← Чигитей 6/7

— Муздап балык кетет, — деп, Болгун ылдам, болгун, — деп. Ойуна кетти Мадыбек: “Айбан катын Зулпукан, Муздап балык калат, деп, Бул айтканы кандай кеп?” Кармап жүрүп билбеген, Кандайлыгын Мадыбек. Карап көрсө балыкты, Тышынан майы сызылган, Кууруп майга бышырган. Четинен кармап баланын, Оозуна алып барганы, Башын ылдый каратса, Куйулуп майы акканы, Ооз толгунча козголбой, Ооруган бала жатканы, Аниткен менен баланын, Онтогону бастады. Кармап турса бир далай, Эти да жок, сөөгү жок, Эчтемеси калган жок. Куру калды Мадыбек, Ушундай болгон экен, деп, Элге айтса кыйын кеп. Анча-мунча кишиге, Айткан менен ишенбес. Келатканда Мадыбек, Эчен малды түлөө, деп, Ак жолуна арнаган, Айтпаган малы калбаган. Баш көтөрүп сенделип, Эр Чигитей жаш арстан. Сүйүнгөндөн Мадыбек: — Бол, Медеркан, тургун, — деп, Мөңкөтай, сен да тургун, — деп, Тулпарды минип камчы бер, Токтоо кылып турба, — деп, Жолдо арнаган түлөө мал, Экөөнө айтып жиберет. Зулпуканды, бол бас, деп, Баламдын өзү тапкан дүнүйө, Дасторконду кең ач, деп, Күмбөздө турган жеринде, Эки катын, үч эркек, Киши анда беш эле, Үчөөн жумшап Мадыбек, Чигитей турган сенделип, Үчөө калды бул жерде. Мөңкөтай менен Медеркан, Айылга жетип барышып, Айыл башы экөө тең, Кул-кутанын шаштырып, Чапкылатып бир демде, Айткан малды таптырып, Чогултуп малы жам болду. Анткен менен жанагы, Казактан келген Медеркан, Айабай көөнү кир болду. Карыларын калтырбай, Каркыттаган балдарын, Караңгыда жаткырбай, Кара кыргыз көп журтту, Ээрчитип алып Мөңкөтай, Күмбөздү карай жөнөдү. Зулпукан үйгө барыптыр, Өткүр ыкчыл келинден, Сөөгү башка керилген, Сумбаттуу сулуу кыздардан, Акырын басып суйсалган, Ырсактап күлбөй сумсайган, Күмүш оймок уздардан, Келин ага катындан, Кем-керчи жок акылдан, Далайын издеп таптырган. “Төрт-беш күнү биздерге, Кызмат кылып бергиле” Деп бөлдүрүп аларды, Караштуу кылып алты үйгө, Үйдүн баары төтөгө, Өйүз-бүйүз бүктөткөн, Тартылуу нечен көшөгө. Туш туурдугу манаттан, Сарамжалдын кеми жок, Кыргыз күтчүү санаттан. Секичеги дейылда, Мадыбектин катыны, Жасаган үйдү барынча, Он кертимден жүк жыйып, Жүгүнө гилем жаптырып, Алакийиз, түрдөмө, Тикмелерин жаздырып, Айу талпак, көлдөлөң, Макмал менен тыштаган, Бар керегин жам кылып, Мына минтип Зулпукан, Элдин алды келет, деп, Күтүнүп болду тайарлык, Келбетүү келген келиндер. Самооруна чай койуп, Дасторкон ачып буластап, Бар тамагын жай койуп, Сымбатуу кыргыз кыздары, Чай куйуучу ушулар. Чай чыны кармап булайып, Кыйгачтап суна бурулуп, Агарып чети кылайып, Абай кылып байкаса, Токтобойт көзгө таанылып, Буулу жаандай мунарык, Кызмат кылыш андайда, Кыз балдарга ылайык. Кант, жемишин ылгашып, Кыргыл тарткан немесин, Көрсөтпөй бөлүп алышып, Дасторкондун бетине, Келиштире салышып, Кеңеш кылып олтуруп, Дасторкондун бетине, Жетимиш уруу тамакты, Жай-жайы менен толтуруп, Мейманкана алты үйдө, Бештен келин, бештен кыз, Бирден жубан баш болуп, Карап булар турду эле. Байкабай калган кыргыздар, Казактардын Медеркан, Айылда жатып жай албай, Же арстан эрдин күмбөзгө, Ак сакалдын бири эле, Калып калбай, жөн барбай, Барайын десе көөнү кир, Барбайын десе калышка, Бурумдуу айла таба албай, Эки этеги салбырап, Ат сооруга жайылып, Арка этеги далбырап, Мойнун салып кылжыйып, Өзү семиз неме эле, Бети тердеп мылжыйып, Күмбөздү көздөй бараткан, Алдында кеткен Мөңкөтай, Катын-эркек, кары-жаш, Күллү кыргыз бараткан. Кеч кирип калды келбей, деп, Мадыбек менен Көкөйү, Кеңкол жакты карашкан. Кооп калган буралып, Нары басып ыраактап, Кайра басып керилип, Баатыр бала Чигитей, Копкон экен ыргалып. Манастан калган тукуму, Ооруп онтоп копсо да, Ак калпак кыргыз журтуна, Атайын айтып ыр калып, Жомок болуп сөздөрү, Ооздон-оозго көчкөнү, Жети аты кубар сан болду, Булардын аты өчпөдү, Азайбады, көбөйдү, Аз элде тагдыр ушу экен, Дагы бирди көрөлү. Кеңкол жакта эл келчү, Көкөй карап турду эле, Карыйасы Мадыбек, Кара буура Чаткалга, Кайрылып мойнун бурду эле. Көкөйдүн карап турганын, Дүрбү менен шыкаалап, Медеркан карап калыптыр. Бой теңшеген Чигитей, Жандап өтүп кетиптир. Көрүп турган Медеркан, Айабай көөнгө алганы, Күмөн кылып Көкөйдөн, Агара жери калбады. Элди баштап элеңдеп, Бара жаткан Мөңкөтай, Колун булгап Медеркан: Токтой турчу бери, — деп, Кечээ Мадыбек барып Ош жакка, Кайтып келген кездерде, Сен айткансың бир кепти, Менин эсимден чыкпай жүрдү эле. Мени жумшап мал жый, деп, Сени жумшап эл жый, деп, Куран окуп келем, деп, Кете берип Мадыбек, Чигитей менен Көкөйдү, Таштаган экен турбайбы! Найзага темир кара курч, Аштаган экен турбайбы! Сапса болуп Медеркан, Сулуусунган Көкөй күң, Таштаган экен турбайбы! Каралап жүрүп кыргызга, Мен катынымдан айрылсам, Өмүр бойу бир жүрсөң, Олтуруп-кооп келгинче, Мадыбек тилдеп күпүлдөп, Сенин көөнүң агынча, Туйунуп мени калсын, деп, Айтканыңа ишендим. “Азамат эрдин ичине, Ээр-жүгөндүү ат батат, Ургаачынын ичине, Кара баштуу эр батат” Курбалдаш элең, Мөңкөтай, Казактан келген Медеркан, Жашырбай ичте сырды айтат. Казакка кайра барбаймын, Кара жүз катын Көкөйдүн, Жүзүн көрө албаймын. Бурулбай жүрүп түз басып, Жетисууга барайын, Толтойдон бери карата, Баш көтөртпөй жылында, Жедигерди кул кылды, Кары-жашын ылгабай, Катындарын тул кылды, Калгандары муң кылды. Бүткүл кабар салайын, Бүлдүрбөй жыйнап тил алса, Коросонду кошо алып, Коромжунун куну бар, Каны абдан ката элек, Кызылы өңүп бата элек, Аны кошо алайын. Чыгыш жагы Ооганга, Чабааган кылып бир бала: “Силерден тартып Сомбилек, Алып кеткен Тынымкан, Өлүп кеткен Бакдөөлөт, Тынымкандын айынан, Чигитей деп бир бала, Тынымкандан туулган, Чыйрак чыкты кыргыздан, Моңгул менен кытайга, Күн бербей салды чуулган. Таңгыт, манжу журтунан, Далай баатыр жыйылган. Келгендер тирүү калбады, Башын кесип байланды, Ата-баба, кубаар сан, Ээлеп келген шаарды алды, Чогулалы кылым, — деп, Жок кылалы муну” деп, Буга да кабар салбасам. Түбүбүздөн бер жакка, Түгөттү кыргыз казакты, Айдап жүрүп Көкчөнү, Баласы жетим өксөдү, Баштап жүрүп Көкчөнү, Манжуудан көзү өткөнү, Музбурчак менен Үрбүнү, Үйүндө уруп жүн кылып, Азар түмөн кол менен, Айдап жүрүп Бейжинге, Айабаган кол кылып, Манастын уулу Семетей, Үмүтөйдү өлтүрдү. Медетбекти хан кылып, Казактын кегин кетирди. Өмүр бойу казакты, Тең тарттырып азапты, Кененим менен Бекбача – Ал экөөнүн тушунда, Азыраак казак тынч жатты. Ат мингенде Сомбилек, Талап алып Каңгайды, Тартып алып шаарларды, Хан кылдым деп ал мени, Сомбилек өлүп кеткели, Ар жылында чуу салып, Каңгайлар берди эдепти. Аз келгенсип анысы, Тартып алмак Чигитей, Керектен чыккан тарп болуп, Тетиги бетбак Көкөйдү. Өлгөн сайын өөрчүдү, Түгөнгөн сайын түтөдү, Өз-жат дебей дегеле, Кыргызга киши түтпөдү. Ооруганда жарадар, Өзүң болуп дабагер, Пирим элең бир чети, Мен Таласта турганда, Өзүң менен акылдаш, Казан-айак катташкан, Теңтуш элең бир жери, Ушул айткан кебимдин, Эби сага келеби? Тиктеп калып Мөңкөтай, Оозун ачып эстенип, Ойлонгонсуп бир далай, Шайтандын изин басканы, Буда сырын айтканы: — Ардыгым жок башкага, Ата-бала эки – арстан, Ал экөөнө кылганга, Кызматыма эч качан.