← Чигитей 4/7

Эл көчүп барчуу жайлоого, Кеңири жери мында жок, Күзүндө барчуу кыштоого, Деги маалы болгон жок, Эмне үчүн ак чыйыр, Кандай болуп калды? — деп, Жердин бети жыртылып, Тарпы чыгып алды, деп, Кыйа тартып бурулуп, Кырчак ташты бет алып, Чылбырын кармай олтуруп, Турнабайын оңдоду, Олутун таап олтуруп. Оңдоп карап жол-жолду, Аңгычакты ызы-чуу, Капчыгайда болгону. Кош жаңырык кужулдап, Өйүз-бүйүз зоолору, Кербен келген белем, деп, Соодагер келген белем, деп, Сонундан алат элем деп, Оолжуп тиктеп турганда, Алды жаккы төө тыныш, Жабыла жайнап эл келет, Көтөрө албай көптүгүн, Капчыгай ичи теңселет, Желеги жол-жол сарыдан, Жер майышкан көп адам, Кайдан келди экен? деп, Келсе мейли келсин, деп, Утур алдын караса, Уй жайылчу талаадан, Мындан чыкты нечен жан. Байрагы көк, агы бар, Кайсы экени таанылбай, Келе жаткан бул аскер, Жети түмөн чагы бар. Эки жолдо аскер көп, Бир капчыгай кетти, деп, Бул аскер кайдан жетти? деп, Дагы бирөөн караса, Келген аскер андан көп, Сайдын куму шекилдүү, Сандалып келе жатыптыр, Асты чыгып белеске, Ашкалы келе жатыптыр, Чогулуп келип бир болгон, Жылкы саноо колоттон, Жол талашып жатыптыр. Байрагы кызыл бети ак – Бу жедигердин эли экен. Бузулган пейли кызталак, Кызыл байрак башында, Таштаган экен Сейитек, Өзү он эки жашында. Которулбай жүрүчү, Ошол чактан ушул чак. Бетине актан бастырып, Желегин кызыл көтөртүп, Шооруктун кылган иши экен, Ойротто жок ушул эл, Он эки түмөн киши экен. Ач кыйкырык - куу сүрөөн, Арстандын атын чакырып: “Үстүртөн тийсем качырып, Төбөдөн ылдый жапырып, Далайы өлөр бей арман, Эрлерин албай элин чаап, Антип жүрүп жоо алган, Ошол эрге эң жаман. Баштыгы чыксын ханы, — деп, Балбаны болсо дагы, — деп, Белдүүсү чыксын эри, — деп, Бешенеме жазганды, Мен көрөйүн деги, — деп, Бекер элге чуу салып, Өлтүрбөйүн бул элди, Түзгө чыксын мейли” – деп, Карап турду Чигитей, Кебелип койбойт апкаарып, Аскери көп немедей. Баштап ханы бир жүргөн, Баатыры бар элдерден, Ийменбеген Чигитей, Эринеби ал чунак, Ителгидей тийгенден. Эстегени хандары, Андан кала бергенде, Беттешсем дейт армансыз, Бар болсо темир кийгени. Арстандан калган чунактын, Келе жаткан үч урук, Тентектигин билбеди, Ач белестин кайкыга, Алды чыгып келди эми. Атка минбей жөө туруп, Келаткан элге угузуп: — Үч жылганы өрдөгөн, Үч уруу сенден эл көрдүм, Түпкүлүк душман шекилдүү, Түрпөтүңдү мен көрдүм, Эр санасаң өзүңдү, Мени сен өзүңдөн өөдө шер көргүн. Эңкейбей Талас бетине, Бурулуп түш келген эл, Талдуу суунун керүүгө, Андан кийин мен бармын, Эсебиң алып бир-бирден, Эдебиңди берүүгө. Чатырың тигип жайланып, Тойгузуп курсак чайланып, Андан кийин, келгендер, Ким экениң билдиргин. Азыр мындай жүргөндө, Сенин кимдигиңди ким билсин! Айтып карап турганы, Алдында келген жедигер, Айбатын билет кыргыздын, Каары өткөн бул журттун, Бурулуп жолго салыптыр, Бөксөлөп барып жедигер, Керүүгө түшүп алыптыр. Аркасынан Оогандык, Ашпай белден шыкаалап, Жедигер кетти кайда? деп, Кетеби элге кайра, деп, Алдыртан сурап калыптыр, Оогандан чаап үч-төртөө, Шооруктан сурай барыптыр. Барса Шоорук муну айтат: — Ашпай белден керүүгө, Кеңири жерге түшкүн, деп, Тээ белде турган киши айтат, Көргөндөн бери караанын, Бүткөн бойум калтылдап, Токтобой кара тер басат, Ошентип турса ач белде, Алдында мунун ким ашат? Тарашанын кыры эле, Чыгучу жолу ушу эле, Сомбилектин Чигитей, Сокмоктуу баатыр чыкты, деп, Кулагым менин укчу эле. Байлалуу турган Тору атты, Барча тоодой мен көрдүм, Жанында турган баатырды, Баарын жутчуу эр көрдүм, Темир шааны өлтүрүп, Хан тактага мингенде, Мен ошол күнү өлгөмүн! Оогандар угуп бурулуп, Ырыскан элден кеп угуп, Бура тартып керүүгө, Барып түштү чубуруп. Аркасынан Кубатай, Жер көрбөгөн Коросон, Айласы барбы чубабай, Аларда барып түшүптүр. Тогуз баатыр, Кубатай, Тобун бузбай аркада, Кийик уулап, аң уулап, Келелек жүргөн чагы бар. Өз жеринде жүргөндө, Күн батыш түштүк жагында, Кубатай баштап онунун, Куусу кулак тундурган, Жылчылык жолго угулган, Бул онунун даңы бар. Илбирс атып, чөө атып, Ийри мойун төө атып, Мастан айуу дегенден, Төрүнөн атып сулатып, Текесин таштан кулатып, Кулжаны тандап атышып, Курбуга койуп чубатып, Кайберенди талкалап, Капчыгайга сулатып, Сонундардын терисин, Сойдуруп алып Кубатай, Балбандарга жыйнатып, Илбирси бар, бөрү бар, Ал жердеги бөрүнүн, Бойоп койгон немедей, Өтө сонун көгү бар. Сүлөсүн бар, чөөсү бар, Түлкүсү бар, суусар бар, Карсак менен кашкулак, Аралашып буда бар. “Жери сонун экен, деп, Алган экен кыргыздар, Ушундай жерди көп ээлеп. Ушул жерде жүргөн жан, Көкүрөгү кең келет, Күүлдөгөн эр келет, Күчү-күчкө уланат, Эркин өскөн элдерди, Канткенде бенде кулатат?” Келе жатат тогуз-он, Өздөрүнчө кобурап, Үстү жакта Чигитей, Айтканын угуп олтурат. Чыгып келди кайкыга, Ашкан из жок алдында, Чубап изи кетиптир, Шымал жакка кайрыла. Жол быйакта экен, деп, Наржагы кандай жер экен, Көрүп кетсек бекен, деп, Бузбай тобун он чоңу, Тарашанын кырына, Чыгып келди тепеңдеп. Аттардын оозун бурушту, Аңырайган чочколор, Кеңколду карап турушту, Койундан дүрбү суурушту, Кеңколду көздөй сунушту. Карап баары калышты, Көрдүңбү деп көргөнүн, Биринен-бири сурашып, Мен көрдүм палан сонун, деп, Жабыла сүйлөп чуулдашып, Кара буура Чаткалдан, Караанын көрүп күмбөздүн, Күзгө жакын ысык кез, Душмандар келген бул мезгил. — Тээ капкара болгон эмине, Агып жаткан булакбы? Түндөсү күйүп жер жарып, Тышкы бетин ыш алып, Же өчүрүп койгон чыракбы? Тааныдыңбы, көрдүңбү? Дайнын анын билдиңби? Бир-биринен сурашты, Күмбөз деп бирөө айталбай, Токтонуп айтып кеп салбай. “Коросондон чыккалы, Колотту көрдүк ар кандай. Түшүндө түндө көрбөсө, Көзү менен ким көрсүн, Башы жети, айак бир, Чалкалап жаткан төр кандай, Чулук-чулук көл кандай, Чуркурап жаткан көлүндө, Өрдөк, чүрөк, каз кандай. Кулжасы жатса төрүндө, Куланы жатса чөлүндө, Өрдөгү жатса көлүндө, Оролуп айбан баспаса. Көйкөлүп жаткан чөбүнө, Көзү тойот көргөн жан, Өнгөн дарак көбүнө.” Көрүнбөйт коргон карааны, Көрүнөө жерин калтырбай, Бир-биринен сурады. “Эми калган кеп болсо, Шоорук хандан угалы. Эгерде Кеңкол бул болсо, Мында туруп нетели, Түн бойунча жетели. Бир жылы жүрүп жай жаткан, Башка жерге козголсо, Өмүр бойу өткүнчө, Бул түшүнөн чыгып кетеби?” Атына минди жабыла, Кубатай зору алдында, Кубатай атын бурган жок, Кол түшкөн жакка барууга. Айткыла барып аскерге, Бүгүн түнөп жай алсын, Эртең менен таң ата, Эл алдында чубасын. Тетиги турган көп бакка, Мен барамын алдында, Бүгүн жалгыз барайын, Бир түнү жатып ал жерге, Көңүлүмдү сергитип, Жол азабын кетирип, Кумардан чыга канайын. Мингени кара кер экен, Байкап көрсө сыйагы, Кубатай мыкты эр экен. Тогуздан бешөөн кетирип, Төртөөн бөлүп ээрчитип, Өзү менен беш болуп, Жерди көрүп Кубатай, Көзү тойуп нес болуп, Калтырбай баарын көрүүгө, Күн батыптыр кеч болуп, Кеңколду көздөй эңкейип, Эми кире берерде, Чигитей жетти кез болуп. — Колуңду таштап талаага, Адында жүргөн сен кимсиң? Жашырбай айтып дайныңды, Жакшы болсоң билдиргин, Чигитей тирүү турганда, Бей чеки киши Таласка, Бет алып буга ким кирсин! Тору ат менен кырданып, Түпөктүү найза ыргалып, Бастырса болбой Кубатай, Кетейин деп чыр салып, Кабылан бала сурады, Кайрылып басчуу неме эмес, Ал кубатай бу дагы.