан, Сууруша кетсе экен, деп, Шайтан айдап иттерди, Сайыша кетсе экен, деп, Өчүгүшүп кеп жебей, Өлүп кетсе экен, деп, Ирмебей тиктеп калыптыр, Жедигердин Шооругу, Жетип ага барыптыр: — Андай эмес, баатырлар, Сен экөөңдүн атаң тең, Өлтүргөн ушул кыргыздар, Менин атам Каракөз, Өлгөн экен кыргыздан. Кулакташып угушуп, Үчөөбүз келе жатабыз, Ат жеткисиз алыстан, Абийириң кетет, эки хан, Жол талашып чабышсаң. Кыргызга уйат болобуз, Кырда турган уулуна, Мунуңар жакшы иш эмес, Койгула, хандар, койгула. Шоорук айтып токтолду, Кубатай менен Ырыскан, Муну тыңшаган киши жок болду. Кеп өтүшүп олтуруп, Найзасын оңдоп Ырыскан, Кубатайга козголду, Кокусунан элөөсүз, Мына мындай иш болду, Козголуп калган Ырыскан, Май сооруга бир койду. Май сооруга найза жеп, Кубатай карап турбады, Ырысканды Кубатай, Капталдан нары урганы. Кубатайдын соорудан, Ырыскандын карчыттан, Кандары чыкты мончоктоп, Канткенде булар туралсын, Кайрат кылбай эр токтоп. Карсылдашып койушуп, Кадимки сайыш болушуп, Алдында минген аттары, Тизгин тартып чойушуп, Найзаны канга чыкташып, Барган сайын өчөшүп, Бирине-бири ыкташып, Кыйгай кармап жарагын, Кыйамына келтирип, Жан айабай мушташып, Кызык уруш мезгилде, Кызыгышкан кезинде, Чигитей келди ал кезде.