← Чигитей 2/7

Атты Тору ат кажады, Ырп этер чама калбады, Сөөктөрү көрүндү, Эттери эчен бөлүндү, Таштап койду Тору ат, Болгонунда өлүмчө. Изди көрсө билер, деп, Ичи жаман душмандан, Мында келсе көрөр, деп, Атты айдап тар жерге, Куйругу менен шыпырып, Изди койбой бар жерге, Таң агарган мезгилде, Жыгылган өзү байакы, Тар кыйага келди эле, Түрсүлдөгөн бир табыш, Кулагына кирди эле. “Достон мында жок эле, Душман эмей бу ким?” — деп, Кайчылап Тору ат кулакты, Эки жагын каранып, Токтой албай элеңдеп: “Тай жарышым тар эле, Баса берсем бурулбай, Талаага мени чыгарбай, Кармап алар бекен, — деп, Жылбай турсам бул жерде, Кокус болуп көрүнөө, Коктудан баатыр көрүнсө, Кастык кылар бекен, — деп, Эр көкүрөк Чигитей, Эчтекени элебей, Жаштык кылар бекен” – деп, Ар тарап акыл ойлонуп, Айбан да болсо ал тору ат, Алда нече толгонуп, Заманасы куурулуп, Барган сайын дүбүртү, Келе жатат угулуп. Байкап Тору ат тыңшаса, Бейчеки эмес бейбаштай, Карандай эмес балбандай, Чобур эмес тулпардай, Айра таанып болгондо, Кайра тартып жөнөдү, Таакат кылып туралбай. Улуу жолго салбады, Бура тартып кылт берип, Өтө берсе кетем, деп, Кабакка кире калганы. Ойлоп турат ал Тору ат, Медерканга барганды. Кабакка кире бергинче, Калмак Отор капташты, Тааный койуп Оторду, Талаалап Тору ат качты. Көмөскөлөп баратат, Көрүнсөм атып салар, деп. Тору атты Отор тааныбай, Кубалай түшүп токтонду, Бастырып кетип баратып, Тарп болгон Бетер атына, Учурап калып токтолду. Тумшугун көрүп тарп аттын, Бетердин аты белем, дейт, Ээр-токумун караса, Эч нерсеси билинбейт, Эмне болгон ат экен, Жайдак жылкы белем, дейт. Чигитейдин Тору аты, Кажаганда бул атты, Ээр-токум, жүгөндөн, Калтырбай такыр бир неме, Зоого салып кулатты. Отор жөнөй бериптир, Ойуна Тору ат келиптир: “Медерканга барармын, Караанымды көрсөтүп, Жалдырап карап турармын, Сүйлөөрүмө тилим жок, Анда кандай кылармын? Оторго барсам көрүнүп, Кетер Отор сүйүнүп. Таласты карай каңгайлар, Калбай барды чубуруп. Баатыр калды аскада, Беттешип чыгар Таласта, Киши жок мындан башка да. Кайран элди какшатса, Журтун бузуп таласа, Эр Чигитей аксаса, Медеркан барып нетемин? Таласка барып нетемин? Таштап атып көкжалды, Санаа тынып, көөнүм жай, Кантип басып кетемин, Акылымдан мен айнып, Ашыгып калган экемин. Коктукатка бул Отор, Бүгүнкү күнү баралбайт, Талаага байлап арчага, Чалкадана түшүп саздаңга, Карды ачып жатканда, Аңдып барып жакындап, Аттай чуркап өтсөмбү? Жара басып курсагын, Таштап анан кетсемби? Ыктуу жерге уктаса, Эмгектен нары тепсемби? Катуу болуп шум башы, Кызматым бекер кетерби? Же бутунан тиштеп сүйрөсөм, Башын өөдө кылгынча, Зоого салып жиберсем, Сөөгү сөпөт болорбу? Мен сүйрөөчү тар жерге, Конбой капыр койорбу?” Буралган шибер чөптөрдөн, Жайылып жаткан көк төрдөн, Жалтылдап сонун өскөндөн, Керт этип чөптөн үзбөдү, Мөлтүрөп аккан суулардан, Кылт этип жутуп ичпеди. Эртеден кечке акмалап, Мергенден бетер жаныбар, Караанын көздөн чыгарбай, Ал Оторду шыкаалап, Ойго кире бергенде, Дөбөгө чыгат Тору ат, Белге чыга бергенде, Аңга кирет Тору ат, Мына минтип Отордун, Атынан ээрчип баратат. Ээрчисе Отор жатпады, Күн-түн дебей басканы, Коктукатка жетерге, Жарым күндүк аз калды. Асты корум таш экен, Үстү агын катуу суу, Өйүз-бүйүз заңкайып, Көпүрөсү бар экен, Байкап көрсө кайран ат, Ал көпүрө тар экен. Эңиш тартып баратат, Желе-жорто Тору ат, Жетип барды жакындап, Көпүрөгө киргенде, Отордун минген сур атын, Тиштеп тартты такымдап, Элөөсүз бара жатканда, Энектен тиштеп тартканда, Күч келип тулпар сур атка, Түйүлүп ыргый бергенде, Үстүндө Отор тоңкойуп, Агын сууга кирди эле. Агыны катуу корум таш, Алты жерден айрылды, Казандай болгон кайран баш, Бир колу сынып коройду, Бир буту сынып чолойду, Тору ат тиштеп тартканда, Үзүлүп кетип кулагы, Башы сонун молойду, Колу менен буту жок, Кулагы жок молойуп, Бүткөн бойдо бүтүн жок, Түшүп кетти кудукка, Өтө терең түбү жок. Өлтүрдүм деп Оторду, Ойротто жок Тору аттын, Ойлогону шо болду, Чигитей баатыр кантти, деп, Кайра тартып чу койду. Айабай тору ат жүгүрүп, Анча-мынча жар келсе, Катар-катар аң келсе, Туйагын какпай мүдүрүп, Турбай аттай жүгүрүп, Өзү түшкөн байагы, Күн батардын алдында, Түшкөнчөктү караңгы, Жете барып кайран ат, Эңкейип алдын карады. Чалкасынан суналып, Түшкөн баатыр куланып, Ирмебей көзүн тиктесе, Тынуусу чыгат бууланып. Тирүү экен баатыр, — деп, Тиктеп муну турайын, Кыска түн мурун атар” деп. Тигилип тиктеп турганы. Агарып таң сүзүлдү, Байкап көрсө Тору ат, Олтуруптур көчүктөп, Чигитей тирүү көрүндү, Караанын көрсө Чигитей, Карарып көзү кетер, деп, Эсинен кетер бекер, деп, Элесин түк бир көрсөтпөй, Ар кайсы жерден баш салып, Карап турат бекемдеп. Олтурган бойдон Чигитей, Күн оодарып, түн келди, Түн айланып, күн келди, Ошо күнү шашкеде, Ордунан кооп сенделди, Нары-бери жаш чунак, Түз басалбай делдейди. Эки жагын караса, Эңкейе бүткөн зоо экен, Алды жагын караса, Аскасы бийик тоо экен. Адам чыгар жери жок, Төгөрөгү тең туйук, Асманы турат көгөрүп. Эки күн турду тар жерде, Эс-акылын жыйа албай, Эси оогандай ал жерде. Алдындагы аскадан, Эңкейип кирди бир кезде, Жылантору караса, Чыңырып үнү чыкпады, Өйүз-бүйүз таштардын, Бети канга чыкталды, Кылычтары шагырайт, Балталары калдырайт, Үн жаңырып кошулуп, Зоонун баары каңгырайт. Балбан тору ат байкаса, Найза бойу бар экен, Кийик атчуу мергендер, Үч бута өлчөөр жар экен. Көрүнбөй калды көзүнө, Айлана зоону жүгүрүп, Өзөндүн жетти түзүнө, Он бир күнчө болду эле, Ошондон бери күн-түнү, Чөп жебеген Тору атты, Ысыкта турган жар тиктеп, Суу ичпеген Тору аты, Ырысына жараша, Эр Чигитей балага, Жетип барды тору аты, Барса тирүү Чигитей, Ырп этерге алы жок, Жандан башка дайны жок, Жамбаштап турар шайы жок, Кубарып өңдө каны жок, Керсар тартып калыптыр. Келип Тору ат караса, Бүткөн бойдо тарпы жок, Баары тегиз жарыктыр. Тору ат мында келгели, Эки күн жатты солк этпей, Тиктеп Тору ат турду эле, Төрт айагы былк этпей. Үстү жакта эки-үч күн, Асты жакта эки-үч күн, Талаада жатып күнү-түн, Кансыраган аш ичпей, Суусу жок кургак сай экен, Түгөнгөн, кандын ордуна, Кочуштап ууртап суу ичпей, Көзүн ачып эр неме, (Ал Көкжалдын тукуму Кайраты толук тың неме) Кирпигин ирмеп көз ачып, Ээрин тиштеп бел басып, Ыргып тура калды эле, Кишинеп ийип аркырап, Тору ат желип барды эле. Ыйык жалдан кармады, Үзөңгүгө бут салды, Атына мине калганда, Мингенин биле албады, Ырысына ылайык, Минген тору тулпары, Жал-куйругун жайганы, Тынч болот деп айтчуу эле, Түр сайак жылкы тору аты, Жорголой басып алганы. Түндөсү салып чоң жолго, Күндүзү өрдөп коолорго, Медерканга алпарды, Алты күнүн болжолдо. Барганда Тору ат айлына, Медеркан, Көкөй кайгыда, Карбаластап дүрбөшүп, Калбай келди кары-жаш, Алтымыш уруу алашта, Нечени бар айылдаш. Кемпирлер келип бүжүрөп, Чалдар келип бөкчөңдөп, Орто жаштар келишип, Ойротто жок тың эле, Оо, кудай өзүң колдо, деп, Алдырап-шашып чогулуп, Ак сарбашыл кой айтып, Ак боз бээден дагы айтып, Айткан малын алдырып, Түктүү сан кылып талатып, Көтөрүп аттан аларда, Салынган көрпө-көлдөлөң, Кош колдошуп багарда, Көкөй анда кеп айтат: