← Чигитей 8/8

Тобуке өтө зор эле, Кара бойу чоң эле, Батай, Катай кармашып, Арадан өтүп алты күн, Былк этер шайы жок эле. Эрлик менен күүлөнүп, Илгеркидей түрдөнүп, Оторго кирди сүрдөнүп. Качырышып киришсе, Кагышып найза ийишсе, Каңкылдатып үн чыгат, Тобуке, Отор жүргөн жер, Топурак учуп чаң чыгат, Эрегишкен урушта, Бири өлүп кан чыгат. Кабуусун таап чоң Отор, Тобукени сайыптыр, Омуртканын балык эт, Ошондон канын жайыптыр, Бөйрөктөн каны куйулуп, Кытайдан келген Тобуке, Өлүмчө болуп калыптыр. Отор жайыл кызталак, Батай, Катай жаралуу, Аларды кошо алсам, деп, Ого бетер сурданат. Кыр көрсөтүп кытайга, Башын кесип байланды, Кылычтын мизин жалады, Кытайдын колун чубуртуп, Коктукат көздөй айдады, Байагы Бетер кулжуңдап, Дагы жетип калганы. Ошондо Отор көйрөңдөп, Айтып турду мындай кеп: — Токсон миң кошуун көп аскер, Олжоңо, Бетер, алгын, — деп, Эми каш кайтарар калган жок, Тобукени алдым, — деп. Баш булгап болбой койду эле, Батай менен Катайды, Катарына жайлайын, Эки ингендик каңгайды, Коктукат көздөй айдайын. Эки инген сындуу жерди алсам, Түптүү кытай элди алсам, Түгөткүс кошуун кол жыйсам, Жол баштатып сени алсам, Калбайт эле эч арман, Таластын журтун таласам! Бетерге колду айдатып, Батай, Катай кайда? деп, Белине кылыч байланып, Батай менен Катайга, Жакшы айтпай кан ичип, Башын кесип кайтарга, Барып кирсе шаарына, Батай, Катай – эри жок, Каратил кары деги жок, Кемпир, келин, чал калган, Кеп билчүүдөн бирөө жок, Ыйлап балдар жаш калган, Бышкан бойдон ичпеген, Казанында аш калган. Эндекей жүргөн бирөөдөн, Сурады Отор бар жайын. Өзү кара букара, Отор менен кээри жок, Көзү менен көргөнүн, Жашырып койор жери жок, Айтып берди оозу шок: — Эки ингендин калмагы, Ээн жаткан жер эле, Эсирген калмак эл эле, Коктукаттан үч жылда, Бирден келип Сатыке, Алым алып жээр эле. Отор деген жаш чыкты, Кагыштырып каңгайды, Кыргыз менен кас чыкты, Батай, Катай – эр чыкты, Бүгүнкү күнү таалайы, Отор кулдан кем чыкты. Айдап барды кыргызга, Качып келди чууруп, Баш болгондор кан жута. Дөрбөнү болуп жарадар, Таңгыттын эли санаадар, Эки ингендик калмактан, Батай, Катай - балалар, Баары барып сороңдоп, Аскер айдап короңдоп, Кууп ийди кыргыз, деп, Колу-буту жоголуп, Далайы келди чолоңдоп. Батай, Катай бир тарап, Бетер, Отор бир тарап, Каратил кары тең карап, Каңгайдын баарын бир санап, (Анын тилин ким алат?) Бузулган элди талап, чаап, Олжо кылсак экен, деп, Кытайдан келди кызталак. Батай, Катай - эрлери, Эки ингендин элдери, Кырылышып кытайга, Буга алы келбеди. Жарадар болуп эки эр, Кечээки күнү келди эле, Кытайды Отор сойду, деп, Бүгүн кабар болду эле. Бүлүнтүп бизди чабат, деп, Бүлдүргө койбой алат, деп, Кара нийет Отордо, Жок эле анда уйат, деп, Бөлүнүп каңгай эки жаат, Кан төгүшүп жатат, деп, Калгандар укса кыйын, деп, Эми кытайдын эли козголот, Угуп кыргыз кош болот, Атагы каңгай, моңгул журт, Түп оту менен жок болот, Жан сакта деп, тоо бойлоп, Батай, Катай элге айтып, Канча төөгө зар артып, Найза, кылыч дагы артып, Күрөөкө темир тон артып, Кой чагыр мылтык, ок артып, Кара шаар, камбылга - Капкайда кетип калышты, Калбай каңгай качышты. Эшикке чыгып сийбеген, Эс чыгышты билбеген, Балдар калды бул жайда. Көзүнүн жээги ириңдеп, Жыгылып-кооп баса албай, Бөкчөйүп бели бүжүрөп, Кемпир калды бул шаарда, Түйдөктөшүп сакалы, Алынбай арка чачтары, Төрт эли топо каштары, Чалдар калды бул шаарда, Каңгай, манжу ылганып, Жаштар кетти ыраакка, Алсыздар калды бул шаарда, Учурады биздин эл, Элөөсүздөн мындайга. Угуп Отор оолугуп: — Отор деген менмин, — деп, Далай кепти айттың сен, Элебей туруп бокту жеп! Чынын айткын, сен кары, Батай, Катай - эрлериң, Кайсы жакка кетти?! — деп. Келин-уулдан ажырап, Керектүү малдан ажырап, Араң турган алсырап, Абышка кайдан тартынат: — Бок жедиң деп тилдедиң, Таратып каңгай тынч элди, Бокту чындап сен жедиң! Кыргызга барып тийишип, Кыргын кылдың тынч элди, Кытайга барып эр сайып, Сүргүн кылдың бул элди, Туулуп-бүтүп ким көргөн, Сен өңдөнгөн немени?! Отор угуп чыдабай, Окуйа айткан карыны, Өлтүрө чаап жиберди. Артынан куусам чабам, деп, Батай менен Катайды, Изине түшсөм табам, деп, Ачыгып келген кытайлар, Айдаган Бетер карыны, Өлтүрүп таштап баарыны, Коктукаттын калаасын, Талап кетип калар, деп, Коктукат көздөй салыптыр, Токтобой жөнөп алыптыр. Токсон миң колду дүрбөтүп, Бетер айдап баратса, Чигитей келип калыптыр. Муну мындай таштайлы, Чигитейди тооруган Кырсыктардан баштайлы.