Темирге Шоорук кат жазмак: “Оогандан келип Ырыскан. Кайыпчынын капчыгай, Жатып алды, — деп жазмак. Ойунда бар Ырыскан, Жедигерди бүт чапмак. Өзүң келип, - Темир шаам, Оогандыктын ыгын тап.” Козголбой Ырыскан жатты, Темирге Шоорук кат жазды: “Көп кечигип кетпесин, Болбой калды” деп жазды, Шооруктун каты жетиптир, Эми Темир нетиптир? Алда кандай болду, деп, Алапайы куурулуп, Айласы мунун кетиптир. Тумтак күнү түгөндү, Барбай койор айла жок, Бастырып Темир жөнөдү. Өзүнө жакын кишиден, Он-он бешти албады, Эки чайчы, бир катчы, Ээрчитип үчтү алганы, Жетисууну кыдырып, Шоорук хандын айлына, Бир күнү барып калганы. Барган күнү туйдурбай, Конок кылып кондурду, Кондурган менен ал күнү, Курсагын жакшы тойгузуп, Качан аны оңдурду. Кул деген кулдай болот, деп, Чайчысы менен катчысын, Кирип чыкчуу атчысын, Кубалап ийди талаага, Капташып эми калды окшойт, Темир шаасы балаага. Сыр айткансып Шоорук хан, Сыйпалатып угузуп, Бир күнү эрте тургузуп, Ырыскан көздөй жөнөдү, Туйунуп калды Темир шаа, Көзүнүн жашын чубуртуп. Ырысканга жеткирбей, Жолдо колун байлады, Жору жесин этин, деп, Жолдо муну жайлады. Сүйүнчүң болсо бергин, деп, Темир шааны жеңдим, деп, Ырысканга барганы. Темир шаанын наамынан, Катты жазып абыдан: “Мен Ооганга барып келемин, Мен келгинче оогандан, Сен башкар деп Шоорук хан.” Шоорук катты көтөрүп, Тактысы жаткан жерине, Хан Кыйаздын коргонго, Чоң Толтойдун борборго, Багыш хан жатчу ордого, Ээ болду Шоорук ошого. Туйдурбай бирден чакыртып, Темир шаанын жакынын, Чыгарбай үнүн бакыртып, Терең казып кандекти, Кылычтап башын чаптыртып, Үстүнө топо төктүрүп, Өлүктөрүн жашыртып. Калган жети ханына. Кат жазып анын баарына, Элөөсүздөн алдыртып, Жайын угуп сурашып, Темирге жакын дегенди, Темселетип кууратып, Тирүү койбой сулатып, Улук кылып кай бирөөн, Турган жерин суратып, Падыша Шоорук дегенди, Жети сууга таратып, Элөөсүздөн ээ болду, Өзүнүн көзүн каратып, Жүрмөк болду кыргызга, Ырыскан менен жарашып, Кабар салды Ырыскан, Кубатайга кат жазып, Ооганга кетип баратып. Айы-күнү болжолго, Урчуктун сеңир дегенге, Бир күнү келип чогулду, Туш тараптан жол-жолдон. Жетисуудан Шоорук хан, Жети түмөн кол алган, Оогандан келген Ырыскан, Он түмөндөй кол алган. Коросондон Кубатай, Тогуз түмөн кол менен, Аттанып чыккан батышта, Тогуз баатыр зор менен. Чогулушуп Конушту, Бурчуктун ойу сеңирге, Аскер батып жаталбайт, Анча-мынча тар жерге. Нечен сапар Шоорукхан, Барган экен Таласка. Алакан жайып, кол ачып, Куран окуп Манаска. Эми Шоорук баратат, Чуу салам деп Таласка, Чет болом деп Манаска. Баштаганы арбын кол, Баштагыдан беш бетер, Баш-аламан бастырып, Баш-айагын аскердин, Башчылары кайтарып. Түнүндөсү жаткырып, Күн тийгенде бастырып, Тополоң уйуп, жер чаңдап, Тозоңу көккө жазылып, Ободогу жарык күн, Күлгүн тартып күдүңдөп, Түнүндө жылдыз көрүнбөй, Кээ-кээ жерден бүлбүлдөп, Ашыгып келет Шоорук хан, Ылдамыраак жүргүн, деп. Ортосунда жедигер, Астында бар коросон, Аркасында Ырыскан, Алды-арты болуп бараткан. Шум дүйнө алдайт адамды, Напсиңди ачып адашсаң. Ачпай напсиң неткени, Атбай алаш жөн жатса, Таласка булар жеткени, Беймаал кыргыз жатыптыр, Беш убак тамак татыптыр, Чигитейдин уйкусу, Он беш күнчө качыптыр. Мадыбекке кеп айтып: — Атам элең бир чети, Агам элең бир чети, Козголгон окшойт мени деп. Ойлошумча жер бети. Он беш күн болуп баратат, Уйкум менин келбеди. Балтырым тартып балактап, Булчуңун тартат булкулдап, Болуп калган окшонот, Уруш кылар бир убак. Эки күндүн алдында, Аттуу кетип баратсам, Тармал саздын башында, Ат үстүндө уктадым. Көрбөгөмүн, уккамын, Коросон деп, ооган деп, Жедигерди кыргыз, деп, Жедигерди кызыл кан, Агызып турат калкылдап. Сен айтып жүргөн Темирбек, Кызыл кандын ичинде, Агып барат калкылдап. Камандан болду ончолук, Баарысы Талас жерине, Келип калды опколжуп. Өңдөрү баары окшошкон, Үч бөлүнүп топтошкон, Талаадан каман келатса, Биздин Талас жеринен, Бир дөбөт барып жол кошкон. Каманды дөбөт каппады, Же дөбөттү каман чалбады, Дөбөт, каман – эки айбан, Ажылдаша калганы. Ызы-чуу болгон үндөрүн, Кулагыма киргенин, Айдайын деп Таластан, Жылантору мингемин. Аңгычакты чыгыштан, Алты бөрү бет келди, Аркасынан ээрчиген, Бөлтүрүгү көп келди, Утур келген мал койбой, Түгөтө такыр жеп келди. Бир убакта карасам, Жердин бети кубарып. Көк шибер куурап бараткан, Каптап кетти Таласты, Көп уй келип бир жактан. Уйдун көбү кызылдан, Кызыл уйлар келгенде, Таластын түзү бузулган. Ошондон бери карата, Алда кандай түштүр, деп, Айак-башын биле албай, Сизге айтып мен турам. Арканча кылып жорусаң, Келбейт дейим оңунан, Келет окшойт далай эр, Кектүүлөрдүн чоңунан. Арык уй көрдүм Таластан, Тумоо – бучкан, ачкалык, Келеби деп мен турам. Бир жактан келип жоо турса, Баш көтөрөр киши жок, Баары киши ооруса, Амал кандай болот дейм, Алдымда атым жооруса. Азыркысын алдында, Айдап жолго салайын, Кектүүлөрдүн көптөрүн, Кесип башын алайын. Өчөшкөндөй эл бизге, Өзүм басып барбадым. Өзүнчө келип катышса, Өзөктөн канын жайайын, Азбы, көппү өмүрүм, Айап кайдан калайын. Ак жолтой ата, батаң бер, Аттанып жолго салайын. Алдында түштүк тараптан, Калганда чыгыш жагынан, Андан кийин батыштан, Таласка келчүү алтымыш, Айры жолду чалайын. Ылдамыраак жөнөйүн, Бешенеге бүткөндү, Бура тартпай көрөйүн. Жат душмандын ат изин, Таластын бетин бастырбай, Чабышып жүрүп өлөйүн, Талаайга келсе көрөйүн. Жорубагын түшүмдү, Түшүмдө көргөн ишимди. Жоготпой койбойм, атаке, Жолугушкан кишини, Байкап көрчү көз салып, Таласта кыргыз ичиңди! Жылан тору ат минип, Мойнуна чылбыр түрүлүп, Канча жылдан бер жакка, Кагышарга жоо таппай, Калган чунак зеригип, Темир тоонун тараша, Жануп жагы жол эле, Семетей кеткен мезгилде, Зор бакай жаткан тоо эле. Аржагы салаа үч өзөн, Аркачан келсе душмандын, Ашуучу жолу ал эле. Айылдан чыккан Чигитей, Алды-артын ойлоп кенебей, Эпсиз баатыр бул чунак, Элирген бала ченебей, Кылчаыйп артын карабай, Кыргыз үчүн өлөм, дейт, Кылча жанын айабай: “Таласка душман баскынча, Өлгөнүм жакшы менин, деп, Өлүмдөн туура шек кылбайт, - Көрбөсөм өмүр мейли, деп, Төшөктө чалдар туйлабай, Беймаал бала ыйлабай, Желеде жылкы жуушабай, Кемпирдин болбой көөнү жай, Кымыз ичип, тай сойуп, Кызыкта жүрбөй уландар, Кызмат кылдым элге, деп, Кыйынсып жүрүш бул кандай?” Ойлогон кеби ар качан, Ак калпак элди жыргатыш, Ойунда жок чунактын, Бир баланы ыйлатыш. Ачып көздү жумгунча, Айта-буйта кылгынча, Тарашанын кырына, Чыгып барды чунагың, Чай кайнатым убакта. Белге чыгып элейип, Шаңда туруп сербейип, Этегин шамал чойгулап, Капшыты көөп делдейип, Дүрбүнү алып колуна. Түшпөй аттан жаш бала, Кара көзгө салганы, Үч капчыгай алдында, Артылта муну карады. Көөдөндөрү жылганын, Көмөскөлүү жери тар, Ышкырынып жаңырык, Заңкайган бийик зоосу бар, Аржаккы оозу жылганын, Жери чаңдак шор болчу, Будурмак адыр коо болчу, Илгерки өткөн баатырлар, Ошол жерден жиберип, Жортуулчудан из чалчуу. Кашкайып талаа жыртылып, Жердин бети тытылып, Чаңдап калган ак чыйыр, Жүрүп турган сары жел, Топуракты учуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей». Элдик эпос. Басмага даярдаган Токтобүбү Ысак. Булак: bizdin.kg.