← Чигитей 5/7

Элге кылган кызматты, Жалгыз кара бир башы, Көрбөйт беле Чигитей. Эки күн чыдап туралбай, Алдырайсың экөөң тең, Жараткан жаман кудурет, Сен экөөңдү ченебей! Тебетей башта эр туруп, Алсаңар көөнгө алыңар, Акылың жок экөөңдө, Жарым сирке кенедей... Көкөй айтып баратса, Айттырбай тосуп алдынан, Мөңкөтай турду күүлөнүп, Көкөйдү карай сүйлөнүп: — Баарын тапкан сен, Көкөй, Эчтемени элебей, Үйдө жатчуу Чигитей, Калкыңды Каңгай чапты, деп, Капкайдан келип айтып кеп, Ээрчитип алып баланы, Эрте жатып, кеч туруп, Сен кай барганың ким билет? Жарадар болгон Медеркан, Алып барып Алтайга, Өз шаарында бакпастан, Сен дебесе Чигитей, Таластакы кыргызга, Медерканды бактырган. Элден чыккан Медеркан, Эпсиз жаман кар беле? Чигитей ойноо кезинде, Биз укканбыз хан эле, Кыдыртып айтып далай сөз, Сен кардайсың аны эле. “Катын деген неменин, Акылы кыска, чачы узун” Карылар айткан кеп эле, Көпкөлөң чалса катындын, Көзү көрбөйт деди эле. Медерканды сен, Көкөй, Жемелейсиң жөн эле! Мөңкөтай кебин укканы, Айтса, айтпаса ырас, деп, Адырайып Медеркан, Көкөйдү карап турганы. Катын Көкөй каарданып, Каарын төгүп бетине, Чаар чыгарып көзүнөн, Ачууланып сурданып, Сур жибек бедер чалган боо, Бүктөмө саптуу ак тинте, (Акун хан арнап жасаткан, Биринен көрүп усталар, Атаандашып жасашкан, Бай эле Көкөй атасы, Ага-ини жок эле, Жалгыз кызым Көкөй, деп, Алтымыш тай, алты нар, Алты жүз ирик, алты атка, Алып берген кеп эле.) Кармай алды сабынан, Тартып алды кабынан: — Никелүү эрим дебесем, Садага кылып баатырга, Медеркан, сени жебесем! Мөңкөтай башын кеспесем, Жакшылыкты билбеген, Көзүңдү чукуп ийбесем, Көөдөнүңө минбесем, Көрүнөө кылып жазааны, Бастырып кетип алаштан, Башкага барып бирөөнү, Жаратып туруп тийбесем! Айтып болуп ал Көкөй, Кармалуу канжар колунда, Медеркан менен Мөңкөтай, Өлтүрмөк болуп калды эле, Чигитейдин жолуна. Аңгычакты Мадыбек, Келип калды ал жайга, Атактуу шаар чоң Оштон. Талас-Оштун арасы, Далай күндүк жол болчу, Отуз беш күндө бармакчы, Орто эсеби болжолу. Чигитейдин тулпары, Күнү эки, түн эки, Барып келди болжолу. Ат ооздугун какканы, Ат табышын укканда, Көкөй артын карады, Келип калган жакындап, Мадыбектин карааны. “Кайнагам көрсө уйат, — деп, Канжарын кармап колуна, Эмне кылып турат” деп, Ойуна кетип далай кеп, Жашырып эптеп канжарды, Кынына салып байланды, Жете барып алдынан, Жүгүнүп тура калганы, Мадыбекке жүгүнсө, Ого бетер Медеркан, Өлүчүдөй арданды. “Бузулган экен катын, — деп, Мадыбекти кайната, Кылган экен акыр” деп, Көрүнөө айтып ийалбай, Медеркан турат кайгы жеп. “Арам катын бейбакты, Эри менен жат кылдым, Тааптырмын акыл» деп, Мөңкөтай ойлоп калыптыр. “Табармын бир күн эбиң” деп, Көкөйү ойго алыптыр, Атынан түшүп Мадыбек, Асталай басып барыптыр. — Абалың кандай, баатыр? – деп, Бетин ача салыптыр. Эртеден бери арада, Уруш болуп талаада, Караган киши жок болуп, Бир жагына кыйшайып, Калыптыр бала козголуп. Мадыбек катуу сүйлөнүп, Теңтуш эле дегенсип, Кара эмес хан эле, Айтайын ага дегенсип, Медерканга тийди эле: — Казактан келген Медеркан, Кай жеримден кем тартып, Мен койгомун мурунтан? Ээ болалбай элиңе, Каңгайга берип казакты, Ошондон бери карата, Мага салдың азапты. Куткарам деп куу тумшук, Алтымыш уруу алашты, Он жашынан бер жакка, Нечен дөөгө жанашты. Жарадар болсоң, Медеркан, Алып келип Таласка, Азабыңды тарттырды, Айылыңа кайра кеткинче, Айабай мага бактырды, Мөңкөтайды чыгарбай, Төрүмө менин жаткырды, Жараатыңа, Медеркан, Жакшылап дары чаптырды. Карабапсың баатырды, Кыйшайып калган турбайбы, Ошонум сага жазыкбы? Туугандуу киши тууганга, Тууган деген угарга, Алаштын уулу казактан, Кылганы мабу, Медеркан, Жакшы карап бакпапсың, Мөңкөтай, сени байкасам. Кеткеним эки күн болду, Эки күндө эки түн, Эсеби төрткө толгону. Барбагамын уккамын, Барып келген жеримдин, Отуз күндүк болжолу. Арбагы улуу арстандын, Аркасында чунакты, Аккуласы жол баштап, Акырын уулун колдоду, Караанын көрдүм эненин, Көзүм көргөн элести, Мен энем эмес дебеймин. Алып келген белегим, Мен балама берейин. Медеркан менен Мөңкөтай, Жаштыгыңды билдирдиң, Армандуу эми не деймин! Көкөй балам келиним, Акылың болсо бергиниң, Мөңкөтай, эптүү эр элең, Мен табыпмын дээр элең, Мына муну жедиргин, Белеги ушул энемдин. Кайда барып келгеним, Кийин айтып берейин. Мадыбекти көргөндө, Медеркан менен Мөңкөтай, Кеп кылалбай калтаарып, (Чигитейдин атасы) Сүрдөп булар жалтайып, Астында абдан бок жеген, Мөңкөтай чочко тамтайып. Ачуусу келип Медеркан, Көкөйдү көрсө көз көрбөй, Кетичүдөй жүз көрбөй, Акылы кыска арам ит, Асыл Көкөй катынды, Мурункудай түз көрбөй, Ого бетер өч көрүп, Өлүчүдөй өчтөнүп, Акылдуу келин, келгин, деп, Мадыбек айтып койгонго, Жалындап ичи өрттөнүп, “Кары-жашы кыргыздын, Калкы билет экен, — деп, Эркек-айал-ургаачы - Жалпы билет экен, — деп, Чигитей мага күйөт, деп, Мен жүрүпмүн бекер, — деп, Туурук таман эски күң, Алтайга кайра барармын, Сапса кылып саргартып, Айдап сени салармын. Хандык өкүм колумда, Жатпай-коппой койнуңа, Кетирип ийбей жолуңа, Арамдык кылган ишиңди, Ашкере айтып мойнуңа, Эркиндик бербей колуңа, Жайдак атка мингизип, Кыдыртып казак тобуна, Андан кийин таштайын, Азабың берип колуңа!” Ойунда турат Медеркан, Оозу барып айталбай, Мадыбек кебин кайтарбай, Барып карап турганы. Мөңкөтай барып жанына, Балыкты колго аларда, Алда кандай кеп болду, Айбан да болсо Тору атка, Бошонуп чылбыр кетиптир, Бурулбай Тору ат жетиптир, Мөңкөтайды Тору аты, Томолото түрттү эми, Медерканды Тору аты, Каңтара тартып жыкты эми, Жал-жал карап жалжылдап, Ээсин карап турду эми. Айран калып Мадыбек, “Алда кандай шумдук, — деп, Жаныбарым бул Тору ат, Айтты белем бербе деп” Акылына Мадыбек, Далай арман кеп келет. Ошондо Көкөй келини, Оолжуй басып теңселет. Бурчак-бурчак кара жаш, Көзүнөн агып себээлеп: — Атагы кыргыз уулусуң, Айтпайын атың, кайнага, Ким ыраазы болбосун, Тору ат өңдүү айбанга, Медеркан менен Мөңкөтай, Болгон эмес айбанча. Көзү ачык Тору аттын, Көргөнүнө айранмын, Кишиден бетер жаныбар, Билгенине айранмын. Баштан өткөн кептерди, Айталбайым мен сизге, Байбичеге айтармын. Көкөй кеби бүткүнчө, Сыйкырлуу катын Зулпукан, Жетип келип калыптыр, Эңкейе түшүп Зулпукан, Мадыбектин колунан, Ал балыкты алыптыр, Карап алып балыкты, Каңгырап ыйлап калыптыр. Узунун өлчөп бир карап, Жоонун өлчөп тутамдап, Көзүнүн жашы он талаа, Токтобой акты бурчактап. Аккан жашын куйултуп, Саамай чачы чубалып, Бузулуп өңү кубарып: — Эр кишиге катындын, Эби болот дечү эле, Баласына энеси, Эми болот дечү эле, Атасынын каргышы, Аткан октой деди эле, Энесинин каргышы, Чычкан боктой деди эле, Өз колуң менен, Мадыбек, Бере койчу сен эле. Муздап балык калбасын, Ылдамыраак баргын, деп, Жумшаган мени дегеле. Эмчек сүтүн бербесе, Сөөк сүтүн берген Зулпукан, Баламды багып олтурсам, Болбой мында жумшаган. Берейин деп бер десе, “Бышырбаган балыкты, Бала чийки жебесе, Эм болбой калар бекен” – деп, Мадыбек кылат эндеше. Зулпукан сүйлөп ашыгып, Оголе жаман шашылып: