Өлдү экөө бириндеп, Мен келдим өзүм сага, деп, Өңү чаар куу кытай, Минген аты сур кытай, (Мурунку өлгөн экөөнөн, Мыктыраак экен бул кытай) Чаар кытай, Катай беттешип, Карсылдашып күч кетип, Мурункудан бешбетер, Өчмөндүк артып кектешип, Койгулашып жүргөндө, Күүгүм кирген мезгилде, Батай менен Тобуке, Ажырашты ал кезде. Чатырына келишти, Чатырдакы малайлар, Чаңкап келген эрлер, деп, Чай кайнатып беришти. Бар тамагын ичишип, Бар кийимин чечишип, Батайдын бойу жарадар, Алты сандын бар жери, Найза тешкен тепчилип, Караңгыда Батайды, Жиберди Катай кетирип, Жолдо бара жатканда, Отор калды кезигип. Оолугуп Отор сүйлөнүп, Одураңдап күүлөнүп: — Алдыңа барсам болбодуң, Арканча айттым акыл кеп, Болбой мойнуң толгодуң, Как ушундай болмоксуң, Болбой койгон болжолуң. Акылым бар Отормун, Болор ишти болжодум. Көрөмүн сени, ээ, Батай, Өлүп кеткен Сатайдын, Арбагы келип колдоорун?! Же кыргыздан келип Чигитей, Куткарып сени койорун?! Менден качсаң кыйгачтап, Кытай менен бирикпей, Кыйар Батай, не болдуң? Кайра барсаң, анда бар, Эми тийбей койойун, Сакайып кайра келгинче, Эрикпей жатып ойлогун! Отордун айткан кептери, Сөөгүнө жетиптир, Унчукпай Батай кетиптир, “Кеп өткөрдүм Батайга, Эми кебим дагы бар, Мен Катайга айтарга. Мал аламын булардан, Кытайдан келген Тобуке, Тартуу кылып тартарга, Бар милдеттүү жумушту, Бул экөөнө артарга. Бактым менин жар болуп, Баса келген экемин, Барайын деп бул элге, Шаша келген экенмин, Келер жагым багымды, Ача келген экемин. Карап экөөн турайын, Кайраты качса Катайга, Катуу жардам кылайын. Убара болуп урушпай, Биригишип турушка, Тобукеге айтайын. Азап тарттык мынчалык, Кыргызга тарткан зыйанга, Караганда ушул иш, Кыйын эмес анчалык.” Отор муну ойлонуп, Калдайып карап турду эле, Катай менен Тобуке, Канча убак урушуп, Калкандын баарын жарышып, Кызыл чеке, кан талоо, Кыйын уруш салышып, Эрегишип киришип, Кел бери, деп урушуп, Кээ-кээсинде бир-бирин, Кеңгиреп карап турушуп, Баш-аламан урушуп, Пайдасы жок бир жумуш, Бар кийимин жулушуп, Эч айласы кеткенде, Күңгүрөнүп жер тиктеп, Күрзүнү күүлөп турушуп, Кеч кирип кайра жанды эле, Жай-жайына барды эле. Барса Катай чатырга, Жаткан Батай жарадар. — Карсылдашып кагышып, Кан жөткүрүп мен келдим, Батай, алың сен кандай? Катай сурай салыптыр, Катайдан угуп Батайы, Өкүрөңдөп өксөдү, Көзүнүн жашын төккөнү, Өлүмдөн катуу угулган, Отордун айткан сөздөрү, Учурап уккан кептерин, Калтырбай айтып өткөнү. Катайды тиктеп карарып, Санаасы санга таралып, Улук болмок башында, Ушалап муну шаар алып, Ушаламак турмайлык, Урушуп араң жан калып, Кеби көп Табай айтарга: — Кычык деп айткан жерим бар, Кычышып калган биз жакка, Менин убада кылган жайым бар, Бурулбас пейлим чагым бар. Башкадан өлсөм өлөмүн, Калкалап Отор койот, деп, Ойумда жок өлөрүм. Өнөгүмдү кетирбей, Кылалы уруш кытайга. Кыргыз менен урушсак, Кытай келип шаар алса, Бул Отордун иши! – деп, Батай айтты бир канча, Агасы Батай айтканы, Акыл болду Катайга. Аттанып Катай жөнөдү, Таң саргарып атканда. Тобуке келди дөөгүрсүп, Аскери топ көпкөнсүп, Айал-үйөл дебестен, Ачып-көздү жумбастан, Койгулашып ал экөө, Катуу уруш баштаган, Эки имере бергенде, Кыйынсынган Катайды, Кытайдан келген Тобуке, Ыргыта сайып таштаган. Өлтүрөт деп Катайды, Өлтүртпөсөм экен, деп, Ойуна Отор алыптыр, Ортого түшө калыптыр, Катайды түздөн чыгарып, Кытайдан келген Тобукеге, Кыйла сөзүн салыптыр: — Моңгул, манжу бир тууган, Кытай, таңгытты ким тууган? Бир атадан тарапбыз, Түп атабыз тең тууган. Илгертен бери карата, Моңгул, манжу, кытайдын, Жүргөн жери бир экен, Айткан кеби бир экен, Алтымыш уруу алаш, деп, Алар менен өмүрү, Атышып да, чабышып, Антишип келген кеп экен, Уктуңбу, баатыр Тобуке, Же укпадыңбы бул кепти, Катуу салдың тууганга, Каңгайга келип дүмөктү. Бурут Манас тукуму, Баш көтөртпөй мурунтан, Баарыбызды түгөттү. Кийинчерээк бул жерге, Хандык такка ээ болгон, Ал кыргыздын эри экен, Бекбача атын дээр экен, Каңгайды бөлүп кытайдан, Коктукаттын шаарына, Улук койгон кеп экен. Атамдын аты Калдуубет, Коктукат биздин шаардыр, деп, Өзүм алам аны, деп, Сыр айтыптыр кыргызга, Жандырып бер жерди, деп, Сыр айтыптыр кыргызга. Сомбилек деген эр чыгып, Теңдешери кем чыгып, Ээ кылбаптыр атама. Сатай деген карыны, Улук койуп кетиптир, Атам өлсө атамдын, Достору бар артында, Калдуубетти өлтүргөн, Сомбилектин дартында, Жетим калып жетилдим, Жөлөгөн киши менде жок, Өз алдымча тетилдим. Алты күндөн бер жакка, Айабай чатак таарыган, Айанбаган уруштан, Сени менен жулушкан, Батай, Катай экөө тең, Бир атадан туулган. Чоң Жолойду баш кылып, Таңгыттан канча сойуптур, Нескараны баш кылып, Манжудан канча сойуптур, Баш көтөргөн каңгайды, Алооке уулу Калдайды, Аны да кошо сойуптур. Ар качандан бир качан, Кыргыз келип каңгайдан, Кыйла олжо алыптыр, Кыймылдатпай каңгайды, Көз каранды кылыптыр. Түпкүлүгүн ойлодум, Кайра келсем Таластан, Арттырып арбын олжо алып, Айдатып келсем алаштан, Кытай улук силерге, Кыйалымда айтмакмын, Кыймылдабай жатмакмын. Жеткирбеди ал кезге, Учурашып беттештик, Улугуң жок, Тобуке, Куру талаа бул жерде. Балдардын иши балдарча, Мен айттым сага бир канча, Биригип туруп баралы, Береги турган кыргызга. Кылымга уйат кыйын иш, Калмак, кытай батышпай, Карчылдашып урушса. Отор айтып болгону, Олураңдап Тобуке, Кулакка илип койбоду. — Кытайдан келген мен, — деди, Кара жанга күч келип, Бүгүн айтып жатасың, Айтпайт элең кытайга, Кыйалыңда бар кепти. Кыргызың менен кээрим жок, Сени менен, каңгайлык, Эптешип калар жерим жок, Мен эптешсем эптешип, Сен кайрылар пейлиң жок. Балдар-балдар деп койдуң, Баш көтөрбөй баарысы, Жарадар болуп калганда, Балдарга жөлөп деп койдуң. Анык айтар сыр болсо, Таласка барыш алдында, Таппайт белең алтын-зар, Тартуу кылып кытайга. Мага окшогон эр алып, Кайнаган аскер кол алып, Барбайт белең кыргызга. Батай менен Катайдан, Далай күндөн бер жакка, Алышып жүрүп карчашып, Ачуум жанбай мен турам. Каңгайдын калкын каратам, Капкайда элди таратам, Кылчайып барбай Кытайга, Кыргызга карай мен барам! Деп ошентип Тобуке, Одураңдап болбоду, Кирбейт экен ойго, деп, Отор калмак ойлоду, Эп келишпей айткан кеп, Кызык уруш болгону. — Кызталак каңгай Отор, сен, Батайды Катай куткарса, Катайды колдон кетирип, Канчалык артка создуң сен! Ушул экөө жөлөгүң, Билесиң булар жөлөөрүн, Өлүп кетсе жөлөк жок, Ушу жакта күмөнүң. Жөлөгүң эмес өзүңдү, Жоготойун баарыңды, Ээлейин алып шаарыңды, Айтпасаң да билемин, Отор, сенин алыңды! Ачуусу келип саксайып, Ал Оторго чамынды. Жакшы айтканга болбойт, деп, Калдуубеттин Отору, Жайылдыгы кармады, Жанын айап калбады: “Ойдо жаткан кытайдын, Угучу элем кабарын, Бел кылат деп хандары, Тобуке деген балбанын. Тобукесин таап алдым, Сайып алып балбанын, Талап алып кошуунун, Кыргызга барып жүргүнчө, Мен кытайга барайын. Кытайдын шаарын кошо алып, Каңгайды кошо каратып, Андан кийин кыргызга, Мен барайын жол тартып.” Урушта жүрүп ойлонуп, Каңгай эмес кытайга, Кошулуп Отор чоң болуп, Тобуке, Отор беттешти, Ортодо далай кеп кетти, Жан айашар жери жок, Өлүм жагын жиктешти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей». Элдик эпос. Басмага даярдаган Токтобүбү Ысак. Булак: bizdin.kg.