“Кишинеди Тору ат, — деп, Кандай болду Чигитей?” Эси кетип Мадыбек, Энтелеп артын караса, Тору ат келип калыптыр. Мадыбектин колунан, Артайыл алып ыргытып, Ээри менен токумун, Сур жоргодон түшүрүп, Мадыбектин астына, Келип турду бул тору, Чөгө түшүп бүгүлүп. Мени минсең болот, деп, Келген экен Тору ат, деп, Үйүнө басып кирбеди, Тору атты баса мингени, Сур жорго калбай ал жерде, Артынан кошо жүргөнү. Жоргосу кошо жүргөнүн, Көргөнү жок Мадыбек, Ээри жок жайдак келерин, Билгени жок Мадыбек. Ошту көздөй жол алып, Кара буурул Чаткалдан, Мадыбек кары аттанып, Зулпукан айткан жерлерди, Унутуп кокус калам, деп, Улам-улам жатка алып, Белди ашып кете албай, Караңгы кирди кеч калып. “Кара кум артуу, кыйын бел, Көрбөпмүн да, укпапмын, Келгеним ушу кайсы жер?” Мадыбек айран калыптыр. Барган эмес ал Тору ат, Андан мурун Ош жакка, Мадыбектин сур жорго, Барган экен үч сапар, Тилек тилеп жаныбар. Зулпукан айткан булакка, Жол табалбай Мадыбек, Барамын эми кайда, деп, Каңкайып карап турганда, Салып өттү сур жорго, Чаңын көзгө илинтпей, Минилбеген кур жорго, Канча жылдан бер жакка, Буулугуп калган бул жорго, Чигитейдин Тору аты, Кара темир ооздук, Капшыра тиштеп алыптыр, Мадыбекке ээ бербей, Сур жоргонун артынан, Закымдап жөнөп калыптыр, Канча күндө барганын, Канча күндө келгенин, Кабарын билген киши жок, Аттары минтип жүрүшөт, Мунун ачыгын билген киши жок. Тунарыгы жазылып, Туманы жерден сүрүлүп, Шашке мезгил болжолдо. Астына түшкөн сур жорго, Минген тору тулпары, Мадыбек – үчөө булакка, Барып калган убагы. Же тийип турган күн эмес, Же түндө чыккан ай эмес, Асманда чолпон дагы эмес, Адам таанып болгусуз. Көрүнөт көзгө бир элес, Сур жоргону чылбырдан, Алып кетти жетелеп. Тору ат калды ал жерде, Мадыбек түштү кай жерге, Булагы ушул экен, деп, Тилекти кудай берер, деп, Мадыбек тиктеп калыптыр, Байагы көргөн элеси, Дагы келип алыптыр: — Ой, Мадыбек, уккунуң, Мен Каныкей болчумун, Баштап келген сур жорго, Сур жорго эмес Аккула, Өзүмдүн атым экен, деп, Ойлонбогун сен буга, Ала баргын мамуну, Эзип ичир балага, Энең белек берди, деп, Айтып койгун балама. Ак калпак кыргыз журтуна, Ата-баба мурасы, Болсун балам садага. Колуна берген немени, Кандай неме экенин, Мадыбек таанып билбеди, Айткан үнү кулакта, Ме деп колго бербеди, Көзүндө жок элеси. Бура басып Мадыбек, Жүрбөгөн киши бей даарат, Беш иманга сак эле. Кызмат кылаар кыргызга, Мадыбек көөнү ак эле, Атайын келген булакка, Эңкейип колун салды эле, Ууртап сууну жаланып, Колун ачып караса, Жабышып колго калыптыр, Төрт эличе бир балык. “Белгиси ушул белем, — деп, Берен энем Каныкей, Берип болгон экен, — деп, Үнүн уктум энемдин, Көзүм өтүп кеткинче, Өзүм упурак болом дебеймин. Уйкудан кечип жол тартып, Онтоп жаткан Чигитей, Бул балыкты берейин.” Тулпардан минди Тору атты, Мадыбек эми көргөн жок, Байагы келген сур атты. Жете келди Таласка, Ак сарыбашыл жети кой, Окшош таргыл эки уй, Карача каймал сары төө, Субай сурдан беш боз бээ, Айта келди Манаска. Алып барып балыкты, Чигитейге бере элек, Айтпай кетсек болобу, Ортодо өткөн далай кеп. Мадыбекти Зулпукан, Алып кеткен жетелеп, Көрүп туруп Медеркан, Бул күүлөндү кетем, деп. Бирге турган Мөңкөтай: “Кете берсем бул жерден, Кесири урат баатырдын, Кетпей койсом бул жерден, Жалгыз кандай жатырмын, Шек болбоду эмгиче, Арбагынан баатырдын.” Деген ойго батыптыр, Кетемин деп Медеркан, Чапанын кийип атыптыр, Медеркандын Көкөйү, Көзүнүн жашын чачыптыр, Оголе жаман шашыптыр: — Медеркан менен Мөңкөтай, Акылыңдан аздыңар, Ал эмине болуптур, Кай себептен качтыңар? Айылдаш жүрдүң, Медеркан, Айта албаймын атынан, Ал кайнага, мен келин, Кетип калган жаңкы агам. Кайнагамдын катыны, Сыры маалым баарыңа, Ошончолук акылы, Аны ушак кылар киши эмес. Кээ-кээсинде капырдын, Сыйкыры бар киши эле, Араң туруп шөлбүрөп, Далай ишти билчү эле. Белгиси кармап келгенби, Атайын өзү бул жерге, Кайнагамды кычырып, Жиберейин дегенби. Барса барып үйүнө, Кайтып келер кайнагам, Алда кандай иш болсо, Айтып келер кайнагам, Барып жатып алалбас, Басып келер кайнагам, Билинбес кандай сыр болсо, Ачып келер кайнагам, Калмак, каңгай журтунан, Угулган бизге чыр болсо, Айтып келер кайнагам. Кетербиз деп камындың, Сен экөөңө тең айтам. Кайнагамдын кеткени, Эки күн болбоң арадан, Кечээ кетти, түндө жок, Бүгүн келип калар, деп, Өз ойумда мен турам. Келбесе мейли, келбесин, Эл унутса, унутсун, Унутпагын, Медеркан, Чигитейдей чунактын, Сага берген белегин. Катарда жок жан элең, Казакка качан хан элең? Каранды болбой кишиге, Колуңда малың бар элең. Анткен менен ат минип, Эл башкарган жигитке, Бужүрөгөн кар элең. Хан көтөрдү казакка, Медеркан, сени белгилеп, Сыймыгыңды ашырды, Өлгөн уул Сомбилек. Көтөрүп жүрөт Чигитей, Атамдын иши экен, деп. Кайнагам кетсе бир күнү, Кай бетиң менен кобосуң, Чапаның алып кетем, деп? Чапаның кийсең чабарсың, Казактын элин табарсың, Тай семизин жыгарсың, Арак ичип тунарсың, Аралап Каңгай бир келсе, Анда кандай кыларсың? Арак ичпей уу ичип, Кымыз ичпей суу ичип, Күлкү укпай чуу угуп, Колуңда хандык жоголуп, Конжурга сөөгүң калбайбы, Коктуларда коройуп. Жыргап келе жатасың, Чигитей атка мингели, Баш көтөрүп чоңойуп. Кой, Медеркан, койгун, деп, Мөңкөтай кайним, саа айтам, Жакшы менен жамандын, Пайда менен залалдын, Баркын айрып билбеген, Сен экөөңө тең айтам. Каңгайдан көрүп кордукту, Карандай кылган зордукту, Катын башым эр кылып, Кара чачым куу кылып, Караңгыда каңгайды, Арбагын айтып айкөлдүн, Таң аткынча чуу кылып, Минген атым Карала, Кара бойдон аккан тер, Келе жатсам бул жакка, Учурап калды алдыман, Өөдө жакта топ бала. Кимди таанып, ким билет, Ошолордун ичинде, Чоңураагы экенсиң, Ой, кайын иним, сен анда. Унчукпай турду Чигитей, Эрлиги бар жаштыгы, Эч нерсени кенебей. Сен сурадың эпилдеп, Мен айтып кирдим жепилдеп, Арка чачым делпилдеп, Саамайдан чыккан чачым бар, Ошо кезде мен Көкөй, Жыйырма беште жашым бар, Келген жайым мен айттым, Баатырдын уулу мабу, деп, Чигитейди көрсөтүп, Анда туруп сен айттың. Чигитей жоолоп жоо сайды, Медеркан менен Мөңкөтай, Үйдө жатып көрдүңөр, Сен экөөңөр жыргалды. Ак калпак кыргыз алаш, деп, Ата-бабам жолу, деп, Кордукту көрүп жатпаса, Куураган кыргыз сен үчүн, Зордукту көрүп жатпаса, Бир кишиче жан сактап, Жүрбөйт беле Чигитей. Ит агытып, куш салып, Он-он бештен котчу алып, Келин-кызды жыйнатып, Шерне ичип, той берип, Байге бөлүп, кунан чаап, Күлбөйт беле Чигитей. Бенде беттеп тийе албайт, Таластын элин кайтарса, Жүрбөйт беле Чигитей. Эрте туруп, кеч жатып, Барлыгы алаш дебесе, Же буга келбесе киши бой уруп, Эркин ойноп эркин жай, Өрдөгүн атып сазынан, Аркарын атып адырдан, Текесин атып ташынан, Кулжасын атып төрүнөн, Бугуну атып черинен, Маралды атып аралдан, Жейренди атып сай-сайдан, Кыргоолун атып токойдон, Уларын атып тоолордон, Кулатып теке зоолордон, Сонун кумар жаш өмүр, Сүрбөйт беле Чигитей. Кыргый сөөк, кымча бел, Мөлтүр сулуу, моймол көз, Ээрди жука, таттуу сөз, Эрмекке сулуу кыз алып, Сүйбөйт беле Чигитей. Тогуз менен он жаштын, Ортосунда аттанды, Азап тартса бул тартты, Жыргалды көрсө эл көрдү, Аралаша жыргатты, Ак калпак кыргыз алашты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей». Элдик эпос. Басмага даярдаган Токтобүбү Ысак. Булак: bizdin.kg.