Мен берейин бир белги. Эл үчүн тартып азапты, Мен үчүн көрүп казапты, Кыргызга кызмат кылдың, деп, Каңгайлар муну аксатты. Айыккынча алганың, Таласка барып жай жатчы. Колуна берип бир шамшар: — Мадыбекке бергин, — деп, Үйүңөн чыкпай күнү-түн, Мөңкөтай бирге жүрсүн, — деп, Айдап келген чоңдордон, Ылгап минген жылкыдан, Жыбылжыган жоргодон, Алып келип миндирип, Азгандан келди эки-үчөө, Көкөй менен Медеркан, Кошулду жолдон үч адам, Беш болду киши санаты. Айдаган аты отуз бир, Мингенинен башкасы. Мадыбекке баргын, деп, Чигитей бала узатты. Аттанып алып талаадан, Ажырашып баладан, Ат айабай Медеркан, Тынчы кетип жарадан, Күнү-түнү бир тынбай, Таласка кетип бараткан. Таласка барып жайланып, Мадыбек менен табышып, Мөңкөтайдан дары алып, Мурункудан жакшыраак, Медеркан бойу соо болду. Адамдын уулу ушундай, Таманына каккан шиш, Куйканы тилип куйган туз, Ойунан кетип жоголду, Байлаганы бээ болуп, Сойгону семиз тай болуп, Жатып калды Медеркан, Эми көөнү жай болуп. Медерканды узатып, Сомбилектин Чигитей, Кыйнап жаткан казакты, Кызталак Отор кайда? деп, Алдында Жылантору атты, Камчы үстүнө камчылап, Айанбай бала баратты. Чигитей жетип баргынча, Отор кабар угуптур: Медерканды бир бала Бошотуп алып кетти, деп, Бутта кишен, колдо аркан, Койбой баарын кести, деп, Айдап жүргөн он бешти, Түгөтө кырып баарысын, Түбүнө анын жетти, деп. Медеркан бошоп жатпады, Өзү менен беш киши, Айдаганы, мингени, Жыбылжыган жоргодон, Отуз алты атты алды. Угуп алып чоң Отор, Опурулуп сүйлөнүп, Ого бетер күүлөнүп, Жазгы келген киргин суу, Бузулуп өңү түрдөнүп: — Атай, Көтөк! Кандай кеп, Байлоодо жүргөн Медеркан, Отуз алты ат алып, Аман-эсен кетти, — деп? Уйалбай айтып келишет, Муштумдай болгон бир бала, Он беш эрди өлтүрүп, Түбүбүзгө жетти, — деп! Кара таандай калмаксың, Каарандан башка пайдаң жок, Жашырбай чынын айтканда, Баарың тирүү арбаксың, Бер жакта карап турганың, Жанына коркуп барбапсың. Оторго айтсак угат, — деп, Кеңеш кылып талаада, Кебиңерди жайлапсың, Он беш эрди бир бала, Канткенде жалгыз жайласын?! Атым кайда, алып кел, Менин атым келгинче, Манжулардын Татайы, Сен алдында барып кел! Жумшаса Отор турбады, Татай мойун бурбады, Топтон чыкты бөлүнүп, Тоодой доңуз көрүнүп, Ат айабай жөнөдү, Артынан чаңы бөлүнүп. Ким болсо келген ыраактан, Татай барса алдынан, Каңгайлар калды ойлонуп, Кетет деп каны төгүлүп. Бара жатса чоң Татай, Татынакай жаш бала, Алдынан калды көрүнүп. Кызыл жүздүү, ак беттүү, Кыздан сулуу келбеттүү, Айдардын учу жылтылдап, Тизип койгон немедей, Төп келтирип берметти, Мурду кырдач, кара каш, Кабагы бийик, өңү саз, Эрибес боору, кара таш. Өзү бала болсо да, Миң кишини кырчудай, Кирип кетсе аралап. Караанын көрүп чоң Татай, Байкап келет чамалап. Аңгычакты Чигитей, Келип калды жакындап, Ойноо бала чунактын, Ат суроочу пейли жок, Токтоно албайт жаш бала, Ээ бербей турат колу шок. Көргөн жерде Татайды, Баатырдын уулу Чунактын, Көзү өрттөй кызарды. “Каңгай эмес бул ким? – деп, Баш болгон элге Медеркан, Тигинтип жүрсө байлоо жеп, Жамбашы жерге тийбестен, Күнү-түнү айдоо жеп. Колу бошой түшкөндө, Таласка кетти кайра, — деп, Артынан келген каңгай бейим, Кубалап жете барам, — деп. Өткөзүп ийип мындайды, Канткенде болом адам” – деп, Найзаны кармап чунайтып, Артынан чаңын чубалтып, Көчүктөп минип оңдонуп, Бетинен чыгып сары түк, Каны качып томсоруп, Аңтара сайып жөнөдү, Чоң Татайды бир койуп. Эр сайып мурун маш эмес, Тогуз-ондун ортосу, Ойноо бала эселек, Оодара сайдым, дегенсип, Олойуп тиктеп калыптыр. Жыгылып – кооп чоң Татай, Аты турган жанында, Оңолуп минип алыптыр. “Алмадай болгон бала деп, Атактуу баатыр Оторго, Аңтара сайда мени, деп, Айтып кандай барам? – деп, Өңү сулуу жаш бала, Аты тулпар мал экен, Аңтара сайып баланы, Жетелеп алып Тору атты, Андан кийин барам” – деп, Минген атын күүлөдү, Күркүрөгөн чоң Татай, Күчү менен кирди эми. Колуна өткүр курч алды, Белине кете курчанды, Элебей турган баланы, Ээр кашынан көтөрө, Табарсыкка бир сайды. Найзанын учу жетерде, Темирден кийген күрөөкө, Учу илинер кездерде, Ылачындай курган жаш, Найзаны кагып жиберди, Найза каккан балтаны, Оңдоп кармап имерди, Маңдайга келген Татайды, Чокудан ары бир койду. Тоодой бойлуу чоң Татай, Балтадан өөдө болбоду, Эми ажалы жеткен бейим, Бул ааламдан жоголду. Татайды сойуп хан болуп, Баатырдын көөнү жай болуп, Татай менен он алты, Бешимге чейин жоготуп, Бура тарта берерде, Отор калды жолугуп. Келатып Отор байкаса, Чоң Татай жатат талаада, Эчтеке менен кээри жок, Элебей турат жаш бала. Мадыбек киши чакырып, Той бергенин уккан ал, Сомбилек уулун алдым, деп. Ал Каңгайдан чыккан хан: “Чигитей эмей ким? – деди, Аты жөнүн сурабай, Адамкор Отор билди эми, - Айтпасам атым кирер, — деп, Чигитейди ким сойду, Калган эл кайдан билер?” – деп, Келатып Отор токтолуп, Кеп айтычуу окшонуп: — Атамдын аты Калдуубет, Өлтүргөн экен атамды, Кыргыздан чыккан Сомбилек. Аскер жыйнап кол алып, Алыстан келе жатамын, Атамдын кунун куусам деп. Сомбилектин тушунда, Колтукчу казак болуптур, Медерканды казакка, Хан көтөрүп койуптур, Алым бер, деп жылында, Каңгайды казак соруптур. Узатып ичтен тургун, деп, Коктукаттын шаарына, Хан көтөрүп Сатайды, Каранды кылып Каңгайды, Каратыптыр ал жайды. Жагынып Сатай кыргызга, Төөлөргө жүктөп чубатып, Алтын-күмүш - зарларды, Айдатыптыр малдарды, Калдуубеттен мен Отор, Айткан мага бирөө жок, Кыргыздан атаң өлдү деп. Уламалап уктум мен, Эл ичинде билгичтен, Кызыл кан өтүп токтобой, Кара боорум ичимден, Элимден жыйнап эр алдым, Эптүүдөн нечен бенде алдым, Казактын келип элинен, Медер ханды кармадым, Каңгайда турат жеримде, Сатайды айдап салгамын. Медер ханды байлаттым, Таанытып элге ар күнү, Сатайды кошуп айдаттым. Алты күндөн бер жакка, Көп жыйылган эл канча, Эки бөлүп экөөнү, Мен айдатам ар жакка. Медерканды бир бала, Бошотуп алып кетти, деп, Укканда болдум мен капа, Беттешсе белдүү бармын, деп, Алдымда, Татай, баргын, деп, Жибердим эле эл жакка. Келатсам Татай өлүптүр, Медерканды бошотуп, Отуз беш жылбас жоргону, Жылкыдан тандап бөлүп тур. Татайды көрдүм ич күйдү, Жылкыдан тандап жоргону, Жыбылжытып ким бөлдү? Келе жатам аны үчүн, Атым Отор баатырмын, Өз көзүм менен көргөлү. Угуучу элем укмуштап, Сомбилектен Чигитей, Калган экен уулу деп, Алтымыш уруу көп алаш, Бел кылат экен муну деп. Бул жерге келип мен көрдүм, Чигитейди сенби деп. Чигитей болсоң чыныңды айт, Ички пикир, сырыңды айт, Каракчы болсоң кайра тарт. Атым Отор меники, Катылган бенде соо калбас, Анчалыктан жылкыны, Кимдер уурдап, ким албас. Жылкыга кайгы жебеймин, Татайдын кунун куубасам, Тынч алып уктайм дебеймин. Атамдын кунун аламын, Атайын Талас барамын, Манастан бери карата, Таласты кыргыз шаар кылып, Каңгайларга ар качан, Кара жерди тар кылып, Келген экен кар кылып. Эми кетем Таласты, Боз-ала топо чаң кылып! Топурагын тоздурам, Кулак угуп көргөнгө, Көңүлүн элдин куш кылам, Коргонун кыргыз бош кылам, Айдатып барып кыргызды, Үй башына кул кылам, Аттуу-баштуу эл башын, Кең дүйнөсүн тар кылам, Чуулдатып ыйлатып, Катындарын тул кылам, Эрке алдырбай кыздарын, Эбегейсиз күң кылам, Уулуңа катын алдырбай, Кызыңды эрден туудурбай, Тукумуңду жок кылам, Кыргыздын атын өчүрөм, Кыргыздын тарпын чыгарып, Тымтыракай түшүрөм!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей». Элдик эпос. Басмага даярдаган Токтобүбү Ысак. Булак: bizdin.kg.