← Чигитей 6/8

Муну койо туруңуз, Тобуке менен Отордун, Батай менен Катайдын, Каратил менен Бетердин, Кабарынан угуңуз. Токсон миң аскер кол жыйнап, Токтоо кылбай бат жыйнап, Каңгайды көздөй аттанып, Келатат кытай ат кыйнап, Коктукаттын шаарына, Келип калды чукулдап. Тобуке келди, дегенди, Батай, Катай угушат, Коктукатты Оторго, Таштап берип ошого: “Каратилдин кеби үчүн, Жай жаттык биз ошончо, Тобукенин жолунан, Тосо биздер баралы, Кеңеш салып кеп кылса, Айткан кебин эп кылса, Аралашып калалы, Айткан кепке көнбөсө, Бизди киши ордуна көрбөсө, Биз калбаны салалы, Чатакташып калалы. Тобукени олжо алып, Коктукатты кошо алып, Коркпой туруп көрөлү, Кыргыз, кытай биригип, Бизге келсе кол салып” Деген кепке келишип, Эки калмак аттанды, Муздай темир курчанып. Каңгайды жердеп жаткандын, Элинин теги төрт урук, Эл башкарган беш улук, Бешөөнүн пейли беш башка, Өз алдынча бузулуп. Баарысын жылма сыйдалап, Алсам деп Дөрбөн ойлогон. Тобу менен талкалап, Жоготом деп баарысын, Тобуке муну ойлогон. Батай, Катай ал экөө, “Пейлин көрүп билсек” – деп, Алдынан чыга жол тоскон. Такка минип хан болуп, Тайрайып жаткан жан болуп, Маслетчи Бетери, Какжаңдаган чал болуп, Жаткан Отор бир жактан: “Такка миндим, эл билдим, Танабын жипке тиземин, Мени кастап келгендин. Теңдешер киши менде жок, Айла менен иш кылган, Мен өңдүү киши элде жок, Бетерим болсо кеңешкор, Мага беттешер бенде деги жок.” Отор муну ойлонот. Бирине-бири карабай, Бирин-бири айабай, Чогулушуп биригип, Кыргыздан кегин кууп албай, Сыймыгы качты бул элдин, Сыр билгизбей туралбай. Батай, Катай барыптыр, Тобукеге жол кошуп, Жолдон чыга калыптыр: — Барасың кайда, баатыр? – деп, Жайын сурай салыптыр. — Жиберди ханым, мен келдим, Жайыла басып кетипсиң, Жазааңарды беремин, Катышсаң жакшы болбойсуң, Мен жандан тойгон немемин! Тирүүлүктөн өлүмдү, Жакын көргөн эл болсоң, Жан айабас эр болсоң, Жайымды уккун сен болсоң, Жалгыз кара бир башым, Сан балбанга барабар, Тобуке атым мен болсом! Каратил айткан байакы, Батай менен Катайы, Тартууга көңүл бурбады, Тобуке кеби бек ачуу, Кан төгүшчүү майданды, Ээн талаада курганы. Токсон миң аскер кол экен, Кытайдын журту мол экен, Тобукенин алдында, Тогуз балбан кул экен. Токсон миң аскер, тогуз эр, Тобу менен башкарган, Тобукеси зор экен. Батайы карап турбады, Атынын башын бурганы, Найзасын кармап ыргады, Кайра барса ушундай, Кара нээт калмактын, Басылбаган чуулганы. — Сен Тобуке, мен Батай, Кыйратамын баарың, деп, Айткан кебиң бул кандай? Кара лөктү катарлап, Сандыкка салып пул артып, Жетелетип кул тартып, Кыйратты мени кыргыз, деп, Кычырып сени келдимби? Кытайда Жантай, кызталак, Хан жумшады мени, деп, Каның айдап келдиңби? Жабылуу тулпар ат тартып, Жарагы менен кыз тартып, Күңү, кулун жумшатып, Күйгүздү кыргыз мени, деп, Күчүн бергин эрдин, деп, Жериңен сурап келдимби? Батпай жердин бетине, Желденип мында келдиңби? Куру кантип кетем, деп, Коркутсам малдан берер, деп, Сенин кокустап айткан кебиңби? Ички пикир сырың айт, Жашырбастан чының айт, Каңгайдын калкы кептенип, Калгандардан эр чыкпайт, Чоңойсо бойу эрмин, деп, Чокчоңдой берет калгандар, Жалгыз башым менмин, деп, Ошонун бири болдуңбу? Өткөрүп берсем урушту, Журтумда болгон жумушту, Батай анда оңдумбу? Атым Батай билип ал, Чигитейден кутулуп, Өлбөй чыккан мен бир жан. Кыргыздан чыккан Чигитей, Кылымда балбан тең келбей, Кыйын туулган ал бир жан, Ошону менен беттешип, Өлбөй келген мен турсам, Сен эмессиң чоң балбан! Ушул сөздү укканда, Арданды катуу Тобуке, Камчылана жөнөдү, Астындагы керкини, Баргыла деп айтпады, Алдында турган беркини. Токсон миң аскер тобунан, Тогуз балбан бөлүнүп, Тобукенин алдына, Тобу менен көрүнүп, Тоңкойуп таазым кылышты: — Бизге бергин, баатыр, — деп, Бул сапаркы урушту. Кытайдын жайы ал экен, Тоңкойуп таазым кылычу, Тоңкойуп таазым кылганда, Тилегин кабыл алучу. Тобуке буйруп салыптыр, Бирден-бирден барууну, Чоңунан болуп уруксат, Мен барам, деп алдында, Тогузу талаш кылышат, Батышалбай тогузу, Тобукеге барышат. — Катарың менен тургун, деп, Бир четиңен баргын, — деп, Өлүп кетсең тогузуң, Тобуңдун кегин кетирбей, Өчүңдү алчуу бармын, — деп, Четинен бирден жиберди, Ажал айдап ээ бербей, Мен барамын дегенди. Майданда Батай дапдайар, Көп чыккан кандуу майданга, Ыгын билген чоң айар. Кара кытай элинен, Калдаңдап барды бир балбан, Кара жерди каңтарып, Аңтара салчуу немедей, Далдаңдап барды бир балбан, Жылкы минбей керк минсе, Эки буту сүйрөлүп, Салпаңдап барды бир балбан, Чыгарбай Табай өлтүрдү, Жандырбай кайра майдандан. Алтоо өлүп кетиптир, Арты-артынан баргандан, Алтоон көрүп Тобуке, Айалдабай аттанган. “Батай, Катай, Тобуке, Таталашып жатат, — деп, Башы-көздө тарп калбай, Балталашып жатат” — деп, Каратилден Оторго, Калтырбай такыр кат барган. Батай, Катай - эки эрди, Эбине эми келгенби, Чыгарбай колдон калам, деп, Аттанып Отор келгени. Келе берсин жол менен, Кеңири аскер кол менен, Батай менен Тобуке, Беттешип калган экөө тең, Заары күчтүү ачуу тил, Бирине-бири өткөзүп, Кектешип калган кеп менен, Калмак, кытай деген кеп, Эки айрым жык менен, Шон үчүн Тобуке, Кирген экен күч менен, Найзаларды кезешип, Кекенишип кездешип, Бирден сайып өтүштү, Тобуке, Батай беттешип, Сыр алгансып калышты, Күч ортосун чектешип, Бешимден кечке сайышты, Белдүүлөр минтип тайышты, Кимиси алып, ким калат, Бакты билет ал ишти. Балталаша бергенде, Найзалаша келгенде, Жаага аштап жебе атып, Колтуктарын чойушуп, Тарткылаша келгенде, Күркүрөгөн үн чыгып, Аткылаша келгенде, Ошол күнү кечкече, Тобуке, Батай тең эле. Тобуке келди тобуна, Эртеңки күнү жеңем, деп, Ошол турат ойунда. Батай барды айлына, Эртең кандай болот, деп, Таң аткынча кайгыда. Таң агарып, күн чыгып, Буйрук берип Тобуке, Керней-сурнай чуу чыгып, Аттанып аскер калыптыр, Айалдабай дуу чыгып, Айанып башын катпады, Аттанбай Батай жатпады, Өлүмдөн коркуп ал Батай, Башын кайра тартпады, Же түбүбүз бирге эле, деп, Кошомат кебин айтпады. Бирин-бири көргөндө, Куйкалары курушуп, Тобуке, Батай урушуп, Ач бөрүдөй булушуп, Атынан түшүп күрөшүп, Өөдө-төмөн сүрүшүп, Көөдөндөрүн тирешип, Белден кармап чиренип, Кара бойдон тер агып, Кайрат качып ширелип, Кыйын болгон мезгилде, Отор келди ал жетип. Өтө кыйар арамза, Отор жаман неме эле. Жеткен жерде Катайга, Жеме кылган кеп эле: — Тетиги Батай агаңыз, Кар болучу эр беле? Кызыл канга бойолуп, Шыралуу турса тигине, Сен карап турсаң эрмин, деп, Катай, кандай кеп эле?! Өзүм барып алдында, Куткарайын, — деди эле. Угуп Катай каарданды, Качып жүргөн Отордун, Бул кебине арданды, Кылчайып артын карабай, Ат чуркатып барганы. Мөкүбалдуу сур найза, Булгап колго алыптыр, Бу бадырек чочко, деп, Тобукени качырып, Токтобой жете барыптыр. Жибербеймин ага, деп, Мен барабар сага, деп, Өлбөй калган үчөөнүн, Бирөө тосо барыптыр, Тосо барган кытайдан, Беттешкен кытай ар жактан, Найзалашып кагышты, Каңкылдатып жер-сууну, Качырышып салышты, Эрдик кылып чоң Катай, Тосо барган кытайды, Аңтара сайып алышы. Дагы бирөө барыптыр, Оодара сайып салыптыр, Эми бирөө калыптыр.