← Чигитей 1/7

Чапкынчылардын кол курашы

Аркачандан бир качан, Казактын калкы бузулуп, Алашка калба баштаган, Семетейде Керимбай, Бүгүнкү күнү Медеркан, Ойлонгону жамандык, Хандыгын таштап талаага, Кара башы балаага, Капкайда кетип бараткан, Башкага басып баралбай, Бабырап кебин салалбай, Жедигер жетип баралбай, Жеткирип кебин сала албай, Тамтаңдап жүрүп эки жыл, Аты ыргай болгондо, Бити толуп семирип, Чоңдугу торгой болгондо, Алтайга барды уйалбай. Көкөйгө айтып сыр кылбай, Сырынын четин туйдурбай, Өрүүн алып бир жылы, Каңгайга кетти туралбай, Аралап барып Каңгайга, Медеркан атын өчүрдү, Жаман чапан, жаман ат, Балтык атка көчүрдү. Атын Балтык койгону, Арамкор доңуз оңбоду, Эки-үч жыл өтүп кетти, деп, Ойлогонун койбоду, Коктукат барып кобурап, Конгон үйдө кеп салып, Жок сөздү айтып божурап, Ошентип жүрүп үч айда, Бул Оторго жолугат. Отор таамай үч жылы, Онтоодон башын көтөрбөй, Эли келип чогулуп, Эптеп иле кылышып, Колу менен бутунун, Сыныктарын таңышып, Кулагына жаргактан, Үйлөп туруп калдайтып, Кулак кылып тагышып, Тердебеген жай күнү, Тура берет жабышып. Кынтык болуп бут бүттү, Бузулбай колу сак бүттү, Ортодо үч жыл күн бүттү, Атайлап барган Медеркан, Жорголотуп кеп салган: — Жолугушсам дечү элем, Өз ойумда мен саган. Алдыңа келдим, чоң Отор, Казактан сага Медеркан. Сомбилектин тушунда, Хан болуп миндим алтын так, Карлыкты тарттым канчалык, Артыла чыгып сиздин бак, Ажыратып Чигитей, Таласта турдум жан сактап. Көкөй менин катыным, Жаш балага жагынып, Жалтылдак мончок тагынып, Көөнүн бузду ал бетбак, Жашырбай айтып баары ишти, Алдыңа келдим ушул чак. Жаралуу болгон Чигитей, Сөөгүнүн баары жок, Мурункудай сен менен, Сойул алып карсылдап, Чабыша турган чагы жок. Үч жылдан бери келе албай, Жүргөнүмдү айтайын, Коросонго барсам, деп, Коротуп пулум баргамын, Коросонго барганда, Ойума сени алгамын. Оогандыкка барсам, деп, Он куржунга пул алдым, Ооганга барып болгондо, Ойума дагы сени алдым. Жедигерге мен бардым, Жедигер элин байкадым, Келгениңден эч кимге, Шек алдырып айтпадым, Сен Отор турдуң эсимде, Ошол үчүн кайткамын. Уйатты таштап талаага, Ушунчалык бар сырды, Бир өзүңө айтмакмын. Бөлүнтүп келдим кыргызды, Түгөтүп келдим айласын, Ойлонтуп түпкү пайдасын. Көөнүн буруп мен келдим, Мөңкөтай деген агасын. Мөңкөтай бүгүн элге баш, Ак сакалдын бири экен. Мадыбекте акыл аз, Өзү толук Чигитей, Баатырлыкка болуп мас. Болор болбос чуу болсо, Бүткүл кыргыз чачылат. Каңгайга барды кара нээт, Мына минтип бажырап. Олтуруп Отор ойлонуп, Ушалап колун карманып, Мурунку өткөн күндөргө, Ого бетер арданып, Капкайда барып Медеркан. Кайтып келдим саа, десе, Сүйүнүп бойдон тер агып, Эки киши узатты, Чоң Дөрбөнгө кат жазып, Дагы эки баланы, Батай менен Катайга, Баргының деп аларга: “Камбылга барып кабар сал, Батай менен Катайды, Алып экөөң келе кал.” Батай менен Катайга, Таарынышкан башынан, Ортодо өткөн далай кеп, Калтырбай жазган бүт андан. Тартууга берем деп айткан, Андан калса арбын мал, Буга жазган кагазды, Медеркандын наамынан, Калганда кытай элине, Тобукенин бегине, Тобо-томук кат жазды, Калбай келип берүүгө: “Батыш менен чыгышта, Жануптан ооган, коросон, Бүт чогулуп бириксек, Теңдешербиз кыргызга. Кызыталак буруттун, Кылбаганы калбады, Барбаган жери калбады, Ашпаган бели калбады, Жеңбеген эри калбады, Албаган шаары калбады, Чоң Бежинди баш кылып, Далай шаардан олжо алды, Чыгышта кытай каңгайды, Жанупта ооган, коросон, Жетисууда жедигер, Ортодо тажик, өзүбек, Ушулардын баарысын, Алым алды кыргыздар, Эгин айдап, чөп чаппай, Эгинин ичти кыргыздар. Короодон кармап кой сатпай, Кийимди кийди кыргыздар, Өз элинен кыз жакпай, Сулуусун алды кыргыздар, Минерине ылгатып, Тыңдуусун алды кыргыздар. Саанына бөлдүрүп, Сүрөгүн алды кыргыздар, Ээсинин колу тийбеген, Жүрөгүн алды кыргыздар, Жарышып шамал жетпеген, Канаттуу качып кетпеген, Жүйрүгүн алды кыргыздар. Манас деп аты угулуп, Жер бетине чыккалы, Теңдешкенде кем кылып, Маңдайга кебер шор кылып, Эрдин баарын сойдуруп, Эмгичекти баш бербей, Келе жатат кыргыздар. Бирөө өлсө бирөө бар, Өлгөнүнөн тирүүсү, Улам мыкты, улам заар, Пенде эмес жердеги, Пери качып кутулбай, Адам эмес амалсыз. Дөөлөр качып кутулбай, Башканы койдум бей арман, Сегиз миң жыл жашаган. Жүйрүн дөө качып кутулбай, Манастан бери карата, Келатат кыргыз ушундай, Табакта сүтү чайпалып, Каймактын чети бузулбай, Жеңилип келген кишиден, Эки жылы кысылбай, Келбедиң, кытай ханы, сен, Токсон миң аскер Тобукең, Ошону топодой жууруп ким жеген? Токсон миң аскер, Тобуке, Томуктай бала бир жеген. Бала Чигитей кыргызда, Жалгыз кара бир башы, Сан миң эрче урушта. Колун сунуп кол артып, Көзүн ачып сөз артып, Табышып элге боло элек, Акылы келип ордуна, Он сегизге толо элек, Жоготолу жаш кезде, Баш көтөртпөй тебээлеп. Он менен он үч ортосу, Бүткүл каңгай элдери, Чигитей десе уктабай, Көзүнөн жашы себээлеп, Келбесең, кытай өзүң бил, Бизден өтүп Чигитей. Атамдан калган нуска, деп, Сага кирет тебээлеп, А күнү кебиң болбосун, Бизге айтар жемелеп.” Айкөл шерден кеп баштап, Алып келип айагын, Тобукеге түз аштап, Мына мындай кат жазып, Алты киши атказат. Кабарчы салып капкайда, Медеркан жатты Каңгайда. Күүлдөшүп күжүлдөп, Кууратабыз, эми деп, Жарадар болуп Чигитей, Жалтайып калды деги, деп, Казак, каңгай күпүлдөп, Жазылбай күүсү жатышын, Башка жактан уккун кеп. Жетисууну жердеген, Наамы кыргыз жедигер, Жети хандык эл экен, Түбүндө булар жалгыз хан, Башчысын багыш дээр экен. Багыштын Толтой баласы, Чечекейдин Карасы, Чынкожо менен достошуп, Талашып катын алам, деп, Семетей жолборс көк жалдан, Өлүп кеткен карачы. Семетейге ат калды, Кесип башын байланган. Алмамбеттин баласы, Баш байланып ат алып, Ханынан барып бата алып, Толтойдун аты жоголуп, Гүлчоронун аты деп, Суркойон калды аталып. Оодармалуу шум дүйнө, Оодарылган бир күндө, Олжого келген Айчүрөк, Толтойдун уулу Кыйазга, Баш боолуу болуп бир күндө, Баш байланган Гүлчоро, Как далыдан тештирген, Кечир сөөгүн кестирген. Анткен менен кыргыздын, Таластагы тактысы, Кан талоонго түшпөдү. Чубактын уулу Канчоро, Канча жылы күткөнү. Бей ажал өлүп Семетей, Кайыпчыда жатканы, Сейтек чыгып он үчкө, Таласка кайра тартканы, Таласка келип ээ болду, Беттешкендер жоголду. Бадыкөлдүн кутургур. Жоголбосо не болду, Карыган Бакай абасы, Кадимкидей хан болду, Семетей кайра бар болду, Уулдун уулу кененим, Жалаңгыч атка конгону, Жанашкан бенде болбоду. Кайчы кулак каман алп, Жез киндиктүү кикимат, Темир тондуу шалкымат, Манжудан чыккан канча алп, Калтырбай баарын соргону, Күн чыгыш эмес күн батыш, Жети дөөнү кошо алып, Асманда жүргөн канаттуу, Алп кара куш кушту алып, Жүйрүндү сойуп тилин жеп, Дүйнөдө калбай тил билип, Анын уулу Сейити, Кызыл кумда кан ичти, Кара дөөнү баш кылып, Тогуз-онду кейитти, Коркконунан Сулаймат, Кылжыке кызын бериши Сейитиден Бекбача, Дөө менен пери жанашып, Тең келген жок эч чакта, Коктукатты колго алып, Эки ингендин ичинен, Кытай, сенин элиңде, Айдап мындан чыгарып, Беттибетти хан койуп, Кең дүйнө бизге тар болуп, Аркасында Калдуубет, Кошо чыкты Сомбилек, Коросон менен оогандан.