Чигитей жетип аңгыча, Чечип алып кетиптир, Байлап койгон Сатайды. Камынып чыккан Катайы, Караанын көрдү Сатайды, Камчылап атын жөнөдү, Кармайым деп атайы. Кууп Катай барганча, Тунжур бала Чигитей, Турабы карап аңгыча. Сатайга жакын каңгайдан, Төртөө жете барыптыр, Бошотуп чечип кеткени, Кошуунда көрүп калыптыр, Кир болгон көөнү булардын, Жуулуп кири жарыптыр, Куру барбай барган төрт киши, Кур атын ала барыптыр, Кур атка минди Сатайы, Уруксат берип Чигитей, Отор мындан баргынча, Сурай бер, деп Каңгайды, Жиберип ийди Сатайды. Барса каңгай баш ийет, Падышабыз сенсиң дейт. Бат эле кеткен Отору, Бул кара каңгай эл билбей, Тактысына ээ болду, Сатайдын көөнү толгону, Бер жакты карай бастырып, Каңгайдан бирди койбоду, Күн батыш көздөй бастырбай, Калмактын жолун торгоду. Кылчайып бала Чигитей, Катай менен беттешип, Кагышып кирди эрикпей. Катай катуу мыкты экен, Тыңдыгы анын чын экен, Баатырлыкта кыл экен, Чымырканган Катайы, Чигитей экөө беттешип, Чырга толду талаасы, Бир беттешип алдырбайт, Ал кыргыздын баласы. Күнү-түнү кармашып, Катайдын кетти чаарасы. “Чарчады Катай билдим, — деп, Чуу салам деп кыргызга, Таңгыттан Дөрбөн келдиң” деп, Отор айткан бул бир кеп, Ханы айтса туралбай, Каарданып бул капыр, Кандуу найза кого алып, Катайды эрден куткарып, Каршылашып баатырга, Бу кан иччүүдөй сумсайып, Ачуусу келди Чигитей, Булуттан бетер кумсарып. Чарчап койбойт чаалыгып, Тыңдап кирген каңгайга. Каңгайлар турат дембелеп, Каны тартып ичине, Эр Чигитей эрикпей, Эр сайышка эңсенет, Күндөн күнгө күч алып, Жаңылап кирген эрине, Башына муңдуу күн салып. Күн салбай баатыр неткени, Жаңы келген Катайды, Каңтара сайып кулатты. Эр Чигитей өттү эми, Жумшаган Отор Дөрбөнү, Токтоо кылып туралбай, Чигитейге жетти бу. Сомбилек уулу Чигитей, Зоңкойгон нечен дөөлөрдү, Бучкагына теңебей, Опколжуп жүрөк солк этип, Козголуп койбойт кенедей. Кара жанга күч келди, Күнү-түнү толгунча, Жаңылап чыгып Каңгайдан, Кайраттуудан үч келди. Батай, Катай кулады, Кайраты качып булары. Таңгыттан келген чоң Дөрбөн, Чигитейди кездеди, Кекенип найза кезгерди, Мен-менсиген Дөрбөнгө, Эр Чигитей жеткени, Беттешкенин жер жасдап, Шер Чигитей жеткени, Жер жасдады Дөрбөнү, Тоңкойто сайып өттү эми. Тизилип сапка дапдайар, Сандаган аскер анда жок, Каптап кирип кетүүчү, Карап турган калк да жок, Каңгайдан башка жерлерде, Мындай кылыч наркта жок. Бала баатыр Чигитей, Жер тайанган Дөрбөндү, Башын өөдө көтөртпөй, Соорудан нары бир сайды, Соолгон иттин бооруна, Тосо албай темир сооттору, Найзанын учу кылтайды. Өлдү чочко жатсын, деп, Мыкты болсоң чапкын, деп, Бала баатыр Чигитей, Каңгайды карай кылчайды. Батай, Катай жарадар, Отор өзү баралбай, Эрлери басып чыкпаса, Аскери чыдап туралбай, Каңгайды карай чубады, Кара аскери ээ кылбай. Жаштык кылып Чигитей, Жадырап туруп алыптыр, Калтаарып калган немедей, Жалдырап туруп алыптыр, Майга тойуп жаткандай, Канга тойгон Чигитей, Малмырап туруп алыптыр, Кымыз ичип, кысыр жеп, Кымыз арак ичкендей, Кылчайып элди карабай, Жайма-жай туруп алыптыр. Чала өлүк болгон Дөрбөндү, Чакчелекей түшкөндө, Таңгыттар келип чогулуп, Алып кетип калыптыр. Өлбөй Дөрбөн жарадар, Бүткүл таңгыт санаадар, Таңгытта эмес санаасы, Каңгайларда жана бар. Өлүмдү алды мойнуна, Өөрчүп турган маңдайда, Эр Чигитей бала бар. Кайра тарткан бурулуп, Каңгайлык барат чубуруп, Артынан кууп барам, деп, Кара кырым каңгайды, Калтырбай баарын чабам, деп, Жаш балапан Чигитей, Токтобой турат эт жүрөк, Кайраты толкуп ээ бербей, Ашыгып турат делбиреп. Андан башка калган иш, Кандай болуп жатканын, Кудайдан башка ким билет? Муну мындай таштайлы, Манжу, кытай, каңгайдын, Кыргынынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей». Элдик эпос. Басмага даярдаган Токтобүбү Ысак. Булак: bizdin.kg.